Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Февраль, 2015

Көптөгөн элдердин «Жахаба жөнүндө билишине» шарт түзүлүшү

Көптөгөн элдердин «Жахаба жөнүндө билишине» шарт түзүлүшү

«Аймак акими Жахаба жөнүндө билгендерине абдан таң калып, ишенип калды» (ЭЛЧ. 13:12).

1—3. Исанын жолдоочуларына жакшы кабарды «бардык элдерге» жеткирүү эмне себептен оңой болмок эмес?

ИСА МАШАЯК жолдоочуларына абдан чоң иш тапшырган. Ал аларга: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген. Шакирттердин ал ишти аткарганынын аркасында «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылмак» (Мт. 24:14; 28:19).

2 Шакирттер Мырзасын да, Падышалык жөнүндөгү кабарды да жакшы көрүшкөн. Анткен менен өздөрүнө тапшырылган ишти кантип аткара алышарын ойлоп түпөйүлдөнүшкөн болуш керек. Себеби алардын саны аябай эле аз болчу. Ошондой эле алар Кудайдын Уулу деп жарыялап жүргөн Иса өлүм жазасына тартылган эле. Андан сырткары, көптөр аларды «билими жок карапайым кишилер» деп эсептешкен (Элч. 4:13). Алар жарыялай турган кабар тээ атам замандан бери келаткан каада-салттарды беш колундай билген кадыр-барктуу диний жетекчилердин окууларына да каршы келмек. Аларды өз мекендештери сыйлабаса, анда Рим империясынын башка аймагындагылар айткан кабарына кулак кагышат беле?

 3 Мындан тышкары, Иса жолдоочуларына башкаларга жек көрүндү болушарын, куугунтукталышарын, атүгүл өмүрүнөн айрылышарын эскерткен (Лк. 21:16, 17). Алар чыккынчылыктан, жалган пайгамбарлардын таасиринен жана мыйзамсыздыктан улам да жапа чегишмек (Мт. 24:10—12). Падышалык жөнүндөгү кабарды бардык жердегилер жакшы кабыл алган күндө да, шакирттер аны «жердин учу-кыйырына чейин» жеткире алышат беле? (Элч. 1:8). Алар ушу сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарды ойлоп, бушайман болушкан көрүнөт.

4. 1-кылымдагы ишенимдештерибиз кабар айтуу ишин канчалык ийгиликтүү аткарышкан?

4 Шакирттер ар нерсени ойлоп, жүрөк заада болушса да, жакшы кабарды Иерусалим менен Самарияда эле эмес, башка өлкөлөрдө да таратууга бел байлашкан. Ар кандай тоскоолдуктарга карабай, 30 эле жылдын ичинде Падышалык жөнүндөгү кабар «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланып», «жемиш берип, бүт дүйнөгө тараган» (Кол. 1:6, 23). Алсак, элчи Пабыл жакшы кабарды Кипр аралында да жарыялаган. Натыйжада ал жактагы римдик башкаруучу, аймак акими Сергий Пабыл, «Жахаба жөнүндө билгендерине абдан таң калып, ишенип калган». (Оку: Элчилер 13:6—12.)

5. а) Иса жолдоочуларына эмнени убада кылган? б) 1-кылымдагы жагдай-шарт тууралуу бир китепте эмне деп жазылган?

5 Шакирттер кабар айтуу ишин өздөрүнүн күчү менен аткара албай турганын жакшы билишкен. Бирок Иса аларга дайыма колдоо көрсөтөрүн жана ыйык рух да жардам берерин убада кылган болчу (Мт. 28:20). Жакшы кабар таратууну ошол кездеги жагдай-шарт да кандайдыр бир деңгээлде жеңилдеткен көрүнөт. Бир тарыхый китепте б.з. 1-кылымы Машаяктын жолдоочулары үчүн жакшы кабарды жарыялай баштоого эң эле ылайыктуу убак болгону жана кийинчерээк алар Кудайдын ушундайча Исанын окууларынын элдерге жетишине кам көргөнүн түшүнүшкөнү жазылган.

6. Ушул жана кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

6 Кабар айтуу иши алга илгерилеши үчүн, Кудай 1-кылымдагы окуялардын өрчүшүнө канчалык деңгээлде таасир эткен? Бул тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Бирок бир нерсени ишенимдүү түрдө айта алабыз: Жахаба жакшы кабардын жар салынышын каалаган, ал эми Шайтан такыр каалаган эмес. Бул макалада 1-кылымда Падышалык жөнүндөгү кабарды таратуу эмнеден улам башка убактарга караганда жеңилирээк болгонун карап чыгабыз. Ал эми кийинки макалада биздин күндөрдө жакшы кабардын төгөрөктүн төрт бурчуна жетишине эмнелер өбөлгө түзүп жатканын талкуулайбыз.

РИМ ТЫНЧТЫГЫ

7. Рим тынчтыгы деген эмне жана ал убак эмнеси менен өзгөчө болгон?

7 1-кылымда Рим империясында өкүм сүргөн жагдай Машаяктын жолдоочуларынын кабар айтуу ишин бир топ жеңилдеткен. Мисалы, учу-кыйырына куш учуп жеткис империяда ал кезде кандайдыр бир деңгээлде бейпил заман болгон. Рим тынчтыгы (Pax Romana) деп аталган ошол доордо бийликтегилер жаңжал-көтөрүлүштөрдүн отун тутандырбай, дароо басып турушкан. Албетте, Иса пайгамбар алдын ала айткандай, кээде империянын «ар кайсы жерлеринде» согуш жүрүп турчу (Мт. 24:6). Айталы, Рим аскерлери б.з. 70-жылы Иерусалимди талкалаган жана империянын чек араларында майда-барат кагылышуулар болуп турган. Анткен менен Исанын күндөрүнөн тартып 200 жылдай убакыт бою империянын басымдуу бөлүгү салыштырмалуу тынч болгон. Бир эмгекте адамзат тарыхында  ар кошкон элдердин ортосунда ушунчалык узак убакытка созулган тынчтык ага чейин да, андан кийин да болбогону айтылган.

8. Рим империясында тынчтык өкүм сүргөнү Машаяктын жолдоочуларына кандай пайда алып келген?

8 Ошол доор тууралуу 3-кылымда жашаган Ориген деген теолог мындай деп жазган: «Эгер ал жакта көптөгөн падышалыктар боло турган болсо,.. эркек аттуунун баары аскердик кызматка чакырылып, өз мекенин коргоо үчүн күрөшүүгө мажбур кылынмак. Бул Исанын окууларынын дүйнөнүн булуң-бурчуна таралышына жолтоо болмок... Эгер эл арасындагы жагдай өзгөрүп, Иса келгенде бейпилдик өкүм сүрбөсө, анын тынчтыкка умтулууга жана душмандардан өч албоого чакырган окуусу жакшы натыйжа берет беле?» Машаяктын жолдоочулары Рим империясында куугунтукталышса да, тынчтыкты сакташкан жана салыштырмалуу бейкут мезгилден пайдаланып, Падышалык жөнүндөгү кабарды бардык жерде жарыялай беришкен. (Оку: Римдиктер 12:18—21.)

ЖОЛ ЖҮРҮҮНҮН САЛЫШТЫРМАЛУУ ЖЕҢИЛ БОЛГОНУ

9, 10. Исанын жолдоочулары үчүн Рим империясында жол жүрүү эмнеден улам салыштырмалуу жеңил болгон?

9 Карамагындагыларды көзөмөлдөп, тынчтык болушуна көз салып туруу үчүн Римдин мыкты даярдалган кубаттуу аскери болгон. Жоокерлер бир жерден экинчи жерге тез жетиши үчүн, жакшы жолдор керек эле. Ошондуктан иштин көзүн билген Рим инженерлери империянын дээрлик бардык провинцияларын бири-бирине байланыштырып турган жолдорду салышкан. Алардын жалпы узундугу 80 000 чакырымдан ашкан. 1-кылымдагы бир туугандарыбыз токойлор, чөлдөр жана тоолор аркылуу өткөн ал жолдор менен кабарды көп жактарга жеткиришкен.

10 Римде болжол менен 27 000 чакырымга созулган кеме жүрүүчү дарыялар менен каналдар да болгон. Ошондой эле жүздөгөн кеме жайларды бириктирип турган 900дөй деңиз жолдору бар болчу. Андыктан Исанын жолдоочулары Римдин бардык жагына бара алышмак. Ар түрдүү кыйынчылыктар болсо да, элчи Пабыл жана башка ишенимдештерибиз империянын ичинде эч кандай паспорт, визасы жок эле жүрө алышкан. Ал жакта башка өлкөдөн келгендерди текшеришчү эмес, бажыканалар да жок болчу. Өкмөт кылмышкерлерди катуу жазалагандыктан, жолдордо талап-тоноочулар сейрек кездешчү. Ошондой эле аскер-деңиз флотунун көз салып турганынын аркасында деңиз каракчылары саякатчыларга кол салууга даай алышчу эмес. Ыйык Китепте элчи Пабылдын бир нече жолу кеме кырсыгына учураганы жана деңизде ар кандай коркунучтуу жагдайларга туш болгону жазылса да, ал окуяларга деңиз каракчылары себеп болгону айтылбайт (2 Кор. 11:25, 26).

ЭЛ АРАЛЫК ТИЛ

Кодекстен керектүү аятты табуу оңоюраак болгон (12-абзацты карагыла)

11. Машаяктын жолдоочулары эмне үчүн грек тилин колдонушкан?

11 Рим империясына караштуу аймактардын көбү мурун Грециянын падышасы Искендер Зулкарнайн басып алган жерлер болгондуктан, ал жакта гректердин жалпы орток тили болгон койне тили кеңири колдонулчу. Анын аркасында Машаяктын жолдоочулары бири-бири менен эркин пикир алышып, ар кайсы улуттагыларга кабар айта алышкан. Ошондой эле Мисирде жашаган жүйүттөр Еврей Жазмаларын грек тилине которушкан. Көптөр «Септуагинта» деп аталган ал котормо менен жакшы тааныш болушкан жана Исанын шакирттери кабар айтканда аны көп колдонушчу. Грек тили сөздөргө, терминдерге бай болгондуктан, ал тилде Ыйык Китептеги чындыкты  түшүндүрүп берүү оңой болчу. Ошол себептен Ыйык Китептин калган бөлүгү грек тилинде жазылган.

12. а) Кодекс деген эмне жана ал түрмөктөн эмнеси менен жакшыраак болгон? б) Машаяктын шакирттери кодексти качан кеңири колдоно башташкан?

12 1-кылымдагы ишенимдештерибиз Ыйык Жазманы кызматта кантип колдонушкан? Алар алгач түрмөктөрдү колдонушчу. Бирок түрмөктөрдү колдонуу ыңгайсыз болгон. Себеби Ыйык Жазманын кайсы бир үзүндүсүн табыш үчүн аларды жазып, кайра түрүүгө туура келчү. Анын үстүнө, текст адатта түрмөктүн бир эле бетине жазыла турган. Матайдын Инжилинин өзү эле бир түрмөк болчу. Кийинчерээк кодекс — китептин алгачкы түрү — пайда болгон. Анын барактары бири-бирине бириктирилип жасалып, китепке окшош болгондуктан, окурман анын беттерин ачып, Ыйык Жазмадагы керектүү билдирүүнү оңой таба алчу. Айрым тарыхчылар Машаяктын шакирттеринин түрмөктөн кодекске тез эле өтүп, б.з. 2-кылымында аны кеңири колдонуп калышканын айтышат.

РИМДИН МЫЙЗАМДАРЫ

13, 14. а) Пабыл Римдин жараны катары ээ болгон укугун кантип колдонгон? б) Римдин мыйзамдары Машаяктын жолдоочуларына эмне кылууга мүмкүнчүлүк берген?

13 Римдин мыйзамдары бүтүндөй империя боюнча күчкө ээ болчу жана Римдин жарандарынын укугун коргоп, көп жактан жеңилдик берчү. Ыйык Китептен элчи Пабылдын Римдин жараны катары ээ болгон укугун бир нече жолу колдонгонун окуйбуз. Алсак, бир жолу Иерусалимде аны сабаганы жатышканда, ал римдик жүз башыга: «Римдин жаранын соттун өкүмүсүз эле сабаганыңар мыйзамга туура келеби?» — деген. Анан төрөлгөнүнөн эле Римдин жараны экенин айтканда, «аны кыйнап суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей түшүшкөн», ал эми миң башы аны «байлап салганы үчүн коркуп кеткен» (Элч. 22:25—29).

14 Пабылдын Римдин жараны экенин билгенде Филипи шаарындагы бийлик башчылары да ага башкача мамиле кыла башташкан (Элч. 16:35—40). Эфесте болсо шаар башчысы жаалданган топту тынчтандыргандан кийин аларга Римдин мыйзамын бузуп жатышканын эскерткен (Элч. 19:35—41). Кесарияда жүргөндө Пабыл башкаруучу Фесттен Рим императорунун алдында ишенимин коргоп сүйлөөгө уруксат беришин талап кылган (Элч. 25:8—12). Ошентип, Римдин мыйзамдары Машаяктын жолдоочуларына «жакшы кабар таратуу укугун  мыйзам боюнча бекитип, коргогонго» мүмкүнчүлүк берген (Флп. 1:7).

ЖҮЙҮТТӨРДҮН АР КАЙСЫ ЖЕРЛЕРДЕ ЖАШАГАНЫ

15. 1-кылымда жүйүттөр кайсы жерлерде жашашкан?

15 Жүйүттөрдүн Рим империясынын ар кайсы жерлеринде жашаганы да жакшы кабардын көпчүлүккө жетишине өбөлгө түзсө керек. Ошондон бир канча кылым мурун жүйүт элин ашурлуктар, кийинчерээк болсо бабылдыктар туткундап кетишкен болчу. Б.з.ч. 5-кылымда алар Персия империясынын 127 дубанында жашашкан (Эст. 9:30). Иса пайгамбардын күндөрүндө алардын жамааттары Мисирде жана Түндүк Африканын башка жерлеринде, Грецияда, Кичи Азияда, Месопотамияда бар болчу. Айрым эсептөөлөргө ылайык, Рим империясындагы 60 000 000 кишинин 4 000 000дон ашууну жүйүттөр болгон. Алар каякта жашашпасын, өздөрүнүн динин тутушкан (Мт. 23:15).

16, 17. а) Жүйүттөрдүн ар кайсы жерлерде жашаганы башка улуттагыларга эмнеси менен пайдалуу болгон? б) Машаяктын жолдоочуларынын жолугушуулары жүйүттөрдүкүнө эмнеси менен окшош болгон?

16 Жүйүттөр дүйнөнүн чар тарабына тарап кетишкендиктен, башка улуттагы көптөгөн адамдар Еврей Жазмаларын жакшы эле билип калышкан. Маселен, алар жалгыз чыныгы Кудай бар экенин жана ага кызмат кылгандар бийик адеп-ахлак нормаларына ылайык жашашы керектигин, ошондой эле Машаякка байланыштуу көп пайгамбарлыктар жазылганын билишкен (Лк. 24:44). Жүйүттөр сыяктуу эле, алар да Еврей Жазмалары ыйык рухтун жетеги менен жазылганын түшүнүшкөндүктөн, Машаяктын жолдоочуларына алар менен жалпылыкты табуу оңоюраак болгон. Пабыл жүрөгү таза адамдарды табуу үчүн жүйүттөрдүн синагогаларына барып, ал жердегилер менен Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзө турган. (Оку: Элчилер 17:1, 2.)

17 Жүйүттөр Кудайга сыйынуу үчүн дайыма синагогаларга же башка жайларга чогулуп турушчу. Алар Кудайды даңктап ырдашчу, тиленишчү жана Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүшчү. Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын жолугушуулары да ошол сыяктуу өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндөгү жыйналыш жолугушууларыбыз тууралуу да ушуну айтууга болот.

ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫ

18, 19. а) 1-кылымда жакшы кабардын таралышына эмнелер шарт түзгөн? б) Бул макалада айтылгандардан Жахаба жөнүндө эмнелерди билдиң?

18 Ырас, 1-кылым Падышалык жөнүндөгү кабарды таратууга өзгөчө ылайыктуу мезгил болгон. Рим тынчтыгы, жол жүрүүнүн салыштырмалуу жеңил болгону, көптөгөн элдердин бир тилде сүйлөгөнү, Римдин мыйзамдары жана жүйүттөрдүн ар кайсы жерлерде жашаганы Исанын шакирттерине Кудай тапшырган кабар айтуу ишин аткарууга шарт түзгөн.

19 Иса жерге келгенге чейин 400 жылдай мурун жашаган грек философу Платондун бир эмгегинде: «Ааламдын жаратканын жана атасын табуу аябай оор тапшырма болмок жана аны тапкан күндө да, ал жөнүндө баарына айтуу мүмкүн болмок эмес»,— деп жазылган. Бирок Иса Машаяк: «Адамдар кыла албаган нерселерди Кудай кыла алат»,— деп айткан (Лк. 18:27). Ааламдын Жаратканы адамдардын аны табышын жана таанып-билишин абдан каалайт. Андан сырткары, Иса жолдоочуларына: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген (Мт. 28:19). Жахаба Кудайдын жардамы менен ал тапшырма ийгиликтүү аткарылып келатат. Кийинки макаладан ал иштин бүгүнкү күндө кантип жүргүзүлүп жатканын билебиз.