Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) СЕНТЯБРЬ 2014

Ата-энелер, балдарыңарга койчудай кам көргүлө

Ата-энелер, балдарыңарга койчудай кам көргүлө

«Өз малыңды жакшы бил» (НАКЫЛ 27:23).

1, 2. а) Байыркы Ысрайылдагы койчулар оторуна кантип кам көрчү? б) Ата-энелер кандай мааниде койчуларга окшош?

БАЙЫРКЫ Ысрайылдагы койчулардын жашоосу оңой болгон эмес. Ысыкка күйүп, суукка тоңгондон тышкары, алар оторун уурулардан, ит-куштан коргошчу. Ар бир коюна көз салып, шыйрагы же дагы башка жери сынып калгандарын, ылаңдагандарын дарылашчу. Ошондой эле козулар назик, алсыз келгендиктен, аларга өзгөчө көңүл бурушчу (Башт. 33:13).

2 Жахабага кызмат кылган ата-энелер кандайдыр бир мааниде койчуларга окшош, себеби алар бала тарбиялоодо койчулардыкындай сапаттарды чагылдырышат. Ата-энеге балдарына «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоо» милдети тапшырылган (Эф. 6:4). Бул, албетте, оңой-олтоң иштерден эмес. Бүгүнкү күндө балдарга өздөрүнүн туура эмес каалоолорунан сырткары, Шайтан жайылтып жаткан зыяндуу ой-түшүнүктөр менен да күрөшүүгө туура келүүдө (2 Тим. 2:22; 1 Жкн. 2:16). Эгер балдарыңар бар болсо, аларга кантип жардам бере аласыңар? Келгиле анда, балдарыңарга тийиштүү түрдө кам көрүш үчүн канткенде аларды жакшы билип,  азыктандырып, туура жолго багыттай аларыңарды карап чыгалы.

БАЛДАРЫҢАРДЫ ЖАКШЫ БИЛГИЛЕ

3. Балдарын жакшы билүү үчүн ата-энелер эмне кылышы керек?

3 Койлордун эч жери сынбай-этпей, түгөл жүргөнүнө ынаныш үчүн камкор койчу аларды дайыма текшерип турат. Каймана мааниде силер да балдарыңарга ушундай көз салышыңар керек. Ыйык Китепте: «Өз малыңды жакшы бил»,— деп айтылат (Накыл 27:23). Ан үчүн алардын жүрүм-турумуна, ой-сезимдерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Муну кантип кылса болот? Мунун эң жакшы жолдорунун бири — тез-тез пикир алышып туруу.

4, 5. а) Балдар ичиндегисин ачык айтышы үчүн, ата-энелер эмне кылса болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Балдарыңар силер менен ачылып сүйлөшө алышы үчүн, эмне кылып жатасыңар?

4 Айрым ата-энелер, балдары өспүрүм куракка келгенде, алар менен пикир алышуу кыйын болуп каларын байкашкан. Көп өспүрүмдөр ата-энеси менен баштагыдай ынак болбой, аларга ой-сезимдерин ачык айтпай калышы мүмкүн. Силердин балдарыңар да ошентсе, эмне кылсаңар болот? Алар менен көпкө отуруп, олуттуу сүйлөшкөндөн көрө, ыңгайы келген учурларды колдонууга аракет кылгыла (Мыйз. 6:6, 7). Чогуу бир нерсе кылганга, алсак, сейилдегенге, машине менен бир жакка барганга, чогуу ойногонго же үйдөгү жумуштарды бирге жасаганга убакыт тапкыла. Ушу сыяктуу жагдайларда өспүрүмдөр, адатта, өздөрүн эркинирээк сезип, ичиндегисин ачык айтышат.

5 Жумшаган аракетиңерге карабай, балаңар дагы деле көп сүйлөшкүсү келбей жатсачы? Анда башка ыкманы колдонуп көрсөңөр болот. Мисалы, кызыңардан күнү кандай өткөнүн сурагандан көрө, өзүңөрдүкү кандай өткөнүн айтып бергиле. Ошондо ал да өзүнүкү жөнүндө айтып бериши ыктымал. Же кайсы бир нерсеге карата көз карашын билүү үчүн анын өзүнө көңүл топтобой, курбусунун ошол нерсеге кандай караарын сурагыла. Анан ага кандай кеңеш бермектигин сурап көргүлө.

6. Ата-энелер угууга даяр экенин жана аларга кайрылуу оңой экенин кантип көрсөтүшөт?

6 Албетте, балдарыңар чечилип сүйлөшө алышы үчүн, силерге кайрылуу оңой экени жана угууга даяр экениңер байкалып турушу керек. Эгер ата-эне дайыма бош эмес болсо, балдар кыйынчылыктарын айтпай, ичине катып жүрө берет. Балаңар силерге ээн-эркин кайрыла алышы үчүн эмне кылсаңар болот? «Мага каалаган учуруңда кайрыла бер»,— деп айтып коюу жетишсиз. Балаңардын айткандарын жүрөгүңөргө өтө жакын алып, сезимдерге алдырбагыла. Ошол эле учурда көйгөйлөрүнө маани бербей койбогула. Бул жагынан көптөгөн ата-энелер жакшы үлгү көрсөтүүдө. 19 жаштагы Кайла: «Мен атам менен бардык нерсе жөнүндө сүйлөшө алам. Ал сөзүмдү бөлбөй, айыптабай, кунт коюп угат. Анан дайыма сонун кеңештерди берет»,— деп айтат.

7. а) Жигит же кыз менен жүрүү сыяктуу темаларда сүйлөшкөндө ата-эне канткенде тең салмактуу боло алат? б) Ата-энелер кантип өздөрү байкабай эле балдарын кыжырдантып алышы мүмкүн?

7 Атүгүл жигит же кыз менен жүрүү сыяктуу темаларда сүйлөшкөндө да сабырдуу болгула. Эгер кечке эле андай нерселердин терс жактарын айтып, эскерте берсеңер, балаңарга туура багыт бере албай каласыңар. Мисалы, бир кафеге бардыңар дейли. Эгер менюсунда жалаң эле ал жердеги тамактардан ууланып калышыңар мүмкүн экени тууралуу эскертүүлөр жазылса, эмне кылат элеңер? Ал жактан кетип, башка кафеге бармак болушуңар керек. Анын сыңарындай, балаңар кеңеш сурап кайрылганда, кечке эле терс нерселерди айтып, эскерте берсеңер, ал силерге экинчи кайрылбай калышы мүмкүн. (Оку: Колосалыктар 3:21.) Андыктан тең салмактуу болууга аракет кылгыла. Эмили деген жаш бир тууган мындай  деп ой бөлүшөт: «Жигит менен жүрүү жөнүндө сүйлөшүп калганыбызда, ата-энем аны жаман нерсе катары көрсөтпөйт. Алар кимдир бирөө менен жакыныраак таанышып, өмүрлүк жар табуунун кубанычтуу жактарын айтышат. Мунун аркасында мен ата-энем менен бул тууралуу ээн-эркин сүйлөшө алам. Кийин бирөө менен жакын мамиледе боло баштасам, ал жөнүндө алардын да билишин каалайм».

8, 9. а) Сөздү бөлбөй угуунун кандай пайдасы бар? б) Балаңарды кунт коюп угуу жагынан кандай ийгиликке жеттиңер?

8 Жогоруда айтылган Кайланын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, балдарыңар силерге оңой кайрыла алышы үчүн, сабырдуу болуп, айткандарын кунт коюп угушуңар кажет. (Оку: Жакып 1:19.) Катя деген жалгыз бой эне мындай дейт: «Мурун кызым мага бир нерсе айтып жатканда, чыдамым жетпей кетчү. Аны аягына чейин укчу эмесмин. Буга кээде аябай чарчап калганым же башымды ооруткум келбегени себеп болчу. Азыр мен өзгөрдүм. Муну көрүп, кызым да өзгөрдү: ал азыр мага ички сезимдерин ачык айта алат».

Балаңарды жакшы билүү үчүн кунт коюп уккула (3—9-абзацтарды карагыла)

9 Өспүрүм кызы бар Рональд да ушул сыяктуу жагдайга кабылган. Ал мындай дейт: «Кызым мага мектептеги бир баланы сүйүп калганын айтканда, адегенде аябай ачуум келди. Бирок Жахабанын өз кызматчыларына чыдамкайлык жана түшүнүү менен мамиле кылары тууралуу ой жүгүртүп, кызымды оңдоп-түзөрдөн мурун, анын ой-сезимдерин укканым жакшы болорун баамдадым. Ошенткениме абдан сүйүнөм! Ошондо биринчи жолу кызымдын сезимдерин түшүндүм. Кунт коюп уккандын аркасында аны менен жылуу-жумшак сүйлөшө алдым. Таң калыштуусу, ал берген кеңешимди жакшы кабыл алды. Анан жүрүм-турумун өзгөрткүсү келерин айтты». Ооба, балдарыңар менен дайыма сүйлөшүп турсаңар, алардын ойлору менен сезимдерин жакшыраак билесиңер. Натыйжада аларга жашоодо туура чечимдерди чыгарууга жардам бере аласыңар *.

БАЛДАРЫҢАРДЫ АЗЫКТАНДЫРГЫЛА

10, 11. Балаңар жаман жолго түшүп кетпеши үчүн, эмне кылганыңар абзел?

10 Тажрыйбалуу койчу койлордун отордон бат эле адашып каларын жакшы билет. Кой улам бир оттуу жерди тандап отуруп, отордон билинбей эле алыстап кетиши мүмкүн. Ошол сыяктуу эле бала да жаман чөйрөгө же зыяндуу  көңүл ачууга азгырылып отуруп, байкалбай эле жаман жолго түшүп кетиши ыктымал (Накыл 13:20). Андай болбошу үчүн эмне кылганыңар абзел?

11 Балдарыңарды окутуп жатканда оңолушу керек болгон жактарын байкасаңар, тезинен иш-аракет кылгыла. Аларга «мокоп» бараткан жакшы сапаттарын курчутууга жардам бергиле (2 Пет. 1:5—8). Буга үй-бүлөлүк изилдөөнү дайыма өткөрүп туруу жакшы өбөлгө түзөт. 2008-жылдын октябрь айындагы «Падышалык кызматыбызда»: «Үйбүлө башчысы үйбүлөлүк изилдөөнүн максаттуу жана үзгүлтүккө учурабай өтүлүп турушуна кам көрүп, Жахабанын алдындагы милдетин так аткарышы керек»,— деп жазылган. Балдарыңарга кам көрүүгө шарт түзгөн андай учурларды жакшы колдонуп жатасыңарбы? Балдарыңар алардын рухий муктаждыгын канааттандыруу үчүн жумшаган аракетиңерди жогору баалаарына шектенбегиле (Мт. 5:3; Флп. 1:10).

Жакшы азыктандыргыла (10—12-абзацтарды карагыла)

12. а) Жаштар сыйынуу кечинен кандай пайда алып жатышат? ( «Алар абдан баалашат» деген кутучаны да карагыла.) б) Сыйынуу кечинен кандай пайда алып жатасыңар?

12 Карисса деген өспүрүм кыз үй-бүлө менен сыйынуу кечинен кандай пайда алып жатышканы тууралуу мындай дейт: «Мага баарыбыздын чогуу отуруп алып сүйлөшкөнүбүз жагат. Мунун аркасында бири-бирибизге жакындап, эсте каларлык учурларды өткөрөбүз. Атам үй-бүлө менен сыйынуу кечин дайыма өткөрөт. Анын буга олуттуу караганы мени бекемдеп, мага да сыйынуу кечине олуттуу кароого, ошондой эле аны атам жана рухий башчым катары урматтоого түрткү берет». Британи деген жаш ишенимдешибиз: «Сыйынуу кечинин аркасында ата-энеме жакын болуп калдым жана алардын көйгөйлөрүмө кош көңүл эмес экенине, мага чындап кам көрөрүнө ынандым. Сыйынуу кечи бизге бекем, биримдүү үй-бүлөлөрдөн болгонго жардам берүүдө»,— деп айтат. Ырас, мыкты койчу болуш үчүн ата-эне балдарын рухий жактан азыктандырышы керек. Мунун негизги жолдорунун бири — үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүү *.

БАЛДАРЫҢАРДЫ БАГЫТТАП ТУРГУЛА

13. Бала канткенде Жахабага кызмат кылууга түрткү алат?

13 Жакшы койчу таягын оторду коргош үчүн жана аларга багыт бериш үчүн колдонот. Ал койлорун «жакшы жайытка» айдап барат (Жез. 34:13, 14). Ата-энелер да балдарын туура жолго багыттап, Жахабага кызмат кылууга түрткү беришет. Алар балдарынын: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп жазган забурчунукундай сезимде болушун каалайт (Заб. 40:8). Жаштардын жүрөгү ыраазычылыкка толсо, өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүшөт. Бирок, албетте, андай кадамды жасаш үчүн алардын ошондой олуттуу чечим чыгара алгыдай куракта болушу жана Жахабага кызмат кылууну чын жүрөктөн каалашы маанилүү.

14, 15. а) Ата-энелердин максаты кандай болушу керек? б) Эмне үчүн кээде өспүрүмдөр чындыкка шек санап жаткандай көрүнүшү мүмкүн?

14 Эгер балдарыңар рухий жактан анча ийгилик кылбай, атүгүл ишенген нерселерине шек санап жатсачы? Анда аларды Жахаба Кудайды жакшы көрүүгө, анын иштерине ыраазы болууга үйрөтүү үчүн көбүрөөк күч жумшагыла (Аян 4:11). Ошентсеңер, убагы келгенде алар Кудайга кызмат кылууну өздөрү тандашат.

15 Бирок балдарыңар дагы деле шек санай берсечи? Аларга Жахабага кызмат кылуу жашоодогу эң мыкты жол экенине жана түбөлүккө бактылуу болууга жол ачарына ынанууга кантип жардам бере аласыңар? Адегенде алардын эмне үчүн шек санап жатканын аныктагыла. Алсак, уулуңар Ыйык Китепте айтылгандарга чындап эле макул  эмеспи же жөн эле теңтуштарынын алдында ишенимин коргой албай жатабы? Кызыңар Кудайдын мыйзам-принциптеринин тууралыгына чындап эле шектенеби же өзүн курбу-курдаштарынан бөлүнүп калгандай сезип, жалгызсырап жатабы?

Багыттап тургула (13—18-абзацтарды карагыла)

16, 17. Ата-энелер балдарына Жахаба менен ынак мамиледе болууга кантип жардам бере алышат?

16 Кандай болбосун, балаңарга шек саноолорун жеңүүгө жардам бере аласыңар. Кантип? Көптөгөн ата-энелер балдарына төмөнкүдөй суроолорду берүү менен жакшы натыйжага жетишкен: «Кудайга кызмат кылуу сага кыйындай сезилеби же оңой элеби? Анын жолунда жүрүүнүн кандай пайдасы бар? Кандай кыйынчылыктары бар? Азыр алып жаткан жана келечекте ала турган баталар кыйынчылыктардан алда канча ашып түшөрүн байкайсыңбы?» Албетте, бул суроолорду суракка алып жаткандай эмес, сөзгө тарткыдай кылып, өз сөзүңөр менен жылуу-жумшак бергениңер жакшы. Балким, Марк 10:29, 30-аяттарды да талкуулайттырсыңар. Балаңар, эгер кааласа, барак алып, бир катарына чындык жолунда жүрүүнүн кыйынчылыктарын, экинчи катарына пайдаларын жазып көрсө болот. Бул көйгөйдү аныктоого жана аны кантип чечсе болорун түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн. Эгер кызыккандар менен «Ыйык Китеп окутат» жана «Кудайдын сүйүүсү» китептерин изилдеп жатсак, анда балдарыбыз менен изилдегенибиз ого бетер маанилүү эмеспи?! Силер ошентип жатасыңарбы?

17 Эртедир-кечтир балдарыңар кимге кызмат кыларын өздөрү чечиши керек болот. Силердин Кудайга кызмат кылганыңар алардын сөзсүз ошол жолду тандаарына кепилдик бербейт. Балдарыңар Жахаба менен өз алдынча мамиле өрчүтүшү керек (Накыл 3:1, 2). Эгер балаңардын Жахаба менен ынак мамиледе боло албай жатканын байкасаңар, аны өзүн мындай суроолордун жардамы менен текшерип көрүүгө үндөгүлө: «Кудайдын бар экенине эмне үчүн ишенем? Анын мага кам көрөрүнө кандай далилдер бар? Жахабанын мыйзамдарына баш ийгеним өзүмө эле пайда алып келет деп эмне үчүн айта алам?» Ата-энелер, балдарыңар Жахабанын жолу жашоодогу эң мыкты жол экенине ынанышы үчүн, аларды чыдамдуулук менен жетектеп, жакшы койчу экениңерди айгинелей бергиле * (Рим. 12:2).

18. Ата-энелер канткенде Улуу Койчудан үлгү алышат?

18 Чындык жолунда жүргөндөрдүн баары Улуу Койчу Жахабадан үлгү алууну каалашат (Эф. 5:1; 1 Пет. 2:25). Ата-энелер «өз малын» — жанындай көргөн балдарын — жакшы билип, аларды Жахабанын мол батасына жеткире турган жолго багыттоого бүт күчүн жумшашы керек. Андыктан, ата-энелер, балдарыңарга кам көрүп, аларды Жахабаны сүйүүгө үйрөтө бергиле!

^ абз. 9 Буга байланыштуу көбүрөөк кеңештерди 2008-жылдын октябрь—декабрындагы «Күзөт мунарасынын» 18—20-беттеринен таба аласыңар.

^ абз. 12 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн 2009-жылдын 15-октябрындагы «Күзөт мунарасынын» 29—31-беттериндеги «Үй-бүлөлүк сыйынуу куткарылуу үчүн абдан маанилүү!» деген макаланы карагыла.

^ абз. 17 Бул тууралуу 2012-жылдын 1-февралындагы «Күзөт мунарасынын» 18—21-беттеринде кененирээк айтылат.