Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Февраль, 2015

Иса Машаяктан үлгү алып, момун, боорукер болгула

Иса Машаяктан үлгү алып, момун, боорукер болгула

«Машаяк... силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган» (1 ПЕТ. 2:21).

1. Исадан үлгү алуу эмне үчүн Жахабага жакындатат?

АР БИРИБИЗ эле кулк-мүнөзү, сапаттары, жүрүм-туруму бизди суктанткан кишилерди тууроого жакын келебиз. Жер бетинде жашаган адамдардын ичинен Иса Машаяк баарыбызга эң мыкты үлгү көрсөткөн. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Ал өзү: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айткан (Жкн. 14:9). Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан, аны көргөндөр Атасын көргөндөй эле болушкан. Ошондуктан Исадан үлгү алсак, ааламдын Эгедери болгон Жахаба Кудайга жакындайбыз. Бул — анын Уулунун жолун жолдогонубуз үчүн бериле турган чоң сыйлык!

2, 3. а) Жахаба эмне себептен Иса тууралуу көп нерселерди жаздырып койгон жана ал бизден эмнени күтөт? б) Ушул жана кийинки макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

2 Исанын кандай адам болгонун кантип биле алабыз? Жахаба ыйык руху аркылуу Грек Жазмаларына Иса тууралуу көп нерселерди жаздырып койгон. Муну менен ал Уулу жөнүндө билишибизди, андан үлгү алышыбызды каалаарын  көрсөткөн. (Оку: 1 Петир 2:21.) Иса Машаяктын үлгүсү Ыйык Китепте изге салыштырылат. Жахаба бизге, мындайча айтканда, Исанын артына түшүп, анын изи менен басышыбыз керектигин айтууда. Албетте, Иса жеткилең үлгү калтырган, биз болсо жеткилеңдиктен өтө эле алыспыз. Бирок Жахаба Уулун жеткилең түрдө туурашыбызды эмес, жеткилең эмес болсок да, аны тууроого колубуздан келишинче аракет кылышыбызды күтөт.

3 Эмесе, Исанын сапаттарынын айрымдарын карап көрөлү. Бул макалада анын момундугу менен боорукердиги, ал эми кийинки макалада кайраттуулугу менен кыраакылыгы жөнүндө сөз жүрөт. Ар бир сапат талкууланып жатканда мындай үч суроого жооп алабыз: Ал сапат эмнени билдирет? Иса аны кантип чагылдырган? Бул жагынан аны кантип туурай алабыз?

ИСА АБДАН МОМУН

4. Момундукту кантип түшүндүрүп берет элеңер?

4 Момундук деген эмне? Адамдардын көбү текебер келген азыркы дүйнөдө айрымдар момун деп алсыз же өзүнө ишенбеген кишилерди элестетишет. Бирок бул — жаңылыш көз караш. Анткени момун болуш үчүн кайраттуулук, бекемдик талап кылынат. Момундук — текебердик менен бой көтөрүүчүлүктүн карама-каршысы. Момун болуш үчүн, биринчи кезекте өзүбүз жөнүндө туура ойдо болушубуз керек. Ыйык китептик бир сөздүктө: «Момундук деген — Кудайга салыштырмалуу канчалык төмөн турарыбызды түшүнүү»,— деп жазылган. Эгер Кудайдын алдында чындап момун болсок, өзүбүздү башкалардан жогору койбойбуз (Рим. 12:3). Жеткилеңсиз адамдарга момундукту өрчүтүү оңой эмес. Бирок Кудайга салыштырмалуу канчалык төмөн турарыбызды унутпасак жана анын Уулунун «изи менен так жүрсөк», момун болууга үйрөнөбүз.

5, 6. а) Башкы периште Микеил деген ким? б) Микеилдин момун экени эмнеден көрүнгөн?

5 Иса момун экенин кантип көрсөткөн? Ал асманда күчтүү периште болгон кезде да, жерде кызмат кылып жүргөндө да момундугу менен айырмаланган. Ыйык Китептен буга байланыштуу бир нече билдирүүнү карап көрөлү.

6 Ой жүгүртүүсү. Ыйык Китепти жазууга катышкан Жүйүт деген шакирт Исанын жерге келгенге чейинки бир окуясы жөнүндө баяндаган. (Оку: Жүйүт 9.) Ал башкы периште Микеилдин — Исанын — асманда жүргөндө «Ибилистин оюна каршы болуп, Мусанын сөөгү тууралуу талашканын» жазган. Негизи, Муса пайгамбар көз жумганда, Жахаба анын сөөгүн эч ким билбеген жерге койгон болчу (Мыйз. 34:5, 6). Сыягы, Ибилис Муса пайгамбардын сөөгүн жалган сыйынууну жайылтуу үчүн колдонгусу келген. Анын кандай максатты көздөгөнү белгисиз, бирок Микеил ага кайраттуулук менен каршы турган. Бир эмгекке ылайык, «каршы болуу» жана «талашуу» деп которулган грек сөздөрү «сот ишиндеги талашка байланыштуу да колдонулат» жана ал сөздөр «Микеилдин Ибилиске Мусанын сөөгүн алууга укугу жок экенин билдиргенин» көрсөтүп турат. Ошентсе да башкы периште өзүнүн Ибилиске өкүм чыгарууга бийлиги жок экенин жакшы билген. Ошондуктан ал ишти Жогорку Сотко — Жахабага — тапшырган. Микеил оор жагдайда да укугу жок иштерди кылбоого чечкиндүү болгон. Ооба, ал чындап момун болгон!

7. Исанын момун экени сөздөрүнөн жана кылган иштеринен кандайча көрүнүп турган?

7 Жерде жүргөндө да Иса Машаяктын сөздөрүнөн, кылган иштеринен чындап момун экени айкын көрүнүп турган. Сөзү. Ал эч качан өзүнө ашыкча  көңүл бурдурган эмес. Тескерисинче, бардык даңкты Атасына ыйгарган (Мр. 10:17, 18; Жкн. 7:16). Ал шакирттерине кыйынсынып, аларды басынтчу эмес. Кайра аларды кадырлап, жакшы жактары үчүн мактап, аларга ишенерин билдирчү (Лк. 22:31, 32; Жкн. 1:47). Иштери. Иса бардар жашоого умтулуп, байлыкка берилген эмес (Мт. 8:20). Ал кулдар кылышы керек болгон ишти да кылууга даяр болгон (Жкн. 13:3—15). Анын момундугу, айрыкча, Кудайдын тилин алганынан айкын көрүнгөн. (Оку: Филипиликтер 2:5—8.) Кимдир бирөөгө такыр баш ийгиси келбеген текебер кишилерден айырмаланып, ал Кудайдын эркине момундук менен баш ийген жана «жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон». Ушунун баары анын: «Жүрөгүм момун»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин тастыктап турат (Мт. 11:29).

ИСАГА ОКШОП, МОМУН БОЛГУЛА

8, 9. Момун экенибиз эмнеден көрүнөт?

8 Канткенде Исага окшоп момун боло алабыз? Ой жүгүртүүбүз. Момун болсок, укугубуз жок иштерди кылбайбыз. Эгер башкаларды соттоого укугубуз жок экенин унутпасак, аларды ката-кемчиликтери үчүн айыптабайбыз жана ниетинин тазалыгына шек санабайбыз (Лк. 6:37; Жкп. 4:12). Момундук бизге шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздөн же ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерибизден улам башкаларга өйдөсүнүп, «өтө адилсинбегенге» жардам берет (Нас. 7:16). Момун аксакалдар өздөрүн ишенимдештеринен мыкты эсептебейт. Кайра аларды «жогору көрүп», өздөрүн «кичүүдөй алып жүрүшөт» (Флп. 2:3; Лк. 9:48).

9 1894-жылдан тартып кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Уолтер Жон Торн бир туугандын үлгүсүн карап көрөлү. Кыдыруучулук ишти көп жылдар бою аркалагандан кийин ал Нью-Йорктогу Падышалыктын чарбасына чакырылып, тоокканада кызмат кылууга дайындалган. Ал: «Өзүм жөнүндө жогору ойлой баштаганда өзүмдү, мындайча айтканда, бурчка тургузуп алып: „Сен, болгону, чаңдын бүртүгүсүң. Бой көтөргүдөй, башкалардан эмнең артык?“ — деп айтам»,— деген. (Оку: Ышая 40:12—15.) Ооба, ал бир тууган абдан момун болгон!

10. Момун экенибиз сөзүбүздөн жана иштерибизден кандайча байкалат?

10 Сөзүбүз. Момун экенибиз сүйлөгөн сөзүбүздөн байкалат (Лк. 6:45). Мисалы, башкалар менен маектешип жатканда өзүбүздүн жетишкендиктерибиз, сыймыктуу жоопкерчиликтерибиз жөнүндө эле айта бербейбиз (Накыл 27:2). Анын ордуна, ишенимдештерибиздин жакшы жактарын көрө билип, аларды жөндөмдүүлүктөрү, ийгиликтери, жакшы сапаттары үчүн мактайбыз (Накыл 15:23). Иштерибиз. Кудайдын момун кызматчылары бул дүйнөдө жогорку абалды ээлөөнү көксөшпөйт жана байлык топтоого умтулушпайт. Алар Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылыш үчүн атүгүл бул дүйнөдөгүлөр төмөн деп эсептеген жумуштарда да иштешет (1 Тим. 6:6, 8). Момун экенибиз, өзгөчө, баш ие билгенибизден айкын көрүнөт. Жыйналышта «жетекчиликти колго алгандарга тил алып», Жахабанын уюму аркылуу берип жаткан көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылуу үчүн момундук керек (Евр. 13:17).

ИСА АБДАН БООРУКЕР

11. Боорукердик эмнени билдирет?

11 Боорукердик деген эмне? Боорукер деп жумшактыгы менен айырмаланган, башкаларга назик мамиле кылган кишини айтат. Боорукердик — сүйүүнүн бир өзгөчөлүгү жана кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу сезимдер менен тектеш сапат. Ыйык Жазмада Жахаба менен Исанын башкаларга  боорукердик, сүйүү менен мамиле кылары айтылат (Лк. 1:77; 2 Кор. 1:3; Флп. 1:8). Ыйык Китептеги боорукер болууга байланыштуу айтылган чакырыкка карата бир эмгекте мындай делет: «Бул муктаж болгондорду аёону, аларга боор ачууну эле эмес, алардын жашоосун жаңы нукка буруу үчүн тийиштүү иш-аракет кылып, колдон келишинче жардам берүүнү билдирет». Ырас, боорукердик — иш-аракет кылууга түрткү берген күч. Боорукер киши башкаларга жакшылык кылууга умтулат.

12. Исанын боорукер экени эмнелерден көрүнгөн жана ал сапат ага эмне кылууга түрткү берген?

12 Исанын боорукер экени эмнелерден көрүнгөн? Сезими жана иштери. Исанын башкаларга боору ачыган. Ал Мариямдын жана башкалардын Лазарды жоктоп ыйлап жатканын көргөндө «көзүнө жаш алган». (Оку: Жакан 11:32—35.) Анан жесир аялга боору ачып, анын уулун тирилткендей эле, Лазарды да тирилткен (Лк. 7:11—15; Жкн. 11:38—44). Муну менен ал, сыягы, Лазарга асманда жашоого үмүт берген. Андан мурунураак Иса өзүнө агылып келген «көп элди көрүп,.. боору ооруган». Элдин аянычтуу абалына зээни кейигендиктен «аларды көп нерсеге окуткан» (Мр. 6:34). Ошондо анын айткандарына кулак каккандардын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн! Баса белгилей кетчү нерсе, Иса Машаяк элге боору ооруп эле тим болгон эмес, анын бул сапаты муктаж болгондорго жардам берүүгө түрткү берген (Мт. 15:32—38; 20:29—34; Мр. 1:40—42).

13. Исанын боорукер экени сөздөрүнөн кандайча көрүнүп турган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

13 Сөзү. Боорукердигинен улам Иса башкаларга, айрыкча, басынтылып, запкы чеккендерге жылуу-жумшак сүйлөчү. Элчи Матай Ышая пайгамбардын китебиндеги: «Чала сынган камышты сындырбайт, бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт»,— деген сөздөрдү Исага карата колдонгон (Ыш. 42:3; Мт. 12:20). Чын эле, Исанын айткандары каймана мааниде «чала сынган камыштай», өчөйүн деп турган чырактын «билигиндей» болуп, жан дүйнөсү жабыркап тургандарды жубатып, күч-кайрат берчү. Ал «жүрөгү жаралангандарды айыктырыш» үчүн аларга үмүт бере турган кабар айткан (Ыш. 61:1). Ошондой эле «мээнеттенгендер» менен «түйшүк тарткандарга»: «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген (Мт. 11:28—30). Андан сырткары, жолдоочуларын Кудай өзүнүн ар бир кызматчысына, анын ичинде бул дүйнөнүн көз карашы боюнча барксыз деп эсептелген «кичинелерге» да кам көрөрүнө ынандырган (Мт. 18:12—14; Лк. 12:6, 7).

ИСАГА ОКШОП, БООРУКЕР БОЛГУЛА

14. Канткенде боорукердик сапатын өрчүтө алабыз?

14 Канткенде Исага окшоп боорукер боло алабыз? Сезимдерибиз. Адам өзүнөн өзү эле боорукер болуп калбайт, ошондуктан Ыйык Китеп ал сапатты өрчүтүүгө чакырат. «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердик» — Кудайдын кызматчыларынын баары кийиши керек болгон «жаңы табияттын» бир бөлүгү. (Оку: Колосалыктар 3:9, 10, 12.) Канткенде боорукердик сапатын өрчүтө алабыз? Ан үчүн жүрөгүбүздү «кенен ачышыбыз» керек (2 Кор. 6:11—13). Кимдир бирөө ичиндегисин, жүрөгүндөгү муң-зарын айтып жатканда, кунт коюп угушубуз маанилүү (Жкп. 1:19). Андайда: «Анын ордунда болсом, кандай сезимде болот элем? Башкалардын эмне кылышын каалайт элем?» — деп ойлонуп көрсөк болот (1 Пет. 3:8).

15. «Чала сынган камыштай», «бүлбүлдөп күйгөн биликтей» болгондорго жардам бериш үчүн эмне кылсак болот?

15 Иштерибиз. Боорукердик башкаларга,  өзгөчө, «чала сынган камыштай», «бүлбүлдөп күйгөн биликтей» болгондорго жакшылык кылууга түрткү берет. Андай кишилерге кантип жардам берсек болот? «Ыйлагандар менен ыйлагыла»,— делет Римдиктер 12:15те. Жүрөгү жаралангандар кеп-кеңешке караганда кайгы-капасын тең бөлүшүшүбүзгө көбүрөөк муктаж болушат. Бир эже кызынан айрылганда ишенимдештери кантип жубатканы тууралуу: «Досторум келип, жөн эле мени менен чогуу ыйлаганына абдан ыраазы болгом»,— дейт. Биз дагы күйүмдүү болуу менен боорукердикти чагылдыра алабыз. Балким, үйүнүн бир жерин оңдоп беришибизге муктаж жесир эжелерди билеттирбиз. Же кызматка чыгыш үчүн, жыйналыштарга, доктурга барыш үчүн унаа керек болгон кары бир туугандар бардыр. Атүгүл кичинекей эле жакшылыгыбыз жардамга муктаж болуп турган ишенимдешибиздин жашоосуна зор таасир этиши мүмкүн (1 Жкн. 3:17, 18). Баарынан маанилүүсү, башкаларга боор ооруй турганыбызды кызматка көбүрөөк катышуу менен көрсөтө алабыз. Жүрөгү таза адамдарга жакшылык кылуунун мындан артык жолу болбос чыгар.

Ишенимдештериңе боор ооруй билесиңби? (15-абзацты карагыла)

16. Көңүлү чөккөндөрдү жубатыш үчүн эмнелерди айтсак болот?

16 Сөзүбүз. Боорукердик «көңүлү чөккөндөрдү сооротууга» түрткү берет (1 Тес. 5:14). Көңүлү чөккөндөрдү жубатыш үчүн эмнелерди айтсак болот? Аларга чын жүрөктөн кам көрүп, тынчсызданып жатканыбызды билдирсек, дем-күч бере алабыз. Ошондой эле чын дилден мактасак, өздөрүнүн жакшы жактарын, жөндөмдүүлүктөрүн көрө билгенге жардам беребиз. Андан тышкары, Жахаба аларды аябай баалагандыктан өзүнүн Уулуна жакындатканын эсине салсак болот (Жкн. 6:44). Жахабанын «жүрөгү жараланган», «кыйналган» кызматчыларына кам көрөрүнө ынандырганыбыз да абзел (Заб. 34:18). Биздин жылуу-жумшак сөздөрүбүз муңга баткандардын жан дүйнөсүн айыктыра алат (Накыл 16:24).

17, 18. а) Жахаба аксакалдардан анын оторундагыларга кандай мамиле кылышын күтөт? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

17 Аксакалдар, Жахаба силерден анын оторундагыларга боорукердик менен мамиле кылышыңарды күтөт (Элч. 20:28, 29). Силер аларды азыктандырып, бекемдеп, сергитип турууга милдеттүү экениңерди унутпагыла (Ыш. 32:1, 2; 1 Пет. 5:2—4). Боорукер аксакал эрежелерди чыгаруу менен же бир туугандарды өздөрүн күнөөлүү сездиртип, аларга, жагдайы жол бербей жатса да, көбүрөөк кылууга кысым көрсөтүү менен оторго үстөмдүк кылууга умтулбайт. Анын ордуна ал бир туугандардын Жахабага болгон сүйүүсү көбүрөөк кызмат кылууга түрткү берерине ишенип, алардын кубанычын арттырууга аракет кылат (Мт. 22:37).

18 Иса Машаяктын момундугу менен боорукердиги жөнүндө ой жүгүртүү бизге мындан ары да анын изи менен жүрүүгө түрткү бергени шексиз. Кийинки макалада анын дагы эки сонун сапаты, кайраттуулугу менен кыраакылыгы, тууралуу сөз жүрөт.