Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ, 2012

Паракорчулуктун себеби эмнеде?

Паракорчулуктун себеби эмнеде?

«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (НАСААТЧЫ 8:9).

БУЛ аятта айтылгандай, адамдардын башкаруусу зыян алып келерин тарых тастыктап турат. Азап-кайгынын болуп жатканына адамдын адамга бийлик кылышы себеп болуп келет. Тээ алмустактан бери эле ниети таза, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдар болуп эле келет. Тилекке каршы, андай адамдардын ой-тилеги, аракети ач көздүктүн жана паракорчулуктун айынан ишке ашпай калып жатат. Эмне үчүн? Паракорчулуктун себеби эмнеде? Буга, негизинен, үч нерсе себеп болуп келет.

1. Күнөөнүн таасири.

Ыйык Китепте адамдардын «баары күнөөнүн бийлиги астында» экендиги айтылат (Римдиктер 3:9). Тукум куума оору сымал, күнөө ар бирибиздин ичибизде «жашайт». Миңдеген жылдардан бери күнөө, падышадай болуп, адамзатка «бийлик» кылып келет. Ошондуктан анын «мыйзамы» бизди туткун кылып келатат. Күнөөнүн кулу болгондуктан өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды көздөп, байлыкка, бийликке умтулууга жакын келебиз (Римдиктер 5:21; 7:17, 20, 23, 25).

 2. Дүйнөнүн таасири.

Дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүгү алдым-жуттум, өз көмөчүнө күл тарткан адамдар. Ошондуктан айрымдар заманың бөрү болсо, бөрү бол деп жашашат. Андай кишилер өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, бийликке умтулушат. Алар ач көздүк менен байлыктын, мал-мүлктүн артынан сая түшүшөт. Өкүнүчтүүсү, көздөгөн нерселерине жетиш үчүн андай адамдар алдамчылыкка да барышат. Алар «көпчүлүктү ээрчип жаман ишке барып» жатышат (Чыгуу 23:2).

3. Шайтандын таасири.

Кудайга каршы чыккан Шайтан «бүт жер жүзүн адаштырууда» (Аян 12:9). Ал адамдарды өзү каалагандай башкаруудан ырахат алат. Шайтан адамды жакшы жашоого болгон табигый каалоосун арам жол менен ишке ашырууга түртөт.

Анда адам жип каякка тартылса, ошол жакка секирген Шайтандын так текесиби? Бул жөнүндө кийинки макаладан биле алабыз.