Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Январь, 2013

 ИШЕНИМДИН ҮЛГҮСҮ

«Абыл өлсө да,.. сүйлөп жатат»

«Абыл өлсө да,.. сүйлөп жатат»

ТҮШ оогон маал. Абыл тоонун боорунда жайылып жүргөн койлоруна көз салып турат. Анан алыстан жылтылдап көрүнгөн нерсени карайт. Абыл анын Эйден багынын кире беришинде мизи күйүп, тынбай айланып турган кылыч экендигин жакшы билет. Бир кездерде ата-энеси ошол жакта жашачу. Бирок азыр ал жакка эч ким, ата-энеси да, өзү да кире албайт. Абыл көктү карап, Жаратканы жөнүндө жана Кудай менен адамдардын ортосундагы мамиленин качандыр бир кезде оңолор-оңолбосу жөнүндө ойлонот.

Абыл азыркы күндө да сүйлөп жатат. Бирок: «Өлгөн киши кантип үн катсын?» — дейттирсиңер. Чынында, Абылдын өлгөнүнөн бери не деген убакыт өттү. 60ка жакын кылымдан бери анын сөөгү сөпөт, устуканы упат болду. Анын үстүнө, Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп айтылат (Насаатчы 9:5, 10). Ошондой эле Ыйык Китепте Абылдын бир да сөзү жазылган эмес. Анда ал кандай мааниде сүйлөп жатат?

Элчи Пабыл Абыл жөнүндө: «Абыл өлсө да,.. сүйлөп жатат»,— деген (Еврейлер 11:4). Ал кандайча сүйлөп жатат? Ишеними аркылуу. Абыл Кудайга бекем ишенген адамдардын эң алгачкысы болгон. Ал жөнүндөгү билдирүү бүгүнкү күндөгү адамдардын жүрөгүн козгобой койбойт. Эгер, Абылдай болуп, Кудайга бекем ишенсек, Абылдын үнүн уккандай болобуз.

Бирок Ыйык Китепте ал жөнүндө биртике эле маалымат жазылса да, андан эмнеге үйрөнө алабыз. Келгиле, бул жөнүндө окуп көрөлү.

АДАМЗАТ ДООРУНУН БАШТАЛЫШЫНДА ЖАШАГАН

Абыл адамзат тарыхынын башында жарык дүйнөгө келген. Иса пайгамбар «дүйнө негизделгени» жөнүндө сөз кылганда Абыл жөнүндө айтып өткөн (Лука 11:50, 51). Ал сөз кылган дүйнө, кыязы, күнөөнүн кулчулугунан бошоно турган адамдарды билдирет. Адамзат доору башталган убакта жашаган адамдардын төртүнчүсү болгон Абыл Кудайдын көз алдында күнөөнүн кулчулугунан бошоно турган адамдардын биринчиси болгон көрүнөт *. Ооба, Абылдын тегерегиндеги адамдар ага жакшы үлгү боло турган адамдар эмес болчу.

Дүйнө жаңыдан негизделгенде эле, адамзат азап-кайгыга туш болгон. Абылдын ата-энеси сөөгү таза, күчтүү адамдардан болушса керек. Бирок алар чоң ката кетиришкен болчу. Алар бир кезде жеткилең, түбөлүк жашай турган адамдар эле. Жахаба Кудайдын эркине каршы иш кылгандыктан, алар Эйден багынан куулуп чыгарылышкан. Өз кызыкчылыктарын баарынан, жадагалса, өз канынан жаралган балдарынын кызыкчылыктарынан да жогору койгондуктан алар жеткилеңдиктен жана түбөлүк өмүрдөн айрылышкан (Башталыш 2:15—3:24).

Эйден багынан куулуп чыккандан кийин, Адам ата менен Обо эненин жашоосу бир топ эле оор болгон. Обо эне биринчи жолу көз жарганда аябай сүйүнүп: «Жахабанын жардамы менен уул төрөдүм»,— деген. Ал уулунун атын Кабыл койгон.  Ал аттын мааниси «өндүрүп чыгарылган» дегенди билдирет. Обо эненин сөздөрүнөн анын Жахаба Кудай убадалаган, Адам ата менен Обо энени азгырган Шайтанды жок кыла турган «тукум» жөнүндө ойлонгону көрүнүп турат (Башталыш 3:15; 4:1). Обо эне Кудай убада кылган «тукум» Кабылды, ал эми «аял» өзүн билдирет деп ойлоду беле?

Эгер ошондой ойдо болсо, ал катуу жаңылган. Балким, Адам ата менен Обо эне Кабылга анын убадаланган тукум экендигин айтышкандыр. Эгер ошентишкен болсо, алар туура эмес кылышкан деп айтууга болот. Себеби Кабыл ошондой сөздөрдү көп укса, текеберденип кетиши мүмкүн эле. Обо эне экинчи уулун төрөгөндө Кабылды төрөгөндөгүдөй сүйүнгөнү жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Алар ага «дем» же «убаракерчилик» деген маанини туюнткан Абыл деген ат коюшкан (Башталыш 4:2). Алардын уулуна ошондой ат койгону андан эч нерсени күтпөгөнүн көрсөтүп турабы? Биз алар уулунан бир нерсе күткөн же күткөн эмес деп ишенимдүү түрдө айта албайбыз.

Кандай болбосун, бүгүнкү күндөгү ата-энелер Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсе биле алышат. Ата-энелер, сөзүңөр, ишиңер менен балдарыңарды бой көтөргөн, текебер, өзүмчүл адамдардан кылып тарбиялайсыңарбы? Же Жахаба Кудайды сүйүп, аны менен ынак мамиледе болгонго үйрөтөсүңөрбү? Өкүнүчтүүсү, эң алгачкы ата-эне, Адам ата менен Обо эне, ата-энелик милдетин жакшы аткарган эмес. Бирок алардын балдарынын бири жакшы адам болуп чоңойгон.

АБЫЛ КУДАЙГА БОЛГОН ИШЕНИМИН КАНТИП ӨРЧҮТКӨН?

Ошентип, эки бала чоңоюп, эр жете берген. Адам ата аларды үй-бүлөсүнө кам көрүш үчүн ар кандай жумуштарды кылганга үйрөтсө керек. Кабыл жер иштеткен дыйкан, Абыл болсо койчу болгон.

Бирок Абыл андан да маанилүү нерсени үйрөнгөн. Ал Кудайга болгон ишенимин өрчүткөн. Ошондон көп жыл өткөндөн кийин элчи Пабыл да Кудайга ишенүүнүн канчалык маанилүү экендигин баса белгилеген. Бирок ошол учурда Абылга бул жагынан жакшы үлгү боло турган адамдар жок болчу. Анда ал Кудайга болгон ишенимин кантип өрчүткөн? Келгиле, Абылга ишеним өрчүткөнгө жардам берген үч нерсеге токтололу.

Жахабанын жаратуулары. Жер Жахаба Кудайдын каргышына калгандыктан, тикенек менен отоо чөп өсүп, жер иштетүү кыйын болгон. Бирок адамдар жей турган өсүмдүктөр өспөй калган эмес. Ошондой эле жаныбарлар, анын ичинде чымчыктар, балыктар, ошондой эле тоолор, көлдөр, дарыялар, булуттар, жылдыздар, асман, күн, ай Кудайдын каргышына калган эмес. Абыл ошол жаратуулардан Кудайдын сүйүүсүн, акылмандыгын, адамдарга жакшылык гана каалай турганын көрө алган (Римдиктер 1:20). Кудайдын сапаттары, жаратуулары жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында Абылдын ишеними өрчүгөн.

Абыл Кудай жөнүндө ойлонгонго убакыт бөлгөн. Анын кой кайтарып жүргөнүн элестетсеңер. Койчу кой жайып жүргөндө көп жерди басып  өтөт. Ал койлорун тоонун боорундагы, жайык жерлердеги оттуу, суусу мол жерлерге айдап барат. Ошондой жерге барыш үчүн койлорун айдап сууларды кечип өтөт. Кудай макулуктардын арасынан, өзгөчө, койлорду адамдын кам көрүшүнө, коргошуна муктаж кылып жаратса керек. Абыл койлорду карап туруп өзү да адамдан акылман, күчтүү кимдир бирөөнүн жетекчилигине, камкордугуна муктаж экенин түшүнгөнбү? Абылдын Кудайга жалынып тиленгенде анын жардамына, жетегине муктаж экенин айтканына шек жок. Ошонун аркасында Кудайга болгон ишеними өрчүй бергени күмөнсүз.

Кудайдын жаратууларына байкоо салгандыктан, Абылдын мээримдүү Кудайга болгон ишеними өрчүгөн

Жахабанын убадалары. Адам ата менен Обо эне балдарына Эйденде болгон окуяны, ал жактан кантип куулуп чыгарылышканын айтып бергени шексиз. Абыл ошолор жөнүндө ой жүгүртсө керек.

Жахаба жер каргышка каларын айткан. Абыл ошондон улам тикенек менен отоо чөп өсүп жатканын жакшы билген. Ошондой эле Жахаба Кудай Обо эненин кош бойлуу кезинде тарткан азабы оор болорун, балдарын кыйналып төрөөрүн айткан. Абыл бир туугандарынын азап менен төрөлүп жатканын көргөндө Жахабанын айткандары аткарылып жатканына дагы бир жолу ынанган. Жахаба Кудай Обо энеге күйөөсүнө болгон кумары күчтүү болорун, ал эми күйөөсү ага үстөмдүк кыларын айткан. Абыл бул сөздөрдүн да аткарылып жатканын өз көзү менен көргөн. Ушунун аркасында ал Жахабанын айткандарына толугу менен ишенсе болорун түшүнгөн. Ошондуктан Жахабанын Эйденде болгон окуянын кесепетин жок кыла турган «тукумдун» келери жөнүндө айткандары аткарыларына көзү жеткен (Башталыш 3:15—19).

Жахабанын кызматчылары. Абыл жашаган убакта ага жакшы үлгү боло турган адамдар жок болчу. Бирок ошол учурда жерде адамдардан башка да аң-сезимдүү жаратуулар болгон. Адам ата менен Обо эне Эйден багынан куулуп чыгарылгандан кийин, ал жакка эч ким кирбеши үчүн, Кудай бактын кире беришине мизи күйүп, тынбай айланып турган кылыч коюп, жогорку даражалуу периштелерге, керуптарга, кайтартып койгон (Башталыш 3:24).

Абылдын бала кезинде керуптарды карап турганын элестетсеңер. Ал периштелердин көрүнүшүнөн эле алардын укмуштуудай күчтүү экени айкын болуп турган. Ал эми мизи күйүп, тынбай айланып турган «кылыч» кастарлоо сезимин туудурса керек. Абыл периштелердин тажаганын же өз ордун таштап кетип калганын көрдү беле? Жок. Анткени күндөр айга, айлар жылга алмашып, канча деген убакыт өтсө да, периштелер ордунан эч жылбай, Эйден багынын оозун кайтарып тура беришкен. Периштелерди көрүп Абыл Жахаба Кудайдын кызматчыларынын адил, туруктуу экенин түшүнгөн. Ошондой эле ал периштелердин, анын үй-бүлөсүндөгүлөрдөн айырмаланып, Кудайга ишенимдүү кызмат кыларын, ага дайыма баш иерин көргөн. Периштелердин үлгүсү анын Кудайга болгон ишенимин бекемдегени күмөнсүз.

Абыл керуптардын Кудайга баш ийип, ишенимдүү кызмат кыларына өмүрүнүн акырына чейин күбө болгон

Ооба, Жахаба Кудайдын жаратуулары, убадалары, ошондой эле Анын кызматчыларынын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында Абылдын ишеними арта берген. Биз андан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Мисалы, жаштар, үй-бүлөсүндөгүлөр кандай болбосун, Жахаба Кудайга болгон ишенимин өрчүтө алышат. Бизди курчап турган жаратылыш, Ыйык Китепте жазылгандар жана Кудайга ишенимдүү кызмат кылгандардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү биздин да ишенимибизди бекемдейт.

АБЫЛДЫН КУРМАНДЫГЫ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАКШЫ БОЛГОН?

Абыл, Жахаба Кудайга болгон ишеними бекемделген сайын, ишенимин иш жүзүндө көрсөткүсү келген. Бирок ал ааламды жараткан Кудайга эмне бере алмак? Чынында, Жаратканыбыз адамдардын бир нерсе беришине муктаж эмес. Бирок Абыл ниети таза болсо жана өзүндө болгон нерсенин эң жакшысын берсе, Кудайды кубанта аларын түшүнгөн.

Ошондуктан баккан койлорунун арасынан эң жакшыларын, төл башыларын, алардын майларын тартуу катары алып келген. Ошондо Кабыл да Кудайдын батасын алыш үчүн жер жемиштеринен Кудайга тартуу кылган. Бирок анын ниети Абылдыкындай таза болгон эмес. Ал экөөнүн ниети эки башка болгону тартууларын алып келгенде айкын болгон.

Абыл Кудайга ишенгендиктен курмандык чалган, ал эми Кабылдын ишеними Абылдыкындай болгон эмес

 Экөө тең, кыязы, ошол учурда Жахаба Кудайдын жердеги өкүлдөрү болгон керуптарга көрүнгүдөй жерге курмандык жай жасап, тартууларын өрттөшкөн. Ошондо Жахабанын Абылдын тартуусун кандай кабыл алганы жөнүндө Ыйык Китепте: «Жахаба Абылды жактырып, тартуусун кабыл алды»,— делет (Башталыш 4:4). Бул билдирүүдө Жахабанын тартууну кабыл алганын кантип көрсөткөнү тууралуу эч нерсе айтылбайт. Ал Абылдын тартуусун эмне үчүн кабыл алган?

Кеп курмандыкта беле? Абыл курмандыкка мал чалып, кан чыгарган. Ал мындай курмандыктын Жахаба Кудайдын көз алдында баалуу экенин билгенби? Ошондон 100дөгөн жылдар өткөндөн кийин Кудай адамзат үчүн канын төккөн Уулунун, Иса Машаяктын, курмандыгын эч кемчиликсиз козунун курмандыгына салыштырган. Ыйык Китепте ал: «Кудайдын Козусу»,— делет (Жакан 1:29; Чыгуу 12:5—7). Бирок биз Абыл сөзсүз курмандык чалынышы керектигин билген же билген эмес деп так айта албайбыз.

Бир билгенибиз, Абыл курмандыкка эң жакшы мал алып келген. Жахаба анын курмандыгына эле эмес, анын өзүнө көңүл буруп, курмандыгын кабыл алган. Абыл Кудайды сүйгөндүктөн, ага ишенгендиктен курмандык чалган.

Ал эми Кабыл тууралуу мындай деп айтууга болбойт. Жахаба Кудай «Кабылды жана анын тартуусун жактырбай» койгон (Башталыш 4:5). Кабылдын алып келген тартуусу жаман болгон эмес. Анткени кийинчерээк Кудай Муса пайгамбар аркылуу жерден алынган түшүмдү да тартуу катары алып келсе болорун айткан (Лебилер 6:14, 15). Бирок Ыйык Китепте Кабылдын «иштери жаман» болгону айтылат (1 Жакан 3:12). Балким, Кабыл да, бүгүнкү күндөгү айрым кишилердей болуп, Кудайга берилгендей болуп көрүнүп кою эле жетиштүү деп ойлогондур. Анын Кудайды чындап сүйбөй турганы, ага бекем ишенбей турганы кылган ишинен дароо эле көрүнүп калган.

Кабыл алып келген тартуусун Кудай жактырбай койгонун көргөндө иниси Абылдан үлгү алганга умтулду беле? Каяктан! Тескерисинче, ал инисин жек көрүп калган. Кудай анын ниети карая түшкөнүн көрүп, аны акыл токтотуп иш кылганга чакырган. Ошондой эле Кабыл ой жүгүртүүсүн өзгөртпөсө, олуттуу күнөө кылып аларын эскерткен жана ниетин оңдоп, туура иш кылса, Ага жагарын айткан (Башталыш 4:6, 7).

Кабыл Кудайдын эскертүүсүнө кулак каккан эмес. Ал инисин талаага ээрчитип барып, аны өлтүрүп салган (Башталыш 4:8). Ошентип, Абыл диний көз карашы үчүн куугунтукталып, өлтүрүлгөндөрдүн биринчиси болгон. Бирок ал өлгөнү менен унутулуп калган жок.

Каймана мааниде, Абылдын төгүлгөн каны адилеттикти талап кылып, Кудайга боздоп жаткан. Жахаба Кабылды кылган кылмышы үчүн жазалоону туура көргөн (Башталыш 4:9—12). Абыл өлсө да, бүгүнкү күндө каймана мааниде сүйлөп жатат. Ал ошол убактагы кишилерге салыштырмалуу аябай эле аз жашаган. Ошондой болсо да өмүрүн Кудайга жаккыдай өткөргөн. Ал Кудайга жага турганын, Кудай аны сүйө турганын билип өлгөн (Еврейлер 11:4). Абыл Кудайдын эс тутумунда экендигине жана Кудай аны жер бетинде боло турган Бейиште сөзсүз тирилтерине шектенбесек болот (Жакан 5:28, 29). Аны көргүңөр келеби? Эгер андан үлгү алып, аныкындай ишеним өрчүтсөңөр, ага Бейиштен сөзсүз жолугасыңар.

^ абз. 8 «Дүйнө негизделген» деген сөз айкашы «урук себүү», «жаралуу» деген да маанини туюнтат. Ошондуктан «дүйнөнүн негизделиши» адамдардын алгачкы тукумунун жарык дүйнөгө келишин билдирет. Анда эмне үчүн Иса пайгамбар дүйнөнүн негизделгени жөнүндө айтканда биринчи төрөлгөн Кабыл жөнүндө эмес, Абыл жөнүндө айткан? Кабылдын кылган иштери Кудайдын эркине атайылап каршы чыгууга барабар болгон. Ошондуктан ал да, ата-энесиндей эле, кун аркылуу куткарыла турган жана келечекте тириле турган адамдардын арасында болбойт деп божомолдоого болот.