Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган чыгарылышы)  |  Октябрь, 2015

«Кудайга жакындаган жакшы» экенине ынанып келем

«Кудайга жакындаган жакшы» экенине ынанып келем

ТОГУЗ жашымда боюм өспөй калды. Ал кезде биз Кот-д’Ивуарда жашачубуз. Андан бери 34 жыл өттү, бирок боюм азыр деле 1 метр. Боюм такыр өспөй турганын билгенде ата-энем, жалаң эле ошону ойлоп калбашым үчүн, мени иш менен алаксыганга үндөштү. Ошондуктан үйүбүздүн алдына текчеге мөмө-жемиштерди коюп, сата баштадым. Иштеген жеримди таза кармагандыктан, көптөр менден соода кылышчу.

Албетте, күжүрмөн эмгектенгеним боюмду өстүрүп жиберген жок. Мага жөнөкөй эле нерселер, мисалы, дүкөндөгү бийик текче деле чоң кыйынчылык туудурчу. Баары менден эки эсе узун кишилерге ылайыкташтырылгандай сезилчү. Ошондон улам көңүлүм чөгө берчү. Бирок 14 жашымда жашоом жаңы нукка бурулду.

Бир күнү эки Жахабанын Күбөсү менден мөмө-жемиш сатып алды. Анан мага кабар айтып, мени менен Ыйык Китепти изилдей башташты. Көп өтпөй Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу билим алуу ден соолугуман алда канча маанилүү экенин түшүндүм. Бул мага абдан жардам берди. Забур 73:28 менин жакшы көргөн аятым болуп калды. Аяттын биринчи бөлүгүндө: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы»,— делет.

Күтүүсүздөн үй-бүлөбүз менен Буркина-Фасого көчүп кеттик. Ошондо жашоом түп-тамыры менен өзгөрдү. Кот-д’Ивуарда жашап жүргөндө дайыма мөмө-жемиш саткан текчемдин жанында болгондуктан, мени баары таанып калган. Ал эми Буркина-Фасодо жергиликтүү элге чоочун болуп, башкача көрүнчүмүн. Көптөр эси ооп карай бергендиктен, жумалап үйдөн чыкпай жүрдүм. Анан Жахабаны таанып-билип, ага жакындоонун аркасында өзүмдү жакшы сезе баштаган күндөрүмдү эстеп, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жаздым. Ошондо мага Нани деген миссионер мотороллери менен келип турмакчы болду.

Биз жакта жолдор кумдуу келгендиктен сыйгалак болчу, жаан-чачында ылайланып кетчү. Нани меникине келатканда мотороллеринен далай жолу кулаган, бирок такыр багынган эмес. Бир күнү ал жыйналышка барып келүүнү сунуштады. Үйдөн чыксам эл мени жалдырап карай берерин, Нанинин мотороллерине учкашсам, оор болуп, айдаш кыйын болуп каларын жакшы эле түшүнүп турдум. Бирок жакшы көргөн аятымдагы: «Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам»,—  деген сөздөрдү эстеп, жыйналышка барууга макул болдум.

Нани экөөбүз жолдо баратып ылайга көп эле кулачубуз, бирок жыйналыштан алган кубанычыбыз баарын жаап кетчү. Көчөдөгү эси ооп карай берген адамдардан айырмаланып, жыйналыштагылар мени жылуу тосуп алышчу. Жыйналышка бара баштаганымдан 9 ай өткөндөн кийин өмүрүмдү Кудайга арнап, чөмүлдүм.

Мага жаккан аятта: «Бардык иштерин жарыялаш үчүн»,— деген да сөздөр бар. Мен кабар айтуу оңой болбосун жакшы түшүнчүмүн. Биринчи жолу үйдөн үйгө кабар айтканым дагы деле эсимде. Балдар да, чоңдор да мени тигиле карап, артымдан ээрчип алышкан, атүгүл басканымдан бери туурашкан. Ошондо жаман болгонумду айтпа. Бирок андай учурларда: «Булар да, мен сыяктуу эле, Бейиште жашоого муктаж да»,— деп өзүмө кайра-кайра эскертчүмүн.

Кабар айткан оңоюраак болушу үчүн, педалы кармоочунда болгон үч дөңгөлөктүү велосипед сатып алдым. Шеригим дөңдүү жерден велосипедимдин артынан түртүп барып, учкашып алчу. Башында оңойго турбаса да, кабар айтуу зор кубаныч тартуулай баштады. Ошол себептен 1998-жылы үзгүлтүксүз пионер болууга арыз толтурдум.

Мен көптөргө Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бердим, алардын төртөө чөмүлдү. Андан тышкары, өзүмдүн сиңдим да чындыкты кабыл алды. Көңүлүм чөккөн учурларда башкалардын рухий жактан ийгилик кылып жатканын угуп, кадимкидей жандана түшчүмүн. Бир жолу безгек оорум кайра кармап, кыйналып жатканда, Кот-д’Ивуардан кат келди. Буркина-Фасодо жашап жүргөндө университетте окуган бир бала менен эшиктин алдында изилдөө баштап, аны бир байкеге өткөрүп берген элем. Кийин ал Кот-д’Ивуарга көчүп кетиптир. Каттан анын чөмүлө элек жарчы болгонун окуганда төбөм көккө жете сүйүндүм.

Кантип жан багарымды айта турган болсом, майыптарга көмөк көрсөткөн уюм мага тикмечиликти үйрөнүүнү сунуш кылган. Бирок ошол уюмдун бир нускоочусу эмгекчил экенимди байкап: «Биз сага самын жасаганды үйрөтөлү»,— деди. Ошентип, самын жасаганды үйрөндүм. Ошондон бери самын жасап иштеп келем. Көптөр менин самынымды жакшы көрүшөт, атүгүл башкаларга да макташат. Кардарларыма самынды үч дөңгөлөктүү мотоскутерим менен жеткирип берем.

Өкүнүчтүүсү, омурткамдын кыйшаюусунан улам пайда болгон оорум күчөп, 2004-жылы пионердик кызматты токтоттум. Ошентсе да кызматка көбүрөөк катышууга аракет кылам.

Көптөр дайыма жайдары жүрөрүмдү айтышат. Менде кубанууга орчундуу себеп бар: мен «Кудайга жакындаган жакшы» экенине ынанып келем (Айтып берген: Сара Майгэ).