Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ, 2012

  Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Кудай дүйнө жүзүн башкара турган өкмөттү орнотобу?

Кудай дүйнө жүзүн башкара турган өкмөттү орнотобу?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди да ойлондургандыр. Төмөндө алардын жообун Ыйык Китептин кайсы жеринен тапса болору көрсөтүлдү. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө даяр.

1. Адамзат эмне үчүн бир эле өкмөттүн башкарышына муктаж?

Бүгүнкү күндө адамзаттын көйгөйү дүйнөлүк масштабда болуп жатат. Кээ бир өлкөлөрдө көптөгөн адамдар жакырчылыкта жашап, басынтылып келишет. Ал эми башка өлкөлөрдө, тескерисинче, баары ашып-ташып жаткандай сезилет. Дүйнө жүзүн бир эле өкмөт башкарса, жер ресурстары баарына тегиз бөлүштүрүлмөк. (Окугула: Насаатчы 4:1; 8:9.)

2. Ким дүйнө жүзүн жакшы башкара алат?

Дүйнө жүзүн бир эле адам башкарышы керек дегенге көптөр кошулбайт. Анткени бир да адам жакшы башкара албайт жана бир адам баарынын купулуна толо бербейт. Ошондой эле бийликке жеткен адам эч бузулбайт деп айта албайбыз. Анын үстүнө, бүт дүйнө жүзүн бир эле катаал башкаруучу башкарып калышы мүмкүн экенин ойлосок, үрөйүбүз учпай койбойт. (Окугула: Накыл сөздөр 29:2; Жеремия 10:23.)

Жахаба Кудай Иса Машаякты бүт адамзатты башкарууга дайындаган (Лука 1:32, 33). Иса Машаяк жерде адамдардын арасында жашаган. Ал оорулууларды айыктырган, момун адамдарды окуткан жана кичинекей балдарга көңүл бөлгөндөн убактысын аяган эмес (Марк 1:40—42; 6:34; 10:13—16). Ошондуктан Иса Машаякты эң сонун Башкаруучу деп айта алабыз. (Окугула: Жакан 1:14.)

 3. Дүйнө жүзүн бир эле өкмөт башкарышы мүмкүнбү?

Кудай Иса Машаякты асмандан жер үстүнө бийлик жүргүзүүгө дайындаган (Даниел 7:13, 14). Бийлик башындагы адам бийлик жүргүзүү үчүн өлкөсүндөгү шаарлардын ар биринде болушу зарыл эмес. Ошо сыяктуу эле Иса Машаякка да адамдарды башкарыш үчүн сөзсүз жерге келүүнүн зарылдыгы жок. (Окугула: Матай 8:5—9, 13.)

Адамдардын баары Иса Машаякты Башкаруучу катары кабыл алабы? Жок. Жакшылыкты эңсегендер гана кабыл алат. Жахаба Кудай өзү дайындаган мээримдүү, адилеттүү Башкаруучуну четке каккандарды жок кылат. (Окугула: Матай 25:31—33, 46.)

4. Дүйнө жүзүнө бийлик жүргүзө турган Башкаруучу эмнелерди ишке ашырат?

Койчу койлорун чогулткандай эле, Иса Машаяк момун адамдарды ар кайсы элдерден чогултуп, аларга Кудайдын осуяттарын үйрөтүп жатат (Жакан 10:16; 13:34). Мындай адамдар Иса Машаякты жана анын бийлигин чын жүрөктөн колдоодо (Забур 72:8; Матай 4:19, 20). Иса Машаяктын бийлигине баш ийген адамдар анын Падыша болгонун биримдикте дүйнө жүзүнө жарыялап жатышат. (Окугула: Матай 24:14.)

Иса Машаяк жакында ыймансыз, катаал башкаруучулардын баарын жок кылат. Ал ишенимдүү кызматчыларынын арасынан аны менен бирге жер үстүнөн бийлик жүргүзө тургандарды тандаган (Даниел 2:44; 7:27). Адамзатты Иса Машаяк башкарганда, жер бети Жахаба Кудай жөнүндөгү билимге толот. Жер баштагыдай, Адам ата менен Обо эне жаралган кездегидей, бейишке айланат. (Окугула: Ышая 11:3, 9; Матай 19:28.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Көптөр Иса үйрөткөн тиленүүнү жакшы билишет. Ал тиленүүдөгү: «Падышалыгың келсин»,— деген сөздөр эмнени билдирет?