Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ, 2012

3-суроо: Эмне үчүн азап чегип жатабыз?

3-суроо: Эмне үчүн азап чегип жатабыз?

ЯНДЫН атасы аракеч болгон. Ян эч нерседен кем болбой чоңойгон, бирок атасы аны эркелетип, аталык мээримин төккөн эмес. «Атам көп ичип, апама аябай жаман мамиле кылчу. Ошон үчүн атамды көп деле жакшы көрчү эмесмин»,— дейт ал. Ян бой жеткен курагында Кудайдын бар экенине шектене баштаган. Ал: «Эгер Кудай чын эле бар болсо, адамдар эмне үчүн азап чегип жатышат?» — деп ойлоно берчү.

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Балким, силердин жашооңор анчалык оор эместир. Бирок бейкүнөө адамдардын азап чегип жатканын көргөндө эмне үчүн ошондой болуп жатканы жөнүндө ойлонбой койбойбуз. Ошондой эле Яндыкындай кыйынчылыктарга кабылсак же жакындарыбыз ооруп калса, же алардан айрылсак, азап-кайгынын эмне үчүн болуп жатканын ого бетер билгибиз келет.

Көптөр эмне дешет?

Көптөр Кудай бизди сынаш үчүн жана момун, боорукер болгонго үйрөтүш үчүн ушундай кылат деп айтышат. Башкалар болсо адам мурда жасаган күнөөсү үчүн жазаланат дешет.

Алардын айткандары эмнени көрсөтүп турат?

Алардын: «Кудайга адамдардын азап чегип жатканы баары бир. Таш боор Кудайды кантип сүймөк элек?» — деген ойдо экенин көрсөтүп турат.

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте азап-кайгынын болуп жатканына Кудай күнөөлүү эмес экени айтылат. Анда: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп жазылган (Жакып 1:13). Азап-кайгынын болуп жатканына Кудай күнөөлүү деген ырастоо Ыйык Китепте Кудайдын кандай касиет-сапаттарга ээ экени жөнүндө айтылгандарга карама-каршы келет. Кандайча?

Кудайдын эң негизги сапаттарынын бири — сүйүү (1 Жакан 4:8). Ыйык Китепте Кудайдын адамдарды канчалык сүйөрү чүрпөсүнө мээримин төккөн эненин мисалы менен түшүндүрүлөт. Ал китепте Кудайдын: «Аял эмчектеги баласын унутабы? Курсагында көтөрүп жүргөн уулуна боор оорубай коёбу? Ал унутушу мүмкүн, бирок мен сени унутпайм»,—  деген сөздөрү жазылган (Ышая 49:15). Мээримдүү эненин өз чүрпөсүн кыйнап жатканын элестете аласыңарбы? Мээримдүү эне эч качан андай кылбайт, тескерисинче, баласы үчүн жанын бергенге даяр. Ошол сыяктуу эле, Кудай да бейкүнөө адамдардын азап чегишин каалабайт (Башталыш 18:25).

Бирок адамдар азап чегип жаткандыктан, силер: «Эгер Кудай мээримдүү, кудурети күчтүү болсо, эмне үчүн жамандыктын баарын жок кылбайт?» — дешиңер мүмкүн.

Кудайдын азап-кайгынын болушуна эмне үчүн жол берип жатканына орчундуу себептер бар. Келгиле, алардын бирине токтололу. Азап-кайгынын болуп жатканына көбүнчө адамдар күнөөлүү. Башкаларга жамандык кылган таш боор, ырайымсыз адамдардын көбү жаман жолунан кайткысы келбейт. Ошондуктан Кудай андай адамдарды жок кылат.

Кудайдын жаман адамдарды эмне үчүн азыркыга чейин жок кылбай жатканы жөнүндө бир пайгамбар: «Кээ бирөөлөргө создуктуруп жаткандай көрүнсө да, Жахаба убадасын создуктурбай аткарат. Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат»,— деп жазган (2 Петир 3:9). Ооба, Кудай сүйүүсүнөн, ырайымдуулугунан улам чыдап келет.

Бирок жакында Жахаба Кудай бейкүнөө адамдарга «кыйынчылык алып келгендерди кыйынчылыкка дуушар кылат». Адилетсиздик кылып жаткандар «түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартылып,.. жок болушат» (2 Тесалоникалыктар 1:6—9).

Макаланын башында сөз кылынган Ян адамдардын эмне үчүн азап тартып жатканына байланыштуу суроолоруна жооп алган. Билгендери анын көз карашын өзгөрткөн. Ал тууралуу бул журналдын 13-бетинен окуй аласыңар.

Көбүрөөк билиңиз

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Көптөр дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгы үчүн Кудайды күнөөлөшөт. Сенчи? Адамдардын эмне үчүн азап тартары жөнүндө Кудайдын Сөзүндө эмне деп айтыларын окуп көр.