Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Май, 2015

Түбөлүк өмүрдү убада кылган Кудайды туурайлы

Түбөлүк өмүрдү убада кылган Кудайды туурайлы

«Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар» (ЭФ. 5:1).

1. Кайсы жөндөмдүүлүгүбүз Кудайды тууроого жардам берет?

ЖАХАБА бизди өзүбүздү башкалардын ордуна коюп көрүүгө жөндөмдүү кылып жараткан. Ошондуктан башка бирөөнүн абалын, өзүбүз эч качан аныкындай жагдайда болуп көрбөсөк да, кандайдыр бир деңгээлде түшүнө алабыз. (Оку: Эфестиктер 5:1, 2.) Кудай берген ал жөндөмдүүлүктү канткенде туура колдонгон болобуз? Ал жөндөмдүүлүк өзүбүзгө зыян келтирбеши үчүн эмне кылсак болот?

2. Кыйналганыбызда Жахаба кандай сезимде болот?

2 Жахаба ишенимдүү майлангандарга асманда өлбөстүккө ээ болушарын, ал эми берилгендигин сактаган «башка койлорго» жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөрүн убада кылган (Жкн. 10:16; 17:3; 1 Кор. 15:53). Анын убадасы аткарылганда, асманда жашагандар да, жерде жашагандар да азыркыдай кыйынчылыктардан жапа чегишпейт. Жахаба ар бирибиздин эмнеден улам азап тартып жатканыбызды көрүп турат. Ал байыркы убакта ысрайылдыктардын Мисирде кул болуп жүргөндө канчалык запкы тартышканын да жакшы билген, атүгүл «алар кыйналган сайын, ал да кыйналган» (Ыш. 63:9). Кийинчерээк душмандар ысрайылдыктарга ибадаткананы калыбына келтирүүгө тоскоолдук кылганда, Жахаба коркунуч баскан элин кайраттандырып: «Ким силерге тийсе, ал менин көзүмдүн карегине тийген болот»,— деген  (Зак. 2:8). Ымыркайына назик сезимдерди туйган энедей болуп, ал элине мээримдүүлүк менен кам көргөн (Ыш. 49:15). Ооба, Жахаба кандайдыр бир мааниде өзүн башкалардын ордуна коё алат жана бизге да ошондой жөндөмдүүлүк берген (Заб. 103:13, 14).

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮН ИСА КАНТИП ЧАГЫЛДЫРГАН?

3. Исанын боорукер болгону эмнеден көрүнгөн?

3 Иса пайгамбар кыйналган кишилердин сезимин, өзү алардыкындай жагдайга эч качан кабылып көрбөсө да, жакшы түшүнгөн. Мисалы, анын күндөрүндө карапайым эл адамдар ойлоп тапкан эрежелерге карманууга мажбурлаган, аларды алдаган диний жетекчилерден коркуп жашаган (Мт. 23:4; Мр. 7:1—5; Жкн. 7:13). Иса эч кимден коркпосо да, эч кимге алданбаса да, элдин ал-ахвалын түшүнө билген. Ошондуктан «элди көрүп,.. боору ачыган», «анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан» болчу (Мт. 9:36). Ал Атасындай мээримдүү, боорукер болгон (Заб. 103:8).

4. Кимдир бирөөнүн кыйналганын көргөндө Иса эмне кылчу?

4 Кимдир бирөөнүн кыйналганын көргөндө Иса ага чын жүрөктөн жардам берчү. Ушундайча ал Атасынын сүйүүсүн жеткилең түрдө чагылдырган. Бир жолу Иса менен шакирттери кабар айтып, узак жол жүрүшкөндөн кийин ээн жерге барып, бир аз эс алып алууну чечишкен. Бирок Иса өзүн күтүп турган топ элди көргөндө боору ооруп, «аларды көп нерсеге окута баштаган» (Мр. 6:30, 31, 34).

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮН БИЗ КАНТИП ЧАГЫЛДЫРА АЛАБЫЗ?

5, 6. Жахабанын сүйүүсүн чагылдырыш үчүн жакыныбызга кандай мамиле кылышыбыз керек? Мисал келтир. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Жакыныбызга сүйүү менен мамиле кылсак, Жахабанын сүйүүсүн чагылдырган болобуз. Мындай жагдайды элестетип көрөлү: бир жаш ишенимдешибиз, анын атын Артур деп коёлу, жыйналышындагы кары бир тууган жөнүндө ойлонуп жатат. Ал ата көзү начар көргөндүктөн, китепти жакшы окуй албайт, ошондой эле ага үймө-үй кыдырып кабар айтуу кыйын. Артур Исанын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген сөздөрү жөнүндө ой жүгүртөт (Лк. 6:31). Ал өзүнө: «Башкалардын мага эмне кылышын каалайт элем?» — деп суроо берет. Анан: «Алардын мени менен футбол ойношун кааламакмын»,— деп жооп берет. Бирок улгайып калган ата аны менен футбол ойной алмак эмес. Андыктан Артурдун: «Мен ал атанын ордунда болсом, башкалардын мага эмне кылышын каалайт элем?» — деп ойлонгону туура болот.

6 Артур карылык эмне экенин баштан өткөрүп көрбөсө да, өзүн улгайган кишинин ордуна коюп көрөт. Ал жыйналыштагы атага көңүл бөлүп, аны кунт коюп угуунун аркасында ага Ыйык Китепти окуу, үймө-үй кабар айтуу канчалык кыйын экенин түшүнө баштайт. Атанын эмнеге муктаж экенин баамдап, колунан келген жардамын бергиси келет. Биз да ошондой кылсак болот. Жахабага окшоп, башкаларга сүйүү менен мамиле кылыш үчүн өзүбүздү алардын ордуна коюп көрүшүбүз керек (1 Кор. 12:26).

Жахабанын сүйүүсүн чагылдыр (7-абзацты кара)

7. Канткенде башкалардын кайгысын жакшыраак түшүнө алабыз?

7 Бирөөнүн кайгысын түшүнүү дайыма эле оңой боло бербейт. Анткени көптөр биз такыр кабылып көрбөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Айрымдар оор жаракат алгандыктан, кайсы бир оорудан же карылыктан улам жапа чегишет. Башкалар көңүл чөгөттүктөн же туруп туруп эле коркунуч баса берген дарттан азап тартышат же  болбосо мурда кимдир бирөөдөн көргөн кордугу эсинен кетпей, жан дүйнөсү кыйналат. Кээ бирөөлөр болсо диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашашат же балдарын жалгыз тарбиялашат. Ооба, ар бир адамдын өзүнүн кыйынчылыгы бар жана кыйынчылыктарыбыз көбүнчө бири-бирибиздикине окшош болбойт. Андайда Кудайдын сүйүүсүн кантип чагылдыра алабыз? Ар кимге ар кандай жардам керек болот. Андыктан кимдир бирөө менен сүйлөшкөндө аны кунт коюп угуп, кандай сезимде болуп жатканын түшүнгөнгө аракет кылсак, ага кантип жакшыраак жардам бере аларыбызды аңдайбыз. Балким, ага Кудайдын анын көйгөйүнө кандай караарын айтып, бекемдейттирбиз же иш жүзүндө көмөк көрсөтөттүрбүз. Ошентсек, Жахабаны туураган болобуз. (Оку: Римдиктер 12:15; 1 Петир 3:8.)

ЖАХАБАНЫН БООРУКЕРДИГИН ЧАГЫЛДЫРАЛЫ

8. Исага боорукер болууга эмне жардам берген?

8 Иса Машаяк: «Эң Жогорку Кудай... жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат»,— деп айткан (Лк. 6:35). Иса өзү да, Кудайга окшоп, боорукер болгон. Ага боорукер болууга эмне жардам берген? Ал сүйлөгөн сөзү же кылган иши башкаларга кандай тиерин эске алып, жумшак мамиле кылган. Мисалга бир окуяны алалы. Исага бир жолу элге күнөөкөр катары таанымал болгон аял келип, бутуна көз жашын төгүп, ыйлаган. Иса анын кылган иштери үчүн өкүнгөнүн түшүнгөн жана ага катаал мамиле кылса, жүрөгүн жаралай турганын билген. Ошондуктан аны мактап, күнөөлөрүн кечирген. Иса ал аялга кылган мамилесин жактырбаган фарисейге да жумшак сүйлөгөн (Лк. 7:36—48).

9. Канткенде Кудайга окшоп боорукер боло алабыз? Мисал келтир.

9 Канткенде биз да Кудайга окшоп боорукер боло алабыз? Элчи Пабыл: «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы [керек]»,— деп жазган (2 Тим. 2:24). Башкалардын көңүлүн оорутуп албаш үчүн бир нерсе айтарда же кыларда ойлонушубуз кажет. Төмөнкүдөй жагдайларда канткенде башкаларга жылуу-жумшак мамиле кыла аларыбыз тууралуу ойлонуп көрөлү: жумушта жетекчиң өзүнүн милдеттерин жакшы аткарбай жатса, эмне кыласың? Ишенимдешиң бир нече айдан бери биринчи жолу жыйналышка келсе, ага эмне деп айтасың? Аймакта үй ээси сүйлөшкөнгө такыр убактысы жок экенин айтса, ага ылайыкташасыңбы? Жарың аны менен кеңешпей туруп айрым иштерди пландаштырып койгонуңа нааразылыгын билдирсе, ага сылык-сыпаа жооп бересиңби? Эгер өзүбүздү башкалардын ордуна коюп, айткандарыбыздын аларга кандай тиерин эске алсак, Жахабадай болуп, боорукердик менен мамиле кыла алабыз. (Оку: Накыл сөздөр 15:28.)

ЖАХАБАНЫН АКЫЛМАНДЫГЫН ЧАГЫЛДЫРАЛЫ

10, 11. Жахабанын акылмандыгын чагылдырууга эмне жардам берет? Мисал келтир.

10 Башыбыздан өткөрө элек окуяларды элестете алганыбыз Жахабанын акылмандыгын чагылдырууга жана кылган ишибиздин натыйжасы кандай болушу мүмкүн экенин көрө билүүгө жардам берет. Акылмандык — Жахабанын негизги сапаттарынын бири. Жахаба, эгер кааласа, кайсы бир иштин аягы кандай болорун толук көрө алат. Андан айырмаланып, биз алдыда эмне болорун так биле албайбыз. Ошентсе да кылайын деген ишибиздин арты эмне менен бүтүшү мүмкүн экени тууралуу ойлонгонубуз жакшы. Өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктар Кудайга баш ийбегенинин кесепети кандай болору жөнүндө ойлонушкан эмес жана Кудайдын аларга кылган жакшылыктарын баалашкан эмес. Муса пайгамбар муну көргөндүктөн  алардын кийин да жаман иштерди кыла берерин билген. Ошондуктан ал бүт ысрайыл элинин алдында: «Бул эл — акылсыз эл, булардын түшүнүгү жок. Оо, булар акылдуу болушса кана! Анда бул тууралуу ойлонушпайт беле, акырында эмне болушарын баамдашпайт беле»,— деген (Мыйз. 31:29, 30; 32:28, 29).

11 Жахабанын акылмандыгын чагылдырыш үчүн кыла турган ишибиздин натыйжасы кандай болорун ойлонушубуз, атүгүл элестетишибиз кажет. Мисалы, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жүргөн болсоң, жыныстык каалоолордун күчтүү болорун унутпашың зарыл. Эч качан Жахаба менен болгон баалуу мамилеңди буза турган ишти кылба, ал тургай, ойлонуштурба. Анын ордуна, Ыйык Китептеги: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деген сөздөргө кулак кагып, акылдуулук менен иш кыл (Накыл 22:3).

ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУП ЖАТКАНЫҢА КӨҢҮЛ БУР

12. Канткенде ой жүгүртүүбүз зыян алып келиши мүмкүн?

12 Кыраакы киши эмне жөнүндө ойлонуп жатканына көңүл бурушу керек экенин түшүнөт. Себеби ой жүгүртүү отко окшош. Отту туура колдонсо, анын пайдасы зор, алсак, ага тамак жасаса болот. Бирок сак болбосок, от ээ-жаа бербей, үйдү өрттөп, анда жашагандардын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Анын сыңарындай, Жахабаны кантип туурасак болору жөнүндө ойлонсок, ой жүгүртүүбүз пайда алып келет. Ал эми адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө ойлоно берүүнүн арты залакалуу болот. Маселен, жаман иштерди кылып жатканыбызды элестете берсек, акыры аларды кылып коюшубуз мүмкүн. Натыйжада Жахаба менен болгон мамилебиз бузулат. (Оку: Жакып 1:14, 15.)

13. Обо эне, кыязы, жашоосу кандай болот деп элестетип алган?

13 Обо эненин «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен» эмне үчүн жегенин карап көрөлү (Башт. 2:16, 17). Шайтан ага: «Жок, өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген. Обо эне ошондон кийин «дарактын жакшы экенин, көзгө жагымдуу көрүнүп, өзүнө тартып турарын көргөн». Анан «анын жемишинен алып жеп», «күйөөсү экөө чогуу болгондо, ага да берген», «ал да жеген» (Башт. 3:1—6). Обо энеге, сыягы, Шайтандын айткандары жагып калган. Ал эмне жакшы, эмне жаман экенин бирөөнүн айтканы боюнча эмес, өзү чечсе, жашоосу алда канча жакшы болот деп ойлосо керек. Анын ошондойчо ой жүгүрткөнү кесепеттүү болгон. Себеби анын тилине кирип, тыюу салынган дарактын жемишинен жеген Адам ата «аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген» (Рим. 5:12).

14. Ыйык Китепте жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу кандай эскертүүлөр бар?

 14 Обо эненин Эйден багында кетирген күнөөсү, айрымдар ойлогондой, жыныстык адеп-ахлаксыздык болгон эмес. Бирок Ыйык Китепте андай иштерди ойлоп, аларды элестетүүдөн сак болушубуз керектиги айтылат. Алсак, Иса: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деп эскерткен (Мт. 5:28). Элчи Пабыл да: «Дене кумарларын кантип канааттандырууну ойлонуштурбагыла»,— деп жазган (Рим. 13:14).

15. Байлыкты каякка топтошубуз керек жана эмне үчүн?

15 Жахабага кылган кызматыбызды эмес, байлыкка тунуп жашап жатканыбызды ойлоп, кыялга батуу да абдан кооптуу. Чынында, бай кишиге өзүнүн байлыгы «бийик чептей көрүнөт» (Накыл 18:11). Бирок Иса Машаяк бир мисалында «өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын алдында байыбаган кишинин» акылсыз экенин айткан (Лк. 12:16—21). Эгер «байлыкты асманга топтоп», Жахабага жаккан иштерди кылсак, аны да кубантабыз, өзүбүз да бактылуу болобуз (Мт. 6:20; Накыл 27:11). Аны менен ынак мамиледе болуудан өткөн баалуу кенч барбы?

ТЫНЧСЫЗДАНА БЕРБЕ

16. Канткенде санаага алдырбайбыз?

16 Эгер «жер үстүнө байлык жыйноого» умтулсак, көп нерсеге тынчсызданып, түйшүк тартабыз (Мт. 6:19). Иса «бул дүйнөнүн түйшүгүнө, алдама байлыкка берилген» адамга Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коюу кыйын болуп каларын айткан (Мт. 13:18, 19, 22). Айрымдар болсо алдыда кандай жаман нерселер болуп кетиши мүмкүн экенин элестетип алып, санаа тарта беришет. Бирок ошентип жүрөкзаада боло берүү ден соолукка да, Кудай менен болгон мамилеге да зыян келтирет. Андыктан, келгиле, Жахабага таяналы жана «санаа жүрөктү өйүүрүн», «ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөрүн» унутпайлы (Накыл 12:25). Бир нерсеге кабатырланып, бушайман болуп жатсаң, сени жакшы түшүнгөн бирөө менен сүйлөш. Айталы, Жахабага кызмат кылган ата-энең, өмүрлүк жарың же жакын досуң сага санаадан арылууга жардам бериши ыктымал.

17. Көп тынчсыздана бербегенге Жахаба кантип көмөк кылат?

17 Жан дүйнөбүзгө бүлүк салган ой-санааларыбызды Жахаба баарынан жакшы түшүнөт. Ошол себептен элчи Пабыл мындай деген: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт» (Флп. 4:6, 7). Бир нерсеге түпөйүлдөнүп жатканда, Жахабанын сага аны менен болгон мамилеңди бекем сактоого ишенимдештериң, аксакалдар, ишенимдүү кул, периштелер жана Иса Машаяк аркылуу жардам берерин эстен чыгарба.

18. Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү бизге эмне кылууга жардам берет?

18 Бул макаладан билгенибиздей, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү бизге Кудайдын сапаттарын, анын ичинде сүйүүсүн чагылдырууга жардам берет (1 Тим. 1:11; 1 Жкн. 4:8). Эгерде башкаларга чын жүрөктөн сүйүү көрсөтсөк, кылган ишибиздин натыйжасы тууралуу ойлонсок жана сарсанаага бата бербесек, жүрөгүбүздө дайыма кубаныч болот. Андыктан, келгиле, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү туура колдонуп, жаңы заманда жашообуз кандай болорун элестетели жана Жахабаны туураганга бүт күчүбүздү жумшайлы (Рим. 12:12).