Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Сентябрь, 2015

Абийириң дайыма туура багыт береби?

Абийириң дайыма туура багыт береби?

«Бул көрсөтмөнүн максаты — чын жүрөктөн, таза абийирден... сүйүү көрсөтүү» (1 ТИМ. 1:5).

ЫРЛАР: 57, 48

1, 2. Бизге абийирди ким берген жана эмне себептен ал белек үчүн ыраазы болушубуз керек?

ЖАХАБА КУДАЙ адам баласын чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Ал Адам ата менен Обо энеге жана алардын урпактарына абийирди — жакшы менен жаманды айырмалаганга жардам берген ички сезимди — берген. Эгер абийирибизди туура тарбиялап, анын үнүнө кулак каксак, дайыма жакшы иштерди кылып, жаман иштерден качабыз. Абийирди берүү менен Кудай бизди сүйөрүн жана бардык адамдардын туура иштерди кылып, ийгиликке жетишин каалаарын көрсөткөн.

2 Бүгүнкү күндө абийиринин үнүнө кулак каккан адамдар аз эмес. (Оку: Римдиктер 2:14, 15.) Анткени адамзаттын басымдуу бөлүгү Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерди билбесе да, алардын арасында жакшы иштерди кылып, жаман иштерди жек көргөндөр арбын. Көптөрдүн абийири жеткен мыкаачылыкка жаткан иштерди кылууга жол бербейт. Эгерде эч кимде абийир болбосо, дүйнөдөгү абал канчалык кейиштүү болмоктугун элестетсең. Анда азыркыдан да ашып түшкөн үрөй учурарлык иштердин жасалып жатканын укмак болушубуз керек. Адам баласына абийир бергени үчүн Кудайга кандай гана ыраазыбыз!

3. Туура үйрөтүлгөн абийир кандайча бүтүндөй жыйналышка пайда алып келет?

 3 Көпчүлүктөн айырмаланып, Жахабанын кызматчылары абийирин анын Сөзүндөгү жакшы менен жаманга, туура менен туура эмеске байланыштуу нормаларга ылайык тарбиялаганга аракет кылышат. Туура үйрөтүлгөн абийир бүтүндөй жыйналышка пайда алып келет. Абийирибизди тарбиялап, ага ылайык иш кылуу үчүн Ыйык Китепте айтылгандарды билип коюу жетишсиз. Таза абийир ишеним жана сүйүү менен тыгыз байланышта. Элчи Пабыл: «Бул көрсөтмөнүн максаты — чын жүрөктөн, таза абийирден жана эки жүздүүлүгү жок ишенимдин негизинде сүйүү көрсөтүү»,— деп жазган (1 Тим. 1:5). Демек, абийирибизди тарбиялап, аны уксак, Жахабага болгон сүйүүбүз өсүп, ишенимибиз бекемделет. Абийирибизди кандай колдонгонубуздан Жахаба менен канчалык ынак экенибиз, ага жагууну канчалык каалаарыбыз, кандай адам экенибиз жана жүрөгүбүздүн абалы кандай экени айкын болот.

4. Абийирибизди кантип тарбиялай алабыз?

4 Абийирибизди кантип тарбиялай алабыз? Ан үчүн Ыйык Китепти дайыма тиленүү менен изилдешибиз, окуп-билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүшүбүз жана аларды иш жүзүндө колдонушубуз зарыл. Бул Ыйык Китепте айтылгандарды, эреже-көрсөтмөлөрдү билип коюуну эле билдирбейт. Изилдөө жүргүзгөндө Жахабанын кандай Кудай экени, анын касиет-сапаттары, ага эмне жагары жана эмне жакпай турганы жөнүндө көбүрөөк билүүнү көздөшүбүз керек. Натыйжада абийирибиз Кудайдын жолдоруна ылайык тарбияланат. Бул жүрөгүбүздү козгоп, барган сайын Жахабага көбүрөөк окшошууга түрткү берет.

5. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

5 Ар бирибиз: «Туура тарбияланган абийирим чечим чыгарууда кандайча жардам берет? Ишенимдештеримдин абийирине жараша чыгарган чечимин сыйлаарым эмнеден көрүнөт? Абийирим кандайча кабар айтуу ишине катышканга түрткү берет?» — деп ой жүгүртүп көрсөк болот. Анда эмесе, 1) ден соолугубузга кам көрүүдө, 2) көңүл ачууда жана 3) кызматка катышууда туура үйрөтүлгөн абийирибиздин пайдасы канчалык чоң болорун карап көрөлү.

ЭСТҮҮ БОЛ

6. Ден соолугубузга байланыштуу кандай чечим чыгарууга туура келет?

6 Ыйык Китеп бизди зыяндуу иштерден оолак болууга, чени менен ичип-жегенге чакырат (Накыл 23:20; 2 Кор. 7:1). Эгер анда жазылган принциптерди колдонсок, ден соолугубуз салыштырмалуу жакшы болот. Анткен менен бул дүйнөдө карылыктан, оорудан эч кимибиз качып кутула албайбыз. Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдө дарылоонун медициналык да, элдик да ыкмалары кеңири колдонулууда. Бир туугандар дарылоонун кайсы бир ыкмасы жөнүндө сурап филиалга кат жазган учурлар көп кездешет. Алар көбүнчө: «Жахабанын кызматчысы ушундай жол менен дарыланса болобу?» — деп сурашат.

7. Дарыланууга байланыштуу чечимди кантип чыгарсак болот?

7 Жарчы кантип дарыланса болорун сураган күндө да, филиал же жыйналыштагы аксакалдар анын ордуна чечим чыгарууга укуктуу эмес (Гал. 6:5). Албетте, ал туура чечим чыгара алышы үчүн, аксакалдар анын көңүлүн Жахабанын принциптерине бурат. Алсак, жарчы Ыйык Китептеги: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген буйрукту эсинен чыгарбашы керек (Элч. 15:29). Бул накта канды жана анын негизги төрт компонентин колдонбоо керектигин билдирет. Муну билүү жарчыга ошол негизги төрт компоненттен алынган фракцияларды колдонууга байланыштуу абийирине жараша чечим чыгарууга  да түрткү берет *. Дарыланууда Ыйык Китептеги дагы кайсы кеңештерди эске алышыбыз керек?

8. Филипиликтер 4:5теги кеңеш бизге кандайча жардам берет?

8 Накыл сөздөр 14:15те: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— делет. Маселен, кээ бир ооруларды айыктыруунун белгилүү бир жолу жок. Ошондуктан андай ооруну дарылоонун кайсы бир ыкмасы аябай жарнамаланып жатса, бирок анын жакшы экенине эч кандай далил жок болсо, ишенип калуудан сак болушубуз кажет. Пабыл ыйык рухтун жетеги менен: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп жазган (Флп. 4:5). Эстүүлүк бизге ден соолугубузду рухий иштерден жогору коюудан сактайт. Ден соолугубузду эле ойлой берсек, өзүмчүл болуп калышыбыз мүмкүн (Флп. 2:4). Андыктан рухий иштердин абдан маанилүү экенин жана азыркы дүйнөдө жеткилең ден соолукка ээ боло албай турганыбызды унутпайлы. (Оку: Филипиликтер 1:10.)

Көз карашыңды башкаларга таңуулабайсыңбы? (9-абзацты кара)

9. Римдиктер 14:13, 19-аяттарда жазылгандарды ден соолукка кам көрүүдө кантип колдонсок болот? Эмнеден улам жыйналыштын биримдигине коркунуч туулушу мүмкүн?

9 Эстүү бир тууган өз көз карашын башкаларга таңуулабайт. Европадагы бир жубайлар биокошулмалардын жана мүнөз тамактын бир түрүн аябай мактап, айрым ишенимдештерин ошол биокошулмаларды колдонууга көндүрүшкөн. Убакыттын өтүшү менен жакшы натыйжа болбогондуктан, көптөр аларга абдан нааразы болушкан. Албетте, ошол мүнөз тамакты жана биокошулмаларды ал жубайлардын өздөрүнүн колдонгону жаман деле эмес болчу. Бирок алардын өз көз карашын башкаларга таңуулап, жыйналыштын биримдигине коркунуч туудурганы акылдуулукка жатканбы? Байыркы убакта да Кудайдын Римдеги кызматчыларынын ортосунда белгилүү бир тамак-ашка жана кайсы бир күндөрдү белгилөөгө карата кайчы пикирлер туулган. Пабыл аларга кандай кеңеш берген? Ал: «Кимдир бирөө бир күндү башкасынан маанилүү деп эсептейт, башка бирөө болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт. Ар бир адам өз көз карашынын тууралыгына ынансын»,— деген. Ооба, эң негизгиси башкаларды мүдүрүлтпөшүбүз керек. (Оку: Римдиктер 14:5, 13, 15, 19, 20.)

10. Эмне үчүн башкалардын чечимин сыйлашыбыз кажет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Эгер ишенимдешибиздин абийирине жараша чыгарган чечимин түшүнбөй жатсак, аны дароо айыптап кирбешибиз же оюн өзгөртүшүм керек деп ойлобошубуз кажет. Балким, анын абийири «алсыз» жана жакшы үйрөтүлө элек болушу же кайсы бир нерсеге карата өтө сезимтал болушу мүмкүн (1 Кор. 8:11, 12). Же тескерисинче, өзүбүздүн абийирибизди текшеришибиз керектир. Анын аркасында абийирибиз Кудайдын принциптерине ылайык иштеши үчүн дагы  кайсы жактардан жакшыртсак болорун байкашыбыз мүмкүн. Кандай болбосун, ден соолугубузга байланыштуу чечимди ар бирибиз өзүбүз чыгарып, анын аркасынан келчү жоопкерчиликти кабыл ала билишибиз керек.

КАНТКЕНДЕ КӨҢҮЛ АЧУУ СЕРГИТЕРЛИК БОЛОТ?

11, 12. Көңүл ачуунун түрүн тандоодо Ыйык Китептеги кайсы кеңешти эске алуу керек?

11 Жахаба адамдарды көңүл ачып, андан пайда алгыдай кылып жараткан. Сулайман падыша: «Күлө турган убак бар,.. бийлей турган убак бар»,— деп жазган (Нас. 3:4). Бирок көңүл ачуунун баары эле пайдалуу, жан сергитерлик боло бербейт. Ошондой эле бат-баттан көңүл ача бергенибиз же ага абдан көп убакыт арнаганыбыз туура эмес болуп калмак. Анда канткенде көңүл ачуу сергитерлик, пайдалуу болот? Бул жагынан абийирибиз кандайча жардам берет?

12 Ыйык Китепте «күнөөгө баткан дененин иштеринен» алыс болушубуз керектиги эскертилет. Аларга «бузуктук, ыпыластык, уятсыз жүрүм-турум, бурканга табынуучулук, спиритизмге аралашуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачууга алдыруу, араздашуу, бөлүнүүчүлүк, сектачылык, ичи тарлык, аракечтик, жосунсуз той-тамашалар жана башка ушу сыяктуу нерселер» кирет. Пабыл: «Мындай иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт»,— деп жазган (Гал. 5:19—21). Андыктан ар бирибиз: «Атаандашуу, улутчулдук, зордук-зомбулук камтылган спорт оюндарына кандай карайм? Адеп-ахлаксыздык, аракечтик же спиритизм чагылдырылган фильмдерди көрүүгө азгырык пайда болгондо, абийирим эскертеби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң.

13. 1 Тиметей 4:8деги жана Накыл сөздөр 13:20дагы кеңештерди көңүл ачууда кантип колдонсок болот?

13 Ыйык Китепте көңүл ачууга жана эс алууга карата абийирибизди туура үйрөтүүгө жардам бере турган принциптер да бар. Алсак, анда: «Денени машыктыруунун пайдасы аз»,— делет (1 Тим. 4:8). Көптөр дайыма көнүгүү жасап туруу ден соолукту чыңдап, көңүлдү көтөрөрүн айтышат. Эгер башкалар менен чогуу көнүгүү жасагыбыз келсе, алардын кимдер экени маанилүүбү? Накыл сөздөр 13:20дан: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— дегенди окуйбуз. Мындан Ыйык Китеп боюнча калыптанган абийирибизге кулак кагып, чогуу убакыт өткөрө турган адамдарды тандай билгенибиз маанилүү экени көрүнүп турат.

14. Бир үй-бүлө Римдиктер 14:2—4-аяттарды кантип колдонгон?

14 Кристиан менен Даниеланын эки өспүрүм кызы бар. Кристиан мындай дейт: «Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде көңүл ачуу тууралуу изилдеп, анын айрым түрлөрү бизге ылайыктуу болсо, башкалары ылайыксыз экенин талкууладык. Ошондой эле кимдер жакшы чөйрө болорун сүйлөштүк. Кыздарыбыздын бири мектепте танапис учурунда айрым жаш ишенимдештерибиздин анын ою боюнча өздөрүн туура эмес алып жүрүшкөнүн жана ага башкалардан айырмалануу кыйын болгонун айтты. Биз кызыбызга ар бирибиздин абийирибиз бар экенин жана эмне кыларыбызды, ким менен кыларыбызды чечүүдө ага жетектелишибиз керектигин түшүндүрүп бердик». (Оку: Римдиктер 14:2—4.)

Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийириң туура эмес иштерден качууга жардам берет (14-абзацты кара)

15. Көңүл ачууну ойлонуштурууда Матай 6:33-аят кандайча жардам берет?

15 Көңүл ачууга качан убакыт бөлүп жатканыбызга да маани бергенибиз зарыл. Жашооңдо негизги орунда жыйналыш жолугушуулары, кабар айтуу иши, өздүк изилдөө сыяктуу теократиялык иштер турабы? Же биринчи орунга көңүл ачууну коюп, убактыңдын көбү ошого кетип жатабы? Сен үчүн кайсынысы  маанилүүрөөк? Иса Машаяк: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген (Мт. 6:33). Көңүл ачууну ойлонуштуруп жатканда Исанын ушул кеңешин эске аласыңбы?

КАБАР АЙТУУ ИШИНЕ ЫНТАЛУУ КАТЫШ

16. Абийирибиз бизге дагы эмне кылууга түрткү берет?

16 Туура тарбиялаган абийир жаман иштерден качууга эле эмес, жакшы иштерди кылууга да түрткү берет. Жакшы иштердин эң негизгиси — үймө-үй кабар айтуу жана ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, расмий эмес күбөлөндүрүү. Пабылга абийири так ушундай кылууга түрткү берген. Ал: «Бул — менин милдетим. Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!» — деп жазган (1 Кор. 9:16). Эгер андан үлгү алып, кабар айтуу ишине ынталуу катышсак, туура иш кылып жатканыбызды билип, абийирибиз тынч болот. Андан тышкары, жакшы кабарды жарыялоо менен маектешкен адамдарыбыздын абийирин ойготобуз. Пабыл: «Чындыкты жарыялап, Кудайдын алдында өзүбүздү бардык адамдардын абийирине үлгү болгудай алып жүрөбүз»,— деген (2 Кор. 4:2).

17. Жаклин кандайча Ыйык Китептин негизинде калыптанган абийирине ылайык иш кылган?

17 Мектептен биология сабагы өтүлө баштаганда, Жаклин 16 жашта болчу. Бир жолу сабактан эволюция теориясы майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн. Жаклин мындай дейт: «Абийирим талкууга башка учурдагыдай толук катышканга жол берген жок. Анткени эволюция теориясын колдой албайт болчумун. Ошол себептен агайыма көз карашымды түшүндүрүп бердим. Таң калыштуусу, ал айткандарымды туура кабыл алып, бүт класска жаратуу жөнүндө айтып беришимди сунуш кылды». Жаклин Ыйык Китептин негизинде калыптанган абийирине ылайык иш кылганына абдан кубанган. Сенин абийириң да туура иш кылууга түрткү береби?

18. Эмне үчүн абийирибизди курчутуп турушубуз керек?

18 Жахабанын мыйзам-принциптерине, нормаларына ылайык жашоону максат кылуу кандай сонун! Ал максатыбызга жетүүгө абийирибиз жардам берет. Ыйык Китепти дайыма кылдат изилдеп, окуп-билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонсок, абийирибиз барган сайын курчуй берет. Ошондо ал бизге ар убак туура багыт берип турат.

^ 7-абз. «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебинин 215—218-беттерин кара.