Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ СЕНТЯБРЬ, 2012

 Грециядан келген кат

Европанын түштүгүндөгү аралда кабар айтуу

Европанын түштүгүндөгү аралда кабар айтуу

ОН ҮЧ киши болуп Крит аралынан чыгып, Жер ортолук деңизи менен Гавдос деген аралга сүзүп жөнөдүк. Крит аралынан алыстаган сайын, Лефка тоо кыркалары кичирейгенден-кичирейип отуруп, көздөн кайым болду. Биз бул сапарга Гавдос аралына кабар айтыш үчүн чыкканбыз. Европанын эң түштүк чек арасында жайгашкан ал арал картадан караганда кичинекей эле бир чекит болуп көрүнөт.

Жайдын аптаптуу күнү болгондуктан, деңизде толкун болбочудай көрүнгөн. Бирок капыстан эле катуу шамал башталып, толкун артынан толкун түрүлүп, кемени нары-бери чайпай баштады. Ошондо Ыйык Китепте айтылган элчи Пабыл башынан өткөргөн окуяны эстедим. Кылымдар мурун ал ушул аралга сүзүп баратканда, деңиз алай-дүлөй түшүп, катуу бороон-чапкын болгон. Ал учурда Гавдос аралы Кабуда деп белгилүү болчу (Элчилер 27:13—17). Көздөгөн жерибизге аман-эсен жетип алсак экен деп тиленип жаттым.

Трипити тумшугу, Европанын түштүк чек арасы

Акыры, аралдын аскалуу жээги көрүнө баштады. Ал арал деңиз деңгээлинен 300 метр бийиктикте жайгашкан. Гавдос аралында кызыл карагай абдан көп өсөт экен. Ал эми аралдын 26 квадрат километрдей аймагын бадалдар ээлейт, айрым жерлеринде деңиз жээктей арча өсөт экен.

Бир кездерде Гавдос аралында 8000ге жакын киши жашаптыр. Ал эми учурда жергиликтүү тургундардын саны 40ка жетпейт. Бир караганда, ал арал учурдагы заманбап жетишкендиктерден артта калгандай сезилет. Аралга жүк ташыган кемелер жана танкерлер (суюк заттарды ташыган кемелер) көп эле келип турат, бирок Гавдос аралынан Крит аралына жүргүнчүлөрдү ташыган бир эле кеме каттайт. Ал да көбүнчө келчү убактысынан кечигип келет же аба ырайы бузулганда, каттачу убактысы жылдырылат.

Биз Гавдос аралына адамдардын баары жакында чың ден соолукта түбөлүк жашай турган убак келери жөнүндө айтыш үчүн барганбыз. Жаркын келечек жөнүндөгү ал жакшы кабарды ошол аралдагы адамдарга жеткирүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаттык.

Төрт жарым саат бою чайпалып отуруп, Гавдос аралына жеттик. Купкуу болгон кебетебизден жол жүрүп аябай чарчап калганыбыз билинип турду. Бирок бир аз тук этип алып, бир кружкадан кофе ичкенден кийин өзүбүзгө келе түштүк. Ыйык Китепте жазылган элчи Пабылдын сапары тууралуу кыскача окуп, Кудайга кайрылып  тиленгенден кийин кабар айтканга даяр болуп калдык.

Жергиликтүү калк абдан кичипейил, меймандос келет экен. Алар бизди үйүнө киргизип, даам ооз тийгизип жатышты. Ыйык Китепте жазылган кабарды айткандан тышкары, тургундарга колубуздан келишинче башка жагынан да жардам берип жаттык. Мисалы, бир аял менен маектешкенден кийин, биз менен барган бир ишенимдешибиз ал аялдын иштеген жеринде колдонгон ток менен иштеген буюмун оңдоп берди. Буга абдан ыраазы болгон ал аял Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып, бизди кылып жүргөн ишибиз үчүн мактады. Дагы бир аял биз айтып жүргөн кабар жөнүндө: «Силер кылып жаткан иш адамдыкы эмес, Кудайдыкы. Адамдыкы болсо, ушул алыс жерге келип кабар айтпайт болчусуңар»,— деди.

Бизден Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алган адамдардын баары абдан ыраазы болуп жатышты. Бир киши бизден «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын алып, кышы менен окуп чыкканга дагы көбүрөөк адабият алып келип беришибизди суранды. Ал эми бизден адабият алган дагы бир киши өзүнүн дүкөнүнө келген кардарларга бериш үчүн дагы адабият сурады. Ошондой эле ай сайын журнал салып тургула деп, бизге өзүнүн дарегин жазып берди. Бир үй-бүлөгө алар жашаган арал жөнүндө Ыйык Китепте айтыларын окуп бергенибизде, аябай таң калышты. Алар да биздин журналдарды сүйүнүп алып калышты.

Саракинико булуңу, сүргүнгө айдалгандар жашаган жер жана аларга арналган эстелик

Гавдос аралында жашагандардын жакшы кабарга кулак какканы бизди абдан кубандырды. Ал аралдагы Саракинико булуңуна жакын жерде сүргүнгө айдалгандар жашаган жер бар экен. Биздин арабызда 1930-жылдары кабар айтканы үчүн ушул жакка сүргүнгө айдалган Эммануэль Лионудакистин * кызы, күйөө баласы, небереси бар болчу. Алар анын кандай жерге сүргүнгө айдалганын көргөндө зээни кейип, жаман болушту. Ал убакта Гавдос аралын «уулуу чаяндардан башка эч нерсе жок» жер деп эсептешчү. Аралдагы элдин көбү ачкачылыктан, жакырчылыктан, оорудан кырылгандыктан, ал арал «өлүм аралы» деп аталчу. Ачкадан өлбөш үчүн Эммануэль Лионудакис балык кармап жеп, ошол жердеги сүргүнгө айдалган кишилерге кабар да айтчу экен. Гавдос аралында ошол учурда андан башка бир да Жахабанын Күбөсү болгон эмес. Эммануэль Лионудакистин кызы, күйөө баласы менен небереси анын ушундай жерде жашаганына карабай, 70 жыл бою туруктуу кызмат кылганын билгенде жүрөктөрү козголду. Ал ишенимдешибиздин үлгүсү бизге Кудайга ишенимдүү болгонго, жигердүүлүк менен кызмат кылганга түрткү берди.

Гавдос аралы сүргүнгө айдалгандар үчүн аябай жаман жер болгонун билдик. Биз ал аралда жашаган жүрөгү таза адамдарга 46 журнал, 9 китепче берип, Кудай жөнүндөгү кабарды жеткире алдык. Биз ал жактагы адамдар менен дагы бир жолу көрүшүүгө куштарбыз.

Ошентип, билинбей эле кете турган убакыт да келип калды. Так биз жолго чыгардын алдында аба ырайы бузулуп, чыга турган убактыбыз 17:00дөн башка убакка жылдырылды. Акыры, жолго чыгабыз деп кайыкка түнкү 12де отурдук. Бирок түнкү саат үч дегенде араң жолго чыктык. Толкуган деңизде беш саат жол жүрүп, Крит аралына жеттик. Беш саат бою чайпалып келгендиктен кайыктан жаңы түшкөндө башыбыз айланып, бутубузга тура албай жаттык. Жахаба Кудай жөнүндө Гавдос аралындагыларга да кабар айтуу бизге абдан чоң кубаныч тартуулады (Ышая 42:12). Ал жакка барып кабар айтыш үчүн ушунча күч жумшаганыбыз арзырлык болду. Барып-келгенде кабылган кыйынчылыктар унутулуп калат, ал эми ошол жакта кызмат кылып өткөргөн күндөр эсибизден такыр кетпейт деп айта алабыз.

^ абз. 11 Эммануэль Лионудакистин өмүр баянын «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1999-жылдын 1-сентябрдагы санынын 25—29-беттеринен окуй аласыңар.