Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ 2014

Жахаба менен кызматташуу сыймыгын жогору баалайлы!

Жахаба менен кызматташуу сыймыгын жогору баалайлы!

«Биз Кудайдын кызматташтарыбыз» (1 КОР. 3:9).

1. Жахаба эмгекке кандай карайт жана ошондон улам ал эмне кылат?

ЖАХАБА дайыма кылган ишинен кубаныч алат (Заб. 135:6; Жкн. 5:17). Ал периштелердин да, адамдардын да кайсы бир иштерди аткарып, андан кубаныч алышын каалагандыктан, аларга жагымдуу, канааттануу тартуулаган иштерди тапшырат. Алсак, ал тун Уулун өзү менен кошо бүт ааламды жаратууга катыштырган. (Оку: Колосалыктар 1:15, 16.) Ыйык Китепте Иса Машаяктын жерге келгенге чейин Атасынын «жанында чебер уста болгону» айтылат (Накыл 8:30).

2. Периштелерге дайыма маанилүү жана канааттануу тартуулай турган тапшырмалар берилип келгенин кайдан билебиз?

2 Ыйык Китептин башынан аягына чейин Жахабанын периштелерге ар кандай тапшырмаларды берип келгени жөнүндөгү окуялар арбын. Айталы, Адам ата менен Обо эне күнөө кетирип, Бейиштен куулгандан кийин, «Кудай өмүр дарагына барчу жолду кайтартыш үчүн Эйден багынын чыгыш тарабына керуптарды жана мизи күйүп, айланып турган кылычты коюп койгон» (Башт. 3:24). Ал эми Аян 22:6да болсо Жахабанын «жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн периштесин жибергени» айтылат.

 АДАМДАРГА БЕРИЛГЕН ТАПШЫРМАЛАР

3. Машаяк жерде жүргөндө Атасын кантип туураган?

3 Иса Машаяк жерде жүргөндө Жахаба берген ишти кубаныч менен аткарган. Атасынан үлгү алып, ал шакирттерине маанилүү ишти тапшырган. Алардын алдыдагы иштерге карата кызыгуусун арттырыш үчүн: «Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт, анткени мен Атама баратам»,— деп айткан (Жкн. 14:12). Ошондой эле ал иштин канчалык тез аткарылышы керектигин баса белгилеп: «Жарык болуп турганда, мени жибергендин иштерин аткарышыбыз керек. Анткени түн кирип келатат. Ал убакта эч ким эч нерсе кыла албай калат»,— деген (Жкн. 9:4).

4—6. а) Жахабанын тапшырмасын так аткарышканы үчүн Нух менен Муса пайгамбарга эмне себептен ыраазы болсок болот? б) Жахабанын ар бир тапшырмасынын кандай эки пайдасы бар?

4 Жахаба адамдарга, Иса Машаяк жерге келгенге чейин эле, кызыктуу иштерди тапшырып келген. Адам ата менен Обо эне өздөрүнө берилген ишти аткарышпаса да, алардын урпактарынын арасында Кудайдын көрсөтмөлөрүн так аткаргандар болгон (Башт. 1:28). Мисалы, үй-бүлөсү менен Топон суудан аман калышы үчүн, Нух пайгамбарга кеме курууга байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөр берилген. Жахаба кандай айтса, ал так ошондой кылган. Анын жоопкерчиликтүү болгонунун аркасында биз жарык дүйнөгө келип, өмүр сүрүп жатабыз (Башт. 6:14—16, 22; 2 Пет. 2:5).

5 Кийинчерээк Жахаба Муса пайгамбарга ыйык чатырды курууга жана дин кызматчылыкты уюштурууга байланыштуу зарыл көрсөтмөлөрдү берген. Муса пайгамбар алардын баарын так аткарган (Чыг. 39:32; 40:12—16). Анын ишенимдүүлүгүнүн аркасында биз да пайда алып жатабыз. Кандайча? Элчи Пабыл ыйык чатыр менен дин кызматчылык келечекте боло турган жакшы нерселерди символдоштурганын түшүндүргөн (Евр. 9:1—5, 9; 10:1).

6 Жахаба кызматчыларына ой-ниетинин ишке ашышына жараша ар кардай тапшырмаларды берет. Ошондой болсо да, ар бир тапшырма аны даңктайт жана ага ишенген адамдарга пайда алып келет. Иса Машаяктын асманда жүргөндө жана жерге келгенде аткарган иштери тууралуу да ушуну айтууга болот (Жкн. 4:34; 17:4). Ошол сыңары, бүгүнкү күндө бизге берилген иш да Жахабаны даңктайт. (Мт. 5:16; оку: 1 Корунттуктар 15:58.) Эмне үчүн ушинтип айта алабыз?

АТКАРГАН ИШИБИЗГЕ КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШТА БОЛОЛУ

7, 8. а) Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына кандай иштер тапшырылууда? б) Жахабанын жетекчилигине кандай жооп кайтарышыбыз керек?

7 Жахабанын бизге окшогон жеткилеңсиз адамдарды өзү менен кызматташууга чакырып жатканы зор сыймык экенине кошулат чыгарсың (1 Кор. 3:9). Учурда жыйындар залдарын, Падышалык залдарын жана Бейтел имараттарын куруп жаткан Кудайдын кызматчылары, Нух пайгамбар менен Муса пайгамбарга окшоп, кадимки куруу иштерин аткарууда. Жергиликтүү Падышалык залдарын оңдоого катышып жатасыңбы же Уорикте (Нью-Йорк штаты) салынып жаткан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкты куруугабы, ушундай сыймыктуу жоопкерчиликти баала. (Макаланын башындагы сүрөтчүнүн элестетүүсү менен тартылган сүрөттү кара.) Бул, чынында эле, ыйык кызмат. Анткен менен Жахабанын кызматчыларынын көбү рухий курулушка катышып жатышат. Бул иш да Жахабаны даңктап, ага баш ийген адамдарга пайда алып келүүдө (Элч. 13:47—49). Кудай уюму аркылуу бизге ал ишти жакшы аткарууга көмөк кылган көрсөтмөлөрдү берип келет. Аны аткарууда кээде кызматтын ар кандай түрлөрүнө дайындалышыбыз мүмкүн.

 8 Жахабанын ишенимдүү кызматчылары дайыма уюмдун жетегине баш ийишет. (Оку: Еврейлер 13:7, 17.) Кайсы бир жаңы кызматка дайындалганда алгач анын себебин толук түшүнбөшүбүз мүмкүн. Бирок биз, Жахаба кандай өзгөрүүлөрдү кылбасын, аны менен кызматташуунун натыйжасы жакшы болорун билебиз.

9. Аксакалдар жыйналышка кандай үлгү көрсөтүшөт?

9 Аксакалдардын Жахабанын эркин аткарууну абдан каалаары жыйналышта жетекчиликти колго алганынан көрүнүп турат (2 Кор. 1:24; 1 Тес. 5:12, 13). Алар күжүрмөн эмгектенүүгө жана өзгөрүүлөргө ылайыкташа билип, кабар айтуунун жаңы ыкмаларын колдонууга ынтызар. Телефон аркылуу кабар айтууну, кеме токтоочу жайларда жана эл көп жерде күбөлөндүрүүнү уюштурганда, айрымдар башында күмөн санашса да, аксакалдар андай иш-чаралардын жакшы натыйжасын көрө билишет. Мисалы, бир жолу Германияда көптөн бери иштетилбей калган ишкер аймакта кабар айтуу уюштурулган. Төрт пионер ал ишке катышууну чечкен. Алардын бири Михаель: «Кызматтын мындай түрүнө бир нече жылдан бери катыша элек болгондуктан аябай тынчсыздандык. Жахаба муну байкаса керек, анткени ошол таңда кабарыбыз эстен кеткис болду. „Падышалык кызматыбызда“ берилген жетекчиликке баш ийип, Жахабага таянганыбыз үчүн ушунчалык сүйүндүк»,— деп ой бөлүшкөн. Сен да аймагыңда кабар айтуунун жаңы ыкмаларын колдонууга дилгирсиңби?

10. Акыркы убакта Жахабанын уюмунда кандай өзгөрүүлөр болууда?

10 Кээде уюмда чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Маселен, акыркы жылдары ар кайсы жерлерде бир нече филиал бир филиал болуп бирикти. Ушундан улам ал филиалдарда кызмат кылган бир туугандарга айрым өзгөрүүлөрдү жасоого туура келди. Бирок көп өтпөй алар өзгөрүүлөрдүн жакшы натыйжа бергенин көрүшкөн (Нас. 7:8). Ал ишенимдештерибиз Жахабанын элинин учурдагы тарыхына катышып жатканына абдан кубанууда!

11—13. Уюмда чоң өзгөрүүлөр болгондо, айрымдар кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?

11 Филиалдардын бириктирилишин өз башынан өткөргөн бир туугандардан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Алардын айрымдары өз өлкөсүндөгү Бейтелдерде ондогон жылдар бою кызмат кылышкан. Борбордук Америкадагы чакан Бейтелде кызмат кылган Рохелио менен анын жубайы Мексикадагы 30 эсе чоң Бейтел үй-бүлөсүнө дайындалышкан. «Үй-бүлөбүздү жана досторубузду калтыруу абдан оор болду»,— дейт Рохелио. Мексикага дайындалган Хуан деген дагы бир ишенимдешибизге таптакыр жаңы жашоо башташы керек болгондой сезилген. Ал: «Кайрадан жаңы досторду таап, башка маданиятка, башка менталитетке көнүш керек болот экен»,— деп айтат.

12 Европадагы кээ бир филиалдар бириктирилип, ал жактарда кызмат кылган айрым бейтелдиктер Германиядагы филиалга дайындалышкан. Алар да жогоруда айтылган бир туугандардыкындай сезимде болушкан. Мисалы, Швейцариядан көчүп барган бир туугандар өлкөсүндөгү кереметтүү Альп тоолорун, ал эми Австриядан көчүп баргандар мурунку чакан Бейтел үй-бүлөсүн сагынышкан.

13 Башка өлкөгө дайындалгандарга жаңы шарттарда жашоого, тааныбаган бир туугандар менен кызматташууга, айрымдарына мурун кылып көрбөгөн иштерди кылууга туура келген. Ошондой эле алар жаңы жыйналышка, жаңы аймакта кабар айтууга көнүшү, атүгүл бөтөн тилди үйрөнүшү керек болгон. Оңойго турбаса да, көптөгөн бейтелдиктер өзгөрүүлөрдү кубаныч менен кабыл алышкан. Аларга эмне жардам берген?

14, 15. а) Көптөгөн бир туугандар Жахаба менен кызматташуу сыймыгын жогору баалаарын кантип көрсөтүүдө? б) Ал бир туугандардан кандай үлгү алсак болот?

 14 Гретал мындай дейт: «Мен кайсы өлкөгө барбайын, кайсы имаратта кызмат кылбайын, кандай сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болбоюн, Жахабаны чындап сүйөрүмдү көрсөткүм келгендиктен дайындоону кабыл алдым». Дайска деген бир тууган: «Мени Жахаба дайындап жатканын ойлоп, кубаныч менен макул болдум»,— деп ой бөлүшөт. Андре менен Габриела болсо: «Мунун аркасында өз кызыкчылыгыбызды экинчи орунга коюп, Жахабага кызмат кылгыбыз келерин көрсөтө аларыбызды түшүндүк»,— дейт. Ал жубайлар Жахабанын уюмундагы өзгөрүүлөргө каршы болбой, аларга ылайык иш кылуунун жакшы экенин да айтышат.

Биз үчүн эң зор сыймык — Жахабанын ишин аткаруу!

15 Бейтелдер бириктирилгенде, айрымдар пионер болуп дайындалышкан. Даниядагы, Норвегиядагы жана Швециядагы филиалдар Скандинавия филиалы болуп бириккенде, пионердик кызматка дайындалгандардын арасында Флориан менен Аня да бар болчу. Алар мындай дейт: «Биз жаңы дайындообузду кубаныч менен кабыл алдык. Кайсы жерде кызмат кылбайлы, Жахаба бизди колдонуп жатканына сүйүнөбүз. Азыр мол бата алып жатабыз!» Көптөрүбүз жогоруда айтылган бир туугандардыкындай жагдайга кабылбасак да, алардан үлгү алып, Падышалыктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгонубуз абзел (Ыш. 6:8). Каякта болбосун, Жахаба менен кызматташуу сыймыгын жогору баалагандарга ал дайыма батасын берет.

ЖАХАБА МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ СЫЙМЫГЫН ЖОГОРУ БААЛАЙ БЕРЕЛИ

16. а) Галатиялыктар 6:4тө бизге кандай кеңеш берилет? б) Кайсы сыймыкка ар бирибиз ээ боло алабыз?

16 Жеткилеңсиз болгондуктан биз өзүбүздү башкалар менен салыштырууга жакын келебиз. Бирок Кудайдын Сөзү ар бирибизди өз иштерибизден кубаныч алууга чакырат. (Оку: Галатиялыктар 6:4.) Баарыбыз эле аксакал, пионер, миссионер боло албайбыз же Бейтелде кызмат кыла албайбыз. Булардын баары сыймыктуу жоопкерчиликтер болсо да,  адам баласына берилген эң зор сыймыкка ар бирибиз ээ боло аларыбызды унутпайлы. Ал — жакшы кабардын жарчысы болуп, Жахаба менен кызматташуу сыймыгы. Келгиле, аны ар дайым жогору баалайлы!

17. Шайтандын дүйнөсүндө жашап жатканыбыз кызматыбызга кандай таасир этиши мүмкүн жана эмне үчүн буга көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

17 Шайтан башкарган азыркы дүйнөдө Жахабага кызмат кылууда мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү болушу мүмкүн. Үй-бүлөдөгү жоопкерчиликтерибизден, ден соолугубуздан жана башка жагдайлардан улам өзүбүз каалагандай деңгээлде кызмат кыла албашыбыз ыктымал. Бирок ушундан улам көңүлүбүздү чөгөрө бербешибиз керек. Кандай болбосун, биз Жахабанын ысмы жана анын Падышалыгы жөнүндө жарыялай алабыз. Эң негизгиси, Кудай менен колубуздан келишинче кызматташып, бизге караганда көбүрөөк кыла ала турган бир туугандарыбызга батасын беришин сурап тиленип турганыбыз маанилүү. Жахаба үчүн анын ысмын даңктаган ар бир адам баалуу экенин эстен чыгарба!

18. Эмне кылууга даяр болушубуз керек жана эмне үчүн?

18 Жеткилеңсиздигибизге, кемчиликтерибизге карабай Жахаба биз менен кызматташууну абдан каалайт. Азыркы оор күндөрдө аны менен чогуу иш кылып жатканыбызга кандай гана кубанычтабыз! Жахабанын батасы менен келечекте «чыныгы жашоого» жетерибизди — бейкут заманда түбөлүккө бактылуу өмүр сүрөрүбүздү — билгендиктен биз өз кызыкчылыгыбыздан баш тартууга даяр болушубуз керек (1 Тим. 6:18, 19).

Кудайга кызмат кылуу сыймыгын баалайсыңбы? (16—18-абзацтарды кара)

19. Жахаба бизге кандай келечек даярдоодо?

19 Жаңы дүйнөнүн босогосунда тургандыктан ар бирибиз Муса пайгамбардын сөздөрү тууралуу ой жүгүртүп көргөнүбүз маанилүү. Ал Кудай убада кылган жерге мына-мына киребиз деп турган ысрайылдыктарга: «Жахаба Кудайың кылган иштериңдин баарына батасын берет»,— деп айткан (Мыйз. 30:9). Азыр Кудай менен тыгыз кызматташып жаткандар Армагедондон кийин ал убада кылган жаңы дүйнөгө өтүшөт. Анан баарыбыз жаңы тапшырманы аткарууга — бүт жер бетин бейишке айлантууга — киришебиз!