Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ, 2015

 Өмүр Баян

Ал жаш кезинде чыгарган чечимине өкүнгөн эмес

Ал жаш кезинде чыгарган чечимине өкүнгөн эмес

ЧОҢ таякем Николай Дубовинский Советтер Союзунда ишибизге тыюу салынган маалда башынан өткөргөн ары кубанычтуу, ары азаптуу күндөрү тууралуу өмүрүнүн акыркы жылдарында жазып калтырган. Оор кыйынчылыктарга, тоодой тоскоолдуктарга карабай, ал ишенимдүүлүгүнөн жазбай кызмат кылган, жашоого болгон кызыгуусун да сууткан эмес. Ал башынан өткөргөндөрүн жаштарга айтып бергиси келчү, ошон үчүн анын жашоосунда болгон айрым окуяларды баяндап бергим келип турат. Чоң таякем 1926-жылы Украинанын Черновцы областындагы Подворьевка деген кыштакта карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

НИКОЛАЙДЫН ЧЫНДЫКТЫ ТАБЫШЫ

Николай таякем мындай деп баяндайт: «1941-жылы улуу агам Иван „Кудайдын арфасы“, „Кудайдын кылымдарды камтыган ой-ниети“ деген китептерди, „Күзөт мунарасы“ журналдарын жана бир нече баракча алып келди. Мен алардын баарын окуп чыктым. Кайгы-касыреттерге Кудай эмес, Шайтан күнөөлүү экенин билгенде аябай таң калдым. Ал адабияттар менен бирге Инжилдерди да окуп чыккандан кийин чындыкты тапканыма көзүм жетти. Ошондон тартып Падышалык жөнүндө билгендеримди башкаларга айта баштадым. Ал адабияттарды изилдөөнүн аркасында билимим тереңдеп, Жахаба Кудайга кызмат кылгым келген каалоом өсө берди.

Мен ишенимим үчүн азап тартарымды жакшы түшүнчүмүн. Ошо кезде согуш жүрүп жаткан. Бирок мен согушка барып, бирөөнү өлтүрүүнү такыр каалаган эмесмин. Ошондуктан өзүмдү алдыдагы оор сыноолорго даярдаш үчүн Ыйык Китептеги аяттарды, мисалы, Матай 10:28ди, 26:52ни жаттап алдым. Мен өлүм менен беттешүүгө туура келсе да, ишенимдүүлүгүмдөн жазбайм деп чечкем.

1944-жылы 18ге толуп, аскерге чакырылдым. Ошондо биринчи жолу аскер курагындагы ишенимдештеримди көрдүм. Биз согушка катышпай турганыбызды кайраттуулук менен айтканда, аскерге чакыргандардын каары кайнап, бизди ачка калтырабыз, окоп каздырабыз, атып салабыз деп коркутушту. Бирок биз аларга: „Өмүрүбүз силердин колуңарда, кандай кылабыз десеңер, ошондой кылгыла. Биз Кудайдын “киши өлтүрбө” деген буйругун бузбайбыз“,— дедик (Чыг. 20:13).

Ошентип, мени жана дагы эки бир тууганды Белорусияга айдап жиберишти. Ал жерден талаада иштетип, талкаланып калган үйлөрдү оңдотушту. Минсктин чет жакаларынан согуштун канчалык кыргындуу болгонун өз көзүм менен көрдүм. Төбө чачты тик тургузган ошол көрүнүш али да эсимде. Жол жээктеги бак-дарактар өрттөнүп, күйүп калган эле. Ар жерде адамдардын сөөктөрү, чуңкурларда, токойдун арасында  куйкаланып калган аттардын өлүктөрү жаткан. Согуш арабаларын, курал-жарактарды, миномётторду, замбиректерди, учактардын калдыктарын көрдүм. Ошондо Кудайдын мыйзамын бузуу канчалык кесепеттүү болоруна ого бетер ынандым.

Согуш 1945-жылы аяктады, бирок согушуудан баш тартканыбыз үчүн, он жылдык мөөнөтүбүз аяктагыча, түрмөдө отурдук. Алгачкы үч жыл эч ким менен байланыша да, адабияттарды ала албай да жүрдүк. Акыры, айрым эже-карындаштар менен кат алыша баштадык, бирок аларды да кармап, 25 жылга түзөтүү-эмгек абагына камап коюшту.

1950-жылдын баш жактарында түрмөдөн чыгып, үйүбүзгө кайтып бардык. Мен камакта отурган кезде апам менен карындашым Мария Жахабанын Күбөсү болушкан. Ал эми агаларым Жахабанын Күбөсү боло элек болчу, бирок Ыйык Китепти изилдеп жатышкан. Кабар айтууга ынталуу катышкандыктан, КГБ мени кайрадан түрмөгө отургузууга аракет кылды. Ошол учурда жетекчиликти колго алган бир туугандар адабияттарды жашыруун басып чыгарууга жардам беришимди суранышты. Анда мен 24 жашта элем.

АДАБИЯТ БАСЫП ЧЫГАРУУ

Бир туугандар: „Падышалыктын ишине жердин үстүндө тыюу салынса, жердин астында улантыла берет“,— деп айтып калышар эле (Накыл 28:28). Ал кезде адабияттар жер астындагы жашыруун жайларда басып чыгарылчу. Менин алгачкы иштеген жерим Дмитрий байкемдин короосундагы жер төлөдө болчу. Кээде ал жактан эки жумалап чыкпай калчумун. Керосин менен күйгөн чырак кычкылтектин жоктугунан өчүп калганда, таза аба киргиче жата турчумун.

Николай адабияттарды басып чыгарган жер төлөнүн чиймеси

 Бир күнү чогуу иштеген бир тууган: „Николай, сен чөмүлдүң беле?“ — деп сурап калды. Ал учурда Жахабага кызмат кылып келатканыма 11 жыл болуп калган, бирок чөмүлө элек болчумун. Ал мени менен сүйлөшүп, ошол эле түнү көлгө алып барып чөмүлттү. Ошондо 26 жашта болчумун. Үч жылдан кийин кошумча жоопкерчиликке ээ болуп, өлкөнүн комитетинин мүчөсү болуп дайындалдым. Ал убакта боштондукта жүргөн ага-инилер камакта отургандардын ордуна кызмат кылгандыктан, Падышалыктын иши алга илгерилей берген.

ЖЕР АСТЫНДА ИШТӨӨНҮН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ

Жер астында адабият басып чыгаруу түрмөдө отургандан да оор болчу. КГБга кармалып калбаш үчүн 7 жыл жыйналышка бара албай жүрдүм. Ошондуктан рухийлигиме өзүм кам көрүүгө туура келди. Үйдөгүлөр менен чанда эле, үйгө барганда гана, көрүшчүмүн. Ошентсе да, алардын жагдайымды түшүнгөнү мени бекемдечү. Биз баарына даяр болушубуз керек болчу. Мисалы, мен жашаган үйгө бир жолу эки полиция кызматкери келип калды. Мен дароо үйдүн арткы терезесинен секирип, токойду көздөй качып жөнөдүм. Талаага чыкканымда ышкырыктыкындай үн угулду. Көрсө, ал тапанчанын үнү экен. Куугандардын бири ат минип алып, огу түгөнүп калгыча аткылап келатты. Бир маалда колума ок тийди. Ал 5 километрдей жерге чейин кууп келди да, мен токойго кирип кеткендиктен, таппай кетип калды. Кийин сотто мага ошондо 32 ок атышканын билдим!

Убактымдын көбү жер төлөдө өткөндүктөн, купкуу болчумун. Ошондуктан башкалар эмне иш кыларымды оңой эле билип коюшмак. Андыктан мүмкүн болушунча күндө көп жүргөнгө аракет кылчумун. Жер төлөдө иштегеним ден соолугума залакасын тийгизди. Бир жолу оозу-мурдуман кан токтобой койгондуктан, ага-инилер чогулган маанилүү жолугушууга бара албай калгам.

КАМАККА АЛЫНУУ

Мордовиядагы эмгек абагы, 1963-жыл

1957-жылы 26-январда камакка алындым. 6 айдан кийин Украинанын Жогорку Соту өлүм өкүмүн чыгарып, атууга кетмекчи болдум. Бирок өлкөдө өлүм өкүмү жөнүндөгү мыйзам жоюлгандыктан, 25 жылга кесилдим. Түзөтүү-эмгек абагында 8 бир тууган менен чогуу отурдум. Баарыбыздыкын  кошкондо, ал жакта 130 жыл отурдук. Биз Мордовиядагы бир нече эмгек абагында болдук. Ал жактарда 500гө жакын Жахабанын Күбөсү бар эле. Биз жашыруун чогулуп, „Күзөт мунарасын“ изилдеп турчубуз. Бир жолу конфискацияланган адабияттарыбызды текшергенден кийин бир сакчы: „Буларды окуй берсеңер, силерди багындыруу мүмкүн болбой калат!“ — деди. Биз дайыма чын ниеттен эмгектенгенге, талап кылынгандан да көптү аткарганга аракет кылчубуз. Ошентсек да, абактын башчысы: „Силердин бул жерде аткарган ишиңер эмес, кыңк этпей баш ийип, буйругубузду аткарганыңар маанилүү!“ — деп сүйлөнө берчү».

КЫНТЫКСЫЗ БОЙДОН КАЛГАН

Великие Лукидеги Падышалык залы

1967-жылы эмгек абагынан бошонгондон кийин Николай таякем Эстонияда, Санкт-Петербургда жыйналыштарды уюштурууга жардам берген. Кылмыш кылынганына далил жок болгондуктан, 1991-жылдын башында 1957-жылы чыккан өкүм жокко чыгарылган. Бийликтен запкы жеген Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү ошол убактарда акталып чыккан. 1996-жылы таякем Санкт-Петербургдан 500 километрдей алыстыкта жайгашкан Псков областындагы Великие Луки шаарына көчүп кетип, чакан үй сатып алган. 2003-жылы анын үйүнүн короосуна Падышалык залы курулган. Гүлдөп өсүп жаткан эки жыйналыш учурда ошол жерге чогулат.

Жолдошум экөөбүз азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы филиалында кызмат кылабыз. 2011-жылдын мартында, көз жумарына бир нече эле ай калганда, Николай таякем бизге акыркы жолу келип кеткен. Анын ошондо айткандары жүрөгүбүздү аябай козгогон. Ал көзүнөн нур жанып: «Айланада болуп жаткан окуялардын баары, каймана мааниде айтканда, Жерихону жетинчи жолу айланып жатканыбыздан кабар берет»,— деген (Жаш. 6:15). Таякем 85 жашында каза болду. Далай азапты көрсө да, ал: «Жаш кезимде Жахабага кызмат кылууну чечкениме абдан кубанам. Ошенткениме эч качан өкүнбөйм»,— деп айтар эле.

Биз дайыма чын ниеттен эмгектенгенге, талап кылынгандан да көптү аткарганга аракет кылчубуз