Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ 2015

Өчпөс сүйүү болобу?

Өчпөс сүйүү болобу?

«[Сүйүүнүн] алоолонгону оттун алоолонгонундай, ал — Жахтын жалыны» (ЫР 8:6).

1, 2. Сулаймандын ырын кылдат карап чыгуудан кимдер пайда ала алышат жана эмне үчүн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

«БИРИ-БИРИН жалжал тиктеп, кол кармашып турушканын карачы! Экөөнүн тең кубанычы койнуна батпай, тим эле сүйүүгө балкып турушат». Жаңы эле баш кошкон эки жаштын үйлөнүү үлпөтүнө арналган баяндаманы айткан аксакалга ушундай ойлор келген. Түгөйлөр кынала басып баратканда, аксакал: «Экөөнүн никеси мезгил сынагынан өтөт болду бекен? Ай алмашып, жылдар оошкон сайын, бири-бирине болгон сүйүүсү артып, улам күчөй береби же канат байлап, дайынын таптырбай учуп кетеби?» — деп да тынчсызданган. Күйөө менен аялдын ортосундагы сүйүү ар кыл кыйынчылыктарга карабай туруктуу болсо, кимди болбосун суктантат. Бирок учурда көптөгөн үй-бүлөлөр бузулуп жаткандыктан, айрымдарда: «Өчпөс сүйүү болобу?» — деген суроо туулушу мүмкүн.

2 Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулаймандын күндөрүндө да чыныгы сүйүү абдан сейрек учурап калган. Замандаштарынын адеп-ахлак жактан кандай абалда болгону жөнүндө кеп кылып, Сулайман падыша: «Миңдин арасынан бир адил эркек таптым, бирок бир да аял тапкан жокмун. Ошентип, мына муну гана түшүндүм: чыныгы Кудай адамдарды адил кылып жаратыптыр, бирок алар өзүлөрү башка ой-максаттарды көздөп кетишиптир»,— деп  жазган (Нас. 7:26—29). Баалга сыйынган бөтөн жерлик аялдардын айынан адеп-ахлаксыздык кеңири жайылгандыктан, түз жүргөн эркек-аялдар жокко эсе болуп калган *. Анткен менен Сулайман падышанын ошондон 20 жылдай мурун жазган бир ырынан эркек менен аялдын ортосунда өчпөс сүйүү болорун билебиз. Ал ыр чыныгы сүйүү деген эмне экенин жана аны кантип чагылдырса болорун түшүнүүгө да жардам берет. Ыйык Китептин бир бөлүгү болгон ошол ырды кылдат карап чыгуунун аркасында Жахабага кызмат кылган жубайлар да, бойдоктор да чыныгы сүйүү жөнүндө көп нерсени биле алышат.

ӨЧПӨС СҮЙҮҮ БОЛОТ

3. Эркек менен аял бири-бирин өмүр бою сүйө алат деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Оку: Сулаймандын ыры 8:6. «Жахтын жалыны» деген сөз айкашы сүйүү жөнүндө көп нерсени айтып турат. Жахаба сүйүүнүн булагы болгондуктан жана адам баласын ал сапатты чагылдыра алгыдай кылып жараткандыктан, чыныгы сүйүүнү «Жахтын жалыны» деп айтууга болот (Башт. 1:26, 27). Жахаба Обо энени жаратып, Адам атага алып келгенде, Адам ата сүйүнгөнүнөн ыр чыгарып жиберген. Күйөөсүнөн «алынган кабыргадан» жаралгандыктан Обо эне да ага тартылып турганы шексиз (Башт. 2:21—23). Жахабанын адамдарды сүйүүнү чагылдыра алгыдай кылып жаратканы эркек менен аялдын бири-бирин өмүр бою сүйө аларын далилдеп турат.

4, 5. Сулаймандын ырынын мазмунун кыскача айтып бергиле.

4 Карама-каршы жыныстагылардын ортосундагы махабат сезими өчпөс, туруктуу болгондон сырткары, башка да өзгөчөлүктөргө ээ. Алардын айрымдары Сулаймандын ырында көркөм сүрөттөлгөн. Либретто — опералык чыгарманын тексти — сыяктуу жазылган ал ырда Шунем, башкача айтканда, Шулам деген элет жеринен болгон бир кыз менен койчу жигиттин сүйүүсү жөнүндө баяндалат. Сулайман падыша менен жөкөрлөрү ал кыз кайтарган жүзүмзарга жакын жерге чатырларын тигишет. Падыша айдай сулуу ал кызга ашык болуп калып, аны чатырына алдырат. Бирок кыз ага сүйүүсү бир гана койчу жигитине арналганын билдирет. Сулайман падыша бал тилге салып, белек-бечкек тартуулап, кыз жүрөгүн багындырууга канчалык далалат кылса да, ою оңунан чыкпайт (Ыр 1:4—14). Койчу жигит сүйгөнүн издеп, чатырга келет да, махабат сезимине бөлөнгөн эки жаш бири-бирине сөздүн гүлүн арнашат (Ыр 1:15—17).

5 Кийинчерээк Сулайман падыша бийкечти өзү менен кошо Иерусалим шаарына алып кетет, койчу болсо артынан барат (Ыр 4:1—5, 8, 9). Падышанын андан кийин кылган аракетинен да эч майнап чыкпайт (Ыр 6:4—7; 7:1—10). Акыры, ал шуламдык кызды коё берүүгө аргасыз болот. Ыр саптары ал кыздын сүйгөн жигитин «жейрендей» тез чуркап келүүгө чакырышы менен бүтөт (Ыр 8:14).

6. Сулаймандын ырында кимдин кимге сүйлөп жатканын аныктоо эмне үчүн кыйын?

6 Ырас, Сулайман пайгамбардын образдарга бай, мазмундуу ал ыры «эң көркөм ыр» деп бекеринен айтылган эмес (Ыр 1:1). Бирок анда каармандардын аттары, кимдин кимге сүйлөп жатканы көрсөтүлбөйт. Бир сөздүктө айтылгандай, ырда окуялардын өрчүү тартибине, автордук баяндоого жана каармандарга басым жасалбайт. Кыязы, автор чыгарманын поэзиялык өзгөчөлүгүн сактап калыш үчүн  каармандардын аттарын атаган эмес көрүнөт. Бирок алардын сөздөрүн кунт коюп окуганда, кимдин кимге сүйлөп жатканы айкын боло баштайт.

«СЕНИН ЭРКЕЛЕТКЕНИҢ ШАРАПТАН АРТЫК»

7, 8. Койчу жигит менен шуламдык кыздын бири-бирин эркелетип айткан сөздөрү жөнүндө эмне айтууга болот?

7 Сулаймандын ырында койчу жигит менен ажарлуу бийкечтин бири-бирин эркелеткен сөздөрү көп жазылат. 3 000 жылдай мурун чыгыш элдери колдонгон андай сөздөрдүн айрымдары бүгүнкү күндөгү окурмандарга кызыктай сезилиши мүмкүн. Бирок ал сөздөр терең маанини камтыйт жана кыз-жигиттин бири-бирине карата туйган сезими баарыбызга эле тааныш. Жигит сүйгөнүнүн моймолжуган сүйкүмдүү көзүн «көгүчкөндүн көзүнө» салыштырган (Ыр 1:15). Ал эми кыз анын көзүн көгүчкөндүн өзүнө салыштырган. (Оку: Сулаймандын ыры 5:12.) Ал үчүн жигитинин көзүнүн агынын ортосундагы кареги сүткө киринген көгүчкөндөй сулуу болгон.

8 Ырда кыз-жигиттин бири-биринин жалаң гана келбетине суктанганы жазылган эмес. Мисалы, койчунун сүйгөн кызынын сүйлөгөн сөздөрү жөнүндө эмне дегенине токтололу. (Оку: Сулаймандын ыры 4:7, 11.) Ал анын оозунан «тартылбаган бал тамарын» айткан. Себеби тартылбаган бал туруп калган балга караганда жыттуу да, таттуу да келет. Жигиттин: «Тилиңдин астында бал менен сүт»,— дегени кыздын сүйлөгөн сөзү бал менен сүттөй жанга жагымдуу болгонун көрсөтүп турат. Ошондой эле: «Бүт турпатың келишкен, сүйгөн кызым, сенде бир да кемтик жок»,— деп айтканда, ал кыздын жалаң гана сырткы көрүнүшү жөнүндө эмес, асыл сапаттары тууралуу да кеп кылганы анык.

9. а) Жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү өз ичине эмнелерди камтыйт? б) Түгөйлөр эмне үчүн бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтып турушу керек?

9 Нике бул жөн эле эки кишинин ортосундагы келишим эмес. Жахабага кызмат кылган жубайларды бири-бирине болгон ысык сүйүүсү айырмалап турат. Алардын сүйүүсү Ыйык Китептеги принциптерге негизделген сүйүүбү? (1 Жкн. 4:8). Же үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы табигый ынактыкпы? Же жан кыйышпас достордун ортосундагы жакын мамилеби? (Жкн. 11:3). Же махабат сезимиби? (Накыл 5:15—20). Негизи, жубайлардын бири-бирине болгон туруктуу сүйүүсү өз ичине ушунун баарын камтыйт. Өмүрлүк жары сүйүүсүн сезиши үчүн, эркек да, аял да аны сөзү жана иши менен көрсөтүшү зарыл. Жубайлардын күнүмдүк түйшүккө карабай, бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтып турганы абдан маанилүү. Бул алардын өздөрүн коопсуз, бактылуу сезишине өбөлгө түзөт. Айрым жерлерде өмүрлүк жарды көбүнчө башка бирөөлөр тандап беришет жана кыз-жигит баш кошконго чейин бири-бирин таанышпайт деле. Ошондой жол менен баш кошкон жубайлар да бири-бирин жакшы көрөрүн билдирип турушса, мамилеси ынак болуп, никеси бекемделет.

10. Жубайлардын бири-биринин жагымдуу сөздөрүн эстеп жүргөнү никесине кандай таасир этет?

10 Түгөйлөрдүн бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтып турганынын дагы бир пайдасы бар. Сулайман падыша шуламдык кызга «күмүш менен кооздолгон алтын таажы жасап берерин» убада кылган. Ошондой эле анын «толгон айдай сулуу, жарыгын чачкан күндөй таза» экенин айтып, аябай мактаган (Ыр 1:9—11; 6:10). Бирок кыз койчу жигитине болгон берилгендигинен жазган эмес. Ошол оор учурда ага эмне дем-күч берген? Бул суроонун жообун  анын айткандарынан билүүгө болот. (Оку: Сулаймандын ыры 1:2, 3.) Шуламдык кызга жигитинин «эркелеткен» сөздөрүн эстеп жүргөнү дем-күч берген. Ал үчүн жигитинин ошол айткандары жүрөктү шаттанткан «шараптан артык» болгон жана аны башка куюлган «жыпар жыттуу май» сыяктуу тынчтандырган (Заб. 23:5; 104:15). Ооба, жубайлар бири-биринин эркелеткенин дайыма эстеп жүрсө, алардын сүйүүсү барган сайын жалындай берет. Андыктан алардын бири-бирине жүрөк жылыткан жагымдуу сөздөрдү бат-баттан айтып турганы кандай гана маанилүү!

«ӨЗҮ ОЙГОНМОЮН, СҮЙҮҮМДҮ ОЙГОТПОГУЛА»

11. Бойдоктор шуламдык кыздан кандай үлгү ала алышат?

11 Сулаймандын ырында бойдоктор, айрыкча, жар издеп жүргөндөр үчүн да баалуу ойлор камтылган. Шуламдык кыз Сулайман падышага карата махабат сезимин өрчүткөн эмес. Ал падыша сарайындагы кыз-келиндерге: «Өзү ойгонмоюн, сүйүүмдү ойготпойбуз деп, аны тутандырбайбыз деп,.. ант бергиле»,— деген (Ыр 2:7; 3:5). Эмне үчүн? Анткени махабат сезимин көрүнгөн кишиге эле өрчүтө берүү туура эмес болуп калмак. Анын сыңарындай, үй-бүлө кургусу келген бир туугандын шашып чечим чыгарбай, өзү чындап сүйгөн бирөө менен гана баш кошкону акылдуулукка жатат.

12. Шуламдык кыз койчу жигитти эмне үчүн сүйгөн?

12 Шуламдык кыз койчу жигитти эмне үчүн сүйгөн? Ырас, ал жигит келбеттүү болгон. Кызы анын «жейрендей» келишимдүү, колдору «алтындай» бекем, буттары «мрамор мамыларындай» күчтүү экенин айткан. Бирок ал күчү, келбети менен гана айырмаланган эмес. Кыз: «Токойдогу дарактардын арасында алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында сүйгөнүм да ошондой»,— деген. Кудайга берилген кыздын бул сөздөрүнө караганда, койчунун жакшы сапаттары бар, Жахабаны жакшы көргөн жигит болгону күмөнсүз (Ыр 2:3, 9; 5:14, 15).

13. Койчу жигит шуламдык кызды эмне үчүн сүйгөн?

13 Шуламдык кыз да абдан сымбаттуу болгон. Ага атүгүл ал убакта «алтымыш каныша, сексен токол, сансыз кыздары» бар падышанын көңүлү түшкөн. Анткен менен ал өзүн ошол аймакта көп кездешкен «деңиз жээгиндеги түздүктүн шафранына» салыштырган. Бул анын аябай момун, жөнөкөй болгонунан кабар берет. Ошондуктан  жигити аны «тикендердин арасындагы» лилия гүлүндөй көрүп, өзгөчө деп эсептеген. Баарынан да маанилүүсү, шуламдык кыз Жахабаны жакшы көргөн (Ыр 2:1, 2; 6:8).

14. Үй-бүлө кургусу келген бир туугандар койчу жигит менен шуламдык кыздан эмнеге үйрөнө алышат?

14 Ыйык Китепте Кудайдын кызматчысы ишенимдеши менен гана баш кошушу керектиги айкын-так жазылган (1 Кор. 7:39). Үй-бүлө кургусу келген бир тууган ишенимдеш эмес бирөөгө махабат сезимин өрчүтпөй, өмүрлүк жарды Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын арасынан издеши керек. Турмуштун ысык-суугуна карабай ынтымагын сактаган, Жахаба менен ынак мамиледе болгон үй-бүлөлөрдөн болуш үчүн ишеним жана Кудайга болгон берилгендик талап кылынат. Койчу жигит менен шуламдык кыз бири-биринин дал ушундай баа жеткис сапаттарын байкашкан.

Кудайдын кызматчысы ишенимдеш эмес бирөөгө махабат сезимин өрчүтпөйт (14-абзацты карагыла)

«КОЛУКТУМ БЕКИТИЛГЕН БАКТАЙ»

15. Шуламдык кыз сүйлөшүп жүргөндөргө кандай үлгү калтырган?

15 Оку: Сулаймандын ыры 4:12. Койчу жигит сүйгөн кызын эмне үчүн «бекитилген бакка» салыштырган? Тосмо же дубал менен курчалган бакка ар ким эле кире бербейт. Ага кулпуланган эшиги аркылуу гана кирүүгө болот. Шуламдык кыздын сүйүүсү бир гана койчу жигитке — болочок күйөөсүнө — арналгандыктан, ал «бекитилген бактай» болчу. Падышанын бал тилине алданбай, ал өзүнүн кенен ачылган «эшиктей» эмес, бекем «дубалдай» экенин далилдеген (Ыр 8:8—10). Анын сыңарындай, сүйлөшүп жүргөн бир туугандар сүйүүсүн, арзуусун болочок жубайына гана арнашат.

16. Сулаймандын ыры китебинен сүйлөшүп жүргөн учурга байланыштуу эмнени билүүгө болот?

16 Жаздын жадыраган күндөрүнүн биринде шуламдык кызды жигити чогуу сейилдеп келүүгө чакырган. Бирок кызды агалары жибербей, жүзүмзарды кайтартып коюшкан. Эмне себептен? Алар карындашына ишенишкен эмеспи? Аны адеп-ахлаксыз иш кылып коёт деп ойлошконбу? Жок. Алар, болгону, карындашы азгырыкка кабылбашы үчүн, сак болушкан (Ыр 1:6; 2:10—15). Мындан көрүнүп тургандай, сүйлөшүп жүргөн бир туугандар адеп-ахлак жактан таза бойдон калыш үчүн сак болушу, эл жок жерлерде жалгыз калбашы керек. Сезимдерин орундуу түрдө көрсөтүүнүн эч жаман жери жок болсо да, алардын жаман ишке алып бара турган жагдайлардан качканы маанилүү.

17, 18. Сулаймандын ырын кылдат карап чыгуудан кандай пайда алдыңар?

17 Жубайлар жаңы баш кошкондо адатта бири-бирине тартылып, сүйүүсү оргуштап турат. Жахаба нике түйүнүн түбөлүккө созулгудай кылып жараткандыктан, сүйүүсү эч качан өчпөй, жалындай бериши үчүн, жубайлар бүт күчүн жумшашы керек (Мр. 10:6—9).

18 Эгер жар издеп жүрсөң, бүт жүрөгүң менен сүйө ала турган адамды тапканга умтул. Тапкандан кийин сүйүүңөрдү жалындатканга чогуу аракет кылгыла. Сулаймандын ырынан айкын көрүнүп тургандай, өчпөс сүйүү өрчүтүү толук мүмкүн. Андай сүйүү — «Жахтын жалыны» (Ыр 8:6).

^ абз. 2 2007-жылдын 15-январындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 31-бетин карагыла.