Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ 2014

«Асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө»

«Асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө»

«Жердеги эмес, асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө» (КОЛ. 3:2).

1, 2. а) 1-кылымда Колосадагы жыйналышта кандай көйгөй пайда болгон? б) Колосадагы ишенимдештери туруктуу болушу үчүн, элчи Пабыл кандай кеңеш берген?

БИРИНЧИ кылымда Колоса шаарындагы жыйналышта олуттуу көйгөй пайда болгон. Жыйналыштагылардын айрымдары Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга кармануу керектигин жакташкан. Кээ бирөөлөрү болсо жашоодон ырахат алууну туура эмес деп эсептеп, өзүлөрүнүн көз карашын ишенимдештерине да таңуулашкан. Андай жалган окуулардын мизин майтарыш үчүн элчи Пабыл Колосадагы жыйналышка кат жазып: «Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп эскерткен (Кол. 2:8).

2 Эгерде Машаяктын майланган жолдоочулары «бул дүйнө карманган жол-жоболорго» көңүл топтошсо, Жахабанын куткаруу үчүн көргөн чарасын четке каккан болушмак (Кол. 2:20—23). Аларга Кудай менен болгон баа жеткис мамилесин сактоого жардам бериш үчүн Пабыл: «Жердеги эмес, асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткүлө»,—  деп кеңеш берген (Кол. 3:2). Ооба, Машаяктын бир туугандары асманда алар үчүн сакталган чирибес мураска көңүл топтошу керек болчу (Кол. 1:4, 5).

3. а) Майлангандар көңүлүн эмнеге топтошот? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Майлангандар бүгүнкү күндө да «асмандагы нерселерге», тактап айтканда, Кудайдын асмандагы Падышалыгына жана «Машаяк менен мурасташ» болуу үмүтүнө көңүл топтошот (Рим. 8:14—17). Ал эми жерде жашай тургандар жөнүндө эмне айтууга болот? Пабыл жазган сөздөрдүн аларга кандай тиешеси бар? «Башка койлордун» «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртөрү» эмнелерден көрүнөт? (Жкн. 10:16). Ар кандай кыйынчылыктарга карабай, «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткөн» Ыбрайым жана Муса пайгамбарлардын үлгүсүн карап чыгуудан баарыбыз кандай пайда алабыз?

«АСМАНДАГЫ НЕРСЕЛЕР ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4. Башка койлор канткенде «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртө» алышат?

4 Башка койлор жер бетинде жашоого үмүттөнүшсө да, «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртүшү» зарыл. Ан үчүн алар Жахаба Кудайды жана Падышалыктын иштерин жашоосунда биринчи орунга коюшу керек (Лк. 10:25—27). Бул жагынан Машаяктын үлгүсү жардам берет (1 Пет. 2:21). 1-кылымдагы ишенимдештерибиз сыяктуу эле биз да Шайтан башкарган бул дүйнөдө жалган ой-түшүнүктөргө, философияга карманган, дүнүйө-мүлккө умтулган адамдардын арасында жашап жатабыз. (Оку: 2 Корунттуктар 10:5.) Андыктан алардын таасирине алдырбай, Иса Машаякка окшоп сергек болуп, Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактайлы.

5. Байлыкка кандай караарыбызды кантип текшерсек болот?

5 Бул дүйнөнүн байлыкка болгон көз карашы бизге да таасирин тийгизип жаткан жокпу? Эмнени жакшы көрөрүбүз адатта ойлогон оюбуздан, кылган ишибизден билинип калат. Иса пайгамбар: «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот»,— деп айткан (Мт. 6:21). Жүрөгүбүздө эмне бар экенин билиш үчүн, мезгил-мезгили менен өзүбүздү текшерип турганыбыз жакшы. Ан үчүн: «Акча жөнүндө канчалык көп ойлоном? Акчасы көбүрөөк жумуш табуу, жашоомду жакшыртуу тууралуу өтө эле тынчсыздана бербейминби? Жөнөкөй жашоого аракет кылып, Жахаба менен болгон мамилемди жогору баалаймынбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот (Мт. 6:22). Иса эскертип кеткендей, «жер үстүнө байлык жыйноого» умтулгандар Жахаба менен болгон достугун бузуп алышы мүмкүн (Мт. 6:19, 20, 24).

6. Канткенде күнөөкөр денебизге жаккан нерселерге каршы тура алабыз?

6 Жеткилең эмес болгондуктан биз өзүбүзгө жаккан нерселерди кылууга жакын келебиз. (Оку: Римдиктер 7:21—25.) Эгерде Кудайдын ыйык рухуна жетектелбесек, «караңгылыктын иштерине», алсак, «жосунсуз той-тамашаларга, аракечтикке, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, уятсыз жүрүм-турумга» берилип кетишибиз мүмкүн (Рим. 13:12, 13). Жердеги нерселерге, тагыраак айтканда, күнөөкөр денебизге жаккан нерселерге каршы туруу үчүн «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртүшүбүз» зарыл. Бул күч-аракет жумшоону талап кылат. Ошондуктан элчи Пабыл: «Денемди сабап, кулга айландырып жатам»,— деп айткан (1 Кор. 9:27). Өмүр үчүн жарыштын соңуна чыгыш үчүн биз да өзүбүздү аяй бербешибиз керек. Азыр болсо, келгиле, «Кудайга жаккан» байыркы убактагы эки пайгамбардын үлгүсүн карап чыгалы (Евр. 11:6).

 ЫБРАЙЫМ ПАЙГАМБАР «ЖАХАБАГА ИШЕНГЕН»

7, 8. а) Ыбрайым пайгамбар менен Саара кандай кыйынчылыктарга кабылышкан? б) Ыбрайым пайгамбар көңүлүн эмнеге топтогон?

7 Жахаба Ыбрайым пайгамбарга үй-бүлөсү менен Канаанга көчүп барышы керектигин айтканда, ал даярдуулук менен баш ийген. Ыбрайым ишеними күчтүү, тил алчаак киши болгондуктан, Жахаба: «Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берем» — деп, аны менен келишим түзгөн (Башт. 12:2). Бирок арадан жылдар өтсө да, ал зайыбы Саара экөө балалуу болушкан эмес. Ыбрайымга Жахаба убадасын унутуп койгондой сезилип, тынчсызданганбы? Жүрөктү өйүгөн ушундай санаадан тышкары, Канаандагы жашоо да жеңил эмес болчу. Ыбрайым пайгамбар менен анын үйүндөгүлөрү Месопотамиядагы гүлдөгөн Ур шаарын, анда жашаган туугандарын калтырып, Канаанды көздөй 1 600 чакырымдан ашуун жол жүрүшкөн. Алар ал жакта чатырларда жашаган, ачарчылыкты баштан өткөрүшкөн, талап-тоноочуларга кабылышкан (Башт. 12:5, 10; 13:18; 14:10—16). Ошого карабай, Ур шаарындагы майкөл-сүткөл жашоону эңсешкен эмес. (Оку: Еврейлер 11:8—12, 15.)

8 Ыбрайым пайгамбар жердеги нерселерди ойлобой, «Жахабага ишенген» (Башт. 15:6). Ооба, ал Кудайдын убадасынын аткарыларына бекем ишенип, «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткөн». Ошондуктан Эң Жогорку Кудай аян аркылуу ага: «Асманды карачы, эгер санай алсаң, жылдыздарды санап чыкчы... Сенин тукумуң ушунча болот»,— деп айткан (Башт. 15:5). Бул сөздөр пайгамбардын ишенимин ого бетер бекемдегени шексиз. Ал жылдыздуу асманды караган сайын Жахабанын убадасын эстеп турган болуш керек. Кийин убагы келгенде, Кудай сөзүнө туруп, ага мураскор берген (Башт. 21:1, 2).

9. Ыбрайым пайгамбардын үлгүсү бизге Кудайга ынталуу кызмат кылууга кандайча түрткү берет?

9 Ыбрайым пайгамбардай болуп, биз дагы Кудайдын убадаларынын аткарылышын күтүп жатабыз (2 Пет. 3:13). Эгер «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртпөй» калсак, ал убадалар аткарылбачудай сезилип, Жахабага баштагыдай ынталуу кызмат кылбай калышыбыз мүмкүн. Балким, сен мурун пионер болгондурсуң же дагы башка жолдор менен көбүрөөк кызмат кылгандырсың. Ал эми азырчы? Ыбрайым пайгамбардын үлгүсүн эсиңен чыгарба. Ал «пайдубалы бекем... шаарды күткөн» (Евр. 11:10). «Жахабага ишенгендиктен», ал «адил деп эсептелген» (Рим. 4:3).

МУСА ПАЙГАМБАР «КӨРҮНБӨГӨНДҮ КӨРҮП ТУРГАН»

10. Муса пайгамбар кандай чөйрөдө чоңойгон?

10 Муса пайгамбар да «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткөн». Ал жаштайынан тартып «мисирликтердин бүт акылмандыгына үйрөтүлгөн». Анын алган билими жөнөкөй билим эмес болчу. Себеби ал кезде Мисир дүйнөнү бийлеген держава болгондон сырткары, Муса ошол кубаттуу мамлекеттин падышасынын үйүндө чоңойгон. Андыктан анын «сөзү менен да, иши менен да күчтүү болгону» таң калыштуу эмес (Элч. 7:22). Мусада эмне деген мүмкүнчүлүктөр болгонун элестетсеңер! Бирок ал үчүн баарынан да Кудайдын эркин аткаруу маанилүү болгон.

11, 12. Муса пайгамбар кайсы билимди жогору баалаган жана муну кайдан билебиз?

11 Мусанын энеси Жохебет ага кичинекей кезинде еврейлердин Кудайы жөнүндө айтып бергени шексиз. Муса пайгамбар Жахаба жөнүндөгү билимди абдан жогору баалап, аны башка нерселерден артык көргөн. Ошондуктан фараондун үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары ээ боло турган кадыр-барктан, мүмкүнчүлүктөрдөн баш тарткан.  (Оку: Еврейлер 11:24—27.) Ырас, Кудай жөнүндө кичинекей кезинде алган билими жана ишеними ага асмандагы нерселерге көңүл топтоого түрткү берген.

12 Муса пайгамбар өзүнүн замандаштарынын ар бири эле жете бербей турган жогорку билимге ээ болсо да, Мисирде көрүнүктүү абалга жетүүгө, атын чыгарууга, байлык жыйноого умтулган эмес. Ал «фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тартып», «күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү» тандаган. Ошондой эле Жахаба жөнүндөгү билимин анын эркин аткаруу үчүн колдонгон.

13, 14. а) Жахабадан тапшырма алардан мурун Муса пайгамбар эмне кылышы керек эле? б) Муса пайгамбардай болуп, биз да эмне кылышыбыз керек?

13 Муса пайгамбар Жахабаны жана анын элин чындап жакшы көрчү. 40 жашында ал Кудайдын элин Мисир кулчулугунан бошотууга даярмын деп ойлогон (Элч. 7:23—25). Бирок Жахаба анын даяр эмес экенин жакшы билген. Муса момундук, чыдамдуулук, жумшактык жана өзүн өзү кармай билүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүшү керек болчу (Накыл 15:33). Алдыда боло турган кыйынчылыктарга, сыноолорго туруштук берүү үчүн ал дагы көп нерсеге үйрөнүшү керек эле. 40 жыл бою кой бакканы ага ошол зарыл сапаттарды өрчүтүүгө көмөк кылган.

14 Койчу катары үйрөнгөн нерселеринин ага пайдасы тийди беле? Ооба, Ыйык Китепте анын «жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам» болгону айтылат (Сан. 12:3). Момундук сапаты ага ар кандай кишилер менен мамилелешкенде, алардын ар түрдүү көйгөйлөрүн угуп-териштиргенде чыдамдуу болууга жардам берген (Чыг. 18:26). Анын сыңарындай, улуу алааматтан аман өтүп, Кудайдын адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөсүндө жашаш үчүн биз да жакшы сапаттарды өрчүтүшүбүз зарыл (Аян 7:14). Баары менен, анын ичинде кыялы чорт же көп нерсени көңүлүнө ала берген адамдар менен да тил табыша билгенибиз жакшы. Бул жагынан элчи Петирдин: «Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө»,— деген кеңешин колдонгонубуз маанилүү (1 Пет. 2:17).

МЫНДАН АРЫ ДА «АСМАНДАГЫ НЕРСЕЛЕР ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТӨ» БЕРЕЛИ

15, 16. а) Мындан ары да «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткөнүбүз» эмне үчүн маанилүү? б) Эмне себептен Кудайдын кызматчысынын жүрүм-туруму үлгүлүү болушу керек?

15 Биз азыр «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тим. 3:1). Рухий жактан сергек бойдон калуу үчүн мындан ары да «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүрткөнүбүз» абдан маанилүү (1 Тес. 5:6—9). Келгиле, мунун кайсы үч нерседен айкын көрүнөрүн карап көрөлү.

16 Жүрүм-турумубуз. Элчи Петир жүрүм-турумубуздун үлгүлүү болгону канчалык маанилүү экенин жакшы билген. Ал: «Башка элдердин арасында жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун. Алар... жакшы иштериңерди көрүп, Кудай текшерген күнү Аны даңкташат»,— деп айткан (1 Пет. 2:12). Үйдө, кызматта, жумушта, мектепте жүргөндө же көңүл ачып жатканда жүрүм-турумубуздун Жахабаны даңктагыдай болушу зарыл. Албетте, жеткилең эмес болгондуктан баарыбыз эле жаңылабыз (Рим. 3:23). Бирок «ишеним күрөшүндө ийгиликтүү күрөшө» берсек, жеңишке жетебиз (1 Тим. 6:12).

17. Канткенде Иса Машаяктай ой жүгүртөрүбүздү айгинелейбиз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

17 Ойлорубуз. Жүрүм-турумубуз үлгүлүү болушу үчүн, оюбуз таза болушу керек. Элчи Пабыл: «Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун»,—  деген (Флп. 2:5). Иса Машаяктын ой жүгүртүүсү кандай эле? Ал момун болгон. Ошондон улам Жахабага жанын аябай кызмат кылган. Башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айтууну ал көңүлүнүн борборунда сактаган (Мр. 1:38; 13:10). Ал Кудайдын Сөзүн бедел туткан (Жкн. 7:16; 8:28). Аны коргоп, анда жазылгандарды кызматта колдонуп, түшүндүрүп бериш үчүн кылдат изилдөө жүргүзгөн. Андыктан кызматыбызда момун, ынталуу болсок жана Ыйык Китепти өз алдыбызча изилдесек, Иса Машаяктай ой жүгүртөрүбүздү айгинелейбиз.

Иса Машаяк жакшы кабар айтууну көңүлүнүн борборунда сактаган (17-абзацты карагыла)

18. Жахабанын ишин колдоонун маанилүү жолу кайсы?

18 Иш-аракеттерибиз. Жахаба «Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин... тизе бүгүшүн» ниет кылган (Флп. 2:9—11). Иса ошондой жогорку абалга ээ болсо да, момундук менен Атасына баш иет; биз да аны туурашыбыз керек (1 Кор. 15:28). Кантип? «Бардык элдерден шакирт даярдоо» ишине чын жүрөктөн колдоо көрсөтүп (Мт. 28:19). Андан сырткары, баарына: ишенимдештерибизге да, башкаларга да жакшылык кылгыбыз келет (Гал. 6:10).

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 «Асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртүшүбүз» керектигин эсибизге салып турганы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Биз «алдыбыздагы жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгышыбыз» керек (Евр. 12:1). Келгиле, эмне иш аткарбайлы, баарын «Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтула» берели, ошондо талыкпай жумшаган аракетибиз үчүн асмандагы Атабыздан сыйлык алабыз (Кол. 3:23, 24).