Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Октябрь, 2012

 Окурмандардын суроолору

Бакыт үй-бүлө куруудан көз карандыбы?

Бакыт үй-бүлө куруудан көз карандыбы?

Ыйык Китепте бактылуу болуш үчүн сөзсүз үй-бүлө куруш керек деп айтылабы? Бир караганда, ошентип айтылгандай сезилиши мүмкүн. Эмне үчүн?

Ыйык Китептеги Башталыш китебинде Кудай Адам атаны жараткандан кийин «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес» экенин айткан. Ошондуктан ал Адам атаны толуктап турган Обо энени жараткан (Башталыш 2:18). Ыйык Китепте жазылган ошол билдирүүнү окуганда адам өмүрлүк жары болбосо, бактысыз деп жыйынтык чыгарып коюшубуз мүмкүн. Анын үстүнө, Ыйык Китепте нике адамды бактылуу кыларын жана Кудайдын батасы экенин көрсөткөн көптөгөн билдирүүлөр жазылган. Алардын бири — Рут деген келин жөнүндөгү билдирүү.

Ал билдирүүлөр Кудайдын кызматчылары үй-бүлө курбаса жана балалуу болбосо, жалгызсырап, бактысыз болуп каларын билдиреби? Жок. Тарыхта жашап өткөн эң бактылуу киши Иса пайгамбар болгон. Ал эч качан үйлөнгөн эмес. Адамдардын ичинен эң акылдуу болгон Иса пайгамбар «бактылуу Кудай» Жахабанын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган (1 Тиметей 1:11; Жакан 14:9). Ал адамды бактылуу кыла турган нерселерди санап өткөн (Матай 5:1—12). Кызыктуусу, алардын ичинде нике жөнүндө айтылбайт.

Анда Ыйык Китепте нике жөнүндө айтылгандар бири-бирине карама-каршы келеби? Албетте, жок. Андай эмес экенин түшүнүш үчүн Кудай никени эмне үчүн негиздегенин карап чыгышыбыз керек. Кудай никени аял менен эркек бири-бирин сүйүп, колдоп, бири-бири менен ынак болушу үчүн, ошондой эле өзүнүн ой-ниети аткарылышы үчүн негиздеген. Мисалы, Адам ата менен Обо энени жаратканда аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула»,— деген (Башталыш 1:28). Адам ата менен Обо эне жалгыз болсо, Кудайдын ал ой-ниети аткарылмак эмес. Алар бири-бирин толуктап, бир үй-бүлө болгондо гана Кудайдын ой-ниетин аткара алышмак.

Андан тышкары, Кудайдын байыркы убакта жашаган ысрайыл элине байланышкан ой-ниети аткарылышы үчүн, ысрайылдыктардын үй-бүлө курушу маанилүү болгон. Ал өз элин душмандар басып албашы үчүн, алардын көбөйүшүн каалаган. Ошондой эле ысрайылдыктардын Жүйүт уруусунан Машаяктын чыгышын ниет кылган. Машаяк Кудайга ишенген адамдарды күнөөдөн, өлүмдөн куткармак (Башталыш 49:10). Ошондуктан Кудайга ишенген ысрайылдык аялдар турмушка чыгып, балалуу болууну сыймык катары көрүшчү. Турмушка чыкпай калгандар жана балалуу болбой калгандар болсо Кудайдын батасынан айрылган, шылдың болгон адамдар деп эсептелчү.

Ал эми бүгүнкү күн жөнүндө эмне айтууга болот? Адамдар жер бетине толуп кеткен азыркы маалда Кудайдын кызматчылары сөзсүз үй-бүлө куруп, балалуу болуп, анын байыркы убакта берген: «Жер бетин толтургула»,— деген буйругун аткарууга милдеттүүбү? Жок. (Матай 19:10—12). Ошондой эле Машаяк жөнүндө алдын ала айтылгандардын баары аткарылгандыктан, Кудайга Машаяк чыккан тукумду жана элди коргоонун зарылдыгы болбой калган. Анда Кудайдын кызматчылары үй-бүлө курууга жана бойдоктукка кандай карашы керек?

Никени да, бойдоктукту да Кудай берген белек деп айтууга болот. Бирок бирөөнө жакшы белек болгон нерсе, башкасына белек болбошу мүмкүн. Ыйык Китепте никенин ыйык экени айтылат. Кудай аны аял менен эркек бири-бирин сүйүп, бири-бирине шерик болуп, бир үй-бүлө болушу үчүн негиздеген. Бирок Ыйык Китепте үй-бүлө кургандардын азыркы заманда «дене жагынан азап тартары», башкача айтканда, көптөгөн кыйынчылыктарга кабылары ачык эле айтылат. Ошондой эле андан бойдок калгандарды Жахаба Кудай бактысыз, уятка калган адамдар деп эсептебей турганын билүүгө болот. Тескерисинче, үй-бүлө курганга караганда бойдок жүрүүнүн көп жакшы жактары бар экени айтылат (1 Корунттуктар 7:28, 32—35).

Ыйык Китептен үй-бүлө курууга жана бойдоктукка Кудай тең салмактуу көз карашта экенин билүүгө болот. Никени негиздеген Жахаба Кудай кызматчыларынын баарынын, үй-бүлөлүү болобу, бойдок болобу, бактылуу болушун каалайт.