Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2015

Аксакалдар, ага-инилерди үйрөтүп жатасыңарбы?

Аксакалдар, ага-инилерди үйрөтүп жатасыңарбы?

«Бардык нерсенин өз убагы бар» (НАС. 3:1).

1, 2. Дүйнө жүзүндөгү райондук көзөмөлчүлөр эмнени байкашууда?

РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮ менен аксакалдар кеңешинин жолугушуусу соңуна чыгып баратат. Жыйналыштын жыргалчылыгы үчүн күжүрмөн эмгектенген, айрымдары атүгүл атасындай болгон койчуларды карап отуруп райондук көзөмөлчү ичинен абдан ыраазы болот. Ошентсе да аны кабатыр кылган маселени ачыкка чыгарып, алардан: «Бир туугандар, башкаларга көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болууга жардам бериш үчүн эмнелерди кылдыңар?» — деп сурайт. Ал акыркы жолу келгенде аларды ага-инилерди үйрөтүүгө үндөгөн болчу. Бир азга созулган тынымдан кийин аксакалдардын бири: «Ачыгын айтканда, дээрлик эч нерсе деле кыла алган жокпуз»,— деп жооп берет. Калгандары баштарын ийкеп, ага кошуларын билдиришет.

2 Эгер сен да аксакал болуп кызмат кылсаң, аларды жакшы түшүнөт болушуң керек. Дүйнө жүзүндөгү райондук көзөмөлчүлөр көптөгөн жыйналыштардагы ага-инилерди оторго кам көрүүгө үйрөтүү зарыл экенин  байкашууда. Бирок аларды үйрөтүү оңой иштерден болбошу мүмкүн. Эмне үчүн?

3. а) Ыйык Жазмадан башкаларды үйрөтүүнүн маанилүү экени кандайча көрүнүп турат жана буга эмне үчүн баарыбыз кызыкдар болушубуз керек? (Шилтемени карагыла.) б) Эмне үчүн айрым аксакалдарга башкаларды үйрөтүү оңойго турбашы мүмкүн?

3 Сен аксакал катары башка бир туугандарды үйрөтүүгө убакыт бөлүү маанилүү экенине кошуларың күмөнсүз *. Ошондой эле жыйналыштар бекем болушу жана жаңы жыйналыштар негизделиши үчүн көбүрөөк ага-инилер керек экенин түшүнөсүң. (Оку: Ышая 60:22.) Андан сырткары, Ыйык Китепте аксакалдардын «башкаларды үйрөтүүгө» чакырыларын жакшы билесиң. (Оку: 2 Тиметей 2:2.) Бирок, биринчи абзацта айтылган аксакалдардай эле, сага да ага-инилерди үйрөтүү оңойго турбашы мүмкүн. Үй-бүлөдөгү жана жыйналыштагы милдеттериңди аткарып, жумушта да иштеп, шашылыш иштерди да бүтүрүшүң керек болгондуктан, башкаларды үйрөтүүгө такыр убактың жоктой сезилиши ыктымал. Ошентсе да буга убакыт бөлүү абдан маанилүү. Келгиле, мунун бир нече себебин карап көрөлү.

ҮЙРӨТҮҮ АБДАН МААНИЛҮҮ

4. Эмне үчүн кээ бир аксакалдар башкаларды үйрөтүүнү кийинкиге калтырып коюшу мүмкүн?

4 Кээ бир аксакалдарга ага-инилерди үйрөтүүгө убакыт табуу эмне үчүн кыйынга турарынын бир себебине токтололу. Балким, алар: «Башкаларды үйрөтүү, албетте, маанилүү, бирок жыйналыштагы башка иштердей өтө шашылыш эмес. Муну кийинчерээк деле кылсам, эч нерсе болбойт»,— деп ойлошу мүмкүн. Ырас, айрым иштерди эртеңкиге калтырууга болбойт, бирок ага-инилерди үйрөтүүгө тийиштүү түрдө көңүл бурулбай калса, жыйналыш зыян тартып калат.

5, 6. Айдоочу жөнүндөгү мисалдан эмнени билүүгө болот жана ал мисалдын ага-инилерди үйрөтүүгө кандай байланышы бар?

5 Мындай мисал тууралуу ойлонуп көрсөңөр: машине бузулбай, жакшы иштеши үчүн, мотордун майын алмаштырып туруу зарыл. Айдоочу муну жакшы билсе да, мотордун майын алмаштыруу машинеге күйүүчү май куюп турганчалык шашылыш эмес деп ойлошу ыктымал. Анткени күйүүчү май түгөнсө, машине жүрбөй калат. Ал: «Убакыт жок болгондуктан, мотордун майын кийинчерээк деле алмаштырсам, эч нерсе болуп кетпес»,— деши мүмкүн. Бирок мындай кылуу кесепеттүү. Эгер айдоочу моторго тийиштүү түрдө кам көрбөсө, машинеси такыр эле жарактан чыгып калат да, аны оңдогонго аябай көп убактысын, акчасын коротот. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

6 Аксакалдар дароо аткарылышы керек болгон көптөгөн маанилүү иштерди бүтүрүшөт. Аларды кылбай, создуктуруп жүрө беришсе, жыйналыш зыян тартышы ыктымал. Ошондуктан күйүүчү майды өз убагында куюп турган айдоочудай болуп, аксакалдар «эмне маанилүүрөөк экенин баамдай» билиши керек (Флп. 1:10). Бирок айрым аксакалдар шашылыш иштер менен эле алек болуп калгандыктан башкаларды үйрөтүүгө көңүл бурбай калышат, мындайча айтканда, мотордун майын алмаштырбай коюшат. Эгер дайыма эле ушундай боло берсе, эртедир-кечтир жыйналышта бир туугандарга кам көрө ала турган ага-инилер жетишсиз болуп калат.

7. Тажрыйбасы аздарды үйрөтүүдөн убактысын аябаган аксакалдарга кандай карашыбыз керек?

7 Ооба, башкаларды үйрөтүү анча деле шашылыш иш эмес деп ойлобошубуз керек. Тажрыйбасы аздарды үйрөтүүдөн убактысын аябаган,  алдыны көрө билген аксакалдарды жыйналыштын жыргалчылыгына өбөлгө түзгөн акылдуу «башкаруучулар» деп айтууга болот. (Оку: 1 Петир 4:10.) Алардын андай иш-аракетинен жыйналыш кандай пайда алат?

ТЕККЕ КЕТПЕЙ ТУРГАН ИШ

8. а) Аксакалдарга башкаларды үйрөтүүгө эмне түрткү берет? б) Жарчылар аз жерде кызмат кылган аксакалдар эмнени создуктурбашы керек? (« Создуктурбай аткаруу зарыл» деген кутучаны карагыла.)

8 Эң тажрыйбалуу аксакалдар да «жөнөкөй» болууга умтулуп, жашы өткөн сайын жыйналыш үчүн баштагыдай көп кыла албай каларын эске алышы керек (Мик. 6:8). Ошондой эле «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылып», жоопкерчиликтерин аткаруу кыйын болуп калышы мүмкүн экенин унутпашы зарыл (Нас. 9:11, 12; Жкп. 4:13, 14). Келечекти эске алган аксакалдар Жахабанын элинин камын ойлогондуктан көп жылдар бою топтогон тажрыйбасын жаш бир туугандар менен бөлүшүп турат. (Оку: Забур 71:17, 18.)

9. Жакында боло турган кайсы окуяны эске алганда, ага-инилерди үйрөтүү абдан маанилүү?

9 Аксакалдардын башкаларды үйрөткөнү жыйналыштын бекем болушуна өбөлгө түзгөндүктөн да, аларды абдан баалайбыз. Алардын аракетинин аркасында жыйналыштагыларга азыркы акыркы күндөрдө эле эмес, жакында боло турган улуу алаамат учурунда да бекем жана биримдүү болууга жардам бере турган ага-инилер көбөйүүдө (Жез. 38:10—12; Мик. 5:5, 6). Андыктан, урматтуу аксакалдар, ага-инилерди үйрөтүүгө эртең эмес, бүгүн убакыт бөлүшүңөрдү өтүнөбүз.

10. Аксакалдар башкаларды үйрөтүүгө кантип убакыт тапса болот?

10 Албетте, силер ансыз деле жыйналыштын иштерине абдан көп убактыңарды арнап жатасыңар. Ошондуктан башкаларды үйрөтүүгө убакытты ошол иштердин эсебинен тапсаңар болот (Нас. 3:1). Аларды үйрөтүү үчүн жумшаган аракетиңер текке кетпейт.

ЖҮРӨГҮН ДАЯРДАГЫЛА

11. а) Ар кайсы өлкөдөгү аксакалдардын берген кеңештери эмнеси менен кызыктуу болгон? б) Накыл сөздөр 15:22ге ылайык, ошол аксакалдардын айткандарын карап чыкканыбыз эмне үчүн пайдалуу болот?

11 Ага-инилерди жыйналыштагы иштерди аткарууга үйрөтүүдө көп ийгиликтерге жетишкен аксакалдардын айрымдарына кандай ыкмаларды колдонуп жатышканына байланыштуу суроо берилген *. Кызыктуусу, алардын жагдай-шарты бири-бириникинен абдан эле айырмаланса да, берген кеңештери окшош болуп чыккан. Мындан Ыйык Китепке негизделген окутуу ыкмалары, элчи Пабылдын күндөрүндөгүдөй эле, «бардык жерде, бардык жыйналыштарда» колдонорлук экени айкын көрүнүп турат (1 Кор. 4:17). Ушул жана кийинки макалада ошол аксакалдар берген кеңештердин айрымдары талкууланат (Накыл 15:22).

12. Аксакал кимдир бирөөнү үйрөтөрдөн мурун эмне кылышы керек жана эмне үчүн?

12 Аксакалдын кимдир бирөөнү үйрөтөрдө аны алдын ала даярдаганы жакшы. Дыйкан үрөн себерден мурун жерди жумшартып, даярдагандай  эле, аксакал да бир тууганды кайсы бир ишти аткарууга үйрөтөрдөн мурун анын жүрөгүн даярдап алганы маанилүү. Муну ал кантип кыла алат? Ал байыркы убакта жашаган бир пайгамбардан үлгү алса болот.

13—15. а) Шемуел пайгамбарга кандай тапшырма берилген? б) Ал өзүнө тапшырылган ишти кантип аткарган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) в) Шемуел пайгамбар жөнүндөгү билдирүү аксакалдарга эмнеси менен пайдалуу?

13 Мындан 3000 жылдан ашуун убакыт мурун Жахаба жашы өр тартып калган Шемуел пайгамбарга: «Эртең ушул маалда мен сага Бенжемин уруусундагылардын жеринен бир киши жиберем. Сен аны майлап, ысрайыл элиме жол башчы кылып дайында»,— деп айткан (1 Шем. 9:15, 16). Ошондо пайгамбар элге андан ары жол башчы болбой турганын жана Жахабанын буйругу боюнча, элди жетектегенге башка бирөөнү дайындашы керектигин түшүнгөн. Ошондуктан ал кишини өз милдетин аткарууга даярдаш үчүн эмне кыларын алдын ала ойлонуштурган.

14 Эртеси күнү ал Шабулду көргөндө, Жахаба ага: «Мен сага... айткан киши — ушул»,— дейт. Ошондо Шемуел пайгамбар оюндагысын ишке ашырууга киришет. Ал Шабулду тамактана турган жерге киргизип, кызматчысы экөөнү эң сыйлуу орунга отургузат. Шабулга устукан тартылганда: «Муну сага деп бөлүп койгон болчумун, алдыңа коюп же... Муну атайы ушу учурга бөлүп койгом»,— дейт. Тамактанып бүткөн соң ал Шабулду үйүнө чакырат. Пайгамбар тамак үстүндө да, жолдо баратканда да аны менен жакшы пикирлешет. Анан экөө үйдүн үстүнө чыгып, сыдырым жел соккон таза абада жатар убак келгенге чейин сүйлөшүп отурушат. Эртеси Шемуел пайгамбар Шабулду падыша кылып майлап, бетинен өөп, дагы кеп-кеңештерин берет. Ошентип, аны алдыда боло турган окуяларга даярдап, үйүнө узатат (1 Шем. 9:17—27; 10:1).

15 Албетте, элге жол башчы дайындоо менен ага-инилерди аксакал же кызмат жардамчысы болууга даярдоонун ортосунда чоң айырма бар. Ошентсе да аксакалдар Шемуел пайгамбардан көп нерсеге үйрөнө алышат. Келгиле, ошолордун экөөнө токтололу.

ЧЫН КӨҢҮЛДӨН ҮЙРӨТҮП, ДОС БОЛГУЛА

16. а) Ысрайыл эли падыша шайлап беришин талап кылганда, Шемуел пайгамбар кандай сезимде болгон? б) Шемуел пайгамбар Жахабанын буйругун кандай маанай менен аткарган?

16 Аргасыздан эмес, чын көңүлдөн үйрөткүлө. Ысрайыл эли падыша шайлап беришин талап кылганда, Шемуел пайгамбарга эл андан баш тартып жаткандай сезилип, көңүлү чөккөн (1 Шем. 8:4—8). Ал элдин талабын аткарууну такыр каалабагандыктан, Жахаба ага алардын мүдөөсүн орундатышы керектигин үч жолу айткан (1 Шем. 8:7, 9, 22). Алгач терс сезимдер чулгаса да, Шемуел пайгамбар өзүнүн ордун ээлей турган кишини жектеген эмес. Жахаба Кудай Шабулду майлоону буйруганда, ал өзүн милдеттүү сезгендиктен эмес, Жахабаны сүйгөндүктөн чын ыкластан баш ийген.

17. Аксакалдар кандайча Шемуел пайгамбарды туурашат жана аларга эмне кубаныч тартуулайт?

17 Бүгүнкү күндөгү тажрыйбалуу аксакалдар, Шемуел пайгамбарга окшоп, өздөрү үйрөтүп жаткан ага-инилерге жылуу-жумшак мамиле кылышат (1 Пет. 5:2). Алар бир туугандарды үйрөтүүгө дилгир жана жыйналыштагы милдеттерин алар менен бөлүшүүдөн коркушпайт. Кең пейил аксакалдар үйрөнүп жаткан ага-инилерди атаандаштарындай эмес, жеңилин  жерден, оорун колдон ала турган кызматташтарындай көрүшөт (2 Кор. 1:24; Евр. 13:16). Ага-инилердин өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн Жахабанын элине кам көрүүгө колдонгону аксакалдарга зор кубаныч тартуулайт (Элч. 20:35).

18, 19. Аксакал үйрөткүсү келген бир туугандын жүрөгүн кантип даярдаса болот жана бул эмне үчүн маанилүү?

18 Үйрөтүп эле койбой, дос да болгула. Шемуел пайгамбар Шабулга жолукканда дароо эле башына май куюп, аны падыша кылып дайындап коё алмак. Бирок андай кылса, жаңы дайындалган падыша майланганы менен, Кудайдын элин жетектөөгө таптакыр даяр болмок эмес. Ошондуктан пайгамбар атайын убакыт бөлүп, Шабулдун жүрөгүн акырындык менен даярдаган. Ал чогуу тамактанып, жайбаракат сейилдеп, көпкө пикирлешип, жакшы эс алышкандан кийин гана аны падыша кылып дайындаган.

Training others starts with developing a bond of friendship (See paragraphs 18, 19)

19 Анын сыңарындай, аксакалдын да кимдир бирөөнү үйрөтөрдөн мурун ага убакыт бөлүп, аны менен достошконго аракет кылганы жакшы. Аны менен достук мамиле өрчүтүү үчүн кандай иш-аракеттерди кылары жагдай-шартка, маданиятка жараша болот. Бирок аксакал кайсы жерде жашабасын, иштеринин көптүгүнө карабай бир тууганга атайын убакыт бөлсө, аны абдан баалаарын көрсөтөт. (Оку: Римдиктер 12:10.) Үйрөнүп жаткан ишенимдеши анын ошондой мамилесине терең ыраазы болору шексиз.

20, 21. а) Мыкты окутуучу кандай болот? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

20 Аксакалдар, бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: мыкты окутуучу башкаларды үйрөткөндү эле эмес, үйрөтүп жаткан кишисин да жакшы көрөт. (Салыштыр: Жакан 5:20.) Эгер үйрөнүп жаткан бир тууганга чын жүрөктөн кам көрсөңөр, ал муну сөзсүз байкайт жана айткандарыңарды жакшы кабыл алат. Андыктан, урматтуу аксакалдар, ишенимдештериңерди үйрөтүп эле койбой, алар менен дос болгула (Накыл 17:17; Жкн. 15:15).

21 Бир туугандын жүрөгүн даярдагандан кийин аксакал аны үйрөтө баштаса болот. Ан үчүн ал кандай ыкмаларды колдоно алат? Бул тууралуу кийинки макалада талкуулайбыз.

^ абз. 3 Ушул жана кийинки макала негизинен аксакалдарга арналса да, аларда жазылгандар жыйналыштагылардын ар бирине тиешелүү. Себеби макалалардагы ойлор чөмүлгөн ага-инилерге жыйналышта көбүрөөк иштерди аткарууга үйрөнүшү зарыл экенин түшүнүүгө көмөк кылат. Эгер үйрөтүлгөн ага-инилер көп болсо, баарына жакшы болот.

^ абз. 11 Ал аксакалдар Австралияда, Бангладеште, Бельгияда, Бразилияда, Жапонияда, Кореяда, Кошмо Штаттарда, Мексикада, Намибияда, Нигерияда, Орусияда, Реюньондо, Түштүк Африкада, Францияда жана Француздук Гвианада кызмат кылышат.