Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Сентябрь, 2012

Кудай аялзатына кам көрөбү?

Кудай аялзатына кам көрөбү?

«Күнөөнүн баарына аял себепкер, биз аялдын айынан өлүмгө дуушар болуп жатабыз» (ЕККЛЕЗИАСТИК, Б.З.Ч. 2-КЫЛЫМ).

«Шайтанга силер алдангансыңар, тыюу салынган жемиштен силер жегенсиңер, Кудайдын мыйзамын силер биринчи бузгансыңар... Кудайга окшоштурулуп жаратылган эркектин түбүнө жеткен силерсиңер» (ТЕРТУЛЛИАН, «ON THE APPAREL OF WOMEN», Б.З. 2-КЫЛЫМЫ).

БУЛ сөздөр Ыйык Китептен алынган эмес. Кылымдар бою айрымдар ушул сөздөрдү айтып, аялзатынын басынтылышын актап келишкен. Ал тургай бүгүнкү күндө да кээ бир кишилер адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыктардын баарына аялзатын күнөөлөп, эркектин аялга үстөмдүк кылышына негиз бар экенин далилдеш үчүн диний китептерде жазылган сөздөргө шилтеме кылышат. Кудай эркектердин аялдарды басынтышын, кадыр-баркын тебелеп-тепсешин каалаганбы? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет? Келгиле, карап көрөлү.

Аялзаты Кудайдын каргышына калды беле?

Жок. Кудайдын каргышына аял эмес, «байыркы жылан», тагыраак айтканда, Шайтан калган (Аян 12:9; Башталыш 3:14). Кудай Адам атанын Обо энеге үстөмдүк кыларын айтканда эркектин аялга үстөмдүк кылышын колдой турганын айткысы келген эмес (Башталыш 3:16). Ал тек гана күнөө кетирген Адам ата менен Обо энеге күнөөнүн кесепети кандай болорун алдын ала айткан.

Демек, Кудай аялдардын басынтылышын каалаган эмес. Аялдардын басынтылып жатканына адамдардын жеткилеңсиздиги себеп болууда. «Аял биринчи күнөө кетирген, ошондуктан эркек аялга үстөмдүк кылса болот» деген ырастоо Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келет (Римдиктер 5:12).

Кудай аялды эркектен төмөн кылып жаратты беле?

Жок. Ыйык Китептин Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 27-аятында: «Кудай өзүндөй кылып адам жаратты, аны өзүнө окшош кылып жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты»,— деп айтылат. Мындан көрүнүп тургандай, Кудай эркекти да, аялды да өзүнүн сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан. Албетте, Адам ата менен Обо эненин табияты, дене түзүлүшү окшош болгон эмес. Ошентсе да Кудай аларга бирдей эле тапшырма берип, бирдей эле укукка ээ кылган (Башталыш 1:28—31).

Обо энени жаратардан мурун Кудай: «Ага [Адам атага] аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген (Башталыш 2:18). «Толуктап тура турган» деген сөздөр аялдын  эркектен төмөн турарын билдиреби? Жок. Себеби «толуктап тура турган» деп которулган еврей сөзүн эркекке «ылайыктуу шерик» же «ылайыктуу жардамчы» деп да которууга болот. Хирург менен анестезиологду мисалга алалы. Хирург анестезиолог жок болсо, операция жасай алабы? Ал эми анестезиологчу? Айтыш кыйын. Операцияны хирург жасаганы үчүн эле анын жумушун анестезиологдукуна караганда маанилүү деп айтууга болобу? Албетте, жок. Анын сыңарындай, Кудай аял менен эркекти бири-бири менен атаандашкыдай кылып эмес, эриш-аркак иш кылгыдай кылып жараткан (Башталыш 2:24).

Кудайдын аялзатына кам көрөрүн эмнеден билсек болот?

Күнөөнүн кулу болуп калган адам баласынын адилетсиз иштерди кыларын көрө билгендиктен Кудай байыркы убакта эле аялзатынын укуктарын коргогон мыйзамдарды караштырып койгон. Лор Энар деген жазуучу өзүнүн бир китебинде б.з.ч. 16-кылымда ысрайыл элине берилген Мыйзам жөнүндө сөз кылып: «Аялзатына байланыштуу мыйзамдардын көбү аларды коргоо максатында берилген»,— деп жазган («La Bible au féminin»).

Алсак, ал Мыйзамда балдардын атасын да, энесин да сыйлашы керектиги айтылган (Чыгуу 20:12; 21:15, 17). Ошондой эле ысрайылдыктардан кош бойлуу аялга аяр мамиле кылуу талап кылынган (Чыгуу 21:22). Кудайдын аялзатын коргош үчүн караштырган мыйзамдары бүгүнкү күндөгү аялдардын укуктары тебеленген көптөгөн өлкөлөрдөгү мыйзамдардан кандай гана айырмаланат! Келгиле, Кудайдын аялзатына кам көрөрүн далилдеген дагы башка мыйзамдарды карап чыгалы.

Кудайдын аялзатына кам көрөрүн далилдеген мыйзамдар

Жахаба Кудай ысрайыл элине — эркектерге да, аялдарга да — тазалыкты сактоого, адеп-ахлактуу болууга, аны менен ынак мамиледе болууга жардам берген мыйзамдарды берген. Ысрайыл эли Кудайга тил алып, баш ийип жашаган убакта Кудай аларды «жер бетиндеги башка элдердин баарынан жогору койгон» (Мыйзам 28:1, 2). Ал элге берилген Мыйзам боюнча, аялдар кандай укуктарга ээ болушкан? Эмесе, төмөнкүлөргө токтололу.

1. Эркин болушкан. Байыркы убактагы көптөгөн элдерден айырмаланып, ысрайыл элинде  аялдар эркин болушкан. Күйөөсү үй-бүлөнүн башчысы болсо да, ал аялына ишенгендиктен, аялы «жер тандап, сатып алып», «жүзүм тиге» алган. Эгер ал жип ийрип, кездеме токуганды билсе, өз алдынча иш жүргүзө алган (Накыл сөздөр 31:11, 16—19). Ысрайыл элине берилген Мыйзам боюнча, аял киши укуктары бар инсан катары каралчу.

Андан тышкары, байыркы Ысрайылда аялдар Кудай менен ынак мамиледе боло алышкан. Мисалы, Ыйык Китепте Кудайга кайрылып, ичиндегисин айтып тиленген, ага убада берген Анна деген аял жөнүндө айтылат (1 Шемуел 1:11, 24—28). Ошондой эле шунемдик бир аял ишемби күндөрү Элиша деген пайгамбарга барып, кеңешип турчу (2 Падышалар 4:22—25). Ал эми Дебора, Хулда деген аялдар Кудайдын өкүлдөрү катары кызмат кылышкан. Көңүл бурчу нерсе, аларга көрүнүктүү кишилер, дин кызматчылар келип, кеңеш сурап турушчу (Бийлер 4:4—8; 2 Падышалар 22:14—16, 20).

2. Билим ала алышкан. Кудай бүт ысрайыл эли менен келишим түзгөндүктөн, Мыйзам эл алдында окулган жерге аялдар да чакырылган. Ошонун аркасында аялдар билим ала алышкан (Мыйзам 31:12; Некемия 8:2, 8). Аялдар Кудайга сыйынууга байланышкан айрым иштерди аткарууга да үйрөнүшкөн. Мисалга алардын кээ бирлери Кудайга сыйынуу үчүн караштырылган жыйын чатырынын кире беришинде «кызмат кылышса», башкалары Кудайды даңктап ырдаган ырчылардын катарында болушкан (Чыгуу 38:8; 1 Жылнаама 25:5, 6).

Байыркы убактагы ысрайыл элиндеги аялдар иш жүргүзө алышкан

Көптөгөн аялдар билими, кандайдыр бир жөндөмдүүлүктөрү бар болгондуктан кирешелүү иш жүргүзө алышкан (Накыл сөздөр 31:24). Ошол убакта башка элдерде эркек балдарды тарбиялап, аларга билим берүүгө аталар эле жооптуу болсо, ысрайыл элинде уулдарын бойго жеткенге чейин энелер да тарбиялачу (Накыл сөздөр 31:1). Ооба, ысрайыл элиндеги аялдар билимдүү болчу.

3. Кадыр-баркы сыйланган. Кудай ысрайыл элине берген Мыйзамда: «Ата-энеңди сыйла»,— деп айтылган (Чыгуу 20:12). Сулайман пайгамбар да: «Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа»,— деп жазган (Накыл сөздөр 1:8).

 Мыйзамда үй-бүлө кура элек, карама-каршы жыныстагы адамдардын бири-бирине кандай мамиле жасашы керектиги, анын ичинде эркектин аялзатынын кадыр-баркын сыйлашы керектиги айтылган (Лебилер 18:6, 9; Мыйзам 22:25, 26). Ошондой эле, ал Мыйзамга ылайык, күйөөлөр аялзатынын алсыз экенин жана аялдын организмине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү эске алышы керек болчу (Лебилер 18:19).

4. Укуктары корголгон. Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба Кудай — «жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу». Башкача айтканда, ал жетим-жесирлердин укуктарын коргойт (Забур 68:5; Мыйзам 10:17, 18). Алсак, бир жолу бир пайгамбардын аялына көзү өтүп кеткен күйөөсүнүн карызын доолап келген киши адилетсиз мамиле кылганда, Кудай кийлигишкен. Жесир аял карыздан кутулуп, андан ары да жан багышы үчүн, Кудай керемет жасап, ага жардам берген (2 Падышалар 4:1—7).

Ысрайыл эли Кудай убада кылган жерге киргенге чейин, ысрайыл элинен болгон Салапат деген киши уул көрбөй көзү өтүп кеткен. Убадаланган жерге баргандан кийин Салапаттын кыздары Муса пайгамбарга барып, аларга жер беришин сурашкан. Ошондо Жахаба Муса пайгамбарга Салапаттын кыздарынын өтүнүчүн орундатышын айтып: «Аларга атасынын бир туугандары менен кошо үлүшкө жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер»,— деген. Ошондон тартып ысрайылдык аялдар атасынын үлүшүн мураска алып, аны балдарына мураска калтырууга укуктуу болуп калышкан (Сандар 27:1—8).

Кудайдын аялзатына болгон көз карашын бурмалашкан

Ысрайыл элине берилген Мыйзам боюнча, аялзатынын кадыр-баркы сыйланган, укуктары корголгон. Бирок б.з.ч. 4-кылымдан баштап жүйүттөрдүн динине гректердин маданияты таасир эте баштаган. Гректер аялдар эркектерден төмөн турат деп эсептешчү. («Аялзатынын басынтылышына себеп болгон окуулар» деген кутучаны карагыла.)

Мисалы, гректердин акыны Гесиод (б.з.ч. 8-кылым) адам баласын азапка салган жамандыктын баарына аял күнөөлүү деген. Өзүнүн «Теогония» деген чыгармасында аялзаты жөнүндө: «Өлүмгө моюн сундурган уруу, аялзаты, эркектердин арасында жашап, биздин башыбызга мүшкүл түшүрүп келет»,— деп жазган («Theogony»). Мындай көз караш б.з.ч. 2-кылымдын башында жүйүттөрдүн динине сиңе баштаган. Б.з. 2-кылымынан тартып түзүлө баштаган Талмудда (жүйүттөрдүн диний-этникалык, укуктук жоболорунун жыйнагы) эркектерге: «Аял киши менен көп пикирлешпегиле, бул бузуктук кылууга алып барат»,— деген кеңеш берилген.

Аялзатына болгон мындай көз караш кылымдар бою жүйүт элинин аялдарга жасаган мамилесине таасир этип келген. Иса пайгамбар жашаган убакта аялдар Иерусалимдеги ибадаткананын «Аялдардын короосу» деп аталган бөлүгүнө гана кире алышкан. Диний билимди эркектер гана ала алган, ал эми синагогага келгенде аялдар, кыязы, эркектерден бөлөк жерде отурушкан. Талмудда жүйүттөрдүн мыйзамын үйрөткөн бир устаттын: «Ким кызына Тооратта [Мыйзамда] жазылгандарды үйрөтсө, ал аны уят ишке үйрөткөн  болот»,— деген сөздөрү келтирилген. Ошентип, жүйүт диний жетекчилеринин Кудайдын аялзатына болгон көз карашын бурмалаганы эркектердин аялдарды өздөрүнөн төмөн эсептешине алып келген.

Иса пайгамбар жерде кызмат кылып жүргөндө элдин ушундай көз карашта экенин байкаган (Матай 15:6, 9; 26:7—11). Ал да эл кылганды кылып, аялзатын басынтты беле? Биз Иса пайгамбардын аялзатына жасаган мамилесинен, кылган иштеринен эмнеге үйрөнө алабыз? Анын окуулары аялзатына өздөрүн эркин сезгенге жардам берди беле? Бул суроолорго эмки макаладан жооп алабыз.