Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ 2015

Кылган ишиңди башкалардын көргөнү маанилүүбү?

Кылган ишиңди башкалардын көргөнү маанилүүбү?

БЕЗЕЛЕЛ менен Олиап курулуш иши менен кандайдыр бир деңгээлде тааныш болушчу. Алар Мисирде кул болуп жүргөн кезинде толтура кыш куюп, оор эмгектенишсе керек. Бирок ал жылдар артта калган. Эми алар ыйык чатырды курууда жетекчилик кылууга дайындалып, колунан көөрү төгүлгөн усталардан болушмак (Чыг. 31:1—11). Анткен менен алар жасаган асыл буюмдардын айрымдарын саналуу эле кишилер көрмөк. Ушундан улам ал экөөнүн ындынын сууп, көңүлү чөктү беле? Алардын кылган ишин башкалардын көргөнү маанилүү беле? Сенин да иштериңди башкалардын байкаганы маанилүүбү?

САНАЛУУ ЭЛЕ КИШИ КӨРГӨН СУКТАНДЫРГАН ИШТЕР

Ыйык чатырдагы кээ бир буюмдар жогорку деңгээлдеги чеберчиликтин баа жеткис жемиши болгон. Буга келишим сандыгынын үстүнө орнотулган алтын керуптар мисал боло алат. Элчи Пабыл алардын «даңктуу» болгонун айткан (Евр. 9:5). Алтындан чегилип жасалган ал керуптардын ажайып кооз болгону шексиз (Чыг. 37:7—9).

Эгер Безелел менен Олиап жасаган ал буюмдар бүгүн деле бар болсо, дүйнөдөгү белгилүү музейлерге коюлуп, далайлардын көз жоосун алмак. Бирок аларды байыркы убакта канча киши көрө алган? Керуптар Ыйыктын ыйыгында тургандыктан, аларды башкы дин кызматчы гана бир жылда бир эле жолу, күнөөдөн арылуу күнү, көрчү (Евр. 9:6, 7). Ошол себептен аларды тарых бою саналуу эле адамдар көргөн.

КӨПТӨР БАЙКАБАСА ДА, КУБАНЫЧ АЛАБЫЗ

Эгерде сен Безелелдин же Олиаптын ордунда болсоң, маңдай териңди төгүп, чебердик менен жасаган буюмдарыңды аз эле киши көрөрүн билгенде кандай сезимде болот элең? Бүгүнкү күндө көптөр кылган иштерин башкалар байкап, суктанып, мактаганда гана канааттануу алышат. Алар өздөрүнүн эмгегине ошого жараша баа беришет. Ал эми Жахабанын кызматчылары башкача көз карашта. Безелел менен Олиапка окшоп, алар Кудайдын эркин аткаруудан жана анын жактыруусуна ээ болуудан кубаныч алышат.

Иса Машаяктын күндөрүндө диний жетекчилер тиленгенде башкаларга таасир этүүнү көздөшчү.  Бирок Иса элге көрүнүш үчүн эмес, чын жүрөктөн тиленишибиз керектигин айткан. Ал айткандай тиленсек, натыйжасы кандай болот? «Көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың»,— деген Иса (Мт. 6:5, 6). Чынында, тиленүүбүз жөнүндө башкалардын эмес, Жахабанын кандай ойдо болгону маанилүү. Анткени тиленүүбүздүн канчалык баалуу экени анын көз карашы боюнча аныкталат. Ыйык кызматыбызда аткарып жаткан ар бир ишибиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Биз кылган ишибизди башкалар мактаганы үчүн эмес, «көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган» Жахабага жаккандыгы үчүн маанилүү деп эсептейбиз.

Ыйык чатыр курулуп бүткөндөн кийин, аны «булут каптап,.. Жахабанын даңкына толгон» (Чыг. 40:34). Бул ыйык чатырга байланыштуу иштердин баары Жахабага жакканынын далили болгон. Ошондо Безелел менен Олиапты кандай сезимдер чулгаган деп ойлойсуң? Жасаган буюмдарына аттары жазылбаса да, алар жумшаган аракетине Жахаба батасын бергени үчүн жетине албай, ыраазы болушкан чыгар (Накыл 10:22). Көптөгөн жылдар өткөндөн кийин, колунан бүткөн нерселердин дагы деле Жахабанын кызматында колдонулуп жатканын көрүп, аябай сүйүнүшсө керек. Жаңы дүйнөдө тирилгенде алар ыйык чатыр чыныгы сыйынууда 500 жылдай колдонулганын угуп, төбөсү көккө жете кубанышары күмөнсүз.

Жан-дилден, момундук менен кылган кызматыңды башкалар байкабаса да, Жахаба байкап турат!

Бүгүнкү күндө көптөгөн бир туугандарыбыз мультфильмдерди чыгарууга, сүрөттөрдү тартууга, музыка жаратууга, адабияттарды которууга, макалаларды жазууга катышууда. Бирок алардын ысымдары жалпыга жарыяланбайт, башкача айтканда, алардын кимиси эмне кылып жатканын башкалар билбейт деле. Дүйнө жүзүндөгү 110 000ден ашуун жыйналышта аткарылып жаткан иштер тууралуу да ушуну айтууга болот. Мисалы, эсеп-кысапка жооптуу бир туугандын ар бир айдын аягында жыйналыштын киреше-чыгашасын эсептегенин, катчынын жарчылардын кызмат отчётторун жазганын эч ким деле көрбөйт. Ошондой эле кайсы бир ишенимдешибиздин Падышалык залынын айрым жерлерин оңдогонун көбүбүз байкабашыбыз деле мүмкүн.

Безелел менен Олиап сиңирген эмгеги, өздөрүнө тапшырылган ишти майын чыгара аткарганы үчүн кийин эч кандай ардак грамотасын, медаль же орден алышкан эмес. Бирок алар андан алда канча баалуу нерсеге — Жахабанын жактыруусуна — ээ болушкан. Ал экөөнүн мээнети Кудайдын көз жаздымында калбаганына шек жок. Келгиле, биз да Безелел менен Олиаптай момун болуп, кызматыбызды жан-дилден аткара берели!