Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2013

Окурмандарыбызга

Окурмандарыбызга

Колуңардагы «Күзөт мунарасы» журналы 1879-жылдын июль айынан тартып жарык көрө баштаган. Ал убактан бери көп нерсе өзгөргөндүктөн, замандын талабына ылайык, бул журнал да өзгөрүп турган. (Жогорудагы сүрөттөрдү карагыла.) Ушул санынан баштап дагы башка нерселер өзгөрдү.

Азыр көптөр өздөрүнө керектүү маалыматты Интернеттен издешет. Анткени бул — маалымат табуунун ары ыңгайлуу, ары оңой жолу. Интернеттен көптөгөн китептерди, журналдарды, гезиттерди онлайн түрүндө окуса болот.

Ошондуктан www.jw.org сайты мурункудан да колдонгонго оңой жана кызыктуу болушу үчүн, толугу менен өзгөртүлдү. Сайттан биздин адабияттарды 430дан ашуун тилде окууга болот. Буга чейин «Күзөт мунарасы» журналына дайыма чыгып турган айрым рубрикаларды окурмандар ушул айдан баштап www.jw.org сайтынан гана окуй алышат *.

Мындан ары айрым рубрикалар сайтка гана чыга тургандыктан, «Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган чыгарылышы 32 беттен 16 бетке кыскартылды. Учурда «Күзөт мунарасы» журналы 204 тилде чыгат. Эми болсо анын кыскартылганына байланыштуу аны азыркыдан да көп тилге которуп, басып чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Бул өзгөрүүнүн аркасында адамдын өмүрүн сактап кала турган, Ыйык Китепте камтылган кабар мурункудан да көбүрөөк адамдарга жетет деп үмүттөнөбүз. Биз «Күзөт мунарасы» журналындагы, басма түрүндө болобу, онлайн түрүндө болобу, ар кыл маалыматтар Ыйык Китепте жазылгандарга кызыгып, ал жөнүндө билгиси келгендер үчүн кызыктуу болот деп ишенебиз.

Басып чыгаргандар

^ абз. 5 Онлайн түрүндө гана чыга турган рубрикалар: жаштарга Кудайдын көз карашын түшүнгөнгө жардам берген «Жаш окурмандарга» деген рубрика жана үч жашка чейинки балдарга арналган «Ыйык китептик сабагым» деген рубрика.