Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ 2015

 ӨМҮР БАЯН

Биринчи сүйүүмдү муздатпаганым туруктуу болууга жардам берип келет

Биринчи сүйүүмдү муздатпаганым туруктуу болууга жардам берип келет

1970-ЖЫЛДЫН жай мезгили эле. Согушта жүргөндө катуу ооруп калып, АКШнын Финиксвилл шаарындагы ооруканага жатып калгам. Ал кезде 20 эле жашта болчумун. Менден бир аз эле улуураак бир медициналык кызматкер жарым саат сайын кан басымымды өлчөп жаткан. Анын жүзүнөн аябай тынчсызданып жатканы байкалып турду. Кан басымым улам төмөндөй бергендиктен, андан: «Буга чейин кимдир бирөөнүн өлгөнүн көрдүң беле?» — деп сурадым. Ал купкуу болуп кетип: «Жок, көргөн эмесмин»,— деп жооп берди.

Ошол учурда жакшылыктан үмүтүмдү үзүп койгом. Анда эмесе, ооруканага кантип түшүп калганым жана башыман өткөн айрым окуялар жөнүндө бир аз кеп салып берейин.

СОГУШТУН СУУК ИЛЕБИН СЕЗИШИМ

Сөзүмдүн башында айткан ооруга Вьетнамдагы согушта операция кылган доктурларга жардам берип жүргөндө чалдыккам. Ооругандарга, жарадар болгондорго жардам берүүдөн канааттануу алчумун, ошондой эле келечекте хирург болгум келчү. Вьетнамга 1969-жылы июлда баргам. Жаңы барган башка жоокерлерге убакыт берилгендей эле, мага да ал жактын саат алкагына ылайыкташып, ысыгына көнүп кеткенге бир жума берилди.

Көп өтпөй Меконг дарыясынын дельтасындагы Доң Там штабында жайгашкан хирургиялык ооруканада иштөөгө дайындалдым. Ал жакка барганымда жарадарларды ташып жаткан жайнаган вертолётторду көрдүм. Эмгекти сүйгөндүктөн жана патриоттук сезимим күч алып тургандыктан, дароо ишке кириштим. Операциялык бөлмө катары колдонулган, кондиционерлер орнотулган чакан темир контейнерлерге жарадар жоокерлерди шуулдатып эле киргизип жатышты. Ошол кымындай жерге хирург, анестезиолог, доктурдун эки жардамчысы тыгылып алып, адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатканын көрдүм. Бир убакта вертолёттордон түшүрүлбөгөн чоң-чоң кара баштыктар көзүмө урунду. Аларга курман болгон жоокерлердин чачырап кеткен дене мүчөлөрү салынганын айтышты. Ошентип, биринчи жолу кандуу согуштун суук илебин сездим.

КУДАЙДЫ ИЗДЕШИМ

Өспүрүм кезимде чындык тууралуу анча-мынча угуп калгам

Өспүрүм кезимде Ыйык Китептеги чындык тууралуу анча-мынча угуп калгам. Апам Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдечү, бирок  чөмүлгөн жок. Алар изилдеп жатканда, жанында угуп отурганды жакшы көрчүмүн. Бир жолу өгөй атам менен Падышалык залынын жанынан өтүп баратып андан: «Бул эмне болгон жер?» — деп сурадым. Ал: «Бул жакка келген кишилерге такыр жолобо!» — деп айтты. Мен атамды жакшы көргөндүктөн жана ага ишенгендиктен айтканындай кылдым. Ошондон тартып Жахабанын Күбөлөрү менен байланышпай калдым.

Вьетнамдан кайтып келгенден кийин Кудай жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштадым. Үрөйдү учурган элестер көз алдыман кетпей, жүрөгүм мыжыла берчү. Вьетнамда эмне болуп жатканын эч ким толук түшүнбөгөндөй сезилчү. Согушта нечендеген бейкүнөө балдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү деп айтылганын уккандыктан, көптөгөн нааразычылык акциялары уюштурулуп, ага катышкандар америкалык жоокерлерди бала өлтүргүчтөр деп күнөөлөшкөн.

Кудай жөнүндө билиш үчүн ар кайсы чиркөөлөргө барып көрдүм. Мен Кудайды жакшы көрчүмүн, бирок чиркөөлөрдөн уккан-көргөндөрүм купулума толгон жок. Акыры, Делрей-Бич шаарындагы (Флорида штаты) Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына бардым. Ал күн 1971-жылдын февраль айынын жекшембиси эле.

Падышалык залына киргенимде, баяндама бүтөйүн деп калыптыр, ошондуктан андан кийин өткөрүлгөн «Күзөт мунарасын» изилдөөгө катыштым. Ал жакта эмне жөнүндө айтылганы эсимде деле жок, бирок кичинекей балдардын аяттарды табыш үчүн Ыйык Китептерин ачып отурганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен ошого абдан таң калгам. Жыйналышта айтылгандарга кулак түрүп, баарына көз салып отурдум. Кетип баратканымда 80 жаштардагы улгайган бир киши келип, мени менен таанышты. Ал Жим Гарднер деген бир тууган эле. Гарднер бир тууган мага «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китепти берди. Анан Ыйык Китепти изилдөө үчүн бейшемби күнү эртең менен жолугарыбызды сүйлөшүп алдык.

Ошол жекшембиде түндө жумушка бармакмын. Мен Бока-Ратондогу (Флорида штаты) бир жеке оорукананын шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүндө иштечүмүн. Жумушум түнкү саат 11ден таңкы 7ге чейин созулчу. Ошол түнү тынч болгондуктан, «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» китебин окуп жаткам. Бир маалда башкы медайым жаныма келип, колумдагы китепти жулуп алып: «Эмне, сен да ошолорго кошулайын деп жатасыңбы?!» — деп кыйкырды. Мен китепти кайра анын колунан жулуп алып: «Мунун жарымына эле келдим, бирок акыры аларга кошулат окшойм!» — дедим. Ал кетип калды, мен болсо түнү менен окуп, китепти бүтүп койдум.

Ыйык Китепти Расселди жакшы тааныган майланган бир тууган Жим Гарднер менен изилдегем

Жим Гарднер менен жолукканда андан: «Эмнени изилдейбиз?» — деп сурадым. Ал: «Мен берген китепти»,— деп жооп берди. Аны эбак эле окуп бүтүп койгонумду айтканда, ал жумшактык менен: «Жакшы. Кел анда, биринчи бөлүмдү талкуулап көрөлү»,— деди. Талкуулап жатканыбызда, көп нерсени байкабай кеткениме аябай таң калдым. Менде «Король Яковдун Ыйык Китеби» бар болчу. Жим Гарднердин сунушу боюнча, көп аяттарды  ошол Ыйык Китептен окуп жаттым. Ошентип, чыныгы Кудай Жахаба жөнүндө билим ала баштадым. Биз бир отурганда эле «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» китебинин үч бөлүмүн талкуулап койдук. Ошондон тартып бейшемби сайын үч бөлүмдөн изилдей баштадык. Окуп-билгендерим аябай жакчу. Гарднер бир тууган менен ушунчалык жакын болуп калгандыктан, ага атынан эле кайрылчумун. Чарлз Тейз Расселди жакшы тааныган ал майланган бир тууган менен изилдегениме сыймыктанам!

Бир нече жума өткөндөн кийин жарчы болдум. Жим мага үймө-үй кабар айтканда жана башка учурларда көп тынчсызданбаганга жардам берди (Элч. 20:20). Аны менен кызматташуунун аркасында кабар айткандан кубаныч ала баштадым. Кабар айтуу кызматын азыркыга чейин зор сыймык деп эсептейм. Ырас, Кудайдын кызматташы болуудан артык эч нерсе жок! (1 Кор. 3:9).

ЖАХАБАГА БОЛГОН БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ

Эми Жахабага болгон биринчи сүйүүм жөнүндө айтып берейин (Аян 2:4). Ага болгон сүйүүм согуштагы дене бойду дүркүрөткөн окуялар эсиме түшүп кыйналганымда жана башка оор учурларда күч берип келет (Ыш. 65:17).

Жахабага болгон сүйүүм согуштагы дене бойду дүркүрөткөн окуялар эсиме түшүп кыйналганымда жана башка оор учурларда күч берип келет

1971-жылы Янки стадионунда өткөн «Кудайдын ысмы» деп аталган облустук жыйында чөмүлгөм

1971-жылдын жаз айларынын бир күнү такыр эсимден кетпейт. Мен жашап жаткан үй өгөй атамдыкы болгондуктан, ал Жахабанын Күбөлөрүнүн бирин да үйүнө жолоткусу келбей, мени эшикке чыгарып койгон. Акчам да тартыш болчу. Айлыгымды эки жумада бир алчумун, ошондой эле кабарга чыга алышым жана Жахабаны сырткы көрүнүшүм менен да даңктай алышым үчүн акчамдын көбүн кийим-кечекке сарптап койгон элем. Анча-мынча топтоп койгон акчам болсо өлкөнүн түндүгүндөгү өзүм өсүп-чоңойгон Мичиган штатындагы банкта эле. Ошондуктан бир нече күн машинемде жашаганга туура келди.  Жуунуп-тазаланып, сакал-мурутумду алыш үчүн машинеге май куйган жердеги дааратканага барчумун.

Ошол күндөрдүн биринде жумуштан кийин кабар айтуу жолугушуусуна эки сааттай эрте барып калдым. Падышалык залынын артында, эч ким көрбөгөн жерде, отурганымда Вьетнамдагы кызыл кыргын элестеп, мурдума адамдын күйгөн денесинин жыты келип, куюлуп жаткан кыпкызыл кан менен уюп калган кан көзүмө көрүнө баштады. Жапжаш жигиттердин: «Мен тирүү каламбы? Мен тирүү каламбы?» — деген аянычтуу үндөрү угулуп, жүздөрү көз алдыма тартылып жатты. Алардын аман калбай турганын билип турсам да, эч сыр бербей, жооткотконго аракет кылчумун. Ушулардын баары эсиме түшүп, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналып чыктым.

Дайыма, өзгөчө, оор учурларда Жахабага болгон биринчи сүйүүмдү муздатпаганга бүт күчүмдү жумшап келем

Тиленип жатканымда, көз жашым жаагымдан ылдый салаалап куюлуп жатты (Заб. 56:8). Анан тирилүү жөнүндө терең ой жүгүртө баштадым. Ошондо Жахабанын өлгөндөрдү тирилтип, мен көргөн каардуу согуштун залалын жоюп, менин да, башкалардын да көкүрөгүндөгү жараатын толугу менен айыктырары тууралуу ой жүрөгүмдү болк эттирди. Жахаба курман болгон ошол жигиттерге кайрадан өмүр берип, аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет (Элч. 24:15). Ушул тууралуу ойлонгонумда Жахабага болгон сүйүүм жалындап, жан дүйнөм козголду. Ал күн мен үчүн бөтөнчө күн болду. Ошондон тартып дайыма, өзгөчө, оор учурларда Жахабага болгон биринчи сүйүүмдү муздатпаганга бүт күчүмдү жумшап келем.

ЖАХАБА МАГА КАМ КӨРҮП КЕЛЕТ

Согушта адамдар төбө чачты тик тургузган иштерди жасашат. Менин да андай иштерге аралашкан учурларым болгон. Бирок эки аяттын үстүнөн ой жүгүрткөнүм мага өзүмдү жемелей бербегенге көмөк кылып келет. Биринчиси — Аян 12:10, 11. Ал жерде Шайтанды күбөлөндүрүүбүз менен эле эмес, Козунун каны менен да жеңерибиз айтылат. Экинчиси — Галатиялыктар 2:20. Ал аят мени Машаяк Исанын «мен үчүн өмүрүн бергенине» ынандырат. Жахаба мени Исанын төгүлгөн каны аркылуу карайт жана кылган күнөөлөрүмдү кечирген. Муну билүүнүн аркасында абийирим кыйнабай калды, ошондой эле башкаларга ырайымдуу Кудайыбыз Жахаба жөнүндөгү чындыкты билүүгө жардам берүү үчүн колуман келгендин баарын кылууга түрткү алдым (Евр. 9:14).

Артка кылчая карап, өткөн күндөрүмө көз чаптырган сайын, мага дайыма кам көрүп келгени үчүн Жахабага болгон ыраазычылыгым арта берет. Мисалы, Жим машинеде жашап жүргөнүмдү билген күнү эле мени бөлмөлөрүн ижарага берген бир эже менен байланыштырган. Жахаба Жим менен ошол эжени колдонуп, сонун жерде жашашыма кам көрүп койгонуна ишенем. Жахаба — абдан боорукер Кудай. Ал ишенимдүү кызматчыларын эч качан таштабайт.

СЫЛЫК БОЛГОНГО ҮЙРӨНҮШҮМ

1971-жылдын май айында бир иш боюнча Мичиганга барыш керек болуп калды. Флорида штатындагы «Делрей-Бич» жыйналышынан машинеме адабияттарды толтура салып алып, 75-автомагистраль менен түндүктү көздөй бет алдым. Адабияттар кошуна жайгашкан Жоржия штатынан чыга элегимде эле түгөнүп калды. Жолдон жакшы кабарды бардык жерде бүт ынтам менен айтып жаттым. Түрмөлөрдө да күбөлөндүрүп, атүгүл жол боюндагы эс ала турган жерлердеги дааратканаларда да баракчаларды тараттым. Ошол сепкен үрөндөрдүн арасынан өнүп чыкканы болду бекен деп азыркыга чейин ойлоно берем (1 Кор. 3:6, 7).

Ачык айтыш керек, чындыкты жаңыдан изилдеп жаткан кезде башкаларга, айрыкча, үй-бүлөмдөгүлөргө катуу тийип алчумун. Жахабага болгон биринчи сүйүүм жалындап тургандыктан, аларга тайманбай кабар айтканым менен, орой сүйлөп алар элем. Агаларым Жон менен Ронду аябай жакшы көргөндүктөн кабарды уккусу келбесе деле айта берчүмүн. Кийинчерээк туура  эмес кылганымды түшүнүп, алардан кечирим сурадым. Алар чындыкты кабыл алса экен деп дайыма тиленем. Жахаба берген таалим-тарбиянын аркасында кабар айтканда жана башкаларды окутуп жатканда сылыгыраак болгонго үйрөндүм (Кол. 4:6).

ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМДАРЫМ

Жахабага болгон сүйүүмдү муздатпагандан сырткары, жакын адамдарыма болгон сүйүүмдү да сактап келем. Эмесе, сүйүктүү жубайым Сюзан тууралуу кеп козгоюн. Мен Падышалыктын иштерин аткарууда мени колдой турган өмүрлүк жар тапсам дечүмүн. Сюзан рухий жактан абдан бекем. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө ага жолугуш үчүн бир жолу Кранстон шаарына (Род-Айленд штаты) барганым эсимде. Ал ата-энесинин үйүнүн алдында «Күзөт мунарасын» окуп отуруптур. Кошумча макаладагы аяттарды Ыйык Китептен окуп жатканын көрүп, баа бергем. Ошондо анын рухийликти абдан баалаарына ого бетер ынангам. Экөөбүз 1971-жылы декабрда баш коштук. Ошол күндөн бери өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, мени колдоп келатканына ага абдан ыраазымын. Баарынан да анын мага караганда Жахабаны көбүрөөк сүйгөнүн жогору баалайм.

Мен, Сюзан жана уулдарыбыз Пол менен Жеси

Сюзан экөөбүз Жеси жана Пол деген эки уулдуу болдук. Алар Жахабанын жолунда чоңоюшту (1 Шем. 3:19). Чындык уулдарыбыздын жүрөгүнөн терең орун алганына Сюзан экөөбүз тең сыймыктанабыз. Алар Жахабага болгон биринчи сүйүүсүн муздатпагандыктан ага кызмат  кылып келатышат. Экөөнүн тең толук убактагы кызматты аркалап келатканына 20 жылдан ашып калды. Мен өз кыздарымдай көргөн, жакшынакай келиндерим Стефани жана Ракел менен да сыймыктанам. Ырас, эки уулум тең Жахаба Кудайды бүт жүрөгү, бүт жаны менен сүйгөн кыздарга үйлөнүштү (Эф. 6:6).

Үй-бүлөм менен сейрек иштетилген аймакта кызмат кылып жүргөндө

Чөмүлгөндөн кийин 16 жыл Род-Айлендде кызмат кылдым. Анын аркасында көптөгөн досторду таптым. Ал жактагы сонун-сонун аксакалдар менен кызматташкан учурларды азыр да жылуу сезим менен эскерем. Мага жакшы таасир эткен кыдыруучу көзөмөлчүлөргө да ыраазымын, алардын аттарын атай турган болсом, аягы бүтпөйт. Жахабага болгон биринчи сүйүүсүн муздатпаган бир туугандар менен кызматташуу мен үчүн зор сыймык! 1987-жылы жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылуу үчүн Түндүк Каролинага көчүп бардык. Ал жактан да көп бир туугандар менен ынак болуп калдык *.

Кыдыруучулук ишти аркалап жүргөндө кабар айтуу жолугушуусун өткөрүп жаткан кезим

2002-жылдын август айында Сюзан экөөбүз Патерсондогу (АКШ) Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү болдук. Мен кызмат бөлүмүндө, Сюзан болсо кир жуучу жайда кызмат кылды. Сюзанга ал кызматы аябай жакчу. Ал эми 2005-жылы августта мага Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуу сыймыгы ыйгарылды. Андай чоң сыймыкка өзүмдү татыксыз сездим. Жубайым артылган жоопкерчиликти, аткара турган иштерди, ар кайсы жерлерди кыдырарыбызды ойлоп, бир топ тынчсызданды. Ал учакка түшкөндө дайыма кыйналчу, ошентсе да бизге көп жолу учууга туура келди. Сюзан Жетектөөчү Кеңештин башка мүчөлөрүнүн жубайларынын берген кеп-кеңештери ага мени колунан келишинче колдоого жардам берип келатканын айтат. Ал мени чындап эле жөлөп-таяп келет, мен аны ошонусу үчүн да аябай жакшы көрөм.

Офисимде мен үчүн абдан баалуу болгон көптөгөн сүрөттөр бар. Алар мага жашоомдун канчалык маңыздуу өтүп жатканын эсиме салып турат. Жахабага болгон биринчи сүйүүмдү муздатпаганга бүт күчүмдү жумшаганым үчүн, ал мага батасын мол төктү!

Үй-бүлөм менен убакыт өткөрүү мага рахат тартуулайт

^ абз. 31 Энтони Морристин толук убактагы кызматы тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2006-жылдын 1-апрелиндеги санынын 31-бетин карагыла.