Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2015

Тилибизди дайыма туура колдонолу

Тилибизди дайыма туура колдонолу

«Оозуман чыккан сөздөрүм... сага жаккыдай болсо экен, оо, Жахаба» (ЗАБ. 19:14).

ЫРЛАР: 82, 77

1, 2. Эмне үчүн тилди отко салыштырууга болот?

1871-ЖЫЛЫ октябрдын башында АКШнын Висконсин штатынын түндүк-чыгышындагы токойлордон өрт чыгып, заматта чар тарапка жайыла баштаган. Анын кесепетинде 1 200дөн ашуун киши өмүрүнөн айрылып, эки миллиардга жакын бак-дарак тыптыйпыл болгон. Ал АКШнын тарыхындагы абдан каргашалуу өрт болуп эсептелет. Бир билдирүүгө ылайык, кыязы, ал жүрүп бараткан поездден чачыраган учкундардан тутанган. Жакып 3:5теги: «Карачы, оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат!» — деген сөздөр кандай гана таамай айтылган. Шакирт Жакып ал мисалды эмне үчүн колдонгон?

2 Анын маанисин түшүнүүгө 6-аяттагы: «Тил — бул от»,— деген сөздөр жардам берет. Тил биздин сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү билдирет. Абайлабасак, от сыяктуу эле, тилибиз чоң зыян алып келиши мүмкүн. Ыйык Китепте атүгүл: «Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде»,— деп жазылган (Накыл 18:21). Бирок бул туура эмес сүйлөп албаш үчүн такыр эле сүйлөбөй коюшубуз керектигин билдирбейт. Болгону, тилибизди башкара билгенибиз маанилүү. Мисалы, биз өрт чыгып кетет деп коркуп, такыр эле от жакпай койбойбуз. Анткени отту этияттап жагып, көз салып турса, анын пайдасы чоң экенин, алсак, ага тамак бышырса, жылынса же аны түнкүсүн  жарык катары колдонсо болорун билебиз. Анын сыңарындай, тилибизди башкара билсек, аны Кудайды даңктагыдай жана башкаларга пайда алып келгидей колдоно алабыз (Заб. 19:14).

3. Бул макалада тилибизди колдонууга байланыштуу кайсы үч нерсени карап чыгабыз?

3 Биз ой-сезимдерибизди башкаларга ар кандай жолдор менен, айталы, сүйлөп же колубуз менен жаңсап билдире алабыз. Канткенде Жахаба берген ал кереметтүү белекти туура колдонуп, башкаларды бекемдөөгө болот? (Оку: Жакып 3:9, 10.) Бул макалада тилибизди колдонууга байланыштуу үч маанилүү нерсени: качан, эмнени жана кантип айтышыбыз керектигин карап чыгабыз.

КАЧАН СҮЙЛӨШ КЕРЕК?

4. Кандай учурларды «унчукпай турган убак» десек болот?

4 Сүйлөшүү күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болсо да, биз тынбай эле сүйлөй бербейбиз. Ыйык Китепте айтылгандай, «унчукпай турган убак бар» (Нас. 3:7). Кимдир бирөө сүйлөп жатканда, сөзүн бөлбөй, кунт коюп угуу менен аны сыйлаарыбызды көрсөтөбүз (Аюп 6:24). Ошондой эле купуя маалыматтарды башкаларга жайбай, сырга бек болсок, сак жана кыраакы экенибизди айгинелейбиз (Накыл 20:19). Ал эми кимдир бирөө кыжырыбызга тийгенде, тилибизди ооздуктай билүү менен акылдуулук кылабыз (Заб. 4:4).

5. Бизге сүйлөө жөндөмдүүлүгүн бергени үчүн Жахабага кантип ыраазычылык билдирсек болот?

5 Анткен менен Ыйык Китепте: «Сүйлөй турган убак бар»,— деп да жазылган (Нас. 3:7). Эгер досуң сага сонун белек берсе, аны катып койбой, жакшы колдонуп, ага ыраазы экениңди билдирериң шексиз. Ошо сыяктуу эле, Жахабага баалуу белеги — сүйлөө жөндөмдүүлүгү — үчүн ыраазы экенибизди көрсөткүбүз келсе, аны туура колдонушубуз керек. Ал белекти жакшы колдонууга Кудайды даңктоо, башкалар менен ой-сезимдерибизди бөлүшүү, аларга эмнеге муктаж экенибизди айтуу, бири-бирибизди бекемдөө сыяктуу нерселер кирет (Заб. 51:15). Бирок качан сүйлөгөнүбүз туура болорун кантип аныктасак болот?

6. Сүйлөө үчүн ылайыктуу убакты тандоо маанилүү экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

6 Накыл сөздөр 25:11де: «Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай»,— делет. Мындан сүйлөө үчүн ылайыктуу убакты тандоо маанилүү экени көрүнүп турат. Алтын алманын өзү эле кооз болот. Ал эми аны күмүш идишке салса, кооздугу ого бетер артат. Анын сыңары, туура убакты тандоо сөзүбүздүн жагымдуу, натыйжалуу болушуна шарт түзөт. Кандайча?

7, 8. Жапониядагы бир туугандарыбыз кандайча Иса Машаяктын үлгүсүнө ылайык иш кылышкан?

7 Айта турган сөзүбүзгө башкалар абдан муктаж болуп турса да, ылайыктуу убакты тандабасак, эч кандай пайда алып келбеши мүмкүн. (Оку: Накыл сөздөр 15:23.) 2011-жылы мартта жер титирөөнүн жана цунаминин айынан Жапониянын чыгышындагы бир нече шаар кыйрап, 15 000ден ашуун киши набыт болгон. Ал жактагы ишенимдештерибиз өздөрү да жабыр тартканына карабай, кайгыга баткандарды Ыйык Китептин жардамы менен жубатуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушкан. Бирок жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү буддизм дининин окууларына бекем ишенчү жана Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө анча-мынча эле билчү же такыр эле билчү эмес. Ошондуктан бир туугандар цунамиден жапа чегип, кан жутуп турган адамдарга шак эле тирилүү жөнүндө айтып кирүү ылайыксыз болорун түшүнүшкөн. Анын ордуна, аларды жубатып, эмне үчүн бейкүнөө адамдардын жамандыкка кабыларын Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп берүүгө көңүл топтошкон.

 8 Алар Иса Машаяктын үлгүсүнө ылайык иш кылышкан. Иса кайсы учурда сүйлөп, кайсы учурда унчукпаш керектигин жакшы билген (Жкн. 18:33—37; 19:8—11). Бир жолу ал шакирттерине: «Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар»,— деген (Жкн. 16:12). Жапониядагы бир туугандарыбыз элге тирилүү тууралуу айтууга ылайыктуу учур келгенин баамдап, цунамиден эки жарым жыл өткөндөн кийин «Өлгөн адамдар кайра жашайбы?» деген баракчаны сунуштоого байланыштуу өнөктүккө катышышкан. Натыйжада көптөр тирилүү жөнүндөгү кабарды жакшы угуп, баракча алышкан. Ооба, адамдардын маданияты, туткан дини ар башка болгондуктан, кимге кайсы учурда сүйлөө ылайыктуу болорун аңдай билишибиз керек.

9. Кандай учурларда «сүйлөй турган убакты» туура тандаганыбыз маанилүү?

9 Дагы кандай учурларда «сүйлөй турган убакты» туура тандаганыбыз маанилүү? Кээде кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутуп коюшу мүмкүн. Андайда шашпай, баарын жакшылап таразалап көргөнүбүз оң. Эгер аны менен сүйлөшүп көрүү зарыл болсо, ачуубуз тараганча күтө турганыбыз жакшы. Болбосо ойлонбой сүйлөп, катуу тийип алышыбыз ыктымал. (Оку: Накыл сөздөр 15:28.) Ишенимдеш эмес туугандарыбызга Ыйык Китептеги чындык жөнүндө айтарда да туура убакты тандай билишибиз кажет. Албетте, биз алардын Жахабаны таанып-билишин каалайбыз, бирок чыдамдуу, кыраакы болушубуз керек. Ылайыктуу убакты, ылайыктуу сөздөрдү тандай билсек, алар айткан кабарыбызды жакшыраак угушу мүмкүн.

ЭМНЕНИ АЙТЫШ КЕРЕК?

10. а) Сөздөрдү кылдат тандаганыбыз эмне үчүн маанилүү? б) Кандай сөздөр башкаларга зыян алып келет?

10 Сөз адамды жаралай турган да, айыктыра турган да күчкө ээ. (Оку: Накыл сөздөр 12:18.) Шайтандын дүйнөсүндө кемсинтерлик сөздөрдү колдонуу адаттагы нерсеге айланган. Жадагалса көңүл ачуулар да көптөрдү «тилин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн жебедей камдоого» үндөйт (Заб. 64:3). Кудайдын кызматчылары андай зыяндуу нерселерден оолак болушу керек. Кимдир бирөөнү басынтуу же жемелөө максатында какшыктоо, чымчып сүйлөө «заар сөздөргө» кирет. Какшык көбүнчө тамаша иретинде айтылса да, тез эле башкалардын кадыр-баркын түшүргөн, көңүлүн ооруткан сөздөргө айланып кетиши мүмкүн. Кер какшык Кудайдын кызматчылары арылышы керек болгон «кемсинтерлик сөздөрдүн» катарына кирет. Тамашалоо сөзүбүзгө көрк кошору чын, бирок башкаларды күлдүрүш үчүн эле кимдир бирөөгө катуу тие турган же аны кемсинткен сөздөрдү айтуудан качышыбыз зарыл. Ыйык Китеп бизди: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, ыңгайы келгенде, аларды бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»,— деп чакырат (Эф. 4:29, 31).

11. Туура сөздөрдү тандоого жүрөктүн кандай катышы бар?

11 Иса пайгамбар: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Мт. 12:34). Мындан көрүнүп тургандай, туура сөздөрдү тандоо жүрөктөн башталат. Адатта сүйлөгөн сөзүбүздөн башкалар жөнүндө кандай ойдо экенибиз билинип калат. Эгер жүрөгүбүздө сүйүү, боорукердик уяласа, уккандарды бекемдей турган жагымдуу сөздөрдү сүйлөйбүз.

12. Туура сөздөрдү тандай билиш үчүн дагы эмнелерди кылсак болот?

12 Туура сөздөрдү тандаш үчүн бир топ күч-аракет талап кылынат. Атүгүл даанышман падыша Сулайман да «көркөм сөздөрдү таап», «чындык сөздөрүн так жазуу» үчүн «ой жүгүртүп, кылдат  изилдеген» (Нас. 12:9, 10). Ылайыктуу, туура сөздөрдү табуу кыйын болгон учурларың болду беле? Эгер ошондой болсо, сөз байлыгыңды кеңейтүүгө аракет кыл. Мунун бир нече жолу бар. Маселен, Ыйык Китепте жана биздин адабияттарда сөздөрдүн кантип колдонулганына көңүл бур. Тааныш эмес сөздөрдүн маанисин изилде. Андан да маанилүүсү, сөздөрдү башкаларга жардам бергидей кылып колдонууга үйрөн. Иса Машаяк да асмандагы Атасынан бул жагынан көп нерсеге үйрөнгөн. Буга байланыштуу Ыйык Китептен: «Жахаба мага [Исага] чарчаганды кандай сөздөр менен кубаттандырууга болорун үйрөттү»,— дегенди окуйбуз (Ыш. 50:4). Туура сөздөрдү тандоого ой жүгүртүү да жардам берет (Жкп. 1:19). Андыктан бир нерсе айтардан мурун: «Ушул сөздөр мен айткым келген ойду береби? Угуп жаткан кишиге кандай таасир этет?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел.

13. Эмне үчүн түшүнүктүү сүйлөшүбүз керек?

13 Байыркы Ысрайылда сурнай кеңири колдонула турган. Сурнайдын үнүнө жараша ысрайылдыктар бир жерге чогулушу же үйлөрүнө тарашы, же жоокерлердин душманга чабуул жасашы керектигин аныкташчу. Эгер сурнайдын үнү даана чыкпаса, жоокерлер эмне болмоктугун элестетсең. Ыйык Китепте түшүнүктүү сүйлөгөнүбүз сурнайдын так-даана чыккан үнүнө салыштырылганы бекеринен эмес. Оюбузду айкын-так билдирбесек, башкалар бизди туура эмес түшүнүп алышы же такыр эле түшүнбөй калышы мүмкүн. Бирок, албетте, ачык айтам деп жатып орой сүйлөгөндөн да абайлашыбыз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 14:8, 9.)

14. Исанын түшүнүүгө жеңил, жөнөкөй сөздөрдү колдонгону эмнеден көрүнүп турат?

14 Сөздөрдү туура тандоо жагынан Иса жакшы үлгү көрсөткөн. Буга анын Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүндө жазылган таасирдүү насааты мисал боло алат. Иса татаал, түшүнүүгө кыйын же башкаларды жаралай турган сөздөрдү колдонгон эмес. Тескерисинче, угармандарынын жүрөгүн козгош үчүн жөнөкөй, түшүнүктүү сөздөрдү колдонгон. Алсак, аларга күнүмдүк тамак-ашты ойлоп тынчсыздана бербөөгө жардам бериш үчүн Жахабанын канаттууларга кантип кам көрүп жатканын мисал кылган. Анан: «Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!» — деген (Мт. 6:26). Ооба, ал түшүнүүгө оңой, жүрөккө жеткен сөздөрдү колдонгон. Анда эмесе, азыр тилибизди колдонууга байланыштуу үчүнчү маанилүү нерсени карап чыгалы.

КАНТИП СҮЙЛӨШ КЕРЕК?

15. Жагымдуу сөздөрдү колдонгонубуз эмне үчүн маанилүү?

15 Эмнени айтканыбыз эле эмес, аны кантип айтканыбыз да маанилүү. Бир жолу Иса Машаяк өзү чоңоюп-өскөн Назарет шаарындагы синагогада сүйлөп жатканда, баары анын «жагымдуу сөздөрүнө таң калган» (Лк. 4:22). Жагымдуу сөздөр айткандарыбыздын таасирин басаңдатпайт, тескерисинче, уккан кишинин жүрөгүн козгоп, аларга ылайык иш кылууга түрткү берет (Накыл 25:15). Башкалар менен сүйлөшкөндө боорукер, сылык-сыпаа болуп, сезимдерин эске алсак, сөзүбүз Исаныкындай жагымдуу болот. Иса топ элдин аны угуш үчүн аркасынан ээрчип алганын көргөндө аларга боору ооруп, «көп нерсеге окута баштаган» (Мр. 6:34). Атүгүл башкалар кордогондо да, ал аларга орой сүйлөчү эмес (1 Пет. 2:23).

16, 17. а) Үйдөгүлөрүбүз же жыйналыштагы жакын досторубуз менен сүйлөшкөндө Исаны кантип туурай алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Жылуу-жумшак сүйлөөнүн натыйжасы жакшы болорун кайсы окуя бышыктап турат?

16 Абдан жакшы тааныган кишибизге жумшак, сылык-сыпаа сүйлөө оңой болбошу мүмкүн. Айталы, үйдөгүлөрүбүзгө  же жыйналыштагы жакын досубузга оюбуздагыны ачык айтканга көнүп калышыбыз ыктымал. Бирок Иса тууралуу ойлонуп көрсөң. Ал жакын мамиледе болгон шакирттерине орой сүйлөчү беле? Жок. Бир жолу шакирттери кимиси чоң экени жөнүндө талашып-тартышканда, кичинекей баланы мисал кылып, аларды жумшактык менен оңдоп-түзөгөн (Мр. 9:33—37). Исадан үлгү алган аксакалдар башкаларга жумшактык менен кеңеш беришет (Гал. 6:1).

17 Кимдир бирөө жаралай турган сөздөрдү айтканда да, жылуу-жумшак сүйлөсөк, натыйжасы жакшы болот (Накыл 15:1). Муну бир жалгыз бой эженин окуясы бышыктап турат. Анын өспүрүм уулу жыйналышка келип жүрүп эле жаман иштерди кыла баштаган. Бир ишенимдешибиз ал эжеге жаман ою жок эле: «Балаңа жакшы тарбия бере албай калганың аябай жаман болду»,— деп айткан. Эже болсо бир азга ойлонуп: «Азыр баары ойдогудай болбой жатканы чын, бирок баламды тарбиялаганга дагы убакыт бар. Бул тууралуу Армагедондон кийин сүйлөшөлү, ошондо ишенимдүү түрдө айта алабыз»,— деген. Анын жумшактык менен айткан ошол сөзү ишенимдеши менен тынчтыкты сактап калууга өбөлгө түзгөн, ошондой эле алардын маегин угуп калган баласын абдан бекемдеген. Ошондо бала апасынын андан үмүт үзбөгөнүн түшүнүп, жаман достору менен болгон мамилесин токтотууга түрткү алган. Ал убакыттын өтүшү менен чөмүлүп, кийинчерээк Бейтелде кызмат кылган. Ырас, ишенимдештерибиз, үйдөгүлөрүбүз же бейтааныш кишилер менен сүйлөшөбүзбү, сөзүбүз «дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болушу» керек (Кол. 4:6).

18. Исадан үлгү алуу тилибизди туура колдонууга кандайча жардам берет?

18 Ойлорубузду, сезимдерибизди башкаларга сөз менен билдире алганыбыз, чынында эле, керемет. Келгиле, Исадан үлгү алып, ылайыктуу убакты, туура сөздөрдү тандай билип, жылуу-жумшак сүйлөгөнгө аракет кыла берели. Ошондо сөздөрүбүз уккан кишинин жан дүйнөсүн сергитет жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн берген Жахаба Кудайды кубантат.