Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Январь, 2013

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Буларды... наристелерге ачып бердиң»

«Буларды... наристелерге ачып бердиң»

Кудай жөнүндөгү чындыкты: анын ким экенин, эмнени жакшы көрөрүн, эмнени жек көрөрүн жана анын эрки кандай экенин билгиңер келеби? Кудай Ыйык Китепке өзү жөнүндө жаздырып койгон. Бирок Ыйык Китепти окугандардын баары эле ал чындыкты толук түшүнө бербейт. Эмне үчүн? Анткени Ыйык Китепте жазылган чындыкты түшүнүүнү зор сыймык деп айтууга болот. Андай сыймык баарына эле бериле бербейт. Эмесе келгиле, Иса пайгамбардын буга байланыштуу эмне дегенин карап көрөлү. (Окугула: Матай 11:25.)

Бул аяттын башында: «Андан ары Иса сөзүн улап»,— деп жазылган. Иса пайгамбардын ошондон кийин айткан сөздөрү көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, анын айткандарына ишенбей койгон Галилеянын үч шаарындагы адамдарга карата айтылса керек (Матай 11:20—24). Балким, силер: «Иса пайгамбардын жасаган кереметтерин көргөндөр ага кантип ишенбей коюшкан?» — деп таң калаттырсыңар. Алар жүрөгү абдан катууланып калгандыктан Иса пайгамбарга ишенген эмес (Матай 13:10—15).

Иса пайгамбар Кудай жөнүндөгү чындыкты түшүнүшүбүз үчүн, биринчиден, Кудайдын жардамына муктаж экенибизди, экинчиден, жүрөгүбүздү катуулантпашыбыз керектигин билген. Ал: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм, анткени буларды даанышмандар менен акылдуулардан жашырып, наристелерге ачып бердиң»,— деген. Аяттан көрүнүп тургандай, Кудай жөнүндөгү чындыкты түшүнүү чынында эле зор сыймык. «Асман-жердин Жаратканы» болгондуктан Жахаба Кудай чындыкты кимге ачып беришти өзү чечет. Бирок ал адамдарды бөлбөйт, өзү жөнүндөгү чындыкты билгенге ар бир адамга мүмкүнчүлүк берет. Анда Кудай эмне үчүн чындыкты айрымдарга ачып берип, айрымдардан жашырып коёт?

Жахаба Кудайга текебер адамдар эмес, момун адамдар жагат (Жакып 4:6). Кудай чындыкты «даанышмандар менен акылдуулардан», тактап айтканда, Анын жардамына муктаж эмеспиз деп өзүнө ишенген, илим-билимдүү, акылдуу деп эсептелген адамдардан жашырып коёт (1 Корунттуктар 1:19—21). Ал эми «наристелерге», башкача айтканда, кичинекей баладай болгон, жүрөгү таза момун адамдарга ачып берет (Матай 18:1—4; 1 Корунттуктар 1:26—28). Иса пайгамбар жерде кызмат кылып жүргөндө буга өзү күбө болгон. Көптөгөн билимдүү диний жетекчилер анын айткан кабарына кулак кагышкан эмес, ал эми карапайым балык уулоочулар ага ишенишкен (Матай 4:18—22; 23:1—5; Элчилер 4:13). Бирок бай, билимдүү адамдардын арасынан да жүрөгү таза момун адамдар анын жолдоочусу болушкан (Лука 19:1, 2, 8; Элчилер 22:1—3).

«Кудай жөнүндөгү чындыкты билгиңер келеби?» — деген суроого кайрадан токтолсок. Кудай жөнүндө билгиңер келсе, ага өзүн абдан акылдуу эсептеген адамдар эмес, андай адамдар басынтып келген момун адамдардын жагарын билүү силерди кубантары шексиз. Ыйык Китепти момундук менен жана туура ниет менен изилдесеңер, Кудай баа жеткис белек берген адамдардын арасында, башкача айтканда, өзү жөнүндөгү чындыкты ачып берген адамдардын арасында болосуңар. Ал жөнүндөгү чындыкты толук түшүнгөнүңөрдө жашооңор маңыздуу болот. Келечекте болсо адилдик өкүм сүргөн заманда түбөлүк жашайсыңар * (1 Тиметей 6:12, 19; 2 Петир 3:13).

Январда Ыйык Китепти окуу:

Матай 1—21

^ абз. 7 Жахабанын Күбөлөрү Кудай жөнүндөгү чындыкты, анын убадаларын билгенге жардам бере алышат. Алар менен «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин акысыз изилдесеңер болот.