Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ, 2012

  Ишенимдин үлгүсү

«Жакшы келин»

«Жакшы келин»

КҮҮГҮМ кирип калган маал. Бетлехемдеги эгин талаада иштеген жумушчулар жумушун бүтүп, тоого жакын жердеги дөбөдө жайгашкан чакан шаардын дарбазасын көздөй бет алып баратышат. Рут болсо бир күн кечке чогулткан машагынын жанында тизелеп отуруп алып, колундагы таягы менен арпанын данын күбүп жатат. Ал эртеден кечке баш көтөрбөй эмгектенип, аябай чарчаса да, дагы деле иштеп жатат. Бүгүн ал күндөгүдөн көп арпа чогултту.

Бул жаш келиндин турмушу жакшырды беле? Ал кайын энеси Наамиге аны таштабай турганын, ошондой эле анын Кудайы Жахабага сыйынарын айткан эле. Жесир калган ал эки аял Маап жеринен Бетлехемге келишкен болчу. Мааптык Рут ал жерге келгенинен көп өтпөй эле Жахаба Кудайдын ысрайыл элине ар бир адамдын кадыр баркы эске алынган мыйзамдарды бергенин билет. Ал мыйзамдардын бирине ылайык, ысрайыл эли жакырларга, анын ичинде келгиндерге кам көрүшү керек болчу *. Жахаба Кудайдын элинин арасындагы айрым кишилердин Кудайдын ошол мыйзамына ылайык иш кылып, ага боорукердик менен мамиле кылганы анын жүрөгүн козгобой койгон эмес.

Ошондой кишилердин бири Бууз болгон. Рут жашы өтүп калган ошол бай кишинин талаасынан машак терчү. Ал киши Рутту кызындай көрүп, аны карып калган кайын энесине кам көрүп жатканы, Жахаба Кудайдын канатынын астынан баш маана издеп келгени үчүн мактап, жылуу сөздөрдү айткан эле. Анын ошол сөздөрү Руттун жүрөгүн жылытып, ага дем-шык берген (Рут 2:11—13).

Рут эртеңки күнүн ойлоп тынчсызданганы күмөнсүз. Өзү келгин болсо, жолдошу да, бала-бакырасы да жок болсо, кантип күн көрүп, кайын энесин кантип багат эле? Машак терип канчага чейин жан багат? Карыган кезде, аны ким багат эле? Адам болгондон кийин Рутка ушундай ойлор келгени күмөнсүз. Тыйын-тыпыр тартыш болгон азыркы заманда көп адамдар ушундай нерселерди ойлоп сары санаа болушат. Андыктан Руттун Кудайга болгон ишеними ага ошондой оор кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге кантип жардам  бергенин карап чыксак, Руттан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Үй-бүлө кандай болушу керек?

Рут өзүн, кайын энесин багыш үчүн күжүрмөн эмгектенген

Рут арпанын данын күбүп бүтүп, чогултканда 1 эйфага жакын болуп чыгат (1 эйфа болжол менен 22 литрге барабар). Анын чогулткан арпасынын салмагы, кыязы, 14 килограммдай болгон. Ал аны чүпүрөккө ороп, башына коюп алып, көз байланып калган маалда Бетлехемди көздөй жөнөйт (Рут 2:17).

Наами келининин көп арпа алып келгенин көргөндө бир чети сүйүнсө, бир чети таң калат. Рут Бууз жумушчуларга берген тамак-аштан кайын энесине да ала келген болчу. Экөө ошол тамакты дасторконго коюп, тамактанганы отурушат. Анан Наами Рутка: «Бүгүн каяктан машак тердиң, каякта иштедиң? Сага көңүл бурган кишиге бата тийсин»,— деп айтат (Рут 2:19). Себеби Руттун көп арпа алып келгенин көргөндө кимдир бирөөнүн ага көңүл буруп, жакшылык кылганын түшүнөт.

Экөө сүйлөшүп отурганда Рут Наамиге Бууз деген боорукер кишинин ага жакшы мамиле кылганын айтат. Ошондо Наами Бууздун кылган жакшылыгына ыраазы болуп: «Өлгөндөргө да, тирүүлөргө да мээримдүүлүк көрсөткөн Жахаба ага батасын берсин»,— дейт (Рут 2:19, 20). Наами Бууздун жакшылыгын Жахаба Кудайдан деп кабыл алган. Анткени Жахаба Кудай өзүнүн кызматчыларына март болгонго түрткү берет. Кудай жакшылык кылган кишилерге батасын берерин убада кылган * (Накыл сөздөр 19:17).

Наами Рутка, башка жумушчулар аны ыза кылып койбошу үчүн, Бууздун айтканындай кылып, анын жумушчу кыздары менен бирге анын талаасынан эле машак терүүнү кеңеш кылат. Рут кайын энесинин айтканын угат. Ал кайын энеси менен чогуу жашап, ага кам көрө берет (Рут 2:22, 23). Мындан биз дагы бир жолу Руттун өзгөчө бир сапатын — туруктуу сүйүүсүн — көрүп жатабыз. Руттун үлгүсү бизге: «Үй-бүлөмдү баалаймбы? Жакындарыма дайыма кам көрүп, алар муктаж болгондо, жардамымды аябаймбы?» — деп ойлонуп көргөнгө түрткү берет. Туруктуу сүйүү көрсөткөндөрдүн иштери Жахаба Кудайдын көз жаздымында калбайт.

Рут менен Наами бири-бирине жардам берип, бири-бирин колдошкон

Наами менен Рутту бир үй-бүлө деп эсептесе болобу? Айрым маданияттарда атасы, апасы, баласы, кызы, чоң-ата, чоң-энеси болгондор гана бир үй-бүлө деп эсептелет. Бирок Наами менен Руттун жашоосу көрсөтүп тургандай, Кудайга кызмат кылгандар, толук эмес үй-бүлөдөн болсо да, бири-бирине боорукердик, сүйүү менен мамиле кылып, ынтымактуу болуп жашай алышат. Силер үй-бүлөңөрдү баалайсыңарбы? Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына кошулгандардын, атүгүл эч кимиси жоктордун да атасындай, энесиндей, бир туугандарындай болгон адамдарды таба алышарын айткан (Марк 10:29, 30).

«Ал бизди кун төлөп сатып алууга укугу бар туугандарыбыздын бири болот»

Арпа орула турган апрель айынан тартып буудай орула турган июнь айына чейин Рут Бууздун талаасында машак терет. Наами жакшы көргөн келинине кандай жакшылык кылып бере алары жөнүндө көп ойлонгону шексиз. Маап жеринде жүргөндө Наами Рутка күйөө таап бере албайм деп ойлогон эле (Рут 1:11—13). Эми болсо анын ою өзгөрүп, Рутка өмүрлүк жар таап берүү жөнүндө ойлоно баштайт. Ал Руттан: «Кызым, сага жакшы болушу үчүн, сага баш маана издесем кантет?» — деп сурайт (Рут 3:1). Ошол учурдагы элдин маданиятына ылайык, ата-энесинин баласына жар издегени кадимки эле нерсе болчу. Рут Наамиге кызындай эле болуп калгандыктан, Наами ага «баш маана» таап бергиси келген. Башкача айтканда, Руттун турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу болушун каалаган. Бирок Нааминин тилеги кантип орундалмак?

Рут Наамиге Бууз жөнүндө айтып бергенде, Наами ага: «Ал бизди кун төлөп сатып алууга укугу бар туугандарыбыздын бири болот»,— дейт (Рут 2:20). Ал муну менен эмнени айткысы  келген? Кудай жакырчылыктын айынан же жакындарынан айрылып, оор абалда калган үй-бүлөлөргө кам көргөндүктөн атайын мыйзам караштырып койгон. Мисалы, эгер аял бала көрө электе күйөөсүнөн ажырап калса, күйөөсүнүн аты өчүп, мураскорсуз каларын ойлоп тынчсызданчу. Ошондуктан Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында күйөөсү өлүп калган аялды анын бир тууганы алышы керектиги айтылган. Күйөөсүнүн бир тууганына тийген аялдын тун уулу көзү өтүп кеткен күйөөсүнүн уулу болуп эсептелгендиктен, күйөөсүнүн аты өчмөк эмес. Ошондой эле анын уулу алардын үй-бүлөсүнө таандык мураска кам көрө алмак * (Мыйзам 25:5—7).

Наами Рутка аны күйөөгө бериш үчүн эмнелерди ойлонуштуруп жатканын айтат. Кайын энеси оюндагысын айтып жатканда, Руттун таң кала угуп отурганын элестетип көрсөңөр. Ысрайыл жериндеги мыйзамдарды Рут буга чейин угуп көрбөгөнү шексиз. Ал мыйзамдардын көбү ага түшүнүксүз болсо керек. Ошентсе да ал кайын энесин сыйлагандыктан анын ар бир сөзүнө кулак төшөп, кунт коюп угат. Нааминин айткандары ага кызыктай көрүнсө да, атүгүл, аны басынткандай сезилсе да, Рут макул болот. Ал момундук менен: «Мейли, айтканыңыздын баарын кылайын»,— дейт (Рут 3:5).

Кээде жаштарга улуураак, тажрыйбалуу кимдир бирөөнүн кеңешин угуу кыйынга турушу ыктымал. Алар жашы улуу кишилер жаштар кабылып жаткан кыйынчылыктарды түшүнбөйт деп ойлошу мүмкүн. Рут жөнүндөгү билдирүү бизди жакшы көргөн, жыргалчылыгыбызды көздөгөн улуулардын кеп-кеңешин уксак, натыйжасы жакшы болорун көрсөтүп турат. Рут Нааминин кеңешине  ылайык иш кылганынын аркасында кандай бата алган?

Рут кырманга барат

Кайын энеси менен сүйлөшкөн күнү кечинде Рут дыйкандар эгин бастырып, сапырган кырманды көздөй жөнөйт. Кырман, адатта, дөбөдө боло турган, себеби андай жерде түштөн кийин жана кечке маал сыдырым жел согуп турчу. Данды топондон тазалаш үчүн жумушчулар, жел соккондо, күрөк же айры менен эгинди сапырышчу. Ошондо топонду жел учуруп кетчү да, дан тазаланып калчу.

Рут жумуш аяктап, күн батып бараткан маалда кырмандагыларга көз чаптырып, байкоо салып турат. Бууз болсо эгинди сапырып, додо-додо кылып үйүп жаткан жумушчуларын көзөмөлдөп турган эле. Ал тамак ичип, курсагын тойгузгандан кийин үйүлгөн эгиндин жанына барып жатат. Ошол учурларда эгинди уурулардан, талап-тоноочулардан кайтарыш үчүн кырманга түнөп калышчу. Рут Бууздун да ошондой кылганын көрөт. Эми Рутка кайын энесинин айтканын кылганга убакыт келип жетет.

Рут Бууз жаткан жерге жакындаган сайын, жүрөгү дүкүлдөп, кабынан чыгып кетчүдөй сого баштайт. Бууздун коңурук тартканынан анын катуу уктап калганын баамдайт. Анан кайын энеси айткандай кылып, Бууздун бут жагын ачып, этек жагына жатып алат да, Бууздун ойгонушун күтө баштайт. Убакыт өтө берет. Ошондо Рутка убакыт өтпөй, токтоп калгандай туюлса керек. Түн ортосу болгондо, Бууз катуу үшүп калганын сезип, ойгонот. Анан бутун жабайын дегенде, бирөө жатканын байкайт. «Башын көтөрүп караса», «бут жагында бир аял жаткан» болот (Рут 3:8).

Бууз андан: «Сен кимсиң?» — деп сурайт. Рут коркконунан калтырап сүйлөп: «Мен күңүңүз Рутмун. Күңүңүздү канатыңызга калкалаңыз, анткени сиздин бизди кун төлөп сатып алууга укугуңуз бар»,— деп жооп берет (Рут 3:9). Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүргөндөрдүн айрымдары Рут Буузду адеп-ахлаксыз ишке барганга азгырыш үчүн ушундай сөздөрдү айтып, ушундай иш-аракет кылган деп эсептешет. Бирок алардын айткандарын эки нерсе жокко чыгарат. Биринчиден, Рут ошол учурдагы элдин салтына ылайык иш-аракет кылган. Ошондуктан анын кылганын азыркы учурдагы адамдардын адеп-ахлактуулукка байланыштуу көз карашы менен карап, айыптаганыбыз жаңылыштык болуп калат. Экинчиден, Бууздун ошондо Рутка кылган мамилесинен Руттун эч кандай уятсыз иш кылбаганын көрө алабыз. Тескерисинче, анын туура, жакшы иш кылганы көрүнүп турат.

Рут өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес, ниети таза болгон

Бууз жылуу-жумшак сүйлөгөндө, жүрөгү түпөйүлдөнүп, бушайман болуп жаткан Рут бир топ жеңилдей түшсө керек. Бууз: «Жахаба сага батасын берсин, кызым. Азыркы кылган ишиңден сенин мээримдүүлүгүң мурункудан да айкын көрүндү, анткени сен бей-бечара же бай адамдардын арасынан жаш күйөө издеген жоксуң»,— деген (Рут 3:10). «Мурункудан да» деп айтуу менен Бууз Руттун кайын энеси менен чогуу Ысрайылга келгенин, ага кам көрүп жатканын айткан болчу. Ал эми «азыркы кылган ишиң» деп андан баш маана издеп келгенин айткысы келген. Бууз мөлтүрөгөн жаш келиндин, бай болобу, жакыр болобу, ага караганда жаш бирөөгө турмушка чыга алмактыгын айткан. Рут ушунун баарын кайын энеси Наамиге жакшылык кылыш үчүн эле эмес, көзү өтүп кеткен кайын атасынын аты өчүп калбашы үчүн да кылган. Бууз муну жакшы түшүнгөндүктөн Руттун кылганына баа берип, аны ого бетер кадырлап калган.

Бууз андан ары сөзүн улап: «Андыктан коркпо, кызым. Сураганыңдын бардыгын жасайм, себеби шаарымдагы элдин баары сенин жакшы келин экениңди билет»,— деп айтат (Рут 3:11). Бууздун Руттай келинди алгысы келмектиги шексиз. Балким, Руттун баш маана издеп ага кайрылганына көп деле таң калган эместир. Бирок ал адил киши болгондуктан бул жагдайда ишти өзү каалагандай эле бүтүрүп коюну көздөгөн эмес. Ал Рутка аларды кун төлөп сатып алганга укуктуу Нааминин күйөөсүнүн жакын тууганы бар экенин жана биринчи ошол кишиге кайрылып, ага Рутка үйлөнгөнгө мүмкүнчүлүк берерин айтат.

Бууз Руттун эч кимге көрүнбөй кетип калышын каалагандыктан ага: «Таң атканча жата  тур»,— дейт. Себеби башкалар экөөнү жаман ишке барды деп ойлоп, жаманатты кылышын каалаган эмес. Бууз андан баш маана издеп келген Рутка жылуу-жумшак сүйлөгөндөн кийин, Рут көңүлү жайланып, анын айтканындай кылып, бут жагына жатат. Анан Бууз таң сүрө электе туруп, Руттун сырт кийимине толтура арпа салып берет. Рут аны алып, Бетлехемге үйүн көздөй жөнөйт.

Рут Бууздун: «Элдин баары сенин жакшы келин экениңди билет»,— деген сөздөрүн эстеген сайын, жүрөгү жылып, кубанганы шексиз. Ал Жахаба Кудайды таанып-билип, ага кызмат кылгандыктан эл оозуна алынган деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Рут кайын энесине күйүмдүү болгон. Ошондой эле ысрайыл элинде кабыл алынган, ал өмүрүндө укпаган, билбеген мыйзамдарга, каада-салттарга ылайык иш кылып, ал элди сыйлай турганын көрсөткөн. Биз да Руттай болсок, башкаларга жакшы мамиле кылып, алардын каада-салтын, үрп-адатын сыйлаганга умтулабыз. Ушундай кылсак, биз да жакшы атка ээ болобуз.

Руттун баш маана табышы

Рут үйүнө келгенде, Наами: «Кимсиң, кызым?» — деп сурайт (Рут 3:16, шилт.). Балким, үрүл-бүрүл болуп, айлана жакшы көрүнбөгөндүктөн да ошентип сураса керек. Же Наами Рут дагы эле баягы жесир аялбы, же турмуш курайын деп жаткан аялбы, билгиси келгендир. Рут кырманга барганда эмне болгонун, Бууз менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн кайын энесине шашып айта баштайт. Анан Рут Наамиге Бууз берип жиберген арпаны көрсөтөт * (Рут 3:17).

 Наами келинине иштин кандай бүтөрүн күтүп үйдө отурушун кеңеш кылат. Ал Рутка: «Ал киши бүгүн ишти аягына чыгармайын тынч албайт»,— дейт (Рут 3:18).

Наами айткандай эле, Бууз ошол эле күнү шаар аксакалдары чогулган жерге барып, Нааминин күйөөсүнүн жакын туугандарынан болгон кишини күтөт. Ал киши келгенде, көп күбөлөрдүн көзүнчө Бууз ага Рутка үйлөнүп, Нааминин үй-бүлөсүн кун төлөп сатып алууну айтат. Бирок ал киши өз мурасына доо кетирип алам деп, кун төлөп сатуу алуудан баш тартат. Ошондо Бууз шаар дарбазасына чогулган күбөлөргө Нааминин көзү өтүп кеткен күйөөсү Елимелехтин жерин сатып алып, Елимелехтин уулу Махлондун жесир калган аялы Рутка үйлөнүп, аларды кун төлөп сатып аларын айтат. Ал элге «маркумдун мурасы өзүнө таандык бойдон калышы үчүн» ошенткени жатканын билдирет (Рут 4:1—10). Ооба, Бууз адил, өз кызыкчылыгын көздөбөгөн киши болгон.

Ошентип, Бууз Рутка үйлөнөт. Ыйык Китепте: «Жахабанын батасы менен Руттун боюна бүтүп, уул төрөдү»,— делет. Ошондо Бетлехемдеги аялдар Наами үчүн кубанып, Руттун жети уулдан артык экенин айтып, аны макташат. Кийин Руттун уулу Дөөтү падышанын чоң аталарынан болуп калган (Рут 4:11—22). Ал эми Дөөтү падыша Иса Машаяктын чоң аталарынан болгон (Матай 1:1) *.

Жахаба Рутка батасын берип, ал Машаяктын чоң энелеринен болуп калган

Кудай Рутка да, Наамиге да батасын берген. Наами небересин өз уулундай көргөн, аны тарбиялап-өстүргөнгө жардам берген. Ушул эки аялдын жашоосу жакындарына кам көрүш үчүн талыкпай эмгектенип жаткандарды, Кудайдын эли менен чогуу ага ишенимдүү кызмат кылып жаткандарды Кудай сөзсүз байкай турганын көрсөтүп турат. Руттай болуп, Кудайдын алдында жакшы атка ээ болгон ишенимдүү адамдарды ал батасыз калтырбайт.

^ абз. 4 «Күзөт мунарасы» журналынын 2012-жылдын 1-июлундагы санына чыккан «Сиз каякка барсаңыз, мен да ошол жакка барам» деген макаланы карагыла.

^ абз. 10 Наами айткандай эле, Жахаба Кудай тирүүлөргө эле эмес, өлгөндөргө да мээримдүүлүк көрсөтөт. Наами жолдошунан, эки уулунан айрылган. Рут болсо жолдошунан айрылган. Көзү өтүп кеткен ошол үч кишини Наами да, Рут да абдан жакшы көргөнү шексиз. Наами менен Рутка жакшылык кылгандар ошол кишилерге да жакшылык кылган деп айтууга болот. Көзү тирүү болсо, алар Наами менен Рутка жакшылык кылган адамдарга абдан ыраазы болушмак.

^ абз. 15 Мураска ээ болуу укугу сыяктуу эле, көзү өтүп кеткен кишинин аялына үйлөнүүгө, кыязы, биринчи кезекте бир тууганы укуктуу болгон. Эгер бир туугандары жок болсо, анын аялына жакын туугандарынан болгон башка эркек үйлөнө алмак (Сандар 27:5—11).

^ абз. 28 Бууз Рутка алты өлчөмдөй (анын салмагы канча болгону белгисиз) арпа берген. Ишемби күн өткөндөн кийин, алты күнгө созулган иш күндөрү болчу. Бууздун Рутка алты өлчөм арпа бергени Руттун жесир болуп жүргөн күндөрү жакында бүтө турганын, анын эс ала турганын, тагыраак айтканда, турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу болорун билдириши мүмкүн. Же Рут ошончо эле арпа көтөрө алгандыктан, Бууз ага алты өлчөм арпа берген. Алты өлчөм арпа, сыягы, 6 калак арпа болгон.

^ абз. 31 Иса Машаяктын санжырасы жазылган аяттарда төрт аялдын ысымы кездешет. Алардын бири Рут болгон. Дагы бири Бууздун энеси Рахап болгон (Матай 1:3, 5, 6). Ал да, Руттай эле, ысрайылдык болгон эмес.