Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ 2015

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жезекиел китебинде айтылган Магок жеринен чыккан Гок кимди билдирет?

Бир канча жыл бою биздин адабияттарда Магок жеринен чыккан Гок асмандан куулуп түшкөн Шайтан Ибилисти билдирет деп түшүндүрүлүп келген. Анткени Аян китебинде бүткүл дүйнө жүзү боюнча Кудайдын элине каршы жасала турган чабуулду Шайтан Ибилис жетектей турганы айтылган (Аян 12:1—17). Ушундан улам Гок деген Шайтандын пайгамбарлык мааниге ээ башка ысмы деп эсептелип келген.

Бирок бул көптөгөн суроолорду туудурчу. Эмне үчүн? Мисалы, Жахаба Гок кыйратылгандан кийин аны «жырткыч куштарга, ар кандай канаттууларга, талаа жаныбарларына жем кыларын» айткан (Жез. 39:4). Андан тышкары: «Ошол күнү мен Гокко Ысрайылдан жер, көрүстөн берем... Ал жерге Гокту, анын калың элин көмүшөт»,— деп да кошумчалаган (Жез. 39:11). Бирок рухий жаратуу кантип «жырткыч куштарга, ар кандай канаттууларга, талаа жаныбарларына» жем болмок эле? Ага кандайча жер үстүнөн «көрүстөн берилмек» эле? Ыйык Китепте Шайтандын жаныбарларга жем болору же көмүлөрү эмес, 1000 жылга түпсүз туңгуюкка ыргытылары айтылган (Аян 20:1, 2).

Биз 1000 жылдын аягында Шайтан түпсүз туңгуюктан бошотулгандан кийин «жердин төрт бурчундагы элдерди — Гок менен Магокту — адаштырып, согушка чогултуш үчүн чыгарын» билебиз (Аян 20:8). Бирок Шайтан өзү Гок болсо, кандайча аны адаштырмак? Демек, Жезекиел китебинде жана Аян китебинде айтылган «Гок» Шайтанды билдирбейт.

Анда Магок жеринен чыккан Гок кимди билдирет? Бул суроого жооп табыш үчүн Ыйык Жазманы изилдеп, Кудайдын элине ким чабуул коёрун билип алышыбыз керек. Ыйык Китепте «Магок жеринен чыккан Гоктун» эле эмес, «түндүк падышасынын» жана «жер жүзүнүн падышаларынын» чабуулу жөнүндө да айтылган (Жез. 38:2, 10—13; Дан. 11:40, 44, 45; Аян 17:14; 19:19). Алар ар башка чабуулдарды билдиреби? Андай деле эмес. Кыязы, ал билдирүүлөрдө ар башкача аталган бир эле чабуул тууралуу сөз жүрүп жатат. Эмне үчүн ушундай жыйынтык чыгарсак болот? Анткени Ыйык Жазмада Армагедон согушун тездете турган ал чабуулга дүйнө жүзүндөгү бардык элдердин катыштыгы болору айтылат (Аян 16:14, 16).

 Кудайдын элине жасала турган акыркы чабуул жөнүндөгү аяттарды бири-бирине салыштыруунун аркасында Магок жеринен чыккан Гок Шайтанды эмес, улуттардын бирикмесин билдирери айкын болууда. Улуттардын бирикмесин каймана маанидеги «түндүк падышасы» жетектейби? Муну так айта албайбыз. Бирок Жахабанын Гок жөнүндөгү: «Сен өз ордуңдан, түндүктөгү эң алыскы жерлерден, келесиң. Ат минген көптөгөн элдерди, калың топту, сансыз аскерлерди баштап келесиң»,— деген сөздөрүнө ылайык, ошондой болушу да мүмкүн (Жез. 38:6, 15).

Жезекиел пайгамбардын замандашы болгон Даниел пайгамбар да түндүк падышасы жөнүндө мындай деген: «Күн чыгыш менен түндүктөн келген кабар анын тынчын алат. Ал катуу каарданып, кырыш үчүн, көптөрдү жок кылыш үчүн чыгат. Ал өзүнүн падыша чатырларын улуу деңиз менен Даңктуу жердин ыйык тоосунун ортосуна тигет. Ошондо анын акыры келет, ага эч ким жардам бербейт» (Дан. 11:44, 45). Бул Жезекиел китебиндеги Гоктун эмне кылары жөнүндө айтылгандарга шайкеш келет (Жез. 38:8—12, 16).

Акыркы чабуулдан кийин эмне болот? Даниел пайгамбар мындай деген: «Ошол убакта Микеил [Иса Машаяк], [1914-жылдан бери] элиңдин уулдары үчүн турган улуу төрө, [Армагедондо] чыгат да, эл пайда болгондон тартып ошол убакка чейин болуп көрбөгөн оор мезгил [улуу алаамат] келет. Ошол убакта сенин элиң, китепке жазылгандардын баары куткарылат» (Дан. 12:1). Кудайдын өкүлү Иса Машаяктын кандай иштерди кылары жөнүндө Аян 19:11—21-аяттарда да жазылган.

Эми Аян 20:8де айтылган «Гок менен Магоктун» кимди билдирерин карап көрөлү. 1000 жылдын соңундагы акыркы сыноо учурунда Жахабага каршы чыга тургандар улуу алааматтын аягында анын элине кол салган канкор элдердикиндей — «Магок жеринен чыккан Гоктукундай» — маанай чагылдырышат. Алар да түбөлүккө жок болушат! (Аян 19:20, 21; 20:9). Андыктан Машаяктын миң жылдык башкаруусунун соңундагы ал козголоңчулардын баарын «Гок менен Магок» деп атоо туура болчудай.

Кудайдын Сөзүн ынтызарлык менен изилдеген кызматчылар катары биз жакында ким «түндүк падышасы» болуп чыгарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бирок улуттар бирикмесин ким жетектебесин, эки нерсени айкын билебиз: 1) Магок жеринен чыккан Гок менен анын аскери жеңилип, жер менен жексен болот; 2) башкарып жаткан Падышабыз, Иса Машаяк, Кудайдын элин куткарып, аларды тынчтык жана коопсуздук өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө алып барат (Аян 7:14—17).