Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2015

 ӨМҮР БАЯН

Кудай менен да, апам менен да жакшы мамиледемин

Кудай менен да, апам менен да жакшы мамиледемин

АПАМ мага: «Эмне үчүн ата-бабаларыңа сыйынбайсың? Сен алардын аркасында өмүр сүрүп жатканыңды түшүнөсүңбү? Аларга ыраазычылык билдиргиң келбейби? Укумдан-тукумга өтүп келаткан каада-салттардан кечип кетесиңби? Ата-бабаларыбызды сыйлабаганың биздин сыйынууну акылсыздык дегенге эле тете»,— деп айтты. Анан кармана албай, ыйлап жиберди.

Апам адатта такыр антип сүйлөчү эмес. Негизи, Ыйык Китепти изилдөөдөн сылыктык менен баш тартуу үчүн менин изилдешиме өзү шарт түзүп берген эле. Мен дайыма апамдын тилин алчумун. Бирок ошол жолкусунда, оор болсо да, Жахабага жагыш үчүн апам айткандай кылуудан баш тарттым. Албетте, Кудайдын жардамысыз андай кыла алмак эмесмин.

ЖАХАБА ЖӨНҮНДӨ БИЛИШИМ

Жапон элинин көпчүлүгү сыяктуу эле биз да буддист болчубуз. Бирок Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти эки эле ай изилдегенден кийин анда жазылгандардын туура экенине ынандым. Асманда Атам бар экенин түшүнгөндө ал тууралуу көбүрөөк билгим келе баштады. Билген нерселеримди апам экөөбүз талкуулап, жакшы сүйлөшчүбүз. Кийинчерээк Падышалык залында жекшемби күнү өткөрүлгөн жолугушууларга бара баштадым. Чындык жөнүндө билимим барган сайын өсө берди. Акыры, апама мындан ары буддизм дининдеги жөрөлгөлөргө катышпай турганымды айттым. Тилекке каршы, анын ою чукул өзгөрдү. Ал: «Үйдөн ата-бабаларыбызды сыйлабаган бирөөнүн чыкканы — уят иш»,— деди. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдегенимди, жыйналышка барганымды токтошумду талап кылды. Апамды ошентет деп эч күткөн эмесмин. Ал мага такыр башка кишидей эле сезилип жатты.

Атам да анын тарабын ээледи. Эфестиктер 6-бөлүмдөн Жахабанын ата-энеме баш ийишимди каалаарын билдим. Башында ата-энемди уксам, алар да мени угуп, үй-бүлөбүздө кайрадан тынчтык орнойт деп ойлодум. Анын үстүнө, жогорку класска өтөрдүн алдындагы экзамендер жакындап келаткан эле, мен аларга даярданышым керек болчу. Андыктан ата-энеме үч ай жыйналышка барбай турганымды айттым. Бирок Жахабага кийинчерээк кайрадан жыйналышка бара баштаарымды айтып, убада бердим.

Ошондой чечим чыгарганым эки себептен улам туура эмес болуптур. Биринчиден, үч айдын ичинде көз карашым өзгөрбөйт деп ойлогом. Бирок ошол убакыт аралыгында тез эле рухий жактан алсырап, Жахабадан  алыстай баштадым. Экинчиден, ата-энем жумшармак турсун, мага мурдагыдан да катуу кысым көрсөтүп, сыйынууга байланыштуу бардык иштериме тоскоолдук кыла башташты.

ЖАРДАМ ЖАНА КАРШЫЛЫК

Жыйналыштан үйүндөгүлөрү каршы болгон көп адамдар менен тааныштым. Алар Жахабанын мага күч берерине ынандырышты (Мт. 10:34—37). Ошондой эле үйдөгүлөрүм мен аркылуу куткарылып калышы мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам беришти. Натыйжада Жахабадан ага таянууга үйрөтүшүн сурап, жалындуу тилене баштадым.

Ата-энем мага ар кандай жолдор менен каршылык көрсөттү. Апам мага жалбарып да, түшүндүрүп да көрдү. Андайда мен көбүнчө унчукчу эмесмин. Ал эми бир нерсе деп жооп кайтарганда, экөөбүз тең өз оюбузга бекем кармангандыктан, сезимдерибиз күч алып кетчү. Андай болбош үчүн, апамдын сезимдерин, ишенген нерселерин көбүрөөк эске алсам болмок экен. Үйдөн чыкпашым үчүн, ата-энем мага көп иштерди артып салар эле. Мени үйгө камап же тамак бербей койгон учурлары да болгон.

Апам башкалардан да жардам сурап жүрдү. Ал мен жөнүндө мугалимиме да айткан болчу, бирок ал бизге кийлигишкен жок. Жумушундагы жетекчиси мени динден эч кандай пайда жок экенине ынандырышы үчүн, ага да алып барып көрдү. Үйдөн болсо ар кайсы туугандарыбызга телефон чалып, көз жашын төгүп жардам сурачу. Мунун баары көңүлүмдү чөгөрбөй койгон жок. Бирок жыйналыштагы аксакалдар апамдын, өзү байкабай эле, канча кишиге кабар айтып жатканы жөнүндө ойлонууга үндөштү.

Кийинчерээк жогорку окуу жайына тапшыруу маселеси көтөрүлдү. Ата-энемдин ою боюнча, бул жакшы жашашыма, жакшы  жумушка орношушума шарт түзмөк. Жай отуруп, жай сүйлөшүү оңой болбогондуктан, кандай максаттарым бар экенин аларга бир нече кат менен түшүндүрдүм. Ошондо атам аябай ачуулана: «Эгер жумуш таба алам деп ойлоп жатсаң, анда эртеңкиге чейин тап, болбосо үйдөн чыгып кет»,— деп айтты. Мен бул тууралуу Жахабага айтып тилендим. Эртеси күнү кызматта жүргөндө бир эмес, эки эже балдарына сабак берип иштей алар-албасымды сурады. Бул атама жаккан жок. Ал мени менен таптакыр сүйлөшпөй, бар-жогум менен деле иши болбой калды. Апам болсо менин Жахабанын Күбөсү болгондон көрө, кылмышкер болгонум жакшыраак болмоктугун айтты.

Бир нече өлкөдө кызмат кылуунун аркасында Жахаба жөнүндө көп нерсени билдим

Кээде ата-энемдин ою менен болбой, аларга катуу каршы турганыма Жахаба кандай карайт болду экен деп ойлончумун. Бирок көбүрөөк тиленип, Ыйык Китептеги Жахабанын сүйүүсү жөнүндө жазылган аяттар тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында кыйынчылыктарга туура кароого түрткү алып, ата-энем мени ойлогондуктан каршылык көрсөтүп жатканын түшүндүм. Жахаба мага туура ой жүгүртүүгө, туура иш кылууга жардам берди. Андан тышкары, кызматка канчалык көп чыккан сайын, ошончолук кубаныч ала бердим. Ошентип, пионер болууну максат кылып койдум.

ПИОНЕР БОЛУП КЫЗМАТ КЫЛЫШЫМ

Пионер болгум келип жатканын билгенде айрым эжелер ата-энемдин каршылыгы басаңдагыча күтө турууну кеңеш кылышты. Мен Кудайдан акылмандык сурап тиленип, ниетимди текшерип, жетилген бир туугандар менен акылдаштым. Натыйжада Жахабаны кубантууну чечтим. Андан тышкары, пионердик кызматты баштабай турсам эле, ата-энемдин көз карашы өзгөрүп кетерине кепилдик жок экенин түшүндүм.

Пионердик кызматты мектепти бүтөрүмө бир жыл калганда баштадым. Кийинчерээк жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылууну максат кылып койдум. Бирок ата-энем мени үйдөн алыс чыгаргысы келчү эмес. Ошондуктан 20га толгуча күтүшүм керек болду. Анан апам көп тынчсызданбашы үчүн, филиалдан мени Жапониянын түштүгүнө дайындашын сурандым. Ал жакта туугандарыбыз жашачу.

Муктаждык бар жерде кызмат кылып жүргөндө, мени менен изилдеген бир нече кызыгуучу чөмүлүп, аябай сүйүндүм. Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн англис тилин да үйрөнө баштадым. Мен барган жыйналышта атайын пионер болуп кызмат кылган эки байке бар болчу. Алардын ынталуулугун, башкаларга жардам берүүгө ынтызар экенин көрүп, менин да атайын пионер болгум келе баштады. Ал ортодо апам эки жолу катуу ооруп калды. Эки жолкусунда тең үйгө барып, аны карадым. Мындайды күтпөгөндүктөн апам мага мурункудай каршы болбой, жумшарып калды.

БАТА АРТЫНАН БАТА

Жети жылдан кийин жогоруда айтып өткөн атайын пионерлердин бири Атсушиден кат алдым. Ал үйлөнөйүн деп жүргөнүн жана менин ага карата кандай сезимдерим бар экенин билгиси келерин жазыптыр. Менин Атсушиге карата эч кандай сезимим жок болчу жана ал мени жактырат деп такыр ойлочу эмесмин. Бир ай өткөндөн кийин, аны менен жакыныраак таанышууга макул экенимди билдирдим. Сүйлөшө баштаганда жалпылыгыбыз көп экенин түшүндүк. Экөөбүз тең толук убакыт кызмат кылууга жана кандай дайындоо болбосун, баарын аткарууга даяр элек. Убакыттын өтүшү менен баш коштук. Үйлөнүү үлпөтүбүзгө ата-энемдин жана бир нече тууганыбыздын келгенине абдан сүйүндүм.

Непал

Атсуши менен чогуу үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштагандан көп өтпөй, ал райондук көзөмөлчүнүн орун басары болуп дайындалды. Бир аз убакыт өткөндөн  кийин дагы бата алдык: экөөбүз атайын пионердик кызматка, ал эми кийинчерээк райондук көзөмөлчүлүк ишти аткарууга дайындалдык. Районубуздагы жыйналыштын баарын кыдырып чыккандан кийин, филиалдан бир туугандар телефон чалып калышты. Алар бизден Непалда кыдыруучулук ишти аткара алар-албасыбызды сурашты.

Жахаба мага туура ой жүгүртүүгө жана туура иш кылууга жардам берди

Алыс жакка кете турганыма ата-энем кандай карайт болду экен деп тынчсыздандым. Ошондуктан аларга телефон чалдым. Атам: «Сонун жерге барат турбайсыңарбы»,— деди. Көрсө, бир жума мурун эле ага бир досу Непал жөнүндө китеп берген экен. Атам атүгүл ал өлкөгө барып келсе жакшы болмоктугун ойлоп жүрүптүр.

Эли меймандос келген Непалда бир канча убакыт кызмат кылгандан кийин, биз кыдыра турган аймакка Бангладеш да кошулду. Ал өлкө Непалга жакын жайгашса да, андан көп жагынан айырмаланат экен. Ал жакта кызмат да такыр башкача болчу. Беш жылдан кийин кайрадан Жапонияга дайындалдык. Биз азыр Жапониядагы жыйналыштарды кыдырып, зор кубаныч алуудабыз.

Жапонияда, Непалда, Бангладеште кызмат кылуунун аркасында Жахаба жөнүндө көп нерсени билдим. Бул өлкөлөрдөгү элдердин маданияты, үрп-адаттары бири-бириникинен аябай эле айырмаланат. Ал жактагы адамдардын ар бири өзгөчө. Мен Жахабанын ар бир адамга кам көрүп, колдоп, батасын берерине күбө болуп келем.

Жахаба мага да батасын мол төктү: ал мага өзү жөнүндө таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берип, сонун иш тапшырып, жакшы өмүрлүк жар таап берди. Кудай мага туура чечимдерди чыгарууга көмөк кылып келет. Ошондуктан азыр аны менен жана үй-бүлөм менен жакшы мамиледемин. Жахаба колдогондуктан, апам экөөбүз кайрадан ынак достордон болуп калдык. Мен Кудай менен да, апам менен да жакшы мамиледе болгонума абдан сүйүнөм.

Жыйналыштарды кыдыруу бизге зор кубаныч тартуулайт