Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАРТ 2013

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Осуяттардын эң биринчиси кайсы?»

«Осуяттардын эң биринчиси кайсы?»

Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керек? Толгон-токой эрежелер менен мыйзамдарга кармануу керекпи? Бактыга жараша, андай эмес. Иса пайгамбар Кудайдын бизден эмне талап кыларын жөнөкөй эле сөз менен жыйынтыктап айткан. (Окугула: Марк 12:28—31.)

Алгач, Иса пайгамбардын ал сөздөрдү качан айтканына көңүл бурсаңар. Ал өлөрүнө саналуу эле күн калганда, 11-нисанда, элди ибадатканада окутуп жаткан. Душмандары аны сөзүнөн кармаш үчүн ар кандай татаал суроолорду берип жатышкан. Иса пайгамбардын ар бир берген жообунан кийин, алар эч нерсе дей алышкан эмес. Ошондон кийин ага: «Осуяттардын эң биринчиси кайсы?» — деген суроо узатышкан (28-аят).

Бул чынында эле татаал суроо болчу. Себеп дегенде жүйүттөрдүн айрымдары Кудайдын Муса пайгамбарга берген 600дөн ашуун мыйзамынын ичинен кайсынысы эң биринчи жана маанилүү экенине байланыштуу талашып-тартыша беришчү. Башкалары болсо мыйзамдардын баары маанилүү жана бир мыйзамдан экинчисин жогору коюу туура эмес деп эсептешчү. Иса пайгамбар бул суроого эмне деп жооп бермек?

Аларга жооп кылып, Иса пайгамбар бир эмес, эки мыйзамды айткан. Ал: «Биринчиси бул: „Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй“»,— деген (30-аят; Мыйзам 6:5). Бул Кудайды жан дилден, бүт күчүбүз менен сүйүүнү билдирет. Бир эмгекте: «Кудай бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз менен сүйүшүбүзгө татыктуу»,— делет. Эгер Кудайды жан дилден сүйсөк, күн сайын анын жүрөгүн кубантып, ага жаккан иштерди кылыш үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз (1 Жакан 5:3).

Андан кийин: «Экинчиси бул: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп айткан (31-аят; Лебилер 19:18). Кудайды сүйүү менен жакындарыбызды сүйүү бири-бири менен тыгыз байланышта. Биз Кудайды сүйсөк, жакындарыбызды да сүйө алабыз (1 Жакан 4:20, 21). Эгер жакындарыбызды сүйсөк, аларга жакшылык гана каалап, дайыма жакшы мамиле кылабыз (Матай 7:12). Ошону менен бизди да, аларды да өзүнө окшоштуруп жараткан Кудайды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (Башталыш 1:26).

Жахаба аны жана жакындарыбызды сүйүшүбүздү талап кылат

Бул эки мыйзамга баш ийүү канчалык маанилүү? Иса пайгамбар: «Булардан маанилүү башка осуят жок»,— деген (31-аят). Ушул окуя жазылган Ыйык Китептин башка аятынан Иса пайгамбардын: «Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет»,— дегенин окуй алабыз (Матай 22:40).

Кудайга жагуу анчалык оор эмес. Анын талаптарын жөнөкөй эле сөз менен жыйынтыктоого болот: Ал аны жана жакындарыбызды сүйүшүбүздү талап кылат. Сүйүү сөздөрдү эле айтууну же ошондой сезимди туюуну эле билдирбейт, ал жакшы иштерди кылуу менен коштолот (1 Жакан 3:18). Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:8). Жахаба Кудайга болгон сүйүүнү канткенде өрчүтсө жана аны иш жүзүндө кантип көрсөтсө болорун билгиңер келбейби?!

МАРТТА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Марк 9—16Лука 1—6

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын айтканын аткарасыңарбы?

Кудайга баш ийүү абдан маанилүү, бирок ага дос болуш үчүн ага баш ийип коюу эле жетишсиз.