Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) СЕНТЯБРЬ, 2015

 ӨМҮР БАЯН

Жахабанын батасы жашоомду байытты

Жахабанын батасы жашоомду байытты

МЕН 1927-жылы Канаданын Саскачеван провинциясындагы Уэйко деген чакан шаарчада төрөлгөм. Биз төрт уул, үч кыз болгондуктан, кичинекейимен эле көп киши болуп жашаганга көнгөм.

1930-жылдары күч алган Улуу Депрессия деп аталган экономикалык каатчылык биздин үй-бүлөбүзгө да таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок бай жашабасак да, тамак-аштан өксүгөн жокпуз. Анткени уюбуз, тоокторубуз бар болгондуктан, дасторконубуздан жумуртка, сүт, каймак, май, сыр үзүлчү эмес. Фермадагы, үйдөгү иштерди аткарууда ар бирибиздин өз милдетибиз бар болчу.

Ошол күндөрдүн көбүн жылуу сезим менен эскерем. Күзүндө атам фермабызда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү шаарга алып барып сатып, кайра келатканда көбүнчө жашик толо алма ала келчү. Жаңы үзүлгөн алмалардын жыты буркурап, бөлмөбүз тим эле сонун жыттанып калар эле. Ошондой эле баарыбыз күн сайын даамдуу, ширелүү алма жеп жыргап калчубуз.

ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮН ЧЫНДЫК ЖОЛУНА ТҮШҮШҮ

Ата-энем чындыкты укканда, мен 6 жашта элем. Тун уулу Жонни төрөлгөнүнөн көп өтпөй эле чарчап калганда, сай сөөгү сыздаган ата-энем жергиликтүү дин кызматчыга барып: «Жонни азыр каякта?» — деп сурашыптыр. Дин кызматчы: «Балаңар чөмүлбөгөндүктөн, асманда эмес, лимбде *»,— деп жооп бериптир. Анан эгер акча беришсе, Жоннинин лимбден чыгып, асманга барышын сурап тиленерин айтыптыр. Ошондо ата-энем аябай иренжип, аны менен такыр сүйлөшкүс болуптур. Бирок алар Жоннини ойлоп, санаа тарта беришчү.

Күндөрдүн биринде апам Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепче алып келди. Аны ушунчалык кызыгып, кунт коюп окуп чыкты. Атам үйгө келгенде, апам жетине албай: «Мен Жоннинин каякта экенин билем! Ал азыр уктап жатат, бирок бир күнү ойгонот»,— деп сүйүнчүлөдү. Атам ошол кечте китепчени баштан аяк окуп чыкты. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн уктап жатканы жана келечекте тирилери жөнүндө жазылганын билип, ата-энем бир топ жеңилдеп калды (Нас. 9:5, 10; Элч. 24:15).

Алар чындыкты тапкандан тартып, үйүбүз шаңга бөлөнүп, жашообуз жакшы жакка өзгөрдү. Ата-энем Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, украиндер көп жашаган Уэйкодогу чакан жыйналышка бара баштады. Анан тез эле кабар айтуу ишине катыша башташты.

Ошондон көп өтпөй Британ Колумбиясына көчүп кеттик, ал жактагы жыйналыштагылар бизди жылуу тосуп алышты. Жекшемби күнү «Күзөт мунарасын» талкуулоого үй-бүлөбүз менен чогуу даярдануу мага аябай жакчу. Убакыт өткөн сайын баарыбыздын Жахабага, Ыйык Китептеги чындыкка болгон сүйүүбүз өсө берди. Жашообуз маңызга толуп, Жахабанын бизге батасын берип жатканын өз көзүм менен көрдүм.

 Албетте, бала кезибизде ишенимибиз тууралуу башкаларга айтуу оңой эмес болчу. Бирок сиңдим Ева экөөбүзгө айдын ичинде колдонула турган сунуштоо даярдоо жана аны кызмат жолугушуусунда көрсөтүп берүү көп тапшырылчу. Бул бизге уялчаак болгонубузга карабай башкалар менен Ыйык Китептин негизинде маектешкенди үйрөнүүгө чоң жардам берди. Бир туугандардын кабар айтканды үйрөткөнүнө абдан ыраазымын.

Бала чагыбызда толук убакыт кызмат кылган бир туугандардын үйгө келип, конуп калганы биз үчүн эстен кеткис учурлардан болчу. Алсак, Жэк Нейтан деген райондук көзөмөлчү жыйналышыбызга келгенде биздин үйгө токтогонун аябай жакшы көрчүбүз *. Ал көптөгөн кызыктуу окуяларды айтып берер эле. Анын чын жүрөктөн мактаганы бизге Жахабага ишенимдүү кызмат кылууга түрткү берген.

Кичинемде: «Кийин чоңойгондо Нейтан бир туугандай болом»,— деп кыялданчумун. Анын үлгүсү мени Жахабага толук убакыт кызмат кылууга даярдаганын кийин түшүндүм. 15 жашымда Жахабага кызмат кылууну чечип, 1942-жылы Ева экөөбүз чогуу чөмүлдүк.

ИШЕНИМИБИЗДИН СЫНАЛЫШЫ

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда патриотизм күч алып турган кезде, өзүнүкүнө төп келбеген ой-пикирди, көз карашты такыр сыйлабаган Скотт деген эжей эки сиңдим менен инимди желекке таазим кылбаганы үчүн мектептен чыгарып салды. Анысы аз келгенсип, эжейиме жолугуп, мени да мектептен чыгарып салганга үндөдү. Бирок эжейим ага: «Биз эркиндикти жактаган өлкөдө жашайбыз жана патриоттук иш-чараларга катышпай коюуга ар бирибиздин укугубуз бар»,— деп жооп берди. Скотт эжейдин кысым көрсөткөнүнө карабай ал: «Муну мен чечем»,— деп чечкиндүү түрдө айтты.

Ошондо Скотт эжей: «Жок, муну сен чечпейсиң. Эгер Мелитаны мектептен чыгарбасаң, үстүңөн арыз жазам»,— деди. Мугалимим ата-энеме жолугуп, кылганы туура эмес экенин түшүнүп турса да, жумушунан айрылып калбаш үчүн мени мектептен чыгарганга аргасыз болгонун түшүндүрдү. Ошентип, биз мектепте өтүлчү материалдарды үйдөн окуй баштадык. Көп узабай, 32 чакырымдай алыстыктагы жерге көчүп барып, ошол жактагы мектепке кирдик.

Согуш жылдарында адабияттарыбызга тыюу салынгандыктан, үймө-үй кабар айтканда Ыйык Китепти эле колдончубуз. Мунун аркасында Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо аны колдонуу жагынан дасыгып калдык. Бул бизге рухий жактан өскөнгө жана Жахабанын колдоосун сезгенге өбөлгө түздү.

ТОЛУК УБАКТАГЫ КЫЗМАТТЫ БАШТАШЫМ

Чач кыркканга шыктуу болчумун, бул үчүн атүгүл бир нече жолу сыйлык алгам

Ева экөөбүз мектепти бүтүрөрүбүз менен пионер болдук. Өзүмдү камсыз кылыш үчүн адегенде чоң дүкөндө сатуучу болуп иштедим. Үйдөгүлөрдүн чачын жасап, кыркып бергенди жакшы көргөндүктөн, кийинчерээк чач тарачтыкты үйрөнүш үчүн 6 айлык курска бардым. Аны бүткөндөн кийин сулуулук салонунда жумасына эки күн иштеп, айына эки жолу башкаларга чач кыркканды үйрөтө баштадым. Бул толук убакыт кызмат кылууга, ошол эле учурда өзүмдү каржылаганга шарт түздү.

1955-жылы Нью-Йоркко жана Германиянын Нюрнберг деген шаарына барып, «Жеңишке ээ болгон Падышалык» деген жыйындарга катышууну пландаштырдым. Нью-Йоркко жөнөрдүн алдында башкы башкармалыктан келген Нейтан Норр бир тууганга жолугуп калдым. Ал аялы экөө Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүлгөн  жыйынга келишкен эле. Бир туугандар менден анын жубайынын чачын кыркып берүүнү суранышкан болчу. Норр бир тууганга менин кыркканым жагып калып, мени менен жолуккусу келиптир. Алар менен сүйлөшүп отуруп Германияга барганга чейин Нью-Йоркко барарымды айттым. Ошондо ал мени Бруклиндеги Бейтелде 9 күн кызмат кылууга чакырды.

Нью-Йоркко жасаган саякатым жашоомду жаңы нукка бурду. Ал жактан Теодор (Тед) Ярач деген жаш бир тууган менен таанышып калдым. Кызыктуусу, экөөбүздүн таанышканыбызга аз эле болсо да, ал менден: «Сен пионерсиңби?» — деп сурады. Мен: «Жок»,— деп жооп бердим. Муну Лавонн деген курбумдун кулагы чалып калып: «Ооба, пионер»,— деп сөзгө аралашты. Тед түшүнбөй калып, Лавонндон: «Кимиңер жакшы билесиңер? Сенби же булбу?» — деп сурады. Мен пионер болуп жүргөнүмдү жана жыйындан баргандан кийин кайрадан улантарымды түшүндүрүп бердим.

РУХИЙ АДАМГА ТУРМУШКА ЧЫГЫШЫМ

Тед 1925-жылы АКШнын Кентукки штатында төрөлүп, 15 жашында өзүн Жахабага арнап, чөмүлүптүр. Үй-бүлөсүндөгүлөрдүн эч кимиси чындык жолуна түшпөсө да, эки жылдан кийин үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштаптыр. Бул анын дээрлик 67 жылга созулган толук убакыттагы кызматына таштаган алгачкы кадамы болгон.

1946-жылы июлда Тед 20 жашында Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин жетинчи классын бүтүргөн. Анан Огайо штатындагы Кливленд шаарында кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган. Төрт жылдай өткөндөн кийин, Австралиядагы филиалдын кызматчысы болуп дайындалган.

Тед да Германиянын Нюрнберг шаарында өткөн жыйынга катышып, экөөбүз бир нече убакыт чогуу болдук. Ошентип, ортобузда сүйүү оту тутанды. Анын Жахабага бүт жаны менен кызмат кылып жатканын, максаттарынын баары ошого байланыштуу экенин билип, аябай сүйүндүм. Ал ушунчалык берилген, кызматына олуттуу караган, бирок ошол эле учурда боорукер, жумшак бир тууган экен. Анын башкалардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коёру сезилип турду. Ошол жыйындан кийин Тед Австралияга, мен болсо кайра Ванкуверге кеттим. Бирок экөөбүз кат алышып турдук.

Австралияда баш-аягы беш жылдай кызмат кылгандан кийин Тед Кошмо Штаттарга кайтып барды. Андан соң пионер болуп кызмат кылыш үчүн Ванкуверге келди. Анын үйүмдөгүлөргө аябай жакканына кубандым. Майкл байкем мени башкалардан коргой берчү. Эгер кайсы бир байкенин мага көңүл буруп жатканын байкап калса, тынчсыздана баштачу. Бирок Тед ага бат эле жагып калды. Бир жолу байкем: «Мелита, сен жакшы жигит тааптырсың. Ага жакшы мамиле кыл. Аны жоготуп алба»,— деди.

1956-жылы баш кошуп, көптөгөн жылдар бою чогуу толук убакыт кызмат кылуудан кубаныч алдык

Тедди мен да аябай жакшы көрүп калдым. Экөөбүз 1956-жылы 10-декабрда баш коштук. Биз Ванкуверде, Калифорнияда чогуу пионер болуп кызмат кылгандан кийин Миссури жана Арканзас штаттарында кыдыруучулук ишти аткарууга дайындалдык. 18 жылдай жума сайын ар башка үйлөрдө түнөп, Кошмо Штаттардын чоң аймагын кыдырдык. Ал кызматыбызды аркалап жүргөндө көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болуп, бир туугандар менен пикирлешүүдөн зор кубаныч алдык. Улам бир жерге көчүп конуп жүрүү оңой болбосо да, кыдыруучулук кызматтан канааттануу алчубуз.

Мен Теддин, айрыкча, Жахаба менен болгон мамилесин эч качан боло жүргөн нерседей көрбөгөнүн жогору баалачумун. Ал ааламдын Эгедерине кылган ыйык кызматын кастарлай турган. Биз Ыйык Китепти чогуу окуп, изилдегенди жакшы көрчүбүз. Жатар алдында керебеттин жанына тизелеп турчубуз, анан ал экөөбүз үчүн тиленчү. Андан соң өз-өзүнчө тиленчүбүз. Мен Теддин жүрөгүн кайсы бир олуттуу маселе өйүп жатканын дайыма билер элем. Анткени андай учурларда ал  кайра туруп, тизе бүгүп, ичинен узакка тиленчү. Анын чоң болобу, кичине болобу, баарын Жахабага айтып тиленгенине аябай суктанчумун.

Үйлөнгөнүбүзгө бир нече жыл болгондо, Тед мага Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгени жатканын айтып: «Чынында эле Жахаба каалаган нерсени кылганы жатканыма ынаныш үчүн бул тууралуу жалындуу тилендим»,— деди. Анын асманда кызмат кылыш үчүн Кудайдын руху менен майланганына анча деле таң калган жокмун. Машаяктын бир туугандарынын бирине колдоо көрсөтө алганымды сыймык катары көрөм (Мт. 25:35—40).

ЫЙЫК КЫЗМАТТЫН ЖАҢЫ ТҮРҮ

1974-жылы Тед Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болууга чакырылды. Бул биз үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Убакыттын өтүшү менен Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылууга дайындалдык. Тед Жетектөөчү Кеңештеги милдеттерин аткарчу, мен болсо үй жыйначумун же чач тарач болуп кызмат кылчумун.

Теддин милдетине ар кайсы филиалдарды кыдыруу да кирчү. Ал айрыкча ишибизге тыюу салынган өлкөлөрдө, мисалы, Советтер Союзунун көзөмөлү астындагы Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кабар айтуу иши кандай жүрүп жатканына аябай кызыкчу. Швецияда өргүүдө жүргөнүбүздө, бир күнү: «Мелита, Польшада кабар айтуу ишине тыюу салыныптыр. Ал жактагы бир туугандарга жардам бергим келип жатат»,— деп калды. Ошондуктан виза алып, Польшага сапар тарттык. Ал жактан Тед кабар айтуу ишин жетектеген бир нече бир тууган менен жолугуп, алардын сөзүн эч ким укпашы үчүн, алыс жакка барып сүйлөштү. Алар көп нерселерди чечиш үчүн төрт күн бою кайра-кайра жолугушушту. Теддин рухий үй-бүлөсүнө жардам берүүдөн канааттануу алып жатканын көрүп, ушунчалык сүйүндүм.

Кийинки жолкусунда Польшага 1977-жылы ноябрда бардык. Ошондо ал жакка Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү расмий түрдө иш сапары менен биринчи жолу барышкан. Кабар айтуу ишине салынган тыюу алына элек болсо да, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Фредерик Френц, Дэниел Сидлик жана Тед ар кайсы шаарлардагы көзөмөлчүлөр, пионерлер, көп жылдан бери кызмат кылып келаткан ишенимдештер менен сүйлөшө алышты.

Тед жана башкалар ишибизге уруксат берилгенде Москвадагы Юстиция министрлигинин алдында түшкөн сүрөт

Бир жылдан кийин Милтон Хеншель менен Тед Польшага барып, биздин уюмга жана аткарган ишибизге мурункуга караганда жакшыраак көз карашта болуп калган бийлик башчылары менен сүйлөшүштү. Бийликтегилер 1982-жылы Польшада бир күндүк жыйындарды өткөрүүгө уруксат беришти. Кийинки жылы чоңураак жыйындар өткөрүлдү. Алардын көбү ижарага алынган имараттарда болуп өттү. Ишибизге тыюу салынганына карабай, 1985-жылы чоң стадиондордо төрт облустук жыйынды өткөрүүгө уруксат берилди. Андан да чоңураак жыйындарды өткөрүү пландаштырылып жатканда, Польшанын өкмөтү 1989-жылдын май айында Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин  расмий түрдө мыйзамдуу деп жарыялады. Бул Тедди чексиз кубандырган окуялардын бири болгон.

Польшада болгон облустук жыйын

ООРУ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

2007-жылы Түштүк Африкадагы филиалды арноо аземине баратып Англияга жеткенибизде, Теддин кан басымы жогорулап кетти. Доктур ага жолго чыкпай турса жакшы болорун айтты. Теддин абалы жакшырганда, кайра Кошмо Штаттарга жөнөдүк. Бирок бир нече жумадан кийин эле ал катуу инсульт алып, оң тарабы иштебей калды.

Тед оорусунан баш көтөргүчө бир топ убакыт өттү. Башында офиске да бара алчу эмес. Бирок биз анын тилден калбаганына абдан сүйүндүк. Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калганына карабай, мурда кылып жүргөн иштерин аткарууга, атүгүл жума сайын бөлмөбүздөн Жетектөөчү Кеңештин жолугушууларына телефон аркылуу катышууга аракет кылып турду.

Тед Бейтелдеги бир туугандардын ага медициналык жактан кам көргөнүнө терең ыраазы болчу. Бара-бара анын кыймыл-аракети дээрлик баштагыдай болуп, айрым теократиялык милдеттерин аткарууга жарап калды. Ал дайыма көңүлдүү жүрөр эле.

Үч жылдан кийин Тед экинчи жолу инсульт алып, 2010-жылы 9-июнда, шаршемби күнү, көз жумду. Анын акыр-аягы жердеги сапарын аяктаарын билсем да, андан айрылганда канчалык кыйналганымды, аны канчалык сагынып жатканымды сөз менен айтып жеткире албайм. Ошентсе да Тедге колдоо көрсөтө алганым үчүн Жахабага күн сайын рахмат айтам. Биз чогуу 53 жылдан ашуун толук убакыт кызмат кылдык. Тед мага асмандагы Атама жакындоого жардам берди. Бул үчүн Жахабага ыраазымын. Мен Теддин жаңы дайындоосунан зор кубаныч алып жатканына эч шектенбейм.

ЖАШООМДОГУ ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Бейтелдеги чач тарачта кызмат кылып, башкаларды үйрөтүүдөн зор кубаныч алдым

Жолдошум менен көп жылдар бою кызыктуу, кубанычтуу күндөрдү өткөргөндөн кийин, учурдагы кыйынчылыктарга ылайыкташуу оңой болгон жок. Тед экөөбүз Бейтелге жана Падышалык залына келгендер менен сүйлөшкөндү жакшы көрчүбүз. Азыр сүйүктүү жан шеригим жанымда жок, мурункудай күүлүү-күчтүү да эмесмин. Ошондуктан катышкан кишилерим азайды. Ошентсе да Бейтелдеги жана жыйналыштагы ишенимдештерим менен пикирлешкенди жакшы көрөм. Албетте, Бейтелдеги графикке кармануу оңой эмес, бирок Кудайга ушундай жол менен кызмат кылуу мага кубаныч тартуулайт. Кабар айтканды мурдагыдай эле жакшы көрөм. Бат эле күчүм кетип, көпкө басып жүрө албасам да, көчөдө кабар айтуудан жана ыйык китептик изилдөө өткөрүүдөн канааттануу алам.

Дүйнөдө болуп жаткан үрөй учурарлык иштерди көргөндө Жахабага ушундай асыл киши менен чогуу кызмат кылганыма абдан сүйүнөм! Жахабанын батасы жашоомду, чындап эле, байытты (Накыл 10:22).

^ 8-абз. Лимб — Рим-католик чиркөөсүнүн окуусу боюнча, чөмүлбөгөн жакшы кишилер жана кичинекей балдар өлгөндөн кийин, алардын жаны бара турган жер.

^ 13-абз. Жэк Нейтан бир туугандын өмүр баяны 1990-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 10—14-беттерине чыккан.