Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ 2015

Сак бол, Шайтан сени жутуп алгысы келип жүрөт!

Сак бол, Шайтан сени жутуп алгысы келип жүрөт!

«Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт» (1 ПЕТ. 5:8).

1. Жакшы эле периште кантип Шайтан болуп калган?

БИР КЕЗДЕРДЕ ал Жахабага жаккан периште болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен ою бузулуп, адамдардын Кудайга эмес, өзүнө сыйынышын көксөй баштаган. Жаман каалоосун жок кылгандын ордуна, анын ээ-жаа бербей калганчалык өсүп кетишине жол берип койгон. Ошентип, акыры күнөө кылган (Жкп. 1:14, 15). «Чындыктан четтеп кеткен» ал рухий жаратуунун Шайтан экенин билебиз. Ал Жахабага каршы чыгып, «жалгандын атасы» болуп калган (Жкн. 8:44).

2, 3. «Шайтан», «Ибилис», «жылан» жана «ажыдаар» деген сөздөрдөн Жахабанын башкы душманы жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

2 Жахабага каршы чыккандан тартып Шайтан анын башкы душманы экенин жана адамзатты да жек көрөрүн айгинелеп келет. Анын канчалык бузулганын ага берилген сыпаттамалардан эле билүүгө болот. Шайтан деген сөз «душман» деген маанини туюнтуп, анын Кудайдын эгедерлигин колдомок турсун, ага каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп жатканын көрсөтүп турат. Ал Жахабанын эгедерлигинин ойрон болушун көрсөм дегенде ак эткенден так этет.

3 Аян 12:9га ылайык, ал «Ибилис» деп да аталат; бул сөз «жалаачы» дегенди билдирет. Муну укканда Шайтандын Жахабаны жалганчы деп каралаганын эстейбиз. «Байыркы  жылан» деген сөз айкашы болсо ал Эйден багында Обо энени алдаш үчүн жыланды колдонгон каргашалуу күндү эсибизге салат. Ал эми «чоң ажыдаар» дегенди укканда дароо эле жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу желмогузду элестетебиз. Бул сыпаттама Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына бут тосууну жана анын элин жок кылууну самаган кара өзгөй Шайтанга куп жарашат.

4. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

4 Жогоруда айтылгандардан айкын көрүнүп тургандай, Шайтан бизди кынтыксыздыгыбыздан тайдырууну абдан каалайт. Андыктан Ыйык Китепте: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деген эскертүү берилгени бекеринен эмес (1 Пет. 5:8). Ушул эскертүүгө ылайык иш кылышыбыз үчүн, бул макалада Жахаба менен анын элинин жеткен уятсыз душманы болгон Шайтандын үч сапатын карап чыгабыз. Бул андан эмне үчүн сак болушубуз керектигин айкын түшүнүүгө жардам берет.

ШАЙТАН КҮЧТҮҮ

5, 6. а) Периштелердин күчтүү экенин көрсөткөн мисал айтып бер. б) Шайтан кандай мааниде «өлүмгө дуушар кыла алат»?

5 Ыйык Жазмада периштелердин күчтүү экени айтылат (Заб. 103:20). Алар адамдардан алда канча кубаттуу жана акыл-эс жагынан жогору турушат. Кудайдын ишенимдүү периштелери күчүн дайыма ага жаккан иштерди аткарууга колдонушат. Алсак, Жахабанын бир эле периштеси анын элине каршы согушкан ашурлуктардын 18 5000 жоокерин кырып салган. Мындай эрдик кылуу бир кишинин колунан келмек эмес, ал тургай, бүтүндөй аскерге да кыйынга турмак (2 Пад. 19:35). Дагы бир жолу бир периште, түрмөнүн эшиктери бекем жабылып, оозунда сакчылар кайтарып турса да, Иса Машаяктын элчилерин сыртка чыгарып, түрмөнүн эшиктерин кайра жаап койгон (Элч. 5:18—23).

6 Ишенимдүү периштелерден айырмаланып, Шайтан күчүн жамандык кылууга колдонот. Ал абдан кубаттуу жана таасирдүү. Ыйык Китепте жазылгандай, ал — «бул дүйнөнүн башкаруучусу» жана «кудайы» (Жкн. 12:31; 2 Кор. 4:4). Шайтан атүгүл адамдарды «өлүмгө дуушар кыла алат» (Евр. 2:14). Бирок бул анын бардык адамдарды түзмө-түз кол салып өлтүрөрүн билдирбейт. Анткен менен ал дүйнөдөгүлөргө таасир этип, бири-бирин жек көрүүгө, мыкаачылыкка жаткан иштерди кылууга түртөт. Андан сырткары, Обо эне Шайтандын калпына ишенгендиктен жана Адам ата Кудайга баш ийбей койгондуктан, күнөө менен өлүм бүт адамзатка өткөн (Рим. 5:12). Мына ушундай мааниде Ибилис «өлүмгө дуушар кыла алат». Ошондуктан Иса аны «киши өлтүргүч» деп атаган (Жкн. 8:44). Ооба, Шайтан — аябагандай күчтүү душман.

7. Жиндердин адам баласынан алда канча күчтүү экени эмнеден көрүнүп турат?

7 Шайтанга каршы күрөшүү менен ага эле эмес, эгедерликке байланышкан талаш маселеде анын тарабын ээлегендердин баарына каршы күрөшкөн болобуз. Ал тараптагыларга Кудайга баш ийбеген көп сандаган жин-перилер да кирет (Аян 12:3, 4). Жиндердин өздөрү бийлеп алган адамдарды аёосуз кыйнаганынан адам баласынан алда канча күчтүү экени көрүнүп турат (Мт. 8:28—32; Мр. 5:1—5). Алардын жана алардын башчысынын канчалык күчтүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек (Мт. 9:34). Биз Жахабанын жардамысыз Шайтанды эч качан жеңе албайбыз.

ШАЙТАН МЫКААЧЫ

8. а) Шайтан эмнени көздөйт? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Бул дүйнө мыкаачы Шайтандын рухун чагылдырарын эмнелерден байкадың эле?

8 Элчи Петир Шайтанды «арылдаган  арстанга» салыштырган. Бир эмгекке ылайык, «арылдоо» деп которулган грек сөзү «ач жырткычтын айкырыгы» деген маанини туюнтат. Бул Шайтандын канчалык мыкаачы экенин таамай сүрөттөп турат. Бүт дүйнөнү бийлеп турса да, ал ошого тойбой, дагы көптөрдү жеп-жутууну көздөйт (1 Жкн. 5:19). Ал үчүн бул дүйнө өзөк жалгай турган «жеңил тамактай» эле. Ал эми «негизги тамагы» — майлангандардын калдыгы жана аларга колдоо көрсөтүп жаткан «башка койлор» (Жкн. 10:16; Аян 12:17). Шайтан Жахабанын элин жалмап салгысы келет. Машаяктын жолдоочуларын 1-кылымдан бери ырайымсыздык менен куугунтуктап келатканы — анын мыкаачы экенинин айкын далили.

9, 10. а) Шайтан Жахабанын ысрайыл элине байланышкан ой-ниетине тоскоолдук кылуу үчүн эмнелерди кылган? б) Ибилис байыркы ысрайыл элин эмне үчүн бута кылып алган? в) Жахабанын кызматчысы олуттуу күнөө кылганда, Шайтан кандай сезимде болот деп ойлойсуң?

9 Таш боор Шайтан Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышына башка жолдор менен да тоскоолдук кылганга аракеттенет. Ач арстан олжосунун алкымына азуу саларда аны аябайт, ошондой эле аны тытып жеп, мойсогондон кийин да эч бир кейип койбойт. Анын сыңарындай, Шайтан олжо кылгысы келген кишисин такыр аябайт. Мисалы, анын ысрайылдыктарды жыныстык адеп-ахлаксыздык, ач көздүк сыяктуу күнөөлөргө азгыруу үчүн оңтойлуу учурду күтүп, далай жолу аңдыганы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ыйык Китептен Зимринин адеп-ахлаксыз ишинин же Гехазинин ач көздүгүнүн кесепети жөнүндө окуганда Шайтандын жеңгенине моокуму кана жыргап жатканын элестете аласыңбы? (Сан. 25:6—8, 14, 15; 2 Пад. 5:20—27).

Жахабанын кызматчысы күнөө кылганда, Шайтан моокуму кана сүйүнөт (10-абзацты кара)

10 Шайтан Ибилистин байыркы ысрайыл элин бута кылып алганы жөн жерден эмес болчу. Анткени ошол элден акыры аны жок кылып, Жахабанын эгедерлигин актай турган Машаяк чыкмак (Башт. 3:15). Шайтан ысрайыл элинин гүлдөшүн каалабагандыктан аларды күнөөгө батыруу үчүн колунан келгендин баарын кылган. Дөөтү падыша ойноштук кылганда же Муса пайгамбар Кудай убада кылган жерге кирбей калганда, анын аларга боору ооруп жатканын элестетүү мүмкүн эмес. Тескерисинче, Кудайдын кызматчыларынын бири олуттуу күнөө кылганда, Ибилистин  чырагына май тамат. Андайда анын жеңишке жеткенине маашырланып, Жахабаны шылдыңдаары шексиз (Накыл 27:11).

11. Шайтан эмне үчүн Саараны жаман ишке түрткүсү келген?

11 Шайтан, айрыкча, Машаяктын ата-бабаларынан боло турган адамдарга кыянаттык кылууга умтулган. Мисалы, Кудай Ыбрайым пайгамбарга андан «улуу эл чыгарын» айткандан көп өтпөй эмне болгонун карап көрөлү (Башт. 12:1—3). Ыбрайым пайгамбар менен Саара Мисирде жүргөндө, фараон Саараны үйүнө алдырган. Кыязы, ал аны аялдыкка алгысы келген. Бирок Жахаба кийлигишип, андай болушуна жол берген эмес. (Оку: Башталыш 12:14—20.) Уулу Ыскак төрөлөргө жакын, алар Герар жеринде да ошондой жагдайга кабылышкан (Башт. 20:1—7). Ошол иштердин артында Шайтан турганбы? Ал гүлдөгөн Ур шаарынан кетип, чатырларда жашап жүргөн Сааранын фараон менен Абымелектин заңгыраган ак сарайларын көргөндө азгырылып кетерине үмүттөнгөнбү? Аны күйөөсүнө жана Жахабага ишенимсиздик кылат деп ойлогонбу? Ыйык Жазмада бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок Саара убада кылынган тукумдун энеси болууга татыксыз болуп калса, Шайтандын төбөсү көккө жете сүйүнмөктүгү айтпаса да түшүнүктүү. Ошондой асыл аялдын никеси бузулуп, жакшы аты булганып, Жахабанын ырайымынан айрылып калса, Шайтан кымындай да кейимек эмес. Ооба, ал абдан таш боор!

12, 13. а) Шайтандын мыкаачы экени Иса төрөлгөндө кандайча көрүнгөн? б) Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылууга умтулган жаштарга карата Шайтан кандай сезимде деп ойлойсуң?

12 Ыбрайым пайгамбар жашаган убактан көп кылым өткөндөн кийин, Иса төрөлгөн. Шайтан анын ымыркай кезин көрүп, ичи элжиреди беле? Кайдан. Ал анын чоңойгондо Кудай убада кылган Машаяк болорун билген. Иса Ыбрайым пайгамбардын тукумунун негизги бөлүгү болгон жана келечекте «Ибилистин иштерин кыйратмак» (1 Жкн. 3:8). Шайтан наристенин өмүрүн кыюу өтө эле аша чапкандык болуп калат деп ойлоду беле? Түк да. Ал эмне жакшы, эмне жаман экенин ылгабайт. Ошондуктан Исанын көзүн тазалоого токтоосуз түрдө киришкен. Кандайча?

13 Астрологдор келип, «жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы» жөнүндө сураганда, Ирод падышанын абдан тынчы кетип, аны өлтүрүүнү чечкен (Мт. 2:1—3, 13). Ойлогон оюн ишке ашырыш үчүн ал «Бетлехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жашка чейинки эркек балдардын баарын өлтүрүүгө» буйрук берген. (Оку: Матай 2:13—18.) Бактыга жараша, Иса ал чоң каргашадан аман калган. Бирок ошол окуядан душманыбыз Шайтан жөнүндө эмнени билүүгө болот? Адамдардын өмүрү ал үчүн бир тыйынга да турбайт. Шайтан жадагалса кичинекей балдарды да аябайт. Ал, чынында эле, «арылдаган арстан». Анын жеткен мыкаачы экенин эч качан унутпайлы.

ШАЙТАН АЛДАМЧЫ

14, 15. Шайтан кантип «ишенбегендердин акылын сокур кылып коёт»?

14 Адамдарды мээримдүү Кудайыбыз Жахабага каршы иш кылууга түртүү үчүн Шайтан аларды алдайт (1 Жкн. 4:8). Ага алдангандыктан көптөр «рухий муктаждыгын сезбей» калышат (Мт. 5:3). Ошентип, ал «Кудайдын бейнеси болгон Машаяк жөнүндөгү даңктуу жакшы кабардын жарыгы тийбеши үчүн,.. ишенбегендердин акылын сокур кылып коёт» (2 Кор. 4:4).

15 Шайтандын адамдарды адаштырууда колдонгон негизги куралдарынын бири — жалган дин. Кимдир бирөөнүн «толук берилгендикти талап кылган» Жахаба Кудайга эмес, ата-бабаларына, жаратылышка, жан-жаныбарларга же  дагы башка ушу сыяктуу нерселерге сыйынганын көргөндө анын аябай сүйүнөрү күмөнсүз (Чыг. 20:5). Атүгүл Кудайга туура эле сыйынып жатам деп ойлогондордун көптөрү жалган окуулар менен ырым-жырымдарга чырмалып калышкан. Алардын абалы Ышая пайгамбардын күндөрүндөгү ысрайылдыктардыкына окшош. Жахаба ысрайылдыктарга: «Нан деп эсептелбеген нерсе үчүн эмнеге акча төлөп жатасыңар, курсакты тойгузбаган нерсе үчүн эмнеге мээнет кылып жатасыңар? Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле, майлуу тамак менен жаныңарды жыргаткыла»,— деп айткан болчу (Ыш. 55:2).

16, 17. а) Эмне үчүн Иса Петирге: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп айткан? б) Шайтан кантип ынтабызды суутуп коюшу мүмкүн?

16 Шайтан атүгүл Жахабанын ынталуу кызматчыларын да алдап коё алат. Иса Машаяк шакирттерине өзүнүн өлтүрүлөрүнө аз калганын айтканда эмне болгонун эстесең. Анын сөздөрүн укканда элчи Петир аны четке алып чыгып, жакшы эле ой менен: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деген. Ошондо Иса чечкиндүү түрдө ага: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп айткан (Мт. 16:22, 23). Эмне үчүн ал Петирди «Шайтан» деген? Анткени Иса алдыда кандай окуялар болгону жатканын жакшы билген. Ал өз өмүрүн курмандыкка чалып, Ибилистин жалганчы экенин далилдей турган убак жакындап калган эле. Адамзаттын тагдыры кыл таразада турган ошол маанилүү учурда Исанын өзүн аяганы туура эмес болуп калмак. Себеби ал өзүн аяп, сергек болбой калса, Шайтан мүдөөсүнө жетмек.

17 Бул дүйнөнүн акыры жакындап калгандыктан, биз да өзгөчө убакта жашап жатабыз. Шайтан өзүбүздү «аяп» отуруп сергек болбой калышыбызды, башкача айтканда, анын дүйнөсүндө жакшы жашоого аракет кылып жатып убакыттын аз калганын эсибизден чыгарып коюшубузду көксөйт. Андайга эч качан жол бербейли! Анын ордуна, дайыма «сергек бололу» (Мт. 24:42). Шайтандын бул дүйнөнүн акыры көптөн кийин келет же такыр эле келбейт деген калпына эч ишенбе.

18, 19. а) Шайтан бизди дагы кандай жол менен алдаганга аракет кылат? б) Сак жана сергек бойдон калышыбызга Жахаба кантип жардам берет?

18 Шайтан бизди дагы башка жол менен алдаганга аракет кылат. Ал Кудай бизди сүйбөйт жана күнөөлөрүбүздү кечирбейт дегенге ишендиргиси келет. Бул да анын карандай калпына кирет. Чын-чынында ким Жахабанын сүйүүсүнөн айрылган? Албетте, Шайтан. Чынында ким кечирилгис күнөө кылган? Баягы эле Шайтан. Ыйык Китеп бизди: «Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп ынандырат (Евр. 6:10). Ырас, Жахаба ага жагуу үчүн жумшаган күч-аракетибизди жогору баалайт. Ага кылган кызматыбыз эч качан текке кетпейт. (Оку: 1 Корунттуктар 15:58.) Андыктан Шайтандын үгүтүнө алданбайлы!

19 Бул макалада талкуулангандай, Шайтан күчтүү, мыкаачы жана алдамчы. Ушундай коркунучтуу душманды канткенде жеңе алабыз? Бактыга жараша, Жахаба бизге жардам берет. Ыйык Китепте Шайтандын ыкмалары жөнүндө жазылгандыктан, «анын айла-амалдары бизге белгилүү» (2 Кор. 2:11). Шайтан колдонгон ыкмаларды жакшы билсек, сак жана сергек бойдон кала алабыз. Бирок анын айла-амалдарын билип коюу эле жетишсиз. Кудайдын Сөзүндө: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— делет (Жкп. 4:7). Кийинки макалада Шайтандын дагы кайсы үч нерсени колдонорун жана канткенде ага каршы туруп, жеңишке жете аларыбызды талкуулайбыз.