Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) СЕНТЯБРЬ, 2015

Жахаба бизге кандай жолдор менен сүйүү көрсөтөт?

Жахаба бизге кандай жолдор менен сүйүү көрсөтөт?

«Карагылачы,.. асмандагы Атабыз бизге кандай зор сүйүү көрсөттү» (1 ЖКН. 3:1).

ЫРЛАР: 91, 13

1. Элчи Жакан ишенимдештерин эмне кылууга үндөгөн жана эмне үчүн?

ЭЛЧИ ЖАКАНДЫН 1 Жакан 3:1деги сөздөрү тууралуу терең ой жүгүрткөнүбүз абдан маанилүү. Ал: «Карагылачы,.. асмандагы Атабыз бизге кандай зор сүйүү көрсөттү»,— деп айтып, ишенимдештерин Кудайдын аларды канчалык жакшы көрөрү жана анын сүйүүсүнүн тереңдиги, кеңдиги тууралуу ой жүгүртүүгө үндөгөн. Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн түшүнсөк, аны ого бетер жакшы көрүп, ага мурдагыдан да жакындайбыз.

2. Эмне үчүн айрымдарга Кудайдын аларды сүйөрүн түшүнүү кыйынга турат?

2 Анткен менен айрымдарга Кудай адамдарды сүйөт деген түшүнүк жат нерсе. Алар Кудайды талапты катуу койгон, баш ийбегендерди жазалаган бирөөдөй элестетишет. Кан-жанына сиңип калган жалган окуулардан улам Кудайды таш боор деп ойлоп, аны сүйүү мүмкүн эмес деп эсептешет. Кээ бирөөлөр, тескерисинче, кандай иш кылбайлы, Кудай баарына көз жумуп, бизди сүйө берет деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында биз Жахаба жөнүндө так билим  алдык. Биз анын эң негизги сапаты сүйүү экенин жана бизди ушунчалык сүйгөндүктөн Уулун кун катары бергенин билдик (Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:8). Ошентсе да чоңойгон чөйрөбүздөн же алган тарбиябыздан улам айрымдарыбызга Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн түшүнүү кыйын болушу мүмкүн.

3. Кудайдын бизди сүйөрүн түшүнүш үчүн адегенде эмнени түшүнүшүбүз керек?

3 Жахаба бизге кандай жолдор менен сүйүү көрсөтөт? Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде анын бизди жаратканын түшүнүшүбүз зарыл. Ал баарыбызга өмүр берген. (Оку: Забур 100:3—5.) Ошондуктан Ыйык Китепте Адам атанын «Кудайдын уулу болгону» айтылат (Лк. 3:38). Иса Машаяк да жолдоочуларына Кудайга «асмандагы Атабыз» деп кайрылуу керектигин үйрөткөн (Мт. 6:9). Бизге өмүр бергендиктен Жахаба биздин Атабыз болуп эсептелет. Андыктан аны менен болгон мамилебизди ата менен баланын ортосундагы мамилеге салыштырууга болот. Ал бизди мээримдүү атадай жакшы көрөт.

4. а) Жахаба кандай Ата? б) Ушул жана кийинки макалада эмне тууралуу сөз жүрөт?

4 Жахабадан айырмаланып, биздин аталарыбыз жеткилең эмес. Канчалык аракет кылышпасын, алар Жахабанын сүйүүсүн толугу менен чагылдыра алышпайт. Кейиштүүсү, айрымдар үй-бүлөсүндө болгон жагымсыз окуялардан улам бала чагын жаман сезим менен эскеришет. Атасынын катаал мамилеси атүгүл кээ бирөөлөрдүн жүрөгүндө өчпөс так калтырган. Албетте, Жахаба бизге эч качан андай мамиле кылбайт (Заб. 27:10). Анын бизди сүйөрүн жана бизге кам көрөрүн билүү ага жакындатары күмөнсүз (Жкп. 4:8). Бул макалада Жахабанын бизди сүйөрүнүн төрт далилин карап чыгабыз. Ал эми кийинкисинде аны сүйөрүбүздү кайсы төрт жол аркылуу көрсөтө аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБА БИЗГЕ МЭЭРИМДҮҮЛҮК МЕНЕН КАМ КӨРӨТ

5. Элчи Пабыл афиндиктерге Кудай тууралуу эмне деген?

5 Элчи Пабыл Грециянын Афин шаарына барганда ал жак буркандарга жык толгонун көргөн. Эл ошол жалган кудайлар аларга өмүр берип, жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылган деп ишенишкен. Пабыл аларга: «Дүйнөнү жана андагынын баарын жараткан Кудай... өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет... Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз»,— деп айткан (Элч. 17:24, 25, 28). Ооба, сүйүүсүнөн улам Жахаба бизге жашообузга керектүү нерселердин «бүт баарын» берген. Бул өз ичине эмнелерди камтырын ойлонуп көрсөң.

6. Жер планетасы кандайча Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн чагылдырып турат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Мисалга Жахаба «адам баласына берген» Жер планетасын алалы (Заб. 115:15, 16). Окумуштуулар Жерге окшош башка планеталарды табыш үчүн космосту изилдөөгө эмне деген акча-каражат сарптап жатышат. Жүздөгөн планеталар табылганы менен, алардын биринде да биздин көгүлтүр планетабыздагыдай тиричилик үчүн зарыл болгон шарттардын жок экени окумуштуулардын оюн ойрон кылып келет. Кудай ай-ааламдагы планеталардын арасынан Жерди өзгөчө кылып жараткан көрүнөт. Элестетсең, Саманчынын жолу жана башка галактикалардагы сансыз планеталардын ичинен Жахаба жерди тек гана адам баласы жашагыдай кылып эмес, аны аябай кооз, ыңгайлуу жана коопсуз үйдөй кылып жараткан (Ыш. 45:18). Бул анын бизди абдан сүйөрүн көрсөтүп турат. (Оку: Аюп 38:4, 7; Забур 8:3—5.)

7. Бизди жаратканынан Жахабанын сүйүүсү кандайча айкын көрүнүп турат?

7 Ажайып кооз планетада жашасак  да, толугу менен бактылуу болушубуз үчүн бизге андан башка нерселер да керек экенин Жахаба жакшы билет. Бала ата-энесинин сүйүүсүнө, мээримине бөлөнгөндө гана өзүн чындап коопсуз сезет. Анын сыңарындай, биз Жахабанын сүйүүсүн сезип, аны сүйөрүбүздү көрсөткөндө гана бактылуу болобуз. Ошондуктан Жахаба адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан (Башт. 1:27). Иса: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан (Мт. 5:3). Ырас, «ырахаттанып жашашыбыз үчүн», камкор Ата катары Жахаба бизге материалдык жактан да, рухий жактан да «баарын мол берген» (1 Тим. 6:17; Заб. 145:16).

ЖАХАБА БИЗГЕ ЧЫНДЫКТЫ АЧЫП БЕРҮҮДӨ

8. Эмне үчүн «чындыктын Кудайы» бизди сүйөт деп айта алабыз?

8 Ата балдарын жакшы көрөт жана алардын түз жолдон адашып же башкаларга алданып калышын каалабайт. Тилекке каршы, көптөгөн ата-энелер Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашабагандыктан балдарына туура жетекчилик бере алышпайт. Мунун арты көп учурда кесепеттүү болот (Накыл 14:12). Бирок Жахаба — «чындыктын Кудайы» (Заб. 31:5). Ал балдарын жакшы көрөт жана аларга жашоонун бардык тармагында, айрыкча, өзүнө сыйынууда жетекчилик бериш үчүн чындыктын жарыгын жаркыратууда. (Оку: Забур 43:3.) Жахаба бизге кайсы чындыкты ачып берген жана бул кандайча анын сүйүүсүн тастыктап турат?

Аталар балдарын чындыкка окутуп, аларга асмандагы Атасы менен дос болууга жардам берүү менен Жахабадан үлгү алышат (8—10-абзацтарды кара)

9, 10. Жахабанын өзү жана биз жөнүндө чындыкты ачып бергенинен кандайча сүйүүсү көрүнүүдө?

9 Жахаба, эң алгач, өзү жөнүндө чындыкты ачып берген. Анын ысмы Ыйык Китепте башка бардык ысымдардан алда канча көп кездешет. Ысмы ким экенин ачып берүү менен Жахаба өзү жөнүндө билишибизди каалаарын көрсөтүүдө (Жкп. 4:8). Ошондой эле ал өзүнүн кандай Кудай экенин, касиет-сапаттарын ачып берүүдө. Кең аалам анын зор күчүнөн жана акылмандыгынан кабар берсе, Ыйык Жазма анын адилеттүүлүгүн жана чексиз сүйүүсүн айкын кылат (Рим. 1:20). Ал күчтүү, акылдуу эле эмес, адилеттүү, мээримдүү атадай болуп, балдарынын өзүнө оңой кайрылышын, аны менен ынак мамиле өрчүтүшүн каалайт.

10 Жахаба биз жөнүндө чындыкты ачып берүү менен да жыргалчылыгыбызды ойлоорун көрсөткөн. Ал биздин анын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөсү экенибизди жана бири-бирибиз менен биримдикте, ынтымакта кызматташыш үчүн эмне талап кылынарын түшүндүрүүдө. Ыйык Китептен адамдар Кудайдын жетегисиз өзүнө туура багыт бере албай турганын жана бул чындыкты четке кагуу каргашалуу болорун билдик (Жер. 10:23). Биз үчүн эмне жакшы экенин Жахаба эң сонун билет. Анын бийлигине баш ийгенде гана тынчтыкта жашап, бактылуу боло алабыз. Ушундай маанилүү чындыкты ачып берүү менен Жахаба бизди абдан сүйөрүн далилдеген.

11. Жахабанын кайсы убадасы анын бизди жакшы көрөрүн тастыктап турат?

11 Боорукер ата балдарынын келечегине тынчсызданат жана алардын жашоосу маңыздуу болушун самайт. Өкүнүчтүүсү, бул дүйнөдө көптөгөн адамдар эртеңки күнү кандай болорун билишпейт же өмүрүн чындап пайда алып келбей турган нерселерге арнашат (Заб. 90:10). Жахаба болсо бизге жаркын келечекти убада кылган. Мунун аркасында биз анын сүйүүсүн сезип, жашообуз азыртадан эле маңыздуу өтүүдө.

ЖАХАБА БАЛДАРЫН НАСААТТАП, ОҢДОП-ТҮЗӨЙТ

12. Жахаба Кабылга жана Барухка кеңеш берүү менен кандайча аларды жакшы көрөрүн айгинелеген?

12 Кабыл терс сезимдерге алдырып,  жаман иш кылганы жатканда, Жахаба ага: «Эмнеге ачууландың? Эмне үчүн өңүң кумсарып кетти? Эгер жакшы иш кылсаң, сени жактырбай коёмбу?.. Сен [күнөөгө] үстөмдүк кыласыңбы?» — деп, өз маалында кеңеш берген (Башт. 4:6, 7). Тилекке каршы, Кабыл берилген кеңешти четке кагып, колу менен кылганды мойну менен тарткан (Башт. 4:11—13). Жеремиянын катчысы Барух туура эмес ой жүгүрткөндөн улам ындыны сууп, көңүлү чөккөндө, көз карашын оңдоого жардам бериш үчүн Жахаба ага да акыл айткан. Кабылдан айырмаланып, Барух Кудайдын кеңешин кабыл алып, натыйжада алааматтан аман калган (Жер. 45:2—5).

13. Жахаба эмне үчүн ишенимдүү кызматчыларынын кыйынчылыктарга туш болушуна жол берген?

13 «Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт, кимди уулу катары кабыл алса, ошону сабайт»,— деп жазган Пабыл (Евр. 12:6). Бирок жазалоо деген сөзсүз эле кимдир бирөөгө кылган иши үчүн тиешесин берүүнү билдирбейт. Анын ар кандай түрлөрү бар. Ыйык Китепте Жахабанын оор сыноолорго туш болуп, ошондон көп нерсеге үйрөнгөн ишенимдүү кызматчылары жөнүндө жазылган. Мисалы, анда Жусуптун, Муса пайгамбардын, Дөөтү падышанын жашоосу тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин баяндалган. Жахабанын аларды кыйын учурларда кантип колдогону жана кийин абдан зор иштерде кандайча колдонгону жөнүндө окуунун аркасында анын өзүнүн кызматчыларын сүйөрүнө ынанабыз. (Оку: Накыл сөздөр 3:11, 12.)

14. Туура эмес иш кылып алганыбызда, Жахаба сүйүүсүн кантип көрсөтөт?

14 Туура эмес иш кылып алсак да, Жахаба бизге сүйүүсүн көрсөтөт. Эгер  ал оңдоп-түзөгөндө, насаатын кабыл алып, өкүнсөк, бизди «айкөлдүк менен кечирет» (Ыш. 55:7). Бул эмнени билдирет? Дөөтү падыша: «Ал сенин айыбыңдын баарын кечирет, дартыңдын баарын айыктырат. Өмүрүңдү көрдөн куткарат, сени мээримдүүлүгү менен кайрымдуулугуна бөлөйт... Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо, ал бизден кылмыштарыбызды ошончолук алыстатты» — деп, Жахабанын ушунчалык кечиримдүү экенин сонун сүрөттөгөн (Заб. 103:3, 4, 12). Келгиле, Жахаба насааттаганда же оңдоп-түзөгөндө, бул анын сүйүүсүнүн белгиси экенин унутпай, дароо өзгөргөнгө дилгир бололу (Заб. 30:5).

ЖАХАБА БИЗДИ КОРГОЙТ

15. Жахаба өзүнүн элин жогору баалаары эмнеден көрүнүп турат?

15 Жакшы ата үй-бүлөсүн ар кандай кооптуу нерселерден коргойт. Асмандагы Атабыз Жахаба да так ошондой кылат. Ал жөнүндө забурчу: «Ал ишенимдүү кызматчыларынын жанын сактайт, аларды ыймансыздардын колунан куткарат»,— деген (Заб. 97:10). Көзүбүз тууралуу ойлонуп көрөлү. Көзүбүзгө кандайдыр бир нерсе коркунуч туудурса, аны дароо коргойбуз. Ошол сыяктуу эле, Жахаба өз элин көздүн карегиндей коргойт. (Оку: Закарыя 2:8.) Анткени аларды жогору баалайт.

16, 17. Жахаба өзүнүн элин кантип коргоорун айтып бер.

16 Жахаба элин периштелери аркылуу да коргойт (Заб. 91:11). Байыркы убакта бир эле периште Иерусалимге кол салганы жаткан ашурлуктардын 185 000 жоокерин бир түндүн ичинде кырып салган (2 Пад. 19:35). Кийинчерээк Жахаба периштелерин колдонуп, элчи Петирди, Пабылды жана башка шакирттерди түрмөдөн бошоткон (Элч. 5:18—20; 12:6—11). Бүгүнкү күндө анын колу кыскарып калган жок. Африканын бир өлкөсүндө саясий жана диний кагылышуу болуп, мыкаачылык, талап-тоноо, зордуктоо, киши өлтүрүү күч алып, баш аламандык өкүм сүргөн. Ал жактагы ишенимдештерибиз колунда болгон нерсесинин баарынан айрылса да, эч кимиси өлгөн эмес. Башкы башкармалыктын өкүлү бир туугандардан кантип жан сакташканын сураганда, алар жылуу жылмайып: «Жахабанын жардамы менен баары жакшы болду!» — деп жооп беришкен. Ооба, алар Кудайдын сүйүүсүн сезишкен.

17 Жахабанын кээ бир ишенимдүү кызматчылары, алсак, Степан душмандардын колунан өлгөн. Кудай ушундай окуяларга жол берсе да, Шайтандын айла-амалдары тууралуу өз маалында эскертип, жалпы элин коргоп келет (Эф. 6:10—12). Маселен, ал өзүнүн Сөзү жана ага негизделген адабияттар аркылуу байлыкка умтулуунун, адеп-ахлаксыздык менен зордук-зомбулук чагылдырылган көңүл ачуунун, Интернетти туура эмес колдонуунун жана башка нерселердин кооптуу жактарын эскертип турат. Ал камкор Атадай болуп, элинин коопсуздугун, жыргалчылыгын ойлойт.

ЗОР СЫЙМЫК

18. Жахабанын сени сүйөрүн билүү сага кандай таасир этти?

18 Жахабанын бизге кантип сүйүү көрсөтөрүнүн айрым эле жолдорун карап чыгуунун аркасында Муса пайгамбардыкындай сезимде болгонубуз шексиз. Ал көп жылдарга созулган кызматы тууралуу ой жүгүртүп, Жахабага: «Өмүр бою кубанып, шаттанып жашашыбыз үчүн, бизди эртең менен мээримдүүлүгүңө кандыр»,— деп айткан (Заб. 90:14). Жахабанын кантип сүйүү көрсөтөрүн түшүнүү жана анын сүйүүсүн сезүү биз үчүн зор сыймык. Элчи Жакандай болуп, биз да: «Асмандагы Атабыз бизге кандай зор сүйүү көрсөттү»,— деп айтууга түрткү алдык (1 Жкн. 3:1).