Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ 2015

Жахабага ыраазычылык билдирип, батасын ала бергиле

Жахабага ыраазычылык билдирип, батасын ала бергиле

«Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы» (ЗАБ. 106:1).

1. Жахаба Кудай ыраазы болушубузга эмне үчүн татыктуу?

«ЖАКШЫ, жеткилең белектердин баарын» берген Жахаба, чынында эле, ыраазы болушубузга татыктуу (Жкп. 1:17). Мээримдүү Койчубуз катары ал бардык муктаждыктарыбызга назиктик менен кам көрөт (Заб. 23:1—3). Ал, өзгөчө, кыйынчылык учурда «баш маанабыз, күчүбүз» болуп келет (Заб. 46:1). Ырас, бизде: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы, анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— деп Кудайды даңктап ырдаган пайгамбардыкындай сезимде болууга көптөгөн себептер бар (Заб. 106:1).

2015-жылдын аяты: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы» (Забур 106:1).

2, 3. а) Кудайдын жакшылыктарын боло жүргөн нерседей көрүү эмнеси менен кооптуу? б) Бул макалада кайсы суроолор талкууланат?

2 Ыраазы боло билүү жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, азыркы биз жашап жаткан акыркы күндөрдө жакшылыкты билбеген адамдар көбөйүүдө (2 Тим. 3:2). Көптөр Кудайдын алар үчүн кылып жаткан жакшылыктарын боло жүргөн нерседей көрүшөт. Соода-сатык дүйнөсүнүн жана жарнамалардын таасирине алдырып, миллиондогон адамдар колунда болгон нерсеге ыраазы болбой, көп буюм-тайымга ээ болууга умтулуп жатышат. Абайлабасак, андай рух бизге да таасир  этиши мүмкүн. Байыркы убакта жашаган ысрайылдыктардай болуп, жакшылыкты билбей, Жахаба менен болгон баа жеткис мамилебизди жана андан алып жаткан баталарыбызды баалабай калышыбыз ыктымал (Заб. 106:7, 11—13).

3 Анда эмесе, кыйынчылыкка кабылганда эмне болушу мүмкүн экенин карап көрөлү. Ошондой учурларда алып жаткан баталарыбызды байкабай, кыйынчылыкка эле көңүл топтоп калышыбыз этимал (Заб. 116:3). Анда канткенде ыраазычылык сезимин өрчүтүп, аны сактоого болот? Башыбызга оор кыйынчылык түшкөндө да канткенде оң маанайда боло алабыз? Келгиле анда, ушуларга токтололу.

«ОО, ЖАХАБА КУДАЙЫМ, СЕН КӨП ИШТЕРДИ ЖАСАДЫҢ»

4. Канткенде ыраазычылык сезимин өрчүтүп, аны сактай алабыз?

4 Жахабанын жеке өзүбүзгө берген баталары жана көрсөтүп жаткан зор сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүү ыраазычылык сезимин өрчүтүп, аны сактоого жардам берет. Кудайды даңктап ыр чыгарган пайгамбар да ой жүгүртүүнүн аркасында анын кереметтүү иштерине карата кастарлоо сезимин туйган. (Оку: Забур 40:5; 107:43.)

5. Ыраазы болуу жагынан элчи Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз?

5 Ыраазы болуу жагынан элчи Пабылдан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Пабыл Кудайдан алган баталары жөнүндө терең ой жүгүрткөндүктөн ага дайыма ыраазычылык билдирип турган. Ал өзүнүн «мурун акарат кылуучу, куугунтуктоочу жана уятсыз киши болгонун» унуткан эмес. Ошол себептен Кудай менен Иса Машаяктын ага, мурунку кылган күнөөлөрүнө карабай, ырайым көрсөткөнүнө жана кабар айтуу кызматын ишенип тапшырганына абдан ыраазы болгон. (Оку: 1 Тиметей 1:12—14.) Пабыл ошондой эле ишенимдештерин жогору баалаган жана алардын жакшы сапаттары, ишенимдүүлүгү үчүн Кудайга ыраазычылык билдирип турган (Флп. 1:3—5, 7; 1 Тес. 1:2, 3). Ал кыйынчылыкка кабылганда өз учурунда жардамга келген ишенимдештери үчүн Жахабага ыраазычылык билдирчү (Элч. 28:15; 2 Кор. 7:5—7). Андыктан анын ишенимдештерине жазган каттарында: «Дайыма ыраазы болгула... Мындан ары да бири-бириңерди забурлар, Кудайды даңктоо ырлары жана жагымдуу рухий ырлар менен бекемдегиле»,— деп үндөгөнү таң калыштуу эмес (Кол. 3:15—17).

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЖАНА ТИЛЕНҮҮ ДАЙЫМА ЫРААЗЫ БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

6. Жахабага кайсы баталары үчүн өзгөчө ыраазысың?

6 Биз элчи Пабылдан канткенде үлгү ала алабыз? Ага окшоп, Жахабанын биз үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүп турушубуз керек (Заб. 116:12). Сенден кимдир бирөө: «Жахабага кайсы баталары үчүн өзгөчө ыраазысың?» — деп сураса, эмне деп жооп берет элең? Алган баталарыңа Жахаба менен болгон баа жеткис мамилеңди да кошот белең? Иса Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде күнөөлөрүңдүн кечирилгенине абдан ыраазы экениңди айтат белең? Балким, кыйын учурда жөлөк-таяк болгон ишенимдештериңдин атын атамактырсың. Албетте, сүйүктүү жарыңды, Кудайдын белеги болгон балдарыңды сөзсүз айтмак болушуң керек. Мээримдүү Атабыз Жахабанын баталары тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлсөк, жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп, ага күн сайын ыракмат айтууга түрткү алабыз. (Оку: Забур 92:1, 2.)

7. а) Тиленгенде эмне үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек? б) Ыраазычылык билдирүүдөн кандай пайда алабыз?

7 Жахабанын баталарын жүрөгүбүздө жана акылыбызда бек сактап жүрүү дайыма тиленип, ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет (Заб. 95:2; 100:4, 5). Көптөр тиленүүнү Кудайдан бир нерсе суроонун жолу катары гана көрүшөт.  Бирок биз Жахаба Кудайга берген нерселери үчүн ыраазы экенибизди билдиргенибиз ага жагымдуу болорун билебиз. Ыйык Китепте Кудайдан корккон көптөгөн адамдардын, алсак, Аннанын, Жезекиел пайгамбардын чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип тиленгени жазылган (1 Шем. 2:1—10; Ыш. 38:9—20). Кудайга дайыма ыраазы экенин көрсөткөн ал адамдардан үлгү алгыла. Тиленгенде Жахабадан алган баталарыңар үчүн ыраазычылык билдирип тургула (1 Тес. 5:17, 18). Ошентсеңер, жүрөгүңөр кубанычка толуп, Жахабага болгон сүйүүңөр артат жана ага ого бетер жакын боло бересиңер (Жкп. 4:8).

Жахабага кайсы баталары үчүн абдан ыраазысыңар? (6, 7-абзацтарды карагыла)

8. Жахабанын баталарын баалабай калышыбызга эмне себеп болушу мүмкүн?

8 Эгерде сак болбосок, Жахаба берип жаткан нерселерди баалабай калышыбыз мүмкүн. Эмне үчүн? Биз Адам ата менен Обо эненин урпактары болгондуктан, жакшылыкты баалабай калганга жакын келебиз. Түпкү ата-энебиз жөнүндө сөз кылсак, Кудай аларды эң кооз Бейиш багына жайгаштырган. Алар эч нерседен кем болушкан эмес жана Бейиште түбөлүккө өмүр сүрүшмөк (Башт. 1:28). Бирок алар ошого ыраазы болбой, ач көздөнүп, андан да көптү самашкан. Анын кесепетинде баарынан кол жууп калышкан (Башт. 3:6, 7, 17—19). Жакшылыкты билбеген адамдарга толгон дүйнөдө жашап жаткандыктан, биз да Жахабанын биз үчүн кылган жакшылыктарын баалабай калышыбыз ыктымал. Алсак, Жахаба менен болгон достугубузду же бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү болуу сыймыгын боло жүргөн нерсе катары көрүп калышыбыз мүмкүн. Ошондой эле жакында жок боло турган нерселерге баш отубуз менен кирип кетишибиз этимал (1 Жкн. 2:15—17). Мындай тузакка түшүп калбаш үчүн алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүп, Жахабанын элинин арасында болгонубузга ыраазычылык билдирип турушубуз кажет. (Оку: Забур 27:4.)

ЫРААЗЫЧЫЛЫК СЕЗИМИ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КӨТӨРҮҮГӨ КҮЧ БЕРЕТ

9. Башыбызга мүшкүл түшкөндө, эмне үчүн алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек?

9 Ыраазычылык сезими башка түшкөн мүшкүлдү көтөрүп кеткенге күч берет. Жашообузду түп-тамыры менен өзгөртө турган кыйынчылыкка кабылганда, мисалы, айыккыс ооруга чалдыкканда, жакын адамыбыздан айрылганда, жарыбыз ишенимсиздик кылганда же табигый кырсыктан жапа чеккенде күйүттү көтөрүп кете албачудай сезишибиз мүмкүн. Ошондой учурларда Жахабанын  баталары жөнүндө ой жүгүртүү жан дүйнөбүздү тынчтандырып, кыйынчылыкка моюн сунбоого күч берет. Буга төмөндөгү окуялар мисал боло алат.

10. Алган баталарын саноонун аркасында Ирина кандай пайда алган?

10 Түндүк Америкада үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Иринанын * жолдошу аксакал болчу. Бирок кийин ал Иринаны жана үч баласын таштап кеткен. Ирина ошого карабай Жахабага берилгендикте кызмат кылып келет. Ага эмне жардам берет? Ал мындай дейт: «Жахабанын мага көңүл буруп, кам көргөнүнө аябай ыраазымын. Күн сайын алган баталарымды санаганда, асмандагы камкор Атабыздын мени таанып-билгени, сүйгөнү теңдешсиз сыймык экенин түшүнөм. Ал мени эч качан таштап кетпей турганын билем». Турмушта далай запкы жесе да, Ирина бир тууган кубанычын жоготпой, атүгүл башкаларды да кайраттандырып келет.

11. Кяоң-сюкка айыккыс оору менен күрөшүүгө эмне жардам берип келет?

11 Азияда жашаган Кяоң-сюк 20 жылдан ашуун убакыт бою жолдошу менен бирге пионер болуп кызмат кылган. Доктурлар ага күтүүсүздөн өпкө рагы деген диагноз коюп, 3 ай же, ашып кетсе, 6 ай жашаарын айтышкан. Жолдошу экөө буга чейин турмуштун ар кандай соккуларына туш болушса да, ден соолук жагынан анчалык деле көйгөй болгон эмес эле. Кяоң-сюк: «Оорум ракка айланып кеткенин билгенде, асманым жерге түшкөндөй эле болду. Мага баарынан айрылып калгандай сезилип, эми эмне болот деп, санаам санга бөлүндү»,— дейт. Ошентсе да ал кайгынын чеңгелинде мүңкүрөп отура берген эмес. Ага эмне күч берип жатканы тууралуу мындай дейт: «Мен күнүгө жатар алдында үйдүн чатырына чыгып алып, үнүмдү чыгарып, Кудайдан тиленем. Тиленип жатканда ошол күнү ага кайсы беш нерсе үчүн ыраазы экенимди айтам. Ошенткенден кийин кадимкидей жеңилдей түшөм жана Жахабаны сүйөрүмдү билдиргенге түрткү алам». Кяоң-сюк күндө кечинде тиленүүдөн кандай пайда алып жатат? Ал: «Жахаба бизди оор учурда дайыма колдооруна жана тарткан кыйынчылыктарыбызга караганда алган баталарыбыз көп экенине ынандым»,— дейт.

Тайфундан аман калган иниси Жон менен (13-абзацты карагыла)

12. Жейсонго күйүткө алдырбаганга эмне жардам берген?

12 Африканын филиалында кызмат кылган Жейсон 30 жылдан ашуун убакыттан бери толук убактагы кызматты аркалап келет. Ал: «Аялым жети жыл мурун каза болуп калган. Андан айрылганда күйүтүм күч болду. Анын оору менен күрөшүп жатканда кандай кыйналганын эстеген сайын, азыр да жүрөгүм сыздап кетет»,— деп айтат. Жейсонго күйүткө алдырбаганга эмне жардам берген? «Бир жолу аялым экөөбүз чогуу өткөргөн жагымдуу күндөрдү эскерип, ошол күндөр үчүн Жахабага ыраазычылык билдирдим. Ошондо кадимкидей жеңилдей түшкөнүмдү байкадым. Ошондон тартып эстен кеткис андай жагымдуу күндөр үчүн Жахабага ыраазы экенимди дайыма айта турган болдум. Жүрөгүмө толгон ыраазычылык сезими көз карашымды аябай эле өзгөрттү. Дагы деле кабыргам кайышып, кыйналган учурларым болот. Бирок Жахабага аны абдан сүйгөн адам менен турмуш куруп, аны менен бирге кызмат кылганыма чексиз ыраазы болгонум көз карашымды жакшы жакка өзгөрттү»,— дейт Жейсон.

«Жахаба менин Кудайым болгонуна абдан ыраазымын» (Шерил)

13. Шерилге кыйынчылыкка туруштук берүүгө эмне жардам берген?

13 2013-жылдын аяк ченинде Филиппиндин борбор бөлүгүн «Хайян» тайфуну кыйратып кеткенде, 13 жаштагы Шерил деген кыз бир заматта баарынан ажырап калган. Ал: «Мен үйүмдөн, үй-бүлөмдөгүлөрдүн көбүнөн айрылдым»,— дейт. Каргашалуу ал кырсык анын ата-энесинин, үч бир тууганынын өмүрүн алып кеткен. Ошондой оор азапка туш болгон Шерил көңүлү кайт болбостон, кыйынчылыкка кантип  туруштук берген? Ал Жахабадан алган баталарын эсине бек тутуп, ыраазычылык сезимин өчүргөн эмес. Шерил: «Мен бир туугандардын муктаж болгондорго жардам берип, кайраттандырып жатканын көрдүм. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү бир туугандардын мен үчүн тиленип жатканын сезип турдум»,— дейт. Анан: «Жахаба менин Кудайым болгонуна абдан ыраазымын. Ал муктаж болгонубузда дайыма жардамга келет»,— деп кошумчалайт. Ооба, Жахабадан алган баталарыбыз үчүн ыраазы боло билсек, кайгыга алдырбайбыз жана башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, аны көтөрүп кете алабыз. (Эф. 5:20; оку: Филипиликтер 4:6, 7.)

«ЖАХАБАНЫ ОЙЛОП КУБАНАМ»

14. Бизди кандай келечек күтүп турат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

14 Байыртадан эле Жахабанын эли ага берген баталары үчүн ыраазы болуп келген. Мисалы, Кудай ысрайылдыктарды Кызыл деңизде фараондун жана анын аскеринин колунан куткарганда, алар кубанганынан аны даңктап ырдашкан (Чыг. 15:1—21). Жахабанын жакында бизди оорудан, азап-кайгыдан арылтарын билгенибиз — бүгүнкү күндө биз үчүн баа жеткис баталардын бири (Заб. 37:9—11; Ыш. 25:8; 33:24). Жахаба душмандарынын баарын жок кылып, бизди тынчтык, адилдик өкүм сүргөн жаңы заманга алып барганда, кандай сезимде болорубузду элестетип көрсөңөр. Ошол күнү Жахабага чексиз ыраазы болорубуз шексиз! (Аян 20:1—3; 21:3, 4).

15. Быйыл бир жыл бою эмне кылууга чечкиндүүсүң?

15 Жахабанын 2015-жылы да бизге рухий жактан батасын мол берерин күтүп жатабыз. Албетте, ар кандай кыйынчылыктарга да дуушар болушубуз мүмкүн. Бирок, кандай жагдайга кабылбайлы, Жахаба бизди эч качан таштабай турганын билебиз (Мыйз. 31:8; Заб. 9:9, 10). Кудай бизди ага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла беришибизге керектүү болгон нерселердин баары менен камсыз кыла берет. Андыктан: «Анжир гүлдөбөй калса да, жүзүм түшүм бербей калса да, зайтун дарагы мөмө байлабай калса да, тектирлер түшүм бербей калса да, короодо майда мал, кашаада бодо мал калбай калса да, Жахабаны ойлоп кубанам, мени куткарган Кудайды ойлоп шаттанам»,— деп айткан Хабакук пайгамбардыкындай көз карашта бололу (Хаб. 3:17, 18). Эмесе келгиле, алып жаткан баталарыбыз жөнүндө бир жыл бою ой жүгүртүп, жылдык аяттагы: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы»,— деген чакырыкка ылайык иш кылууга чечкиндүү бололу (Заб. 106:1).

^ абз. 10 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

«Тиленүү жагынан сергек болгула»

Кудайдын кызматчылары эмне үчүн үзгүлтүксүз тилениши керек? Башкалар үчүн тиленүүнүн натыйжасы кандай болот?