Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ, 2012

Кудайга суроо берген туурабы?

Кудайга суроо берген туурабы?

АЙРЫМДАР Кудайга суроо берүү туура эмес деп эсептешет. Алар Кудайдан кайсы бир нерсеге эмне үчүн жол берип жатканын же жол бербей жатканын суроо ага акарат кылганга тете дешет. Силер да ошондой ойдосуңарбы?

Эгер ошондой ойдо болсоңор, көптөгөн пайгамбарлардын Кудайга суроо бергенин билгенде таң калышыңар мүмкүн. Келгиле, алардын айрымдарынын Кудайдан эмне жөнүндө сурашканын карап көрөлү.

Аюп пайгамбар Кудайга: «Эмне үчүн жүзүңдү жашырып, мени душманыңдай көрүп жатасың?» — деген суроо берген (Аюп 13:24).

Хабакук пайгамбар: «Эмнеге ишенимсиздик кылгандарды карап турасың? Эмнеге ыймансыз адам адил адамды жеп-жутуп жатканда унчукпайсың?» — деген (Хабакук 1:13).

Иса пайгамбар: «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — деп жалбарган (Матай 27:46).

Ыйык Китептен Жахаба * Кудайдын жогорудагы пайгамбарларга ошондой суроолорду бергени үчүн каарданбаганын билүүгө болот. Бул таң калыштуу деле эмес. Кудайдан күнүмдүк тамак-ашыбызды беришин сураганыбызда, ал бизди жемелебей, муктаждыгыбызды канааттандырат (Матай 6:11, 33). Ден соолугубузду чыңдаган тамак-ашты бергендей эле, Кудай жан дүйнөбүздү тынчтандырып, акылыбызды коргогон маалыматты берет (Филипиликтер 4:6, 7). Иса пайгамбар шакирттерине: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет»,— деген (Матай 7:7). Анын ушул сөздөрү жазылган аяттардын жанындагы аяттардан Кудайдын материалдык нерселерге байланыштуу суроолорубузга эле эмес, бизди түйшөлткөн суроолорубузга да жооп берерин биле алабыз.

Кудайга суроо бергенге мүмкүнчүлүгүңөр болсо, төмөндөгү суроолордун кайсынысын берет элеңер?

  • Жашоонун маңызы эмнеде?
  • Адам өлгөндө эмне болот?
  • Эмне үчүн азап чегип жатабыз?

Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыктан», бул суроолорго Ыйык Китептен жооп ала аласыңар (2 Тиметей 3:16). Анда эмесе, эмнеден улам айрымдарда жогорудагыдай суроолор пайда болорун жана Ыйык Китепте ал суроолорго кандай жооптор камтылганын карап көрөлү.

^ абз. 7 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.