Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ 2015

Сен Шайтанга каршы туруп, аны жеңе аласың!

Сен Шайтанга каршы туруп, аны жеңе аласың!

«Ишенимиңерди бекем сактап, ага [Шайтанга] каршы тургула» (1 ПЕТ. 5:9).

1. а) Азыр Шайтанга каршы туруу эмне үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү? б) Шайтанды жеңе аларыбызды кайдан билебиз?

ШАЙТАН майлангандардын калдыгы жана «башка койлор» менен согуш жүргүзүүдө (Жкн. 10:16). Убактысы абдан аз калгандыктан, ал Жахабанын кызматчыларынын мүмкүн болушунча көбүн жеп-жуткусу келет. (Оку: Аян 12:9, 12.) Биз Шайтанга каршы туруп, аны жеңе алабызбы? Ооба. Ыйык Китепте: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп жазылган (Жкп. 4:7).

2, 3. а) Шайтан жок деген ой анын өз максатына жетишине кандайча шарт түзөт? б) Шайтандын бар экенин кайдан билебиз?

2 Көптөр Шайтандын бар экенине ишенишпейт. Алар Шайтан менен жин-перилерди жомоктордогу, коркунучтуу тасмалардагы, видео оюндарындагы ойдон чыгарылган каармандар деп эсептешет. Андай адамдар акыл-эстүү киши каардуу рухтардын бар экенине ишенбейт деген ойдо. Шайтан көптөрдүн аны жана жин-перилерди ойдон чыгарылган каарман катары кабыл алып жатканына кабатыр болобу? Жок. Анткени анын бар экенине шектенгендердин «акылын сокур кылуу» ал үчүн оңоюраак болот (2 Кор. 4:4). Ал каардуу рухтар жок деген ойду жайылтуу менен адамдарды адаштырып келет.

 3 Бирок Жахабанын кызматчылары катары биз Шайтандын чынында эле бар экенин билебиз. Ыйык Китепте айтылгандай, ал Обо энеге жылан аркылуу сүйлөгөн (Башт. 3:1—5). Жахабанын алдында Аюп пайгамбардын ниетине шек туудурган (Аюп 1:9—12). Ошондой эле Иса Машаякты азгырууга аракет кылган (Мт. 4:1—10). Ал эми 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы орнотулгандан кийин, Машаяктын майланган жолдоочулары менен «согуша» баштаган (Аян 12:17). Шайтан азыркыга чейин 14 4000дин калдыгынын жана башка койлордун ишенимин кыйратуу үчүн аларга каршы айыгышкан согуш жүргүзүп келет. Жеңишке жетиш үчүн Шайтанга каршы туруп, ишенимибизди бекем сакташыбыз зарыл. Бул макалада ошол максатыбызга жетиш үчүн кайсы үч нерседен оолак болушубуз керектиги талкууланат.

ТЕКЕБЕРДИКТЕН ООЛАК БОЛ

4. Шайтандын абдан текебер экенин эмнеден көрүүгө болот?

4 Шайтандын аябагандай менменсинген, текебер экени айдан ачык. Бул анын Жахабанын башкарууга толук укуктуу экенин талашка салууга жана аны менен теңтайлашууга батынганынан көрүнүп турат. Ага каршы туруу үчүн текебердиктен качып, момун болууга умтулушубуз керек. (Оку: 1 Петир 5:5.)

5, 6. а) Сыймыктануу туура эмеспи? б) Текебердик эмне үчүн кооптуу жана Ыйык Китепте буга байланыштуу кандай мисалдар бар?

5 Өзүбүз же жакын кишибиз жакшы иш кылганда же кандайдыр бир баалуу нерсеге ээ болгондо, кубанып, сыймыктанганыбыздын жаман жери деле жок. Алсак, элчи Пабыл ишенимдештерине: «Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп, ишенимиңерди сактап келатканыңар үчүн, биз Кудайдын жыйналыштарында силер менен сыймыктанабыз»,— деп жазган (2 Тес. 1:4). Мындан көрүнүп тургандай, башкалардын ишине суктанганыбыз, атүгүл өзүбүздүн кайсы бир нерсебизге сыймыктанганыбыз туура эле болот. Бизге үй-бүлөбүздөн, маданиятыбыздан же чоңоюп-өскөн жерибизден уялуунун кажети жок (Элч. 21:39).

6 Бирок сак болбосок, сыймыктануу текебердикке өтүп кетиши мүмкүн. Бул башкалар менен жана Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирет. Текебер кишиге зарыл кеңеш берилгенде, аны момундук менен кабыл алгандын ордуна, кыжырданып, четке кагат (Заб. 141:5). «Текебердик» деген сөзгө айрым сөздүктөрдө «өзүн өзү сыйлоо сезиминин чектен чыккан түрү», ошондой эле «кимдир бирөөнүн, көп учурда негиз жок болсо да, өзүн башкалардан мыкты эсептеп, менменсиниши» деген аныктама берилет. Жахаба текебердикти жек көрөт (Жез. 33:28; Амос 6:8). Ал эми Шайтан кимдир бирөөнүн башкаларды теңсинбей, менменсингенин көргөндө жыргап-кубанат, анткени андай киши анын өзүн туураган болот. Нимрот, фараон, Абышаломдор текебердикти чагылдырганда, анын канчалык сүйүнгөнүн элестетсең (Башт. 10:8, 9; Чыг. 5:1, 2; 2 Шем. 15:4—6). Кабылдын Жахаба менен болгон мамилесинин бузулушуна да текебердик себеп болгон. Кабыл ушунчалык бой көтөрүп кеткендиктен, Жахаба өзү кеңеш берсе да, аны кулагынын сыртынан кетирген. Ал тоң моюндук кылып, Жахабанын эскертүүсүнө кулак какпай, билип туруп ага каршы күнөө кылган (Башт. 4:6—8).

7, 8. а) Расизм деген эмне жана анын текебердик менен кандай байланышы бар? б) Текебердик жыйналыштын тынчтыгын кандайча бузарын түшүндүр.

7 Бүгүнкү күндө текебердиктин айынан ар кандай каргашалуу иштер жасалууда. Айрым текебер кишилер башкаларга расасына жараша мамиле кылышат. Бир сөздүктө түшүндүрүлгөндөй, расизм — бул «башка расадагыларга карата бейкалыс пикирде же кас маанайда болуу», ошондой эле «ар башка расадагылардын сапаттары, жөндөмдүүлүктөрү ар кандай болот жана кайсы бир раса табиятынан эле башкаларынан жогору же төмөн турат деген ойго ишенүү». Расизм  төңкөрүштөргө, согуш-жаңжалдарга жана көптөгөн адамдардын кырылышына алып барат.

8 Албетте, мындай нерселер Жахабанын элинин арасында болбошу керек. Ошентсе да кээде текебердиктин айынан ишенимдештердин ортосунда келишпестик болуп, бара-бара күч алып кетиши мүмкүн. Машаяктын 1-кылымдагы айрым жолдоочуларынын ортосунда да келишпестиктер болсо керек, себеби шакирт Жакып аларга: «Ортоңордогу чыр-чатактар, уруш-талаштар кайдан чыгат?» — деген (Жкп. 4:1). Көкүрөгүбүздө жек көрүү, бой көтөрүү тамырлап кетсе, бул сөзүбүз менен ишибизден байкалат жана башкалардын жүрөгүн жаралайт (Накыл 12:18). Ооба, текебердик жыйналыштын тынчтыгын бузат.

9. Ыйык Китеп расизмден жана текебердиктин башка түрлөрүнөн качууга кандайча жардам берет? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Эгер өзүбүздү башкалардан жогору көргөнгө жакын экенибизди байкасак, «жүрөгүндө бой көтөргөн киши Жахаба үчүн жийиркеничтүү» экенин унутпашыбыз кажет (Накыл 16:5). Ошондой эле башка расадагы, улуттагы же маданияттагы адамдарга кандай караарыбызды да текшерип көргөнүбүз оң. Өзүбүздү бөлөк расадагылардан же улуттагылардан мыкты деп эсептесек, Кудайдын «бир кишиден бардык элдерди жаратканы» жөнүндөгү чындыкты четке каккан болобуз (Элч. 17:26). Баарыбыздын түпкү атабыз Адам болгондуктан, кандайдыр бир мааниде бүт адамзатты бир эле раса деп айтууга болот. Андыктан кайсы бир раса табиятынан эле башкаларынан жогору же төмөн турат деп эсептөө барып турган акылсыздык. Андай көз карашка кармансак, Шайтанга ортобуздагы сүйүүнү муздатып, ынтымагыбызды ыдыратууга жол берип коёбуз (Жкн. 13:35). Шайтанга каршы туруп, жеңишке жетиш үчүн текебердиктин бардык түрүнөн жаа бою качышыбыз керек (Накыл 16:18).

БАЙЛЫКТЫ ЖАНА БУЛ ДҮЙНӨНҮ СҮЙҮҮДӨН АЛЫС БОЛ

10, 11. а) Дүйнөгө карата болгон сүйүү эмне үчүн оңой эле өрчүп кетиши мүмкүн? б) Димастын «бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп» калганы эмнеден көрүнгөн?

10 Шайтан — «бул дүйнөнүн башкаруучусу» (Жкн. 12:31; 1 Жкн. 5:19). Ошондуктан бул дүйнөдөгү нерселердин көбү Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге карама-каршы келет. Албетте, дүйнөдөгүнүн баары эле жаман эмес. Анткен менен өзүбүздүн каалоолорубузга жетеленип, күнөөгө батышыбыз же бул дүйнөнү сүйүп, Жахабага кызмат кылбай калышыбыз үчүн, Шайтан өзүнүн дүйнөсүн колдонору турган иш. (Оку: 1 Жакан 2:15, 16.)

11 Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларынын кээ бирлери дүйнөгө кетип калышкан. Мисалы, элчи Пабыл: «Димас бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп, мени таштап... кетип калды»,— деп жазган (2 Тим. 4:10). Ыйык Китепте Димастын жүрөгүн ээлеп, Пабылды таштап кетишине дүйнөдөгү кайсы нерсе себеп болгону так айтылбайт. Балким, ал Жахабага кызмат кылууга караганда байлык-мүлктү көбүрөөк ойлоп калгандыр. Эгер ошондой болсо, ал Кудайга кызмат кылуу сыймыгын арзыбаган нерсеге алмаштырган десек болот. Бул дүйнөдөгү бир да нерсе Жахабанын ага Пабыл менен кызматташканы үчүн бере турган батасына тең келбейт болчу (Накыл 10:22).

12. Шайтан бизди кантип «алдама байлык» менен азгырып кетиши мүмкүн?

12 Бүгүнкү күндө биз да дүнүйөкорлуктун торуна түшүп калышыбыз мүмкүн. Өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө кам көрүүнү каалаганыбыз — табигый эле нерсе (1 Тим. 5:8). Жахаба да биздин жакшы шартта жашашыбызды каалайт. Бул анын Адам ата менен Обо энени бейиш багына жайгаштырганынан көрүнүп турат (Башт. 2:9). Бирок Шайтан бизди «алдама байлык» менен азгырып, каалоолорубузду өз кызыкчылыгына колдонуп коё  алат (Мт. 13:22). Көптөр бакыттын же ийгиликтин сыры чөнтөктүн калыңдыгында же мал-мүлктүн көптүгүндө деп ойлошот. Бул — чоң жаңылыштык жана андай ой жүгүртүүнүн кесепетинде эң кымбат нерсебизден, Жахаба менен болгон достугубуздан, айрылып калабыз. Иса Машаяк шакирттерине: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деп эскерткен (Мт. 6:24). Эгер байлыкка кул болуп калсак, Жахабага кызмат кылбай калабыз. Шайтан так ушуну көксөйт. Андыктан эч качан Жахаба менен болгон достугубузду акчага же дагы башка нерсеге алмаштырбайлы. Шайтанга каршы туруу үчүн материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз карашта болушубуз абзел. (Оку: 1 Тиметей 6:6—10.)

ЖЫНЫСТЫК АДЕП-АХЛАКСЫЗДЫКТАН КАЧ

13. Бул дүйнө кандайча никеге жана жыныстык мамилеге карата туура эмес көз карашты жайылтууда?

13 Шайтандын тузактарынын дагы бири — жыныстык адеп-ахлаксыздык. Азыркы учурда көптөр жарына берилгендик сактоону, атүгүл никеге турууну эркиндигин чектеген нерседей көрүшөт же эскирип калган көз караш деп эсептешет. Алсак, бир атактуу актриса: «Бир эле киши менен өмүр сүрүү эркектер үчүн да, аялдар үчүн да мүмкүн эмес. Мен жарынын көзүнө чөп салбаган же ага ишенимдүү болгусу келген бир да кишини көрө элекмин»,— деген. Дагы бир актёр: «Адамдар үчүн өмүр бою бир эле киши менен жашоо мүмкүн экенине шектенем»,— деп айткан. Ушундай таасирдүү кишилердин Кудайдын белеги болгон нике жөнүндө туура эмес ойлорду айтканы Шайтанга майдай жагары күмөнсүз. Ал адамдардын никени жогору баалашын же никеде тургандардын бактылуу болушун такыр каалабайт. Шайтанга каршы туруп, жеңишке жетүү үчүн никеге карата Кудайдыкындай көз карашта болушубуз талап.

14, 15. Адеп-ахлаксыздыкка канткенде каршы тура алабыз?

14 Үй-бүлөлүүбүзбү же бойдокпузбу, жыныстык адеп-ахлаксыздыктын бардык түрүнөн оолак болушубуз керек. Бул оңойбу? Жок. Эгерде сен жаш болсоң, классташтарыңдын кимдир бирөө менен жыныстык катнашта болгонун же телефон аркылуу кимдир бирөөгө уятсыз мазмундагы тексттерди, сүрөттөрдү жөнөткөнүн айтып, мактанганын уккандырсың. Айрым өлкөлөрдө андай иштерди кылуу балдар порнографиясын жайылтууга жатат. Ыйык Китепте: «Бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот»,— деп айтылган (1 Кор. 6:18). Ырас, бузуктуктун айынан жыныстык жол менен жугуучу КИВ (ВИЧ) сыяктуу ар кандай ооруларга чалдыгып, азап тарткандар, атүгүл өмүрүнөн айрылгандар көп. Никеге турганга чейин жыныстык катнашта болгон жаштардын көбү кылган ишине өкүнөрүн айтышат. Көңүл ачуу тармагындагылар жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жагымдуу нерседей көрсөтүп, Кудайдын нормаларын бузгандар эч кандай зыян тартпайт дегенге ишендиргиси келет. Андай калпка алдангандар «күнөөгө азгырылып», тузакка түшүп калышат (Евр. 3:13).

15 Эгер сен адеп-ахлаксыз иш кылууга болгон каалооң менен күрөшүп жүрсөң, эмне кылсаң болот? Адегенде ошондой алсыздыгың бар экенин моюнга ал (Рим. 7:22, 23). Анан Кудайдан күч сурап тилен (Флп. 4:6, 7, 13). Адеп-ахлаксыз иш кылууга түрткөн жагдайлардан кач (Накыл 22:3). Азгырыкка туш болгондо, аны буйдалбастан четке как (Башт. 39:12).

16. Иса Машаяк Шайтандын азгырыктарына кантип каршы турган жана андан эмнеге үйрөнсөк болот?

16 Азгырыкка туруштук берүү жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү көрсөткөн.  Ал Шайтанга алданган эмес, атүгүл анын сунуштары тууралуу бир саамга да ойлонгон эмес. Тескерисинче, дароо: «Ыйык Жазмада... жазылган»,— деп жооп берген. (Оку: Матай 4:4—10.) Иса Ыйык Жазманы жакшы билгендиктен азгырыкка кабылганда, олку-солку болбой, дароо андан цитата кылган. Шайтанга каршы туруп, аны жеңиш үчүн адеп-ахлаксыз иш кылуудан качышыбыз керек (1 Кор. 6:9, 10).

ТУРУКТУУ БОЛУП, ЖЕҢИШКЕ ЖЕТ

17, 18. а) Шайтан дагы кандай тузактарды колдонот жана буга эмне үчүн таң калбайбыз? б) Шайтанды эмне күтүп турат жана бул кандайча сага туруктуу болууга түрткү берет?

17 Текебердик, дүнүйөкордук жана жыныстык адеп-ахлаксыздыктан тышкары Шайтан дагы көптөгөн тузактарды колдонот. Айталы, Кудайдын айрым кызматчыларын үйүндөгүлөрү куугунтуктайт же классташтары шылдыңдайт. Башкалары болсо кабар айтууга тыюу салынган же чектөөлөр коюлган өлкөлөрдө жашашат. Биз мындай кыйынчылыктарга кабылганда таң калбайбыз. Себеби Иса жолдоочуларына: «Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар, бирок ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деп эскерткен (Мт. 10:22).

Шайтан биротоло жок кылынат (18-абзацты кара)

18 Канткенде Шайтанга каршы туруп, аны жеңе алабыз? «Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар»,— деген Иса (Лк. 21:19). Эч ким бизге орду толгус зыян келтире албайт. Өзүбүз эле жол берип койбосок, Кудай менен болгон достугубузду эч ким буза албайт (Рим. 8:38, 39). Атүгүл Жахабанын ишенимдүү кызматчылары өмүрүнөн ажыраган күндө да, Шайтан жеңишке жетпейт, анткени Жахаба аларды кайрадан тирилтип алат (Жкн. 5:28, 29). Ал эми Шайтандын келечеги караңгы. Ыймансыз дүйнөсү талкалангандан кийин, ал өзү 1000 жылга түпсүз туңгуюкка ыргытылат (Аян 20:1—3). Исанын миң жылдык башкаруусунун аягында Шайтан кыска убакытка «камактан бошотулуп», жеткилең адамдарды акыркы жолу адаштырууга аракет кылат. Ошондон кийин ал биротоло жок кылынат (Аян 20:7—10). Ооба, Шайтандын келечеги жок, сенин болсо келечегиң кең. Андыктан мындан ары да ага каршы туруп, ишенимиңди бекем сакта! Сен аны жеңе аласың!