Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Январь, 2015

Үй-бүлөңөр бекем, бактылуу болсун

Үй-бүлөңөр бекем, бактылуу болсун

«Үйдү Жахаба курбаса, аны куруп жаткандардын иштегени бекер» (ЗАБ. 127:1а).

1—3. Жубайлар кандай кыйынчылыктарга кабылууда? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

ЖУБАЙЫ менен 38 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан бир ишенимдешибиз: «Эгер чын жүрөктөн күч жумшап, никеңди чыңдоого аракет кылсаң, Жахабадан бата аласың»,— дейт. Ооба, никедегилер оор учурларда бири-бирин жөлөп-таягандан сырткары, жагымдуу, кубанычтуу күндөрдү да баштан өткөрүшөт (Накыл 18:22).

2 Анткен менен түгөйлөрдүн «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болору» турган иш (1 Кор. 7:28). Эмне үчүн? Күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктардын өзү эле никеге бир топ таасирин тийгизет. Жеткилеңсиздиктен улам эң бекем үй-бүлөлөрдө да таарыныч, түшүнбөстүк, көңүл ооруткан сөздөр кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн (Жкп. 3:2, 5, 8). Көптөгөн ата-энелер балдарына убакыт бөлүп, кам көргөндөн тышкары, кара жанын карч уруп иштешет. Стресске кабылгандыктан, чарчап-чаалыккандыктан айрым жубайлар бири-бирине тийиштүү түрдө көңүл бура албай калышат. Кээде акчага, ден соолукка жана башка маселелерге байланышкан көйгөйлөр аларга бири-бирине сүйүү, урмат-сый менен мамиле кылууга тоскоол болот. Ошондой эле бузуктук, уятсыз жүрүм-турум, касташуу, чыр-чатак,  көрө албастык, ачууга алдыруу, араздашуу сыяктуу «күнөөгө баткан дененин иштери» да абдан ынак көрүнгөн үй-бүлөлөрдүн ынтымагын ыдыратышы ыктымал (Гал. 5:19—21).

3 Андан сырткары, Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» нике түйүнүнө доо кетире турган өзүмчүлдүк, ыймансыздык сыяктуу терс сапаттардын кеңири кулач жаяры алдын ала айтылган (2 Тим. 3:1—4). Ушунун баары аз келгенсип, жубайлар такыр тыным албаган кара өзгөй душмандын чабуулдарына да каршы турушу керек. Бул тууралуу элчи Петир: «Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп эскерткен (1 Пет. 5:8; Аян 12:12).

4. Жубайлар кантип бекем, бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло алышат?

4 Жапониядагы бир үй-бүлө башчысы: «Акча жагынан аябай кыйналып жүргөм. Аялым менен көп пикир алыша албай калгандыктан, ал да кыйналды. Анын үстүнө, жакында эле анын катуу ооруга чалдыкканын билдик. Кыйынчылыктардан улам кээде кер-мур айтыша кетчүбүз»,— деп бөлүшөт. Никеде айрым көйгөйлөрдөн кача албай турганыбыз чын, бирок аларды жеңсе болот. Жахабанын жардамы менен жубайлар бири-бирине ынак болуп, бактылуу өмүр сүрө алышат. (Оку: Забур 127:1.) Анда эмесе, үй-бүлөнү бекем, урагыс кылып «куруу» үчүн зарыл болгон каймана маанидеги чоң кыштардын бешөөнү карап чыгалы. Анан аларды кантип бири-бирине сүйүү менен бириктире аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБА ДАЙЫМА КӨҢҮЛҮҢӨРДҮН БОРБОРУНДА БОЛСУН

5, 6. Канткенде жубайлар Жахабаны көңүлүнүн борборунда сактай алышат?

5 Никенин Негиздөөчүсүнө берилгендик сактап, ага баш ийүү бекем үй-бүлөнүн пайдубалынын бурчуна коюлган негизги таш болуп эсептелет. (Оку: Насаатчы 4:12.) Жубайлар мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын жетекчилигине дайыма баш ийүү менен аны көңүлүнүн борборунда сактай алышат. Кудай өзүнүн байыркы убактагы элине: «Оңго же солго бурулуп кетсең, кулагың арт жактан: „Мына жол, ушул жол менен жүргүлө“,— деген үндү угат»,— деп айткан (Ыш. 30:20, 21). Бүгүнкү күндө жубайлар Жахабанын үнүн «угуш» үчүн анын Сөзүн чогуу окушу керек (Заб. 1:1—3). Алар үй-бүлө менен сыйынуу кечин кубанычтуу, рухий жактан сергитерлик кылып өткөрүүнүн аркасында да нике түйүнүн бекемдей алышат. Шайтандын дүйнөсүнүн соккусуна туруштук берүү үчүн күн сайын чогуу тиленүү да аябагандай маанилүү.

Рухий иштерди чогуу кылуу менен жубайлар Кудайга жана бири-бирине жакындап, бактылуу болушат (5, 6-абзацтарды карагыла)

6 Германиялык Герхард: «Кайсы бир көйгөйдөн же түшүнбөстүктөн улам кубанычыбызды сактоо кыйын болуп баратканда, Кудайдын Сөзүндөгү кеңештер бизге чыдамдуу, кечиримдүү болууга жардам берет. Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, бул сапаттар аябай зарыл»,— дейт. Күйөөсү менен аялы рухий иштерди чогуу кылып, Жахабаны көңүлүнүн борборунда сакташса, ага жана бири-бирине жакындап, бактылуу болушат.

КҮЙӨӨЛӨР, СҮЙҮҮ МЕНЕН БАШЧЫЛЫК КЫЛГЫЛА

7. Эркек башчылык милдетин кантип аткарышы керек?

7 Эркектин башчылык милдетин тийиштүү түрдө аткарганы үй-бүлөсүнүн бекем, бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. Ыйык Китепте: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек»,— деп жазылган (1 Кор. 11:3). Бул сөздөрдүн контекстинен көрүнүп тургандай, күйөөлөр башчылык милдетин аткарууда Машаяктан үлгү алышы керек. Иса Машаяк эч качан башкаларга катаал же орой мамиле кылган эмес. Ал мээримдүү, боорукер, түшүнүктүү, жумшак, момун болгон (Мт. 11:28—30).

8. Күйөө канткенде аялынын сүйүүсүнө жана урмат-сыйына ээ болот?

 8 Исанын жолун жолдогон күйөө аялына: «Мени урматташың керек»,— деп кайра-кайра айта бербейт. Анын ордуна, ага алган билимине жараша — «көңүл буруп, түшүнүү менен» — мамиле кылат жана «аялзатынын алсызыраак экенин, морт идиштей экенин эске алып», аны урматтап-сыйлайт (1 Пет. 3:7). Ал элдин көзүнчө да, эч ким жокто да сүйлөгөн сөзү, кылган мамилеси менен аялын жогору баалаарын көрсөтөт (Накыл 31:28). Сүйүү менен башчылык кылган андай эркек аялынын сүйүүсүнө, урмат-сыйына ээ болот. Натыйжада алардын никесине Кудай батасын берет.

АЯЛДАР, МОМУНДУК МЕНЕН БАШ ИЙГИЛЕ

9. Аял күйөөсүнө момундук менен баш иерин кантип көрсөтөт?

9 Жахабаны чын жүрөктөн сүйсөк, анын «кубаттуу колунун астында момун болобуз» (1 Пет. 5:6). Зайып Жахабанын бийлигин урматтаарын күйөөсү менен кызматташып, аны колдоо менен көрсөтө алат. Кудайдын Сөзүндө: «Аялдар, Мырзабыздын жолдоочуларынан талап кылынгандай, күйөөңөргө баш ийгиле»,— делет (Кол. 3:18). Албетте, жолдошунун чыгарган чечими аялына дайыма эле жага бербеши мүмкүн. Бирок момун аял, күйөөсүнүн чечими Кудайдын мыйзамдарына каршы келбесе, аны чын дилден колдойт (1 Пет. 3:1).

10. Эмне үчүн аял күйөөсүнө чын жүрөктөн баш ийиши керек?

10 Аял үй-бүлөдө сыймыктуу милдетти аткарат, башкача айтканда, ал — күйөөсүнүн «жан шериги» (Мал. 2:14). Ал күйөөсүнө өзүнүн оюн сылык-сыпаа билдирип, ошол эле учурда момундук менен баш ийип, ага үй-бүлөсүнө байланыштуу чечим чыгарууга чоң көмөк көрсөтө алат. Ал эми акылдуу күйөө жарын кунт коюп угат (Накыл 31:10—31). Аялдын чын жүрөктөн баш ийгени үй-бүлөдө жагымдуу маанай, тынчтык, биримдик өкүм сүрүшүнө шарт түзөт. Анын аркасында жубайлар Кудайга жаккандай иш кылып жатышканын билип, жүрөктөрү кубанычка бөлөнөт (Эф. 5:22).

 «БИРИ-БИРИҢЕРДИ АЙКӨЛДҮК МЕНЕН КЕЧИРГИЛЕ»

11. Кечиримдүү болуу эмне үчүн абдан маанилүү?

11 Үй-бүлө урагыс болушу үчүн, кечиримдүү болуу абдан маанилүү. Жубайлар «көтөрүмдүү болуп», бири-бирин «айкөлдүк менен кечирсе», нике түйүнү бекемделет (Кол. 3:13). Ал эми эзелки таарынычтарын унутпай, келишпестик болгон сайын, аларды бири-бирине эстете беришсе, ортодогу мамиле муздай берет. Жарака кеткен үй бекем болбой калгандай эле, көкүрөктөгү таарыныч менен нааразычылык өрчүй берсе, кечирүү кыйын болуп калат. Андыктан түгөйлөр коломто отун өчүрбөй, биримдүү болуш үчүн Жахабадан үлгү алып, бири-бирин кечире билиши абзел (Мик. 7:18, 19).

12. Сүйүү кандайча «көп күнөөлөрдү жаап коёт»?

12 Чыныгы сүйүү «таарынычын эсептей бербейт», ал «көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Кор. 13:4, 5; оку: 1 Петир 4:8). Мындайча айтканда, сүйүү кимдир бирөөнү кечирүүгө байланыштуу эч кандай чек койбойт. Бир жолу элчи Петир: «Мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек?» — деп сураганда, Иса Машаяк: «Жетимиш жети жолу»,— деген (Мт. 18:21, 22). Муну менен Иса башкаларды кечирүүдө өзүбүзгө чек коюп албашыбыз керектигин көрсөткөн (Накыл 10:12) *.

13. Кечиримдүү болуу үчүн эмне кылыш керек?

13 «Эгер түгөйлөр бири-бирин кечиргиси келбесе, таарыныч, шек саноо өсүп отуруп, никени ууландырат. Кечире билүү болсо нике түйүнүн чыңдап, жубайларды бири-бирине жакындатат»,— дейт Анете. Кечиримдүү болуу үчүн ыраазы боло билгенге үйрөнгүлө. Өмүрлүк жарыңарды чын ыкластан мактагыла (Кол. 3:15). Кечиримдүү болсоңор, жан дүйнөңөр тынч, мамилеңер ынак болуп, Кудайдан мол бата аласыңар (Рим. 14:19).

«АЛТЫН ЭРЕЖЕГЕ» ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛГЫЛА

14, 15. «Алтын эреже» деген эмне жана ага ылайык иш кылуу никеге кандай таасир этет?

14 Ар бирибиз эле башкалардын бизди кадырлап-сыйлап турушун каалайбыз. Кимдир бирөө айткандарыбызга маани берип, ой-сезимдерибизди эске алса, ыраазы болбой койбойбуз. Бирок, тилекке каршы, айрымдардын: «Өзүнө жараша кылам»,— деп айтканын угуп калабыз. Алардын минтип айтышына кээде олуттуу себеп бар болсо да, Ыйык Китепте: «„Ал мага кандай мамиле кылса, мен да ага ошондой мамиле кылам...“,— дебе»,— деп жазылган (Накыл 24:29). Иса пайгамбар: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» — деп, келишпестиктерди чечүүнүн жакшы жолун көрсөткөн (Лк. 6:31). Анын көптөргө «алтын эреже» деп белгилүү болгон бул кеңешине ылайык, биз жамандыкка жамандык менен жооп бербешибиз керек. Анын ордуна, башкалардан кандай мамиле күтсөк, өзүбүз да аларга ошондой мамиле кылышыбыз зарыл. Демек, жубайыбыз бизге кандай мамиле кылышын кааласак, ага ошондой мамиле кылышыбыз кажет.

15 Күйөөсү менен аялы бири-биринин сезимдерин эске алса, ынтымагы артары шексиз. Түштүк Африкада жашаган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Жубайым экөөбүз алтын эрежеге ылайык иш кылганга аракет кылабыз.  Албетте, кээде көңүлүбүз чөккөн учурлар болот. Бирок биз өзүбүзгө кандай мамиле жасалышын кааласак, бири-бирибизге ошондой мамиле кылууга, тактап айтканда, бири-бирибизди кадырлап-урматтоого бүт күчүбүздү жумшайбыз».

16. Жубайлар бири-бирине кандай мамиле кылбашы керек?

16 Өмүрлүк жарыңардын кемчиликтерин же кызыктай көрүнгөн жактарын элдин көзүнчө атүгүл тамашалап да айтпагыла. Үй-бүлө кимдин күчтүүрөөк экенин же катуураак кыйкырарын, же чучукка жеткен сөздөрдү көбүрөөк табарын аныкташ үчүн мелдеш өткөрө турган жер эмес. Ырас, баарыбыздын эле кемчиликтерибиз бар жана кээде башкалардын көңүлүн оорутуп алабыз. Бирок жубайлардын бири-бирин какшыктаганын, басынтканын, андан да жаманы, түрткүлөп-жулкулдатканын же кол көтөргөнүн такыр актоого болбойт. (Оку: Накыл сөздөр 17:27; 31:26.)

17. Күйөөлөр канткенде «алтын эрежеге» ылайык иш кылган болот?

17 Кээ бир маданияттарда аялын сабаган же сөз менен кордогон күйөөлөрдү «чыныгы эркек» деп эсептешет. Бирок Кудайдын Сөзүндө: «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык, рухун башкара билген киши шаарды басып алгандан артык»,— делет (Накыл 16:32). Тарыхта жашаган эң улуу адамдай — Иса Машаяктай — сабырдуу болуп, «рухун башкара билүү» үчүн эркектен аябагандай чоң күч талап кылынат. Аялына кол көтөргөн же аны жемелей берген күйөөнү «чыныгы эркек» деп айтууга болбойт; ал Жахаба менен болгон мамилесинен кол жууп калат. Күчтүү десең күчтүү, кайраттуу десең кайраттуу болгон Дөөтү падыша: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла. Сөзүңөрдү төшөктө жатканда ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла»,— деген (Заб. 4:4).

«СҮЙҮҮНҮ КИЙГИЛЕ»

18. Эмне үчүн сүйүүнү өрчүтө беришибиз зарыл?

18 Оку: 1 Корунттуктар 13:4—7. Сүйүү — никедеги эң эле зарыл сапат. Андыктан, Ыйык Китепте айтылгандай, «назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле... Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Кол. 3:12, 14). Машаяктыкындай жан аябас сүйүү үй-бүлөнү бекем кылып «куруу» үчүн зарыл болгон каймана маанидеги кыштарды бириктирип турат. Андай сүйүү никебиздин ооруга, тыйын-тыпырга, кемчиликтерибизге же кайын журт менен болгон мамилебизге байланыштуу кыйынчылыктарга карабай бекем болушуна өбөлгө түзөт.

19, 20. а) Бак-таалайлуу үй-бүлөлөрдөн болуш үчүн жубайлар эмне кылышы керек? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Бак-таалайлуу үй-бүлөлөрдөн болушубуз үчүн, сүйүү, берилгендик жана көп күч-аракет талап кылынат. Турмуштун ысык-суугуна кабылганда жарыбызды таштап кетпей же эптеп эле чыдап жашап жүрө бербей, аны менен ого бетер ынак болгонго күч жумшашыбыз зарыл. Жахабага жана бири-бирине берилген жубайлар аны жана бири-бирин жакшы көргөндүктөн кыйынчылыктарын чечүүгө умтулушат, себеби «сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Кор. 13:8; Мт. 19:5, 6; Евр. 13:4).

20 Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» үй-бүлөнүн бактысын, ынтымагын сактап калуу оңой эмес (2 Тим. 3:1). Бирок Жахаба сөзсүз жардам берет. Никеси бекем болушу үчүн, түгөйлөр бул дүйнөдө терең тамыр алган адеп-ахлаксыздыкка да каршы турушу керек. Кийинки макалада никесин коргоо үчүн күйөө менен аял эмне кылышы керектиги талкууланат.

^ абз. 12 Жубайлар кечиримдүү болууга жана келишпестиктерди чечүүгө аракет кылышы керек болсо да, Ыйык Китепке ылайык, ойноштук кылган жарын кечирүүнү же аны менен ажырашууну күнөөсүз тарап өзү чечүүгө укуктуу (Мт. 19:9). Төмөнкү адабияттарды карагыла: «Ойгонгула!» (ор.), 1995-жыл, 8-август, 10-бет; «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китеби, 219-бет.