Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ 2015

«Куткарылууңарга аз калды»!

«Куткарылууңарга аз калды»!

«Боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калды» (ЛК. 21:28).

ЫРЛАР: 133, 43

[TEACHING BOX]

1. Б. з. 66-жылы кандай окуялар болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 66-жылы. Өзүңдүн ошол убакта Иерусалимде Жахабага кызмат кылып жатканыңды элестетсең. Айлана-тегерегиңде ар кандай окуялар болуп жатат. Жакында эле Рим прокуратору Флор ыйык ибадаткананын казынасынан 17 талант алып кетти. Ага кыжыры кайнаган жүйүттөр дароо көтөрүлүш чыгарып, римдиктердин Иерусалимде жайгашкан аскерин кырып, өздөрүнүн Римден көз карандысыз экенин жарыялашты. Бирок Рим өкмөтү да кол куушуруп отура берген жок. Үч эле айдын ичинде Римдин Сириядагы башкаруучусу Цестий Галл 30 000 жоокерди баштап келип, Иерусалимдин чет-жакаларын басып алды. Артка чегинген жүйүт козголоңчулар баш калкалаш үчүн ибадаткананын сепилине кире качышты. Римдиктер болсо ибадаткананы курчаган дубалдын түбүн каза башташты. Шаардын тургундарын коркунуч басып, дүрбөлөң түшүүдө. Ушунун баарын өз көзүң менен көргөндө кандай сезимде болот элең?

2. Б. з. 66-жылы Исанын жолдоочулары эмне кылышы керек эле жана бул кандайча мүмкүн болгон?

2 Ошол учурда Иса пайгамбардын: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле»,— деген  сөздөрүн эстемек болушуң керек (Лк. 21:20). Бирок Иса андан ары: «Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин»,— деп айткан болчу (Лк. 21:21). Андыктан: «Иерусалимди жер жайнаган аскерлер курчап турса, кантип ал эскертүүгө ылайык иш кылам?» — деп бушайман болмоктурсуң. Бирок ошол убакта таң калыштуу бир окуя болот: Рим аскери күтүлбөгөн жерден Иерусалимден чегине баштайт. Ошентип, алдын ала айтылгандай, алар сокку ура турган «күндөр кыскартылат» (Мт. 24:22). Эми Исанын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сен бир да мүнөттү текке кетирбей, Иерусалимдеги жана анын тегерек-четиндеги ишенимдүү бир туугандарың менен чогуу Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү тоолуу аймакка качып жөнөйсүң *. Б. з. 70-жылы Рим аскери Иерусалимге кайтып келип, анын күлүн көккө сапырат. Сен болсо Исанын айткандарына кулак каккандыктан аман калдың.

3. Жакын арада кандай жагдайга туш болобуз? Бул макалада эмнеге токтолобуз?

3 Жакын арада ар бирибиз 1-кылымдагы ишенимдештерибиздикине окшогон жагдайга кабылабыз. Иса Машаяк жолдоочуларына Иерусалимдин кыйратылары жөнүндө эле эскертип койгон эмес. Ал 1-кылымда болгон ошол окуяларды алдын ала айтуу менен «улуу алаамат» капысынан башталганда кандай окуялар болорун да көрсөткөн (Мт. 24:3, 21, 29). Бизди кубандырган нерсе, дүйнө жүзү боюнча боло турган улуу алааматтан «эбегейсиз көп адамдар» аман өтөт. (Оку: Аян 7:9, 13, 14.) Алдыдагы окуялар тууралуу Ыйык Китепте эмнелер жазылган? Улуу алааматтан аман өтүш үчүн бул суроого жооп алганыбыз маанилүү. Анда эмесе, ал окуялардын ар бирибизге кандай тиешеси бар экенине кененирээк токтололу.

УЛУУ АЛААМАТТЫН БАШТАЛЫШЫ

4. Улуу алаамат кайсы окуя менен башталат жана бул кандайча болот?

4 Улуу алаамат кантип башталат? Бул суроого Аян китебиндеги «Улуу Бабылдын» кыйратылары жөнүндөгү билдирүүдөн жооп ала алабыз (Аян 17:5—7). Ал жерде жалган диндин сойкуга салыштырылганы абдан орундуу болгон. Анткени жалган диндердин жетекчилери бул дүйнөнүн башкаруучулары менен ойноштук кылып келишет. Алсак, Иса Машаякты жана анын Падышалыгын жактагандын ордуна алар бийликтегилерге колдоо көрсөтүшөт, ошондой эле саясатка таасир эте алыш үчүн Ыйык Китептеги принциптерди буза беришет. Алардын жана кызга салыштырылган, өздөрүн таза сактаган майлангандардын ортосундагы айырма асман менен жердей (2 Кор. 11:2; Жкп. 1:27; Аян 14:4). Сойку катары сүрөттөлгөн Улуу Бабылды ким жок кылат? «Кудай өзүнүн оюн аткарууну» «кыпкызыл жырткычтын» «он мүйүзүнүн» жүрөгүнө салат. Кыпкызыл жырткыч Бириккен Улуттар Уюмун, ал эми он мүйүз ага колдоо көрсөтүп жаткан бардык саясий бийликтерди билдирет. (Оку: Аян 17:3, 16—18.)

5, 6. Улуу Бабылдын кыйратылышы ага кирген диндерди туткан бардык адамдардын өлтүрүлөрүн билдиреби? Түшүндүргүлө.

5 Улуу Бабылдын кыйратылышы ага кирген диндерди туткан бардык адамдардын өлтүрүлөрүн билдиреби? Сыягы, андай деле эмес. Закарыя пайгамбардын ыйык рухтун жетеги менен ошол убак тууралуу эмне деп жазганын карап көрөлү. Мурун жалган динди тутуп жүргөн бирөө жөнүндө сөз кылып, Закарыя мындай деген: «[Ал]: „Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени жаш кезимде  бирөө сатып алган“,— дейт. Ошондо андан: „Денеңдеги жарааттар эмне болгон жарааттар?“ — деп сурашат. Ал: „Мени мени абдан жакшы көргөндөрдүн үйүндө сабашты“,— деп айтат» (Зак. 13:4—6). Мындан көрүнүп тургандай, кыязы, айрым диний жетекчилер дининен баш тартышы, атүгүл аны тутуп жүргөнүн танышы мүмкүн.

6 Ал эми ошол учурда Кудайдын эли эмне болот? Иса: «Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, эч ким куткарылмак эмес. Бирок тандалгандар үчүн ал күндөр кыскартылат»,— деп айткан (Мт. 24:22). Жогоруда талкуулангандай, б. з. 66-жылы алаамат күндөрү «кыскартылган». Анын аркасында Иерусалимдеги жана анын тегерек-четиндеги «тандалгандар» — Исанын майланган жолдоочулары — качып кетишкен. Ошо сыяктуу эле, келечектеги улуу алааматтын алгачкы баскычы тандалгандар үчүн «кыскартылат». Саясий бийликтерди билдирген «он мүйүзгө» Кудайдын элин тыптыйпыл кылууга жол берилбейт. Ошол убакта кыска мөөнөткө тынчыраак мезгил болот.

СЫНАЛА ТУРГАН ЖАНА ӨКҮМ ЧЫГАРЫЛА ТУРГАН УБАК

7, 8. Жалган диндер жок кылынгандан кийин эмне болот жана ошол убакта Кудайдын ишенимдүү кызматчылары башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

7 Жалган диндер жок кылынгандан кийин эмне болот? Ал убакта жүрөгүбүздө чынында эмне бар экени ачыкка чыгат. Адамдардын басымдуу бөлүгү «тоолордогу аскаларга» салыштырылган уюмдардан коргоо издешет (Аян 6:15—17). Жахабанын эли болсо андан баш маана издешет. 1-кылымда алаамат күндөрү «кыскартылганда», жүйүттөр массалык түрдө өздөрүнүн динин таштап, Машаяктын жолдоочусу болуп калышкан эмес. Ал убак Машаяктын жолдоочулары үчүн анын эскертүүсүнө ылайык иш-аракет кылчу убак болгон. Анын сыңарындай, биз улуу алааматта «күндөр кыскартылганда» көп адамдар чындык жолуна түшөт деп күтпөйбүз. Ал мезгил Жахабаны сүйөрүбүздү жана Машаяктын бир туугандарын колдоорубузду көрсөтө турган убак болот (Мт. 25:34—40).

8 Ишенимибиз сынала турган ал учурда эмнелер болорун толук билбейбиз, бирок кайсы бир нерселерибизден баш тартууга туура келери анык. 1-кылымдагы бир туугандарыбыз аман калыш үчүн мал-мүлкүн таштап кетишкен жана ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечиришкен (Мр. 13:15—18). Ишенимдүү бойдон калыш үчүн биз да материалдык нерселерибизден баш тартууга даярбызбы? Жахабага болгон берилгендигибизди сакташ үчүн эмне талап кылынса, ошонун баарын кылууга дилгир болобузбу? Элестетсеңер, ошол убакта биз гана, Даниел пайгамбарга окшоп, эч нерсеге карабай Жахабага сыйына беребиз (Дан. 6:10, 11).

9, 10. а) Кудайдын эли улуу алааматта эмне тууралуу жарыялайт? б) Бул душмандарга кандай таасир этет?

9 Ал убак Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды тарата турган убак болбойт. Себеби ал кезде кабар айтчу мезгил өтүп кетип, «дүйнө түзүлүшүнүн акырына» аябай аз калган болот (Мт. 24:14). Анткен менен Кудайдын эли анын сот өкүмүн тайманбастык менен жарыялайт. Бул өз ичине Шайтандын бузулган дүйнөсү түп-орду менен жок болорун жарыялоону да камтышы мүмкүн. Ыйык Китепте ал кабар мөндүргө салыштырылып: «Асмандан адамдардын үстүнө ар биринин салмагы таланттын салмагындай болгон мөндүр жаады. Алар мөндүр түрүндөгү балээ үчүн Кудайга акарат кылышты, анткени бул аябай чоң балээ эле»,— деп жазылган (Аян 16:21).

10 Кудайдын элинин иш-аракетин душмандар байкабай койбойт.  Магок жеринен чыккан Гоктун — улуттардын бирикмесинин — эмне кылары тууралуу Жезекиел пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен бул сөздөрдү жазган: «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ошол күнү жүрөгүңө ар кандай ойлор келип, кыянаттык кылууну ойлойсуң. “Чепсиз айылдар жайгашкан жерге каршы чыгам. Тынч, коопсуз жашагандарга барам, алардын дубалы да, эшиги да, эшик бекиткичи да жок”,— дейсиң. Сен олжолуу кайтууну, талап-тоноону, кайрадан эл отурукташкан урандыларга, ар кайсы элдерден чогулган элге — жердин борборунда жашап, байлык менен мүлк топтоп жаткандарга — кол салууну көздөйсүң» (Жез. 38:10—12). Кудайдын эли каймана мааниде башкалардан өзгөчөлөнүп, «жердин борборунда жашап» жаткандай болот. Бул элдердин кыжырын кайнатат. Ошондуктан алар майлангандарга жана аларга колдоо көрсөткөн башка койлорго кол салууга умтулат.

11. а) Улуу алааматта кандай окуялар болорун карап жатканда эмнени эске алышыбыз керек? б) Асманда боло турган жышаандарды көргөндө адамдар эмне болот?

11 Андан ары эмнелер болорун карап жатканда Кудайдын Сөзүндө ал окуялардын кандай тартипте өрчүй турганы так айтылбаганын эске алышыбыз керек. Балким, айрым окуялар бир учурда болушу мүмкүн. Иса пайгамбар бул дүйнөнүн акыры жөнүндө айтып жатып мындай деген: «Күндө, айда, жылдыздарда ар кандай жышаандар болот. Деңиз күркүрөп, алай-дүлөй түшкөндүктөн, жер бетинде элдер эмне кыларын билбей катуу кыйналышат. Асман күчтөрү солкулдагандыктан, адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышат. Ошондо алар адам Уулунун асмандагы булуттардын ичинде күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт» (Лк. 21:25—27; оку: Марк 13:24—26). Бул сөздүн түз маанисинде асманда коркунучтуу жышаандар, кубулуштар болорун билдиреби? Муну убакыт көрсөтөт. Кандай болбосун, ал жышаандар Кудайдын душмандарынын тынчын алып, үрөйүн учурат.

Биз куткарыларыбызга эч шектенбей, келечекке ишенимдүү карайбыз (12, 13-абзацтарды карагыла)

12, 13. а) Иса Машаяк «күч-кубат жана улуу даңк менен келгенде», эмне болот? б) Ошол убакта Кудайдын кызматчылары эмне кылышат?

12 Иса Машаяк «күч-кубат жана улуу даңк менен келгенде», эмне болот? Ал Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берет, ал эми ыймансыздарды жазалайт (Мт. 24:46, 47, 50, 51; 25:19, 28—30). Матай жазган Инжилге ылайык, Иса акыркы күндөрдүн белгиси жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аягында койлор менен эчкилер тууралуу мисал айткан. Ал: «Адам Уулу өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат. Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат. Ал, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлөт. Койлорду оң жагына, эчкилерди сол жагына топтойт»,— деген (Мт. 25:31—33). Койлорго жана эчкилерге кандай өкүм чыгарылат? Иса: «Алар [эчкилер] түбөлүккө жок кылынат, ал эми адил адамдар түбөлүк өмүргө ээ болушат»,— деп айткан (Мт. 25:46).

13 «Түбөлүккө жок кылынарын» түшүнгөндө эчкиге салыштырылгандар кандай сезимде болушат? Алар «төшүн ургулап боздошот» (Мт. 24:30). Ал эми Машаяктын бир туугандары менен алардын шериктеричи? Жахабага жана анын Уулу Иса Машаякка толук ишенгендиктен алар Исанын: «Ушулар аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калган болот»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылышат (Лк. 21:28).  Ооба, биз куткарыларыбызга эч шектенбей, келечекке ишенимдүү карайбыз.

ПАДЫШАЛЫКТА ЖАРКЫРАШАТ

14, 15. Магок жеринен чыккан Гоктун чабуулу башталгандан кийин кайсы чогултуу иши аткарылат жана ал кандайча болот?

14 Магок жеринен чыккан Гок Кудайдын элине кол сала баштагандан кийин эмне болот? Матай да, Марк да адам Уулунун «периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, жердин бир учунан асмандын бир учуна чейин анын тандагандарын чогултарын» жазган (Мр. 13:27; Мт. 24:31). Бул жерде айтылган «чогултуу» иши майлангандарга алгачкы мөөр басылышын да, аларга соңку мөөр басылышын да билдирбейт (Мт. 13:37, 38). Анткени жердеги майлангандардын баарына соңку мөөр улуу алаамат башталганга чейин эле басылып бүткөн болот (Аян 7:1—4). Анда Иса кайсы «чогултуу» иши жөнүндө айткан? Ал 144 000дин жердеги калдыгы асмандагы сыйлыгын ала турган учур жөнүндө айткан (1 Тес. 4:15—17; Аян 14:1). Бул Магок жеринен чыккан Гоктун чабуулу башталгандан кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин болот (Жез. 38:11). Ошондо Исанын: «Ошол убакта адил адамдар асмандагы Атасынын Падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат»,— деген сөздөрү аткарылат (Мт. 13:43) *.

15 Христиан дүйнөсүндөгүлөрдүн көбү Исанын жолдоочулары асманга кадимки денеси менен көтөрүлүп кетет деп ойлошот. Ошондой эле алар Иса көзгө көрүнгөн түрдө кайтып келет деп ишенишет. Бирок Ыйык Китепте «асмандан адам Уулунун жышааны көрүнөрү» жана анын «асмандагы булуттардын үстүндө»  келери айкын-так жазылган (Мт. 24:30). Мындан ал эки окуянын тең көзгө көрүнбөгөн түрдө болору көрүнүп турат. Андан сырткары, «эт менен кандан турган дене... Кудайдын Падышалыгын мурастай албайт». Андыктан асманга кете тургандар адегенде «бир заматта, көз ачып-жумгуча, акыркы сурнай тартылып жатканда өзгөрүлүшү» керек *. (Оку: 1 Корунттуктар 15:50—53.) Демек, майлангандардын калдыгы көз ирмемде чогултулат.

16, 17. Асманда Козунун үйлөнүү тою болушу үчүн, адегенде кайсы окуя болушу керек?

16 144 000 майлангандын баары асманга чогултулганда, Козунун үйлөнүү тоюна акыркы даярдыктар көрүлө баштайт (Аян 19:9). Бирок ага чейин дагы бир окуя болот. Жогоруда айтылгандай, 144 000дин калдыгы асманга кеткенге чейин, Гок Жахабанын элине кол салат (Жез. 38:16). Ошондо Кудайдын кызматчылары эмне кылышат? Алар душмандарга оңой олжодой көрүнөт. Бирок Жошапат падышанын күндөрүндө берилген: «Бул жолкусунда силер согушпайсыңар. Ордуңарда туруп, Жахабанын силерди кантип куткарарын карап тургула... Коркпогула, үрөйүңөр учпасын»,— деген көрсөтмөгө ылайык иш кылышат (2 Жылн. 20:17). Ал эми асмандагыларчы? Майлангандардын бардыгы асманга чогулган убак жөнүндө Аян 17:14тө мындай делет: «[Душмандар] Козу менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет, анткени ал — мырзалардын Мырзасы, падышалардын Падышасы. Чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр аны менен бирге жеңишке ээ болушат». Иса Машаяк өзү менен чогуу асмандан бийлик жүргүзө турган 144 000 менен бирге Кудайдын жердеги элин куткарат.

17 Ошентип, Армагедон согушу башталат да, Кудайдын ыйык ысмы даңкталат (Аян 16:16). Эчкиге салыштырылгандардын баары «түбөлүккө жок кылынып», жер жамандыктан тазаланып, эбегейсиз көп адамдар улуу алааматтын акыркы баскычынан аман өтүшөт. Толугу менен даярдык көрүлүп бүткөндөн кийин, Аян китебинде жазылган эң кубанычтуу окуя — Козунун үйлөнүү тою — болот (Аян 21:1—4) *. Армагедондон аман өткөндөрдүн бардыгы Жахабанын чексиз ырайымы, сүйүүсү менен кылган жакшылыктарына марышат. Ырас, Козунун үйлөнүү тою кандай сонун болот! Ал күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабызбы? (Оку: 2 Петир 3:13.)

18. Алдыда жүрөк толкутарлык окуялар күтүп тургандыктан, эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Алдыда ушундай жүрөк толкутарлык окуялар күтүп тургандыктан, ар бирибиз эмне кылышыбыз керек? Элчи Петир мындай деп жазган: «Баары ушинтип кыйратыла турган болсо, анда силер жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи! Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактап жаткан силер ошондой адамдардан болушуңар керек эмеспи!.. Сүйүктүү бир туугандарым, ушуларды күтүп жатып, акырында ал силерди таза, кемчиликсиз, тынчтыкта жашаган адамдар деп табышы үчүн, бүт күчүңөрдү жумшагыла» (2 Пет. 3:11, 12, 14). Анда эмесе, келгиле, дайыма рухий жактан таза болуп, Тынчтыктын Падышасын колдой берели!

^ 2 абз. 2012-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» 25, 26-беттерин карагыла.

^ 15 абз. Ошол кезде жерде жашап жаткан майлангандар асманга денеси менен кетишпейт (1 Кор. 15:48, 49). Кыязы, алардын денеси, Исаныкына окшоп, жок болуп кетет.

^ 17 абз. 45-забурда жазылгандар да бул окуялардын кандай тартипте өрчүүрүн билүүгө жардам берет. Ага ылайык, Падыша адегенде душмандар менен согушат, андан кийин үйлөнүү тою болот.