Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Ноябрь, 2015

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Күн астында силерди эч нерсе токтотпошу керек!»

«Күн астында силерди эч нерсе токтотпошу керек!»

1931-ЖЫЛДЫН жаз мезгили. Париждеги көпчүлүккө белгилүү Плейель концерттик залынын кире беришинде эл кыжы-кыйма. Улам бир таксиден жакшынакай кийинген кишилер түшүп отуруп, зал ичи 23 өлкөдөн келген меймандарга жык толду. Кызыктуусу, ал жердеги дээрлик 3 000 киши концерт көргөнү эмес, ошол кезде кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алган Жозеф Рутерфорд бир тууганды укканы келишти. Анын жоон үнү залдын ичин жаңыртууда. Рутерфорд бир туугандын таасирдүү баяндамалары немис, француз жана поляк тилдерине которулуп жатат.

Парижде болуп өткөн ошол жыйын Франциядагы Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине күчтүү таасир тийгизген. Рутерфорд бир тууган башка өлкөлөрдөн келген угуучуларды, айрыкча, жаштарды Францияда адабият таратуучу (пионер) болуп кызмат кылууга чакырган. Жон Кук ошол кезде өспүрүм бала болчу. Ал Рутерфорд бир туугандын: «Жаштар, адабият таратуучу болуп кызмат кыла баштоого күн астында силерди эч нерсе токтотпошу керек!» — деп айткан сөздөрүн эсине бек сактап калган *.

Кийин миссионер болгон Жон Кук бир тууган жана башкалар ошол чакырыкка ылайык иш кылышкан (Элч. 16:9, 10). Натыйжада, 1930-жылы Францияда 27 адабият таратуучу болсо, 1931-жылы алардын саны 104кө жетип, бир эле жылдын ичинде таң калыштуу өсүш болгон. Анткен менен ал алгачкы пионерлердин көбү француз тилин билишчү эмес. Алар бөтөн тилдин кыйынчылыктарына, каатчылыкка, бири-биринен алыс жашаганына карабай, кантип кабар айтышкан?

БӨТӨН ТИЛДИН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

Чет өлкөлүк адабият таратуучуларга күбөлөндүрүү баракчаларынын пайдасы зор болгон. Парижде ынталуу кабар айткан бир немис байке мындай деп эскерет: «Биз Кудайыбыздын кудурети күчтүү экенин билчүбүз. Кызматта жүргөндө жүрөгүбүз дүкүлдөп соксо, бул адамдардан корккондуктан эмес, „Баракчада жазылгандарды окуп көрөсүзбү?“ — деп айта турган эки ооз сөзүбүздү унутуп калбасак экен деп тынчсыздангандыктан болчу. Биз аткарып жаткан ишибиздин абдан маанилүү экенине шектенчү эмеспиз».

Франциядагы алгачкы адабият таратуучулар жакшы кабарды жарыялоодо велосипеддерди, мотоциклдерди колдонушчу

Көп кабаттуу үйлөрдө кабар айтып жүргөндө адабият таратуучуларды кароолчулар кубалаган учурлар көп болгон. Бир жолу англис тилинде сүйлөгөн жана французча бир аз эле билген эки эжени кароолчу кармап алып, ачуулана алардын кимге келишкенин сураган. Алардын жанындагы эшиктин бетинде француз тилинде «Коңгуроону каккыла» деген сөздөр жазылган такта илинип турган. Эжелердин бири ал сөздөр үй ээсинин аты-жөнү болуш керек деп ойлоп, кароолчуну тынчтандыруу максатында: «Биз „Коңгуроону каккыла“ деген эжеге келдик»,— деп ишенимдүү жооп берген. Ал ынталуу  адабият таратуучулар тамашакөйлүктүн аркасында жагдайдан чыгып кетишкен.

КААТЧЫЛЫК ДА, БИРИ-БИРИНЕН АЛЫС ЖАШАГАНЫ ДА ТОСКООЛ БОЛГОН ЭМЕС

1930-жылдары франциялыктардын көбүнүн жашоо шарты абдан начар болчу. Башка өлкөлөрдөн барган адабият таратуучулардын турмушу деле алардыкынан айырмаланчу эмес. Англисче сүйлөгөн Мона Бжоска аттуу пионер эже шериги экөөнүн башынан өткөн окуяларды эскерип, мындай деген: «Жашаган жерибиз, негизинен, аябай эле жупуну боло турган. Кышында үйдү жылытуу чоң көйгөйлөрдүн бири болчу. Бөлмөбүз ушунчалык муздап калгандыктан, эртең менен бети-башыбызды жууш үчүн адатта идиштеги суунун үстүндө тоңуп калган музду сындырчубуз». Турмуштун оор шарттары алгачкы пионерлердин ындынын суутту беле? Түк да! Алардын бири: «Бизде эч нерсе жок болчу, бирок эч нерседен өксүгөн эмеспиз» — деп, баарынын сезимин таамай чагылдырган (Мт. 6:33).

1931-жылы Париждеги жыйынга барган англиялык пионерлер

Кайраты бек адабият таратуучулар бири-биринен алыс жашоонун кыйынчылыктарын да көтөрүшкөн. 1930-жылдардын башында бүтүндөй Францияда Падышалыктын жарчыларынын саны 700гө да жетчү эмес жана алардын көбү өлкөнүн ар кайсы жерлеринде жашачу. Аларга кубанычын жоготпоого эмне жардам берген? Шериги экөө башкалардан алыс жакта кызмат кылган Мона бир тууган жалгыздык менен кантип күрөшүшкөнү жөнүндө мындай деген: «Биз уюмдун адабияттарын чогуу изилдечүбүз. Ал кезде кайра жолугууларга барбагандыктан жана башкалар менен ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрбөгөндүктөн кечинде үйдөгүлөрүбүзгө жана айрыкча, башка пионерлерге кат жазып, кызыктуу окуялар менен бөлүшүүгө жана бири-бирибизди бекемдөөгө убакыт бөлчүбүз» (1 Тес. 5:11).

Жан аябас адабият таратуучулар ар кандай кыйынчылыктарга карабай оң маанай сакташчу. Бул алардын филиалга жазган каттарынан айкын көрүнө турган. Алардын айрымдары Францияда ондогон жылдар бою пионер болуп кызмат кылышкан. 1931-жылдан 1935-жылга чейин жолдошу менен бирге Францияны узун-туурасынан кыдырып чыккан Энни Крежин аттуу майланган эже артка кылчая карап, мындай деп жазган: «Жашообуз абдан маңыздуу, кызыктуу болчу! Пионерлер бири-бирибизге ынак элек. Элчи Пабыл айткандай, „мен тиккем, Аполос сугарган, бирок Кудай өстүргөн“. Бул бизге, көптөгөн жылдар мурун башкаларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болгондордун баарына, зор кубаныч тартуулайт» (1 Кор. 3:6).

Ошол алгачкы пионерлер көбүрөөк кызмат кылгысы келгендердин баарына туруктуу жана ынталуу болуу жагынан мыкты үлгү калтырышкан. Учурда Францияда 14 000дей үзгүлтүксүз пионер бар. Алардын ичинен көптөр чет тилиндеги топтордо же жыйналыштарда кызмат кылышат *. Ал пионерлерди да күн астында эч нерсе токтото албайт! (Франциядагы архивибизден).

^ 4-абз. Польшадан көчүп баргандар Франциядагы кабар айтуу ишине кандай салым кошушканы тууралуу 2015-жылдын 15-августундагы «Күзөт мунарасынын» «Жахаба силерди Францияга чындыкты билсин деп алып келди» деген макаласын карагыла.

^ 13-абз. 2014-жылдагы билдирүүгө ылайык, Франциядагы филиалдын көзөмөлү астында 70 тилде өткөрүлгөн 900дөн ашуун жыйналыштар жана топтор чындыкты издеген жүрөгү таза адамдарга жардам берүүдө.