Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ФЕВРАЛЬ 2015

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Парфюмериялык заттардын жытына аллергиясы бар бир туугандарга жардам бериш үчүн эмне кылсак болот?

Парфюмериялык заттардын жытына аллергиясы барларга аябай кыйын. Күн сайын бейтааныш кишилер менен мамилелешүүгө туура келгендиктен, алар андай кыйынчылыктан толугу менен качып кутула алышпайт. Бирок алардын айрымдары жыйналыш жолугушууларында, жыйындарда бир туугандардын парфюмерияны колдонбой эле коюшун суранышы мүмкүн.

Албетте, бир туугандардын эч кимиси кимдир бирөөнүн жыйналыштарга келишине атайлап кыйынчылык туудургусу келбейт. Баары эле жолугушуулардан күч-кубат алып кетүүнү каалайт (Евр. 10:24, 25). Ошол себептен атырлардын жытына чыдай албагандыктан жыйналышка дайыма келе албай жаткан бир тууган бул тууралуу аксакалдар менен сүйлөшүүнү туура көрүшү мүмкүн. Парфюмерияны колдонууга байланыштуу эрежелерди бекитүү Ыйык Жазмага ылайык келбейт жана андай кылуу орунсуз болуп калмак. Бирок аксакалдар жыйналыштагыларга парфюмериянын жытынан абдан кыйналган бир туугандардын абалын түшүнүүгө көмөк кыла турган маалымат бериши ыктымал. Алар жагдай-шартты эске алып, адабияттардагы ушуга байланыштуу маалыматтарды кызмат жолугушуусунун жергиликтүү муктаждыктар айтылган бөлүгүндө талкуулоону же сылыктык менен кулактандырып коюуну чечиши этимал *. Бирок аксакалдар мындай кулактандырууну дайыма эле айта бербеши керек. Анткени жолугушууларыбызга чындыкка жаңыдан кызыккандар да келишет, ошондой эле алар мындай көйгөй тууралуу билбеши мүмкүн. Биз жыйналышка келгендердин баарын жылуу тосуп алгыбыз келет жана эч кимдин бир аз атыр себинип алганы үчүн өзүн оңтойсуз сезишин каалабайбыз.

Шарт жол берсе, аксакалдар кеңеши, аллергиясы бар бир туугандар жыйналыштан пайда ала алышы үчүн, Падышалык залындагы өзүнчө бир бөлмөдө отурушуна кам көрүшү мүмкүн. Мисалы, алар жолугушууда айтылгандарды угууга шарт түзгөн колонкалар орнотулган кеңешме бөлмөсүндө отурса болоттур. Андай кылуу мүмкүн эмес болсо жана айрымдар аллергиядан аябай кыйналып жатса, андай бир туугандарга жыйналыштын программасын жаздырып берүү же үйүнөн телефон аркылуу угушуна чара көрүү оңдур.

Акыркы жылдарда региондук жыйындарда ушундай көйгөйү бар бир туугандарды эске алганыбыз жакшы болору «Падышалык кызматыбызда» эскертилип келет. Көп учурда жыйындарыбыз жасалма желдетүү системалары менен жабдылган жабык жайларда өткөрүлгөндүктөн, жыты күчтүү парфюмериялык заттарды азыраак колдонгонубуз туура болору айтылып турат. Адатта, региондук жыйындар өткөрүлгөн жайларда парфюмериянын жытына чыдай албагандарды өзүнчө отургузуу мүмкүн эмес. Андыктан ошондой жыйындарда андай бир туугандардын камын ойлогонубуз өзгөчө маанилүү. Бирок бул жогоруда айтылгандарды сөзсүз эреже катары колдонуш керек дегенди билдирбейт.

Бул дүйнө түзүлүшүнүн акырында жашап жаткандыктан ар бирибиз тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин кесепетин тартып келебиз. Ошо себептен кыйынчылыктарыбызды жеңилдетүүгө аракет кылган бир туугандарыбызды абдан баалайбыз. Жолугушууларга барганда бир туугандарды эске алып, парфюмерияны колдонбой эле коюу айрымдар үчүн, чынында эле, чоң курмандык болушу мүмкүн. Бирок бир туугандарга болгон сүйүүбүз ушундай кылууга түрткү берет.

 Тарых Пилаттын чын эле жашаганын тастыктайбы?

Бул ташта Пилаттын аты латын тилинде жазылган

Иса Машаяктын азап чегип өлүшүнө Понтий Пилаттын түздөн-түз катыштыгы болгондуктан, Ыйык Китепти окугандар аны жакшы билишет (Мт. 27:1, 2, 24—26). Бирок анын ысмы азыркы тарыхый билдирүүлөрдө да көп кездешет. Бир сөздүккө ылайык, тарыхый документтерде Жүйүт аймагында бийлик кылган Рим башкаруучуларынын ичинен Понтий Пилат жөнүндө кененирээк айтылат («The Anchor Bible Dictionary»).

Пилаттын ысмы баарынан да жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин эмгектеринде көп учурайт. Ал Пилаттын Жүйүт аймагын башкарып жатканда кабылган кыйынчылыктарына байланыштуу үч окуя жөнүндө жазган. Ал эми төртүнчү окуя тууралуу жүйүт тарыхчысы Филон Александрийский баяндаган. Рим императорлорунун тарыхын жазган Тацит Исанын Тиберийдин тушунда Пилаттын буйругу менен өлүм жазасына тартылганын бышыктаган.

1961-жылы Израилдин байыркы Кесария шаарындагы Рим театрында казуу иштерин жүргүзүп жаткан археологдор Пилаттын аты латын тилинде так-даана чегилип жазылган ташты табышкан. Андагы жазуу (төмөндө көрсөтүлдү) толук эмес, бирок түп нускасында, кыязы: «Жүйүт аймагынын прокуратору Понтий Пилаттын улуу урматтуу кудайларга арнаган Тибериуму»,— деп жазылган. Ал имарат, калыбы, Рим императору Тиберийди даңазалаган ибадаткана болгон көрүнөт.

Эже-карындаш ага-ининин көзүнчө ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатканда баш кийим кийиши керекпи?

«Күзөт мунарасынын» 2002-жылы 15-июлда (ор.) чыккан санындагы «Окурмандардын суроолорунда» эже-карындаш чөмүлгөн же чөмүлө элек ага-ининин көзүнчө ыйык китептик изилдөө өткөрсө, баш кийим кийиши керектиги жазылган болчу. Бирок бул суроо дагы тереңирээк изилденип, бир аз өзгөрүү киргизилди.

Эгерде эже-карындаш туруктуу өткөрүлгөн ыйык китептик изилдөөнү чөмүлгөн ага-ининин көзүнчө өткөрүп жатса, албетте, баш кийим кийип алат. Ал ошол учурда ага-инилер кыла турган ишти аткарып жаткандыктан, баш кийим кийип алуу менен Жахабанын жыйналыштагы башчылыкка байланыштуу бекиткен тартибин сыйлаарын көрсөтөт (1 Кор. 11:5, 6, 10). Эгер ага-ини изилдөө өткөрө алгыдай болсо, эже-карындаш изилдөө өткөрүүнү андан суранса болот.

Ал эми эже-карындаш чөмүлө элек ага-ининин көзүнчө ыйык китептик изилдөө өткөрсө жана ал анын күйөөсү болбосо, Ыйык Китепте талап кылынбагандыктан, баш кийим кийбей эле койсо болот. Бирок айрым эже-карындаштардын абийири ушу сыяктуу жагдайларда да баш кийим кийүүгө түрткү бериши мүмкүн.

^ абз. 2 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн 2000-жылы 8-августта чыккан «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 8—10-беттериндеги макаланы карагыла.