Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ, 2012

1-суроо: Жашоонун маңызы эмнеде?

1-суроо: Жашоонун маңызы эмнеде?

АНГЛИЯДА туулуп-өскөн Розалинд билим алууну аябай эңсечү. Адамдарга да жардам бергиси келчү. Ошондуктан ал үй-жайсыз, майып, окуп-үйрөнүү жөндөмү жакшы өрчүбөй калган адамдарга жардам бере турган жумушта иштей баштаган. Кийинчерээк чоң окуу жайын бүткөндөн кийин маянасы көп жакшы жумушта иштей баштаган. Розалинд өзүнө жаккан жумушта иштеп, жакшы жашаса да, аны көп жылдар бою: «Адамдар эмне үчүн жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде?» — деген суроолор түйшөлтүп келген.

Эмне үчүн мындай суроолор туулат?

Макулуктардан айырмаланып, адам баласы өткөндөн сабак алып, келечекке максат коюп жашайт, ошондой эле жашоонун маңызы жөнүндө ойлонот.

Көптөр эмне дешет?

Көптөр байлыкка, атак-даңкка жетсең, жашооң маңыздуу болуп, бакытка бөлөнүп жашайсың дешет.

Алардын айткандары эмнени көрсөтүп турат?

Алардын айткандарынан адамдар жашоодо өздөрү эңсеген нерселерди биринчи орунга коёру жана Кудайдын эркин аткарууга караганда өздөрүнүн каалоолорун аткарууну маанилүү деп эсептээри көрүнүп турат.

Ыйык Китепте эмне делет?

Сулайман падыша аябай көп дүнүйө-мүлк топтоп, ырахат тартуулаган нерселердин баарын татып көргөн, бирок ал нерселер жашоосун маңыздуу кыла албасына ынанган. Ал адамдын жашоосун эмне чындап маңыздуу кыларын түшүнүп, мындай деген: «Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул» (Насаатчы 12:13). Кудайдын осуяттарын аткаруу өз ичине эмнени камтыйт?

Кудай биздин жашоодон ырахат алып жашашыбызды каалайт. Сулайман падыша:  «Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок. Мунун да чыныгы Кудайдын колунан экенин көрдүм»,— деп жазган (Насаатчы 2:24).

Кудай үй-бүлөбүздү жакшы көрүп, кам көрүшүбүздү да каалайт. Келгиле, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө берилген кеңештерди карап көрөлү.

  • «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек» (Эфестиктер 5:28).
  • «Аял болсо күйөөсүн терең урматтасын» (Эфестиктер 5:33).
  • «Балдар, Теңирдин эркине ылайык, ата-энеңердин тилин алгыла» (Эфестиктер 6:1).

Эгер Ыйык Китепте жазылган ушул кеңештерди колдонсоңор, жашооңор канааттануу тартуулап, бактылуу боло аласыңар. Баарынан маанилүүсү, Жаратканды таанып-билип, аны менен ынак достордукундай мамиледе болосуңар. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8). Эгер ушул сөздөргө ылайык иш кылып, Кудайга жакындасаңар, жашооңор чындап маңыздуу болот.

Макаланын башында сөз кылынган Розалинд жашоосу маңыздуу болуп, азыр бактылуу жашап жатат. Ага жашоонун маңызын тапканга эмне жардам бергенин бул журналдын 10-бетинен окуй аласыңар.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр

Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүү мүмкүн. Сен анын досу боло аласың.