Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2015

 ӨМҮР БАЯН

«Ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» Кудайга кызмат кылып, бата алдым

«Ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» Кудайга кызмат кылып, бата алдым

МЕН бүгүнкү күндө Малави деп аталган өлкөдөгү Лилонгве шаарына жакын жайгашкан Намкумба деген кыштакта 1930-жылы март айында жарык дүйнөгө келгем. Кичинемден тартып Жахабага ишенимдүү кызмат кылган туугандарым менен досторумдун арасында чоңойдум. 1942-жылы өзүмдү Кудайга арнап, айланага көрк берип турган дарыялардын биринде чөмүлгөм. Ошондон бери 70 жылдан ашуун убакыт бою элчи Пабылдын Тиметейге берген кеңешине ылайык иш кылууга, «ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарлоого», бүт күчүмдү жумшап келем (2 Тим. 4:2).

1948-жылдын башында Нейтан Норр менен Милтон Хеншель Малавиге биринчи жолу келишти. Алардын келгени Жахабага толук убакыт кызмат кылууга болгон каалоомду ойготту. Жахабанын Күбөлөрүнүн Бруклиндеги (Нью-Йорк) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылган ал ишенимдештерибиздин дем-шык берерлик сөздөрүн азыр да жылуу сезим менен эскерем. Норр бир туугандын «Бардык элдердин түбөлүктүү Башкаруучусу» деген баяндамасын чаң баскан талаага чогулган 6 000дей кишинин баары бүт дитин коюп уккан.

Күндөрдүн биринде Лидаси деген татынакай кыз менен таанышып калдым. Ал да Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюп, толук убакыт кызмат кылууну максат кылып келатыптыр. Экөөбүз 1950-жылы баш кошуп, 1953-жылга чейин 2 балалуу болдук. Үй-бүлөдөгү көптөгөн милдеттерибизге карабай, жубайым менен кеңешип көрүп, үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштоону чечтим. Эки жылдан кийин атайын пионер болуп дайындалдым.

Көп өтпөй райондук көзөмөлчү болуп, жыйналыштарды кыдыра баштадым. Лидаси жан-дили менен колдоо көрсөткөндүктөн, мен ал кызматты аткаргандан сырткары, үй-бүлөмө материалдык жактан да, рухий жактан да кам көрө алдым *. Бирок Кудайга экөөбүз тең толук убакыт кызмат кылсак деп самачубуз. Баарын жакшылап ойлонуштуруунун аркасында жана беш балабыздын тең көмөгү менен жубайым да 1960-жылы толук убактагы кызматты баштай алды.

Жыйындар бизди алдыда боло турган куугунтукка даярдаган

Биз ар кайсы жыйналыштарды кыдырып, ишенимдештерибиз менен кызматташуудан зор кубаныч алчубуз. Биздин аймакка Малавинин түштүгүндөгү көз жоосун алган Муланже тоосунан тартып өлкөнүн дээрлик бүт чыгышын ээлеген Малави көлүнүн жээгине чейинки жерлер кирчү. Районубуздагы жыйналыштар менен жарчылардын саны тынымсыз өскөнүн өз көзүбүз менен көрдүк.

1962-жылы «Кайраттуу кызматчылар» деген облустук  жыйын болуп өттү. Артка кылчая карап, ошондой жолугушуулар Малавиде жашаган бардык бир туугандарды алдыда боло турган кыйын мезгилге даярдаган экен деп ойлоном. Кийинки жылы Хеншель бир тууган Малавиге дагы келгенде, Блантайр шаарына жакын жерде атайын жыйын өткөрүлдү. 10 000дей киши катышкан ошол жыйын да бизге кийин оор сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам берди.

ООР МЕЗГИЛДИН БАШТАЛЫШЫ

Өкмөт ишибизге тыюу салып, филиалдын мүлкүн тартып алган

Жахабанын Күбөлөрү саясий иштерге катышпагандыктан 1964-жылы катуу куугунтукка алына башташты. Бизге каршы болгондор 100дөн ашык Падышалык залын жана бир туугандардын 1000ден ашуун үйүн талкалашты. Бирок биз, Малавинин өкмөтү 1967-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салганга чейин, кыдыруучулук кызматты аткара бердик. Тыюу салынгандан кийин бийликтегилер Блантайрдагы филиалдын мүлкүн тартып алып, миссионерлерди өлкөдөн кетирип, жергиликтүү бир туугандарды түрмөгө камашты. Алардын арасында Лидаси экөөбүз да бар болчубуз. Бошотулгандан кийин этияттык менен кыдыруучулук ишти уланта бердик.

1972-жылы октябрь айынын бир күнү «Малави жаштар лигасы» деп аталган аскердик-саясий кыймылдын 100дөй мүчөсү биздин үйдү көздөй бет алыптыр. Бирок алардын арасынан бирөө чуркап келип, мени өлтүргөнү жатышканын, ошондуктан тезирээк жашынышым керектигин айтты. Мен аялым менен балдарыма жакын жерде өсүп турган банандардын арасына жашынгыла деп айттым да, өзүм бир чоң манго дарагына чыгып алдым. Ошол жерден үйүбүздүн, мүлкүбүздүн баарын талкалап жатышканын карап турдум.

Бир туугандар саясатка аралашпагандыктан, үйлөрү өрттөлгөн

Куугунтук күчөгөндөн күчөй бергендиктен, миңдеген бир туугандар менен чогуу Малавиден чыгып кеттик. Үй-бүлөм менен 1974-жылдын июнуна чейин Мозамбиктин батышындагы качкындар лагеринде баш калкаладым. Ошол убакта Лидаси экөөбүз Малавинин чек арасына жакын жайгашкан Домуе шаарчасына (Мозамбик) атайын пионер болуп дайындалып, ал жакта 1975-жылга чейин кызмат кылдык. Ал эми 1975-жылы Мозамбик Португалиядан бөлүнүп, өзүнчө мамлекет болгондо, бизди башка ишенимдештерибиз менен бирге өлкөдөн чыгарып жиберишти. Ошентип, куугунтук күч алган Малавиге кайтып келүүгө аргасыз болдук.

Малавиге келгенден кийин мага анын борбор калаасы Лилонгведеги жыйналыштарды кыдыруу иши тапшырылды. Куугунтукка жана башка кыйынчылыктарга карабай, биз кызмат кылган райондордо жыйналыштар көбөйө берди.

ЖАХАБАНЫН КОЛДООСУ

Бир күнү жол жүрүп баратып бир айылга туш келдик. Ал жерде саясий жолугушуу болуп жатыптыр. Жолугушуу өткөрүп жаткан партиянын айрым жактоочулары биздин Жахабанын Күбөлөрү экенибизди билгенде «Малавинин жаш пионерлери» деп аталган саясий кыймылдын мүчөлөрүнүн арасына отургузуп коюшту. Жахабадан ошол опурталдуу учурда жардам беришин, жетектешин сурап, жалындуу тилендик. Жолугушуу аяктаганда, алар  бизди сабай башташты. Аңгыча жашы улуураак бир аял чуркап келип: «Буларды коё бергилечи! Бул киши — менин бир тууганымдын уулу. Буларды коё бергилечи, кете беришсин!» — деп кыйкырды. Жолугушууну уюштургандардын бири: «Мейли, коё бергиле!» — деди. Ал аял тууганыбыз болбогондуктан, эмне үчүн ошентип айтканын билбейбиз. Бирок биз Жахабанын тиленүүбүзгө жооп бергенин түшүндүк.

Партбилет

1981-жылы «Малавинин жаш пионерлери» деген кыймылдын мүчөлөрүнө дагы кезигип калдык. Алар велосипеддерибизди, жүктөрүбүздү, китептерибизди жана райондун документтерин тартып алышты. Өзүбүз эптеп кутулуп, бир аксакалдын үйүнө качып барып, Жахабадан тилендик. Баарынан да документтерди ойлоп кабатыр болдук. Бизди тоногондор документтерди карап жатып, мага Малавинин туш тарабынан келген каттарды көргөндө мени чоң болуп иштейт экен деп ойлоп, аябай коркуп кетишиптир. Анан документтердин чып-чыргасын коротпой, кандай болсо, ошондой кылып жергиликтүү аксакалдарга алып барып беришиптир.

Дагы бир жолкусунда дарыядан кайык менен өтүп баратканбыз. Кайыктын ээси ошол аймакта саясий жетекчи болгондуктан бардык жүргүнчүлөрдүн партбилетин текшере баштады. Ал бизге жакындап калганда, жүргүнчүлөрдүн бири бийликтегилер издеп жүргөн ууру болуп чыкты. Ошондон улам баары ызы-чуу түшүп, партбилеттер текшерилбей калды. Бул сапар да Жахабанын колдогонун сездик.

КАМАККА АЛЫНЫШЫМ

1984-жылы февралда отчётторду Замбиядагы филиалга берип жиберүү үчүн Лилонгвеге баратсам, полиция кызматкери токтотуп, сумкамды текшерип кирди. Сумкамдан Ыйык Китепке негизделген бир нече адабият таап алгандыктан мени полиция участогуна алып барып, сабай баштады. Анан мени байлап, алардын мүлкүн уурдаган кылмышкерлердин арасына кошуп койду.

Эртеси күнү полициянын чоңу мени башка бөлмөгө алып кирип, бир документке кол коюшум керектигин айтты. Ал документке өзү: «Мен, Трофим Нсомба, мындан ары Жахабанын Күбөсү эмесмин, ошондуктан мени бошотсоңор болот»,— деп жазып коюптур. Мен ага: «Мен байланганга эле эмес, өлгөнгө да даярмын. Мен дагы деле Жахабанын Күбөсүмүн»,— деп жооп берип, кол койбой койдум. Ал каары кайнап, үстөлдү ушунчалык катуу муштагандыктан, кошуна бөлмөдөгү полиция кызматкери чуркап келди. Полициянын чоңу ага: «Бул киши кабар айтканын токтотпойм деп, документке кол койбой жатат. Ошондуктан өзүнүн Жахабанын Күбөсү экенин ырастаган документке кол койсун. Биз муну Лилонгвеге жөнөтүп, каматабыз»,— деди. Ошончо убакыт бою сүйүктүү жубайым дайынымды билбегендиктен абдан кабатыр болуптур. Төрт күндөн кийин гана ишенимдештерибиз ага каякта жүргөнүмдү билдиришти.

Лилонгведеги полиция кызматкерлери мага жакшы мамиле кылышты. Алардын чоңу: «Бул табактагы күрүчтү жеп ал, анткени сен  Кудайдын Сөзү үчүн камалдың. Башкалар болсо бул жерде уурулук кылганы үчүн отурушат»,— деди. Анан мени «Качере» түрмөсүнө жөнөттү. Ал жакта беш ай болдум.

«Качере» түрмөсүнө барганымда, ал жактын башчысы сүйүнүп кетти, анткени мени түрмөдөгүлөргө «пастор» кылып дайындагысы келип жаткан экен. Мурунку пасторду болсо: «Сенин бул жакта Кудайдын Сөзүн окутушуңду каалабайм. Себеби сен өзүңдүн чиркөөңдө уурулук кылганың үчүн түрмөгө түшкөнсүң» — деп бошотуп салды. Ошентип, жума сайын түрмөдөгүлөр үчүн уюштурулган жолугушууларда Ыйык Китепти колдонуп окута баштадым.

Кийинчерээк жагдай начарлады. Түрмө кызматкерлери Малавиде канча Жахабанын Күбөсү бар экенин билиш үчүн мени суракка алышты. Суроолоруна жооп бербей койгондуктан, алар мени эс-учумду жоготкончо сабашты. Дагы бир жолу башкы башкармалыгыбыз каякта жайгашканын сурашканда, аларга: «Бул оңой суроо экен. Буга жооп берем»,— дедим. Полиция кызматкерлери кудуңдап, жаздыруучу аппаратын күйгүзүштү. Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгы жөнүндө Ыйык Китепте жазылганын айтканда, алар таң калып: «Ыйык Китептин кайсы жеринде?» — деп сурашты.

«Ышая 43:12де»,— дедим мен. Алар ошол аяттагы: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр,— дейт Жахаба.— Мен болсо Кудаймын»,— деген сөздөрдү аябай кунт коюп окушту. Ал сөздөрдү үч жолу окугандан кийин: «Кантип эле Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгы жөнүндө Ыйык Китепте айтылсын, ал Америкада эмеспи?» — деп сурашты. «Америкадагы Жахабанын Күбөлөрү да бул аятта алардын башкы башкармалыгы жөнүндө жазылган деп эсептешет»,— дедим мен. Алардын оюндагыдай жооп бербегендиктен, мени Лилонгвенин түндүк жагындагы «Дзалека» түрмөсүнө жөнөтүштү.

ООР УЧУРЛАРДА АЛГАН БАТАЛАРЫМ

Ошентип, 1984-жылы июлда 81 ишенимдешим отурган «Дзалека» түрмөсүнө которулдум. Ал түрмөдө 300 киши бир жерге тыгылып, ийиндерибиз тийише уктачубуз. Убакыттын өтүшү менен биз, Жахабанын Күбөлөрү, бир нече топторго бөлүнүп, күн сайын Ыйык Китептеги аяттардын бирин талкуулап турдук. Бул бизди аябай бекемдечү.

Кийинчерээк түрмө башчысы бизди башкалардан өзүнчө бөлүп койду. Түрмө кайтаргандардын бири бизге жашыруун мындай деди: «Бийликтегилер силерди жек көрбөйт деле. Силерди эки себептен улам гана түрмөдө кармап жатабыз: биринчиден, бийликтегилер силерди Жаш пионерлер өлтүрүп койбосун деп жатышат. Экинчиден, силер келечекте боло турган согуш жөнүндө айтып жүргөндүктөн, алар ошол согуш учурунда жоокерлери туш-тушка тарап кетет деп кооптонуп жатышат».

Соттон кийин түрмөгө бараткан бир туугандар

1984-жылы октябрда баарыбыздын ишибиз сотто каралып, ар бирибиз эки жылга кесилдик. Бизди баштагыдай эле Жахабанын Күбөсү эместерге кошуп коюшту. Бирок түрмө башчысы ал жердегилердин баарына мындай деди: «Жахабанын Күбөлөрү тамеки чекпейт. Андыктан тамеки сурап, аларды кыйнабагыла, ошондой эле тамекиңерди күйгүзүш үчүн чок алып келгени жибербегиле. Алар —  Кудайдын кишилери! Жахабанын Күбөлөрүнүн баарына күнүнө эки маал тамак берилет, себеби алар бул жерде кылмыш кылгандыктан эмес, Ыйык Китепке ишенгендиктен отурушат».

Өзүбүздү үлгүлүү алып жүргөнүбүздүн башка жактардан да пайдасы тийди. Негизи, караңгыда же жаан жаап жатканда түрмөдөгүлөргө ары-бери басууга тыюу салынчу. Бирок биз каалаган учурда короого чыга алчубуз, анткени түрмөдө иштегендер качып кетпей турганыбызды жакшы билишчү. Бир жолу талаада иштеп жатканыбызда, бизди кайтарган күзөтчү ооруп калды. Дарыланышы үчүн, биз аны түрмөгө алып бардык. Түрмө кызматкерлери бизди ишеничтүү кишилер деп эсептешчү. Алар жакшы жүрүм-турумубуз үчүн бизди көп макташар эле. Жахабанын ысмынын ушундайча даңкталганы да биз үчүн бата болду (1 Пет. 2:12) *.

ЖАГДАЙДЫН КАЙРАДАН ЖАКШЫРЫШЫ

1985-жылы 11-майда «Дзалека» түрмөсүнөн бошотулдум. Кайрадан үй-бүлөмдүн жанында болгонума төбөм көккө жете сүйүндүм. Оор учурларда кынтыксыз бойдон калганга жардам бергени үчүн Жахабага чексиз ыраазыбыз. Ошол кезди ойлогондо элчи Пабылдыкындай сезимде болобуз. Ал мындай деп жазган: «Бир туугандар,.. башыбызга кандай кыйынчылык түшкөнүн билишиңерди каалайм. Ал жактан биз... аман каларыбыздан да үмүт үзүп койгон элек. Чынында, өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезгенбиз. Ал жагдай өзүбүзгө таянбай өлгөндөрдү тирилтүүчү Кудайга таянышыбыз үчүн болгон. Ошондо ал бизди өлүм коркунучунан куткарып калган» (2 Кор. 1:8—10).

Трофим Нсомба жубайы Лидаси менен Падышалык залынын жанында

Чынында эле, кээде аман калбачудай сезилген учурларыбыз болгон. Бирок момундугубуздан жазбай, Жахабанын улуу ысмын даңктай беришибиз үчүн андан дайыма кайраттуулук, акылмандык сурачубуз.

Жахаба жакшы убакта да, оор убакта да кылган кызматыбызга батасын берди. Лилонгведеги 2000-жылы курулуп бүткөн филиал жана бүтүндөй Малавидеги 1000ден ашуун Падышалык залы кубанычыбызга кубаныч кошот. Лидаси экөөбүз Жахабадан ушунчалык мол бата алгандыктан, мунун баары кээде түштөй эле сезилип кетет *.

^ абз. 7 Жашы жете элек балдары бар бир туугандар азыр райондук көзөмөлчү болуп дайындалбайт.

^ абз. 30 Малавидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн катуу куугунтукталганы жөнүндө 1999-жылдагы «Жылдык китептин» (ор.) 171—223-беттеринде кененирээк айтылат.

^ абз. 34 Бул макала даярдалып жатканда Трофим Нсомба бир тууган 83 жашында көз жумду.