Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ, 2012

  Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

БАЛА чагында кордук көрүп чоңойгон кишиге бактылуу болгонго, мээримдүү ата жана камкор күйөө болгонго эмне жардам берген? Жаман, ыпылас иштерди кылып жүргөн аялга андай иштерин таштаганга эмне түрткү берген? Келгиле, алардын айтып бергендерин окуп көрөлү.

«Өзүмдү өзүм жек көрчүмүн» БИКТОР УГО ЕРЕРА

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974
  • ӨЛКӨСҮ: ЧИЛИ
  • МУРУН: ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Чилинин түштүгүндөгү Анголь деген кооз шаарда жарык дүйнөгө келгем. Атамды бир да жолу көргөн эмесмин. Үч жашымда апам иним экөбүздү алып, Чилинин борбор шаары Сантьягого көчүп барган. Биз үй-жайы жоктор үчүн караштырылган, шарты абдан начар лагерде кичинекей бир бөлмөдө жашачубуз. Лагерде бир эле дааратканага бир топ киши барчу, сууну болсо өрт кранынан алчубуз.

Лагерде эки жыл жашагандан кийин, бизге мамлекет тарабынан кичинекей үй берилди. Ал жакта жашаган кошуналарыбыз баңгизат колдонушчу, көп ичишчү; арасында кылмышкерлер, сойкулар да бар болчу.

Күндөрдүн биринде апам бир киши менен таанышып, кийин ага турмушка чыкты. Өгөй атам көп иччү, ичип алып апам экөөбүздү сабачу. Ошондой учурларда өз атам болсо, минтип кор болмок эмесмин деп, эч кимге көрүнбөй көп ыйлачумун.

Апам бизди багыш үчүн керээли-кечке иштесе да, акчадан аябай кыйналып жашачубуз. Айрым учурларда үйдө жегенге кургак сүт менен кум шекерден башка эч нерсе жок болуп калчу. Телевизорубуз жок болгондуктан, иним экөөбүз кошунанын телевизорун билгизбей терезесинен көрчүбүз. Бир күнү кошунабыз бизди кармап алгандан кийин, антип да көрө албай калдык.

Өгөй атамдын соо болгонун кээде эле көрчүбүз. Соо кезинде бизге жегенге бир нерсе сатып берип калчу. Бир жолу ал үйгө кичинекей телевизор сатып келген. Ошондо төбөм көккө жете кубангам. Бала кезимдеги андай бактылуу күндөр саналуу эле болчу.

Он экиге чыкканда окуганды үйрөндүм. Бир жыл өткөндөн кийин мектепти таштап, эртеден кечке иштей баштадым. Жумуштан кийин чогуу иштеген чоң кишилерге кошулуп алып, баңгизат колдонуп, ичкилик иччүмүн. Көп өтпөй ал нерселерге кул болуп калдым.

Жыйырма жашымда Кати деген кыз менен таанышып, бир аз убакыттан кийин ага үйлөндүм. Башында жашообуз жакшы эле болчу, бирок мен кайрадан ичип, баңгизат колдоно баштадым. Ошондо жүрүм-турумум мурункудан да жаман болуп кетти. Эгер ушинтип жүрө берсем, акыры түрмөгө түшөрүмдү же өлүп тынарымды түшүндүм. Уулума бала чакта өзүм тарткан азапты тарттырып жатканым үчүн өзүмдү жей берчүмүн. Ошондуктан өзүмө жиним келип, өзүмдү өзүм жек көрчүмүн.

 2001-жылы үйүбүзгө эки Жахабанын Күбөсү келип, Кати менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Кати окуп-билгендерин мага айтып бере берчү. Анын айткандарына кызыгып калгандыктан мен да Ыйык Китепти изилдей баштадым. Кати 2003-жылы Жахабанын Күбөсү болду.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Бир күнү Ыйык Китептен Рут китебинин 2-бөлүмүнүн 12-аятын окуп калдым. Ал жерде Жахаба Кудай ага ишенип, андан баш маана издегендерге батасын берери айтылыптыр. Ошол аятты окугандан кийин, оңолсом, Кудайдын жүрөгүн кубантып, анын батасын аларымды түшүндүм. Ошондой эле Ыйык Китептин көп жеринен аракечтикти Кудай жек көрөрүн окудум. Экинчи Корунттуктар китебинин 7-бөлүмүнүн 1-аятында жазылган сөздөр мага аябай таасир этти. Ал аятта «ар кандай ыпыластыктан тазаланышыбыз» керектиги айтылган. Ушундай сөздөрдү окугандан кийин акырындык менен оңоло баштадым. Бирок башында өзүмдү кармай албай, ачууга алдырып жиберчүмүн, ошондой болсо да келинчегим дайыма мени колдоп, жөлөк-таяк болчу.

Жумушумдагылар тамеки чегип, көп ичкендиктен, аларга кошулуп баягы жолума түшүп кетпеш үчүн жумуштан чыгып кеттим. Иштебей жүргөндө акча аябай тартыш болду, бирок бош убактым көп болгондуктан, Ыйык Китепти көбүрөөк изилдеп жүрдүм. Ошонун аркасында анда жазылгандарды тереңирээк түшүнүп, окуп-билгендериме жараша иш-аракет кыла баштадым. Кати жупуну жашаганыбызга наалып, көбүрөөк акча тап деп эч качан кыйначу эмес. Мени колдоп, жөлөп-таяп келатканына ага абдан ыраазымын.

Бара-бара Жахабанын Күбөлөрү менен көбүрөөк пикир алмашып, аларга жакын боло баштадым. Алар Жахаба Кудайдын менин билимсиз болгонума карабай ага кызмат кылыш үчүн жасап жаткан аракетимди баалай турганын түшүнгөнгө жардам беришти. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында өкүм сүргөн сүйүү, биримдик үй-бүлөмө абдан таасир этти. Биз ага чейин арасында тынчтык өкүм сүргөн мындай элди башка эч бир жерден көргөн эмеспиз. Ошентип, 2004-жылдын декабрында мен да Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Мен Ышая китебинин 48-бөлүмүнүн 17-аятында жазылган: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине өз тажрыйбамдан ынандым. Апам менен иним өзгөргөнүмдү көрүп, Ыйык Китепти изилдей башташты. Ал эмес, кошуна-колоңдор ушунчалык өзгөргөнүмдү, үй-бүлөм менен бактылуу жашап жатканымды көрүп кубанышат.

Кудайды сүйгөн, мага ишенген өмүрлүк жарым бар. Атамды эч качан көрбөсөм да, үч уулумду Ыйык Китептен алган билимге ылайык тарбиялап келе жатам. Алар мени аябай сыйлашат. Андан да маанилүүсү, уулдарым Жахаба Кудайга бекем ишенишет жана ага болгон сүйүүсүн өрчүтүп жатышат.

«Атамды эч качан көрбөсөм да, үч уулумду Ыйык Китептен алган билимге ылайык тарбиялап келе жатам»

Бала чагым оор болду. Бирок азыр жашоом аябай жакшы деп айта алам. Мени бактылуу кылган Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын.

 «Ачуусу чукул кыз болчумун» НАБИХА ЛАЗАРОВА

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974
  • ӨЛКӨСҮ: БОЛГАРИЯ
  • МУРУН: БАҢГИЗАТ САТЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен София (Болгария) деген шаарда орто жашаган үй-бүлөдө төрөлгөм. Алты жашымда атам бизди таштап кеткен. Мен андай болот деп эч качан ойлогон эмесмин. Атамдын бизди таштап кеткени жүрөгүмө кеткис так калтырды. Кичинекейимде өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезип, эч ким мени жакшы көрбөйт деп ойлой берчүмүн. Ушундай терс ойлордон улам чоңойгондо апама баш ийбей, ээн баш болуп кеттим. Өзүмдү кармай албаган, ачуусу чукул кыз болчумун.

Он төрт жашымдан тартып үйдөн кача баштадым. Апамдын, тай энем менен тай атамдын акчасын көп уурдачумун. Ээн баш болгондуктан мектепте жүргөндө ызы-чуу кылып эле басып жүрчүмүн. Ошонун айынан бир нече эле жылдын ичинде беш мектепке которулдум. Мектепти бүтөрүмө үч жыл калганда, окууну таштап койдум. Аябай бузулуп, тамеки тартып, наша чеге баштадым. Көп ичип, кечелерде эле жүрчүмүн. Кийин баңгизат саткандарга кошулуп, мен да сата баштадым. Адамдардын баары эле азап чегип, өлүп жатса, жашоонун эмне кереги бар деп, эртеңки күнүм эмне болорун ойлочу эмесмин.

1998-жылы 24 жашымда Сан-Паулудагы (Бразилия) аэропорттон баңгизат менен кармалып, төрт жылга түрмөгө кесилдим.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

2000-жылы Жахабанын Күбөлөрү мен отурган түрмөгө жумасына бир жолу келип, кабар айтып турушчу. Алардын бири Марине деген эже мага аябай жакшы мамиле кылды. Анын ошондой мамилесинин аркасында Ыйык Китепти изилдегим келе баштады. Ошол убакка чейин Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эч нерсе уккан эмесмин. Ошондуктан чогуу отурган аялдардан Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сурадым. Алардын көпчүлүгү Жахабанын Күбөлөрүн аябай жамандашты. Аялдардын бири: «Кайсы динге кирсең кире бер, болгону Жахабанын Күбөлөрүнүн динине гана кирбе»,— деди. Ал ошентип айтканда, Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө билгим келип, мурункудан да кызыгып калдым. Элдер алар жөнүндө эмне үчүн мынчалык жаман айтышарын билгим келди. Алар чыныгы динди туткандыктан, көпчүлүк аларды жаман көрөрүн түшүнө баштадым. Ыйык Китепте Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталары айтылган (2 Тиметей 3:12).

Ошол убакта түрмөнүн администрациясы жайгашкан имараттагы жумуштарды кылып калдым. Бир күнү иштеп жүрүп, ар нерсе сакталган бөлмөдөн «Ойгонгула!» жана «Күзөт мунарасы» журналдарынын * эски сандары салынган коробкаларды таап алдым. Аларды өзүм жаткан жерге алып барып коюп, четинен окуй баштадым. Ал журналдарды окуп жатканда өзүмдү кагыраган чөлдө келатып булак таап алган кишидей сездим. Бош убактым көп болгондуктан Ыйык Китепти күн сайын бир нече саат окучумун.

Күндөрдүн биринде мени түрмөнүн администрациясына чакырып калышты. Түрмөдөн бошотулам деп ойлоп алгандыктан буюм-тайымдарымды алып, чогуу отурган аялдар менен коштоштум да, чуркап жөнөдүм. Бирок ал жакка баргандан кийин жасалма документтерди  алып жүргөнүм үчүн иш козголгонун билдим. Ошентип, түрмөдө отурган мөөнөтүм эки жылдан ашык убакытка узартылды.

Муну укканда аябай жаман болдум. Бирок бир-эки күндөн кийин түрмөдө калганым эле жакшы болгонун түшүнө баштадым. Себеби Ыйык Китептен көп нерсе билсем да, жүрөгүмдө баягы эле жашоону эңсеп жүргөндүктөн, түрмөдөн чыккандан кийин баягыдай эле жашай баштайм деп ойлочумун. Ошондуктан өзгөрүш үчүн мага көп убакыт керек болчу.

Кээде Кудайдын кызматчысы болгонго татыксызмын, Кудай мени кечирбейт болуш керек деген ойлор келчү. Бирок Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу, мисалы, 1 Корунттуктар китебинин 6-бөлүмүнүн 9—11-аяттарын окуп, ой жүгүрткөндөн кийин оюм өзгөрдү. Ал аяттарда Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын айрымдары Жахаба Кудайга кызмат кылганга чейин ууру, аракеч, талап-тоноочу болгону айтылат. Алар Жахабанын жардамы менен андай иштерин таштап, өзгөрүлүшкөн. Алардын үлгүсү мага дем-шык берди.

Айрым жаман адаттарымды таштоо кыйын деле болгон жок. Мисалы, баңгизатты оңой эле таштап койдум. Ал эми тамекини көпкө чейин таштай албай жүрүп, бир жылдан көп убакыт өткөндөн кийин араң таштадым. Тамекинин ден соолугума канчалык зыян экендигин өзүмө эскертип турганым жакшы жардам берди. Баарынан маанилүүсү, дайыма Кудайдан жардам сурап тиленгенимдин аркасында аны таштай алдым.

«Мени эч качан таштабай турган Атамды таптым»

Атам кетип калгандан кийин, өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезип, аябай кыйналып жүрчүмүн. Жахаба Кудай менен болгон мамилем бекемделген сайын, андай терс сезимдерден акырындык менен арыла баштадым. Забур китебинин 27-бөлүмүнүн 10-аятындагы: «Мени ата-энем таштап кетсе да, Жахаба кабыл алат»,— деген сөздөрдү окуганда, жүрөгүм козголуп, мени эч качан таштабай турган Атамды тапканымды түшүндүм. Азыр жашоом маңыздуу өтүп жатат. 2004-жылы апрель айында, түрмөдөн бошотулганыман алты ай өткөндө, Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Азыр мен бактылуумун. Жаман адаттарымдын баарынан арылгам. Жаш кезиме караганда ден соолугум чың, жан дүйнөм тынч. Күйөөм менен бактылуу болуп жашап жатам. Ааламдын Эгедери Жахаба Кудай менен ынак мамиледемин. Кудайдын элинин арасынан атамдай, апамдай, бир туугандарымдай болгон адамдарды таптым (Марк 10:29, 30). Жаман сапаттарым көп болсо да, менден жакшы адам чыгарына ишенип, мага жардам берген ишенимдештериме абдан ыраазымын.

Айрым учурларда мурун кылган жаман иштеримди эстеп, көңүлүм чөгөт. Бирок Кудайдын жаңы заман жөнүндөгү: «Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деген убадасы мени жубатат (Ышая 65:17). Башыман көп нерсе өткөргөнүмдүн бир жакшы жери, меникиндей кыйынчылыктар менен күрөшүп жүргөндөрдү түшүнүп, боорукердик менен мамиле кыла алам. Кабар айтып жүргөнүмдө аракеч, кылмышкер, баңгизат колдонгон адамдарды жолуктуруп калганда, аларды киши катарынан чыгып калгандар деп эсептебегендиктен оңой эле тил табышып кетем. Өзүм ушунчалык өзгөргөндүктөн Жахаба Кудайга жаккысы келген ар бир адам да оңоло алат деп ишенимдүү түрдө айта алам!

^ абз. 29 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылат.