Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Сентябрь, 2012

 Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы убакта каттар кантип жиберилчү?

ПЕРСИЯЛЫКТАРДЫН ЧАБАРМАНЫ

Персиялыктардын өкмөтү тарабынан жазылган расмий каттар мамлекеттик кат-кабар жеткирүү кызматы аркылуу жөнөтүлчү. Ыйык Китептеги Эстер китебинде персиялыктардын каттарды кантип жөнөтүшкөнүнө байланыштуу мындай делген: «[Мордохай] Акашберош падышанын атынан буйрук жазып, аны падышанын мөөр шакеги менен бекитип, падышанын атканасындагы кат-кабар жеткирүүгө колдонулган күлүк аттарды минген чабармандар аркылуу туш тарапка жөнөттү» (Эстер 8:10). Рим империясында да мамлекетке тиешелүү, аскердик кызматка байланыштуу каттар ушундай жол менен жөнөтүлчү.

Ал эми кайсы бир киши тарабынан жазылган каттар андай жол менен жөнөтүлчү эмес. Мисалы, элчи Пабыл же дагы башка кишилер каттарын башка жол менен жөнөтүшчү. Эгер кат жазган киши бай болсо, катты тийиштүү жерге жеткириш үчүн кулун жиберчү. Бирок адамдар каттарын көбүнчө тааныштарынан же атүгүл бейтааныш кишилерден берип жиберишчү. Ошондой эле алар каттарын туугандарынан, досторунан, жоокерлерден, соодагерлерден берип жиберишчү. Бирок көрүнгөн кишилерден эле бере беришчү эмес. Алар катты жеткирүүнү ишеничтүү кишилерге гана тапшырышчу. Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык, элчи Пабыл айрым каттарын жеткирүүнү ишенимдештерине тапшырган деп божомолдоого болот (Эфестиктер 6:21, 22; Колосалыктар 4:7).

Ысрайылда соода-сатык кантип жүргүзүлчү?

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ САТЫЛГАН БАЗАРДЫН СҮРӨТҮ

Ысрайыл эли көбүнчө жер айдап, мал багып, бир нерсени бир нерсеге айырбаштап жан багышчу. Ыйык Китепте шаар дарбазаларынын жанында «Кой дарбазасы», «Балык дарбазасы», «Сынык карапалар дарбазасы» болгону айтылат (Некемия 3:1, 3; Жеремия 19:2). Ал дарбазалардын ошентип аталганына караганда ал жерлерде кой, балык, карапалар сатылган көрүнөт. Ошондой эле Ыйык Китепте Иерусалимде «наабайчылар көчөсү» болгону айтылат. Кыязы, ал көчөдө бир нече наабайкана болгон (Жеремия 37:21).

Ал эми баалар жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте жазылгандар түшүндүрүлгөн бир эмгекте: «Кылымдар оошкон сайын, баалар өйдө-төмөн болуп турган. Кайсы бир нерсенин качан жана кайсы жерде канча турганын так аныкташ кыйын»,— деп жазылган. Бирок байыркы убакта жазылган билдирүүлөрдөн, анын ичинде Ыйык Китептен ошол учурда да баалардын барган сайын өсө бергенин билүүгө болот. Мисалга байыркы убакта буюмдардай эле сатылган кулдардын баасын алалы. Ыйык Китепте айтылган Жусуп деген жигит 20 күмүш тыйынга (шекел болушу мүмкүн) сатылган. Ошол учурда, б.з.ч. 18-кылымда, бир кулдун орточо баасы, сыягы, ошончо болгон (Башталыш 37:28). Андан 300 жыл өткөндөн кийин бир кулдун баасы 30 шекел болуп калган (Чыгуу 21:32). Б.з.ч. 8-кылымда болсо кулдун баасы 50 шекелге чыккан (2 Падышалар 15:20). Ал эми б.з.ч. 6-кылымда, персиялыктардын тушунда, бир кул 90 шекелге же андан да кымбат сатылчу. Мындан баалардын өсүшү байыртадан эле болуп келаткан көйгөй экени көрүнүп турат.