Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ 2015

Жахабанын жардамы менен никеңерди бекемдеп, коргогула

Жахабанын жардамы менен никеңерди бекемдеп, коргогула

«Шаарды Жахаба кайтарбаса, сакчынын сак турганы бекер» (ЗАБ. 127:1б).

1, 2. а) 24 000 ысрайылдык Кудайдын батасынан эмне үчүн айрылып калган? б) Байыркы убакта болгон ал окуяга эмне себептен маани беришибиз керек?

УБАДА КЫЛЫНГАН жердин босогосунда турганда миңдеген ысрайылдыктар «Мааптын кыздары менен бузуктук кылышкан». Натыйжада 24 000 киши өмүрүнөн айрылган. Элестетсеңер, алар көптөн бери эңсеп келген жерине мына-мына киребиз деп турганда, азгырыкка алдырып, Кудайдын батасынан айрылып калышкан (Сан. 25:1—5, 9).

2 Бул кесепеттүү окуя «дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 Кор. 10:6—11). Ооба, биз «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз жана адилдик өкүм сүрө турган жаңы замандын босогосунда турабыз (2 Тим. 3:1; 2 Пет. 3:13). Бирок, өкүнүчтүүсү, Жахабанын айрым кызматчылары сак болбой, азгырыкка алдырып, адеп-ахлаксыздыктын тузагына түшүп калууда. Алар жаман иштеринин кесепетин тартып жатышат. Эгер өкүнүшпөсө, Кудай убада кылган заманда ала турган баталардан айрылып калышы толук мүмкүн.

3. Жубайлар Жахабанын жетекчилигине жана коргоосуна эмне үчүн муктаж? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Бүгүнкү күндө дүйнө адеп-ахлаксыздыкка белчесинен  баткандыктан, жубайлар никесин бекемдеш үчүн Жахабанын жетекчилигине жана коргоосуна абдан муктаж. (Оку: Забур 127:1.) Бул макалада жүрөктү сактоо, Кудайга жакындоо, жаңы табиятты кийүү, жакшы пикир алышуу жана жубайлык милдетти аткаруу түгөйлөргө никесин бекемдөөгө кандайча жардам берери талкууланат.

ЖҮРӨГҮҢӨРДҮ САКТАГЫЛА

4. Кудайдын айрым кызматчылары адеп-ахлаксыз иш кылууга эмнеден улам азгырылышкан?

4 Кудайдын кызматчысы адеп-ахлаксыз иш кылууга кантип азгырылышы мүмкүн? Көбүнчө баары көргөн нерселерибизден башталат. Иса Машаяк: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Мт. 5:27, 28; 2 Пет. 2:14). Жаман ишке баргандардын көбү порнография көрүүнүн, эротикалык мазмундагы адабияттарды окуунун же Интернеттеги төбө чачты тик тургузган материалдарды көрүүнүн натыйжасында адеп-ахлактыкка болгон көз карашын бурмалап алышкан. Айрымдары жыныстык мамилелер ачык көрсөтүлгөн фильмдерди, телеберүүлөрдү, театрда коюлган оюндарды ылгабай көрө беришкен. Башкалары болсо түнкү клубдарга, стриптиз шоуларга же дене бойду дүүлүктүрө турган массаждарга барышкан.

5. Жүрөгүбүздү эмне үчүн сакташыбыз керек?

5 Кээ бирөөлөр жан шеригинен башка бирөөгө көңүлү түшүп калгандыктан азгырыкка алдырып коюшкан. Биз азыр өзүн өзү кармай албаган, адеп-ахлаксыздыктын ар кандай түрүнө берилген адамдардын арасында жашап жаткандыктан, митаам жүрөгүбүздө өмүрлүк жарыбыздан башка бирөөгө болгон махабат сезими оңой эле өрчүп кетиши ыктымал. (Оку: Жеремия 17:9, 10.) Иса пайгамбар: «Жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук... чыгат»,— деген (Мт. 15:19).

6, 7. а) Митаам жүрөк адамды кандайча күнөөгө түртүшү мүмкүн? б) Канткенде адеп-ахлаксыз иш кылуудан качууга болот?

6 Бири-бирин жактырып калган эки кишинин жүрөгүндө туура эмес каалоо тамыр алганда, алар өмүрлөш түгөйү менен гана сүйлөшүшү керек болгон нерселер жөнүндө сүйлөшө башташат. Бара-бара ар кандай шылтоо издеп, кокусунан кезигип калгандай болумуш этип, бат-баттан жолуга башташат. Сезими күчөгөн сайын, аларга туура иш кылуу оор боло берет. Алардын мамилеси канчалык өрчүгөн сайын, атүгүл кылганы туура эмес экенин түшүнүп турушса да, өздөрүн токтотуу ошончолук кыйын болуп калат (Накыл 7:21, 22).

7 Алар туура эмес каалоолорун өрчүтүп, пикирлешип отуруп бара-бара өмүрлүк жары менен гана кылыш керек болгон нерселерди кыла башташат, алсак, бири-бирин колунан кармап, өөп, сылап-сыйпаганга өтүшөт. Ушундайча алар Жахабанын адеп-ахлак нормаларын эсинен чыгарып, акыр-аягы «кумарына берилип, азгырылышат». Каалоосу ээ-жаа бербей калганда, «күнөө туулат», башкача айтканда, алар ойноштук кылышат (Жкп. 1:14, 15). Эгер алар Жахабанын айткандарына баш ийип, нике түйүнүн ыйык тутушса, андай ишке барышмак эмес. Биз канткенде никени ыйык тута алабыз?

КУДАЙГА ЖАКЫНДАЙ БЕРГИЛЕ

8. Жахаба менен жакын мамиледе болгонубуз кандайча адеп-ахлаксыз иш кылуудан коргойт?

8 Оку: Забур 97:10. Жахаба Кудай менен жакын мамиледе болгонубуз адеп-ахлаксыз иш кылуудан коргойт. Эгер Кудайдын эң сонун сапаттары тууралуу окуп-билип, аны «сүйүктүү  балдары» катары тууроого жана «сүйүү жолунда жүрүүгө» жан-дилден аракет кылсак, бузуктукту, «ар кандай ыпыластыкты» четке кагууга чечкиндүү болобуз (Эф. 5:1—4). «Бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттой» турганын билген жубайлар никесин баалоого жана «нике төшөгүн булгабаганга» бүт күчүн жумшашат (Евр. 13:4).

9. а) Жусупка азгырыкка алдырбоого эмне жардам берген? б) Жусуптан эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Кудайга берилгендикте кызмат кылгандардын айрымдары жумуштан кийин көп калып, Жахабанын Күбөсү болбогон кесиптештери менен пикирлешкенинин кесепетинде адеп-ахлак нормаларын мурункудай баалабай калышкан. Азгырык атүгүл жумуш учурунда да болушу мүмкүн. Байыркы убакта жашаган Жусуп аттуу келбеттүү жаш жигитти мисалга алалы. Ага жумуш берүүчүсүнүн аялынын көзү түшүп жүргөн. Ал аял аны күн сайын азгыра берген. Бир күнү ал «Жусупту кийиминен тартып: „Мени менен жат“,— деген». Бирок Жусуп андан качып кеткен. Ага азгырыкка алдырбоого эмне жардам берген? Жусуп Кудай менен болгон мамилесин бузбаганга чечкиндүү болгондуктан адеп-ахлаксыз ишке барбай, кынтыксыз бойдон калган. Ал ошон үчүн жумушунан айрылып, адилетсиз түрдө түрмөгө камалган. Бирок Жахаба ага батасын берген (Башт. 39:1—12; 41:38—43). Кудайдын кызматчылары, жумушта болобу же башка жерде болобу, өмүрлүк жары болбогон бирөө менен жаман ишке барууга түртө турган жагдайлардан качышы абзел.

«ЖАҢЫ ТАБИЯТТЫ» КИЙГИЛЕ

10. Жаңы табиятты кийүү никени кандайча коргойт?

10 Жаңы табият «Кудайдын эркине ылайык жаратылгандыктан» жана «чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп бергендиктен», жубайларды жыныстык адеп-ахлаксыздыктан коргойт (Эф. 4:24). Жаңы табиятты кийгендер «бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана... ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүн» «өлтүрүшөт». (Оку: Колосалыктар 3:5, 6.) «Өлтүрүү» деген сөз ыпылас каалоолорубузду жок кылыш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керектигин көрсөтүп турат. Биз жарыбыздан башка бирөөгө карата кумар отун ойгото турган нерселердин баарынан качышыбыз керек (Аюп 31:1). Кудайдын эркине ылайык жашасак, «жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулууга» үйрөнөбүз (Рим. 12:2, 9).

11. Жаңы табиятты кийүү никени кандайча бекемдейт?

11 Жаңы табиятты кийсек, Жахабанын сапаттарын чагылдырабыз (Кол. 3:10). Эгерде күйөөсү менен аялы «назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийишсе», нике түйүнү бекем болуп, Жахабанын батасын алышат (Кол. 3:12). Ошондой эле жүрөгүндө «Машаяктын тынчтыгы өкүм сүрсө», ынтымагы артып, ынак болушат (Кол. 3:15). Жубайлар бири-бирине назиктик, боорукердик менен мамиле кылганда, бири-бирине «урмат көрсөтүүдө демилгени колго алуу» жеңил болот (Рим. 12:10).

12. Жубайлар бактылуу болушу үчүн аларда кайсы сапаттардын болгону зарыл деп ойлойсуңар?

12 Зайыбы менен бактылуу жашап жатканына кайсы сапаттар жардам берип келатканы тууралуу Сид: «Эң негизгиси — сүйүү. Биз дайыма сүйүүбүздү өрчүтүп турганга аракет кылабыз. Ошондой эле жумшак болуу да абдан маанилүү экенин байкадык»,—  деп айтат. Анын аялы Соня күйөөсүнүн айткандарына кошулуп: «Ак көңүлдүк да баалуу сапат. Андан сырткары, кээде оңойго турбаса да, момун болгонго аракет кылабыз»,— деп кошумчалайт.

ЖАКШЫ ПИКИР АЛЫШКЫЛА

13. Никенин бекем болушуна эмне шарт түзөт жана эмне үчүн?

13 Жагымдуу сөздөрдүн да никенин бекем болушуна шарт түзөрү шексиз. Өкүнүчтүүсү, айрымдар чоочун кишилерге, атүгүл үй жаныбарларына жылуу сөздөрдү айтышат да, өмүрлүк жарына орой сүйлөшөт. Бири-бирине жаалданган, ачууланган, каарданган, кыйкырган, кемсинтерлик сөздөрдү айткан жубайлар өз бактысына балта чабышат (Эф. 4:31). Алардын бири-бирин сындап, какшыктап, никесине доо кетиргендин ордуна, жылуу-жумшак, назик сөздөр менен өз ара мамилесин чыңдаганы абзел (Эф. 4:32).

14. Эмнеден качышыбыз керек?

14 Ыйык Китепте «унчукпай турган убак бар» экени айтылат (Нас. 3:7). Бул, албетте, түгөйлөрдүн бири-бири менен такыр сүйлөшпөй коюшу керектигин билдирбейт, анткени нике бекем болушу үчүн, дайыма пикир алышып туруу зарыл. Германиялык бир эже: «Сүйлөбөй койсоң, жарыңа кыйын болот»,— дейт. Анан: «Кыжырың келип жатканда кээде өзүңдү кармоо кыйын болсо да, ачууга алдыруу жакшы эмес. Андайда ойлонбой сүйлөп же иш кылып, жарыңдын көңүлүн оорутуп аласың. Бул болсо жагдайды ого бетер оордотот»,— деп кошумчалайт. Бири-бирине кыйкырып же сүйлөшпөй коюу менен жубайлар эч качан көйгөйүн чече алышпайт. Нике түйүнү бекем болушу үчүн, алар пикир келишпестиктерин дароо чечүүгө умтулуп, талашып-тартыша берүүдөн качышы керек.

15. Жакшы пикир алышуу үй-бүлөнү кандайча бекемдейт?

15 Күйөөсү менен аялы бири-бирине ой-сезимдерин айтып турса, мамилеси ысык болот. Эмнени айтарыбыз эле эмес, аны кантип айтарыбыз да маанилүү. Андыктан оор жагдайларда да үнүңөрдүн, сүйлөгөн сөзүңөрдүн  жагымдуу болушуна аракет кылгыла. Ошентсеңер, бири-бириңерди кунт коюп угуу оңоюраак болот. (Оку: Колосалыктар 4:6.) Жарыңарга «пайда алып келе» турган, аны «бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөп», жакшы пикир алышып турсаңар, ынтымактуу үй-бүлөлөрдөн болосуңар (Эф. 4:29).

Жубайлар жакшы пикир алышуу менен никесин бекемдей алышат (15-абзацты карагыла)

ЖУБАЙЛЫК МИЛДЕТИҢЕРДИ АТКАРГЫЛА

16, 17. Жубайлардын сезимтал болуп, бири-биринин эмоциялык жана жыныстык муктаждыктарын эске алганы эмне үчүн маанилүү?

16 Адам жарынын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюу менен да никесин бекемдей алат (Флп. 2:3, 4). Жубайлардын экөө тең сезимтал болуп, бири-биринин эмоциялык жана жыныстык муктаждыктарын эске ала билиши зарыл. (Оку: 1 Корунттуктар 7:3, 4.)

17 Кейиштүүсү, айрымдар түгөйүнө назик мамиле кылбай же аны менен чогуу убакыт өткөрбөй калышат. Кээ бир эркектер зайыбына назик мамиле кылууну эркектикке жатпайт деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепте күйөөлөр аялына түшүнүү менен мамиле жасоого чакырылат (1 Пет. 3:7, шилт.). Күйөө жубайлык милдетти аткаруу деген жыныстык мамиледе болуудан да көптү билдирерин жакшы түшүнүшү керек. Ал бардык учурда жылуу-жумшак, назик мамиле кылса, аялы жыныстык катнаштан көбүрөөк канааттануу алат. Жубайлардын бири-бирин сүйөрүн дайыма билдирип турганы абзел, ошондо алар бири-биринин эмоциялык, жыныстык муктаждыктарын канааттандыра алышат.

18. Жубайлар нике түйүнүн кантип бекемдей алышат?

18 Ойноштукту актоого эч кандай себеп жок болсо да, никеде ынактыктын, сүйүүнүн жетишсиздиги жубайлардын бирин андай назик мамилени башка бирөөдөн издей баштоого түртүп коюшу мүмкүн (Накыл 5:18; Нас. 9:9). Ыйык Китепте: «[Жубайлык] милдетиңерди аткаруудан баш тартпагыла. Өз ара макулдашып алып... кайсы бир убакка чейин бөлөк болгондон кийин кайрадан бирге болгула»,— деп жазылган. Эмне үчүн? Анткени «кармана албаганыңардан пайдаланып, Шайтан силерди азгырып кетиши мүмкүн» (1 Кор. 7:5). Түгөйлөрдүн Шайтанга алардын «кармана албаганынан» пайдаланып, экөөнүн бирин ойноштук кылууга түртүшүнө жол берип коюшу кандай гана өкүнүчтүү болмок. Өмүрлүк жарлар «өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсө» жана жубайлык милдетин милдеттүү болгондуктан эле эмес, жарын сүйгөндүктөн аткарса, экөөнүн мамилеси ысык болуп, нике түйүнү бекемделет (1 Кор. 10:24).

НИКЕ ТҮЙҮНҮҢӨРДҮ БЕКЕМДЕЙ БЕРГИЛЕ

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек жана эмне үчүн?

19 Жогоруда айтылгандай, биз жаңы замандын босогосунда турабыз. Андыктан, Маап түздүгүндө дене кумарына алдырып койгон 24 000 ысрайылдыктай болуп, кесепеттүү жолго түшүүдөн сак болушубуз кажет. Арты каргашалуу болгон ошол окуя тууралуу баяндалгандан кийин Ыйык Китепте: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун»,— деген эскертүү берилген (1 Кор. 10:12). Ошол себептен Жахаба Кудайга жана өмүрлүк жарыбызга берилгендигибизди сактап, никебизди бекемдей беришибиз зарыл (Мт. 19:5, 6). Кудай бизди «таза, кемчиликсиз, тынчтыкта жашаган адамдар деп табышы үчүн, бүт күчүбүздү» жумшай бергенибиз азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү (2 Пет. 3:13, 14).