Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Июль, 2014

«Силер менин күбөлөрүмсүңөр»

«Силер менин күбөлөрүмсүңөр»

«„Силер менин күбөлөрүмсүңөр“,— дейт Жахаба» (ЫШ. 43:10).

1, 2. а) «Күбө» деген сөз эмнени билдирет жана жалпыга маалымдоо каражаттары кандай чоң жаңылыштык кетирип жатат? б) Эмне үчүн Жахаба жалпыга маалымдоо каражаттарына көз каранды эмес?

«КҮБӨ» деген сөз эмнени билдирет? «Кыргыз тилинин сөздүгүнө» ылайык, күбө — бул «окуяны, болгон ишти... өз көзү менен көргөн, билген, бир нерсенин аныктыгын же төгүндүгүн далилдей ала турган адам». Түштүк Африкадагы Питермарицбург шаарында «Күбө» деген гезит 160 жылдан ашуун убакыттан бери чыгып келатат. Ал гезиттин атына заты жарашат десе болот, себеби анын максаты — дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларды болгонун болгондой, так кабарлап туруу. Аны негиздеген редактор гезиттин дайыма «чындыкты, толук чындыкты жана жалаң гана чындыкты» баяндап турарын убада кылган.

2 Тилекке каршы, дүйнөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары адамзат тарыхына байланышкан маанилүү маалыматтарды көбүнчө жаап-жашырып, атүгүл бурмалап коюшат. Аларда Кудуреттүү Кудай жана анын иштери тууралуу чындык дээрлик айтылбайт. Анткен менен Эгедер Башкаруучу Жахаба жалпыга маалымдоо каражаттарына көз каранды эмес. Ал байыркы убакта Жезекиел пайгамбар аркылуу: «Элдер менин Жахаба... экенимди билишет»,— деп айткан (Жез. 39:7). Бүгүнкү күндө анын бардык улуттарга ал жөнүндө, ошондой эле анын адам баласына жасаган жана жасап жаткан жакшылыктары жөнүндө жар салган сегиз миллиондой күбөсү бар. Чоң аскердей болгон ал күбөлөр Кудайдын адамзаттын келечегине байланышкан убадалары тууралуу да жарыялоодо. Ышая 43:10до: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр,—  дейт Жахаба,— менин кызматчымсың... Мен силерди тандап алгам»,— деп жазылган. Эгер күбөлөндүрүү ишин жашообузда биринчи орунга койсок, чынында эле Жахабанын Күбөлөрү экенибизди далилдейбиз.

3, 4. а) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр качан Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калышкан жана бул аларга кандай таасир эткен? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 «Бул — менин түбөлүккө калчу ысмым, муундан муунга ушул ысмым менен эсте калам»,— деп айткан Түбөлүктүктүн Падышасы Жахабанын ысмы менен аталуу кандай зор сыймык! (1 Тим. 1:17; Чыг. 3:15; салыштыргыла: Насаатчы 2:16). Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 1931-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калышкан. Ушундай өзгөрүү болгонуна көптөр кубанып, ыраазычылык каттарын жазышкан. Мисалы, Канададагы бир жыйналыштан: «„Жахабанын Күбөлөрү“ деп аталарыбыз жөнүндөгү жагымдуу кабар ушунчалык жүрөгүбүздү козгоп, ушул жаңы атыбызга татыктуу жашоого чечкиндүү болууга түрткү берди»,— деген сөздөр камтылган кат келген.

4 Кудайдын ысмын алып жүрүү сыймыгын баалаарыңарды кантип көрсөтсөңөр болот? Жахабанын бизди эмне үчүн өзүнүн Күбөлөрү деп атаарын түшүндүрүп бере аласыңарбы?

КУДАЙДЫН БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ КҮБӨЛӨРҮ

5, 6. а) Ысрайылдык ата-энелер кандайча Жахаба жөнүндө күбөлөндүрүшкөн? б) Ысрайылдык ата-энелер дагы эмне кылууга милдеттүү болушкан жана мунун бүгүнкү күндөгү ата-энелерге кандай тиешеси бар?

5 Ышая пайгамбардын күндөрүндө жалпы ысрайыл эли Жахабанын «кызматчысы», ал эми ысрайылдыктардын ар бири анын «күбөлөрү» болгон (Ыш. 43:10). Ысрайыл элиндеги ата-энелер балдарына Кудайдын мурунку иштери жөнүндө айтып берүү менен ал тууралуу күбөлөндүрүшкөн. Алсак, Кудай аларга Пасах майрамын жыл сайын белгилөөнү буйрук кылып жатып мындай деген: «Эгер балдарыңар: „Бул майрам эмнени билдирет?“ — деп сураса, силер: „Бул —  Жахабага арналган пасах курмандыгы. Ал мисирликтерди жазалаганда Мисир жериндеги Ысрайыл уулдарынын үйүнөн кыя өтүп, үй-бүлөлөрүбүздү сактап калган“,— деп жооп бергиле» (Чыг. 12:26, 27). Ата-энелер балдарына Муса пайгамбардын Мисир падышасына барып, ысрайылдыктарга чөлдө Жахабага сыйынууга уруксат беришин сураганын жана фараондун ага: «Мен анын айтканын угуп, Ысрайылды коё бергидей, Жахаба ким экен?» — деп жооп бергенин да айтып беришсе керек (Чыг. 5:2). Ошондой эле алардын Жахабанын Мисир жерине он жаза жиберип, Кызыл деңизде ысрайылдыктарды Мисир аскеринен куткарып, фараондун суроосуна жооп бергени жөнүндө да сүйлөшкөнү шексиз. Ооба, Жахаба — Кудуреттүү Кудай. Ысрайылдыктар анын кереметтүү иштерине күбө болуп, чыныгы Кудай экенине жана убадаларын сөзсүз аткарарына ынанышкан.

6 Жахабанын ысмы менен аталууну сыймык катары көргөн ысрайылдыктардын ошол кереметтүү окуялар жөнүндө балдарына эле эмес, үйүндөгү бөтөн элдик кулдарына да айтып беришкени күмөнсүз. Алар балдарына Кудайдын ыйыктыкка байланышкан мыйзамдарын үйрөтүүгө да милдеттүү болушкан. Себеби Жахаба: «Ыйык болгула, анткени мен, силердин Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын»,— деп айткан (Леб. 19:2; Мыйз. 6:6, 7). Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да балдарына ыйык болууга, ошонун аркасында Кудайдын ысмын даңктоого жардам бериши керек. (Оку: Накыл сөздөр 1:8; Эфестиктер 6:4.)

Балдарыбызга Жахаба жөнүндө билим берүү менен анын ысмын даңктайбыз (5, 6-абзацтарды карагыла)

7. а) Ысрайылдыктар Кудайга ишенимдүү кызмат кылып жүргөндө, натыйжасы кандай болгон? б) Кудайдын ысмы менен аталгандардын баарына кандай жоопкерчилик артылган?

7 Ысрайылдыктар ишенимдүү кызмат кылып жүргөндө, алар аркылуу Кудайдын ысмы башка элдерге эң сонун күбөлөндүрүлгөн. Кудай аларга: «Жер бетиндеги бардык элдер сенин Жахабанын ысмы менен аталганыңды көрүп, сенден коркуп калышат»,— деп айткан (Мыйз. 28:10). Өкүнүчтүүсү, ысрайыл эли көбүнчө Кудайга ишенимсиздик кылышкан. Алар кайра-кайра түз жолдон чыгып, буркандарга сыйына беришкен. Андан да жаманы, өздөрү табынган канаандыктардын кудайларына окшоп мыкаачы болуп калышкан, балдарын курмандыкка чалып, кедей-кембагалдарды эзишкен. Мындан айкын көрүнүп тургандай, ыйык Кудайыбыз Жахабага окшоп дайыма ыйык болууга умтулганыбыз кандай гана маанилүү!

«МЫНА, МЕН ЖАҢЫ НЕРСЕ ЖАСАП ЖАТАМ»

8. Жахаба Ышая пайгамбарга кандай тапшырма берген жана ошондо пайгамбар кандай сезимде болгон?

8 Жахаба ысрайылдыктарды кулчулуктан кереметтүү жол менен куткарарын алдын ала айткан (Ыш. 43:19). Ышая китебинин алгачкы алты бөлүмүндө, негизинен, Иерусалимдин жана ага коңшу шаарлардын кыйрай турганы жазылган. Жүрөктөгү ойлордун баарын көрүп турган Жахаба Ышая пайгамбарга, элдин катуу каршылыгына карабай, ал тууралуу эскерте берүүнү айткан. Ысрайыл элинин кежирлик кыларын укканда Ышая пайгамбар таң калып, алардын качанкыга чейин өкүнбөй жүрө берерин сураган. Кудай ага: «Шаарлар урандыга айланып, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, жер ээн калганга чейин»,— деп жооп берген. (Оку: Ышая 6:8—11.)

9. а) Ышая пайгамбардын Иерусалим тууралуу айткандары качан аткарылган? б) Биз кайсы эскертүүгө кулак кагышыбыз керек?

9 Ышая пайгамбарга ал тапшырма Узия падышанын башкаруусунун акыркы жылында, болжол менен б.з.ч. 778-жылы, берилген. Ал 46 жылдай, тактап айтканда, б.з.ч. 732-жылга дейре пайгамбар катары кызмат кылып, Хиския падышанын да башкаруусун көргөн. Иерусалимдин б.з.ч. 607-жылы талкаланарына ошол учурда 125 жыл калган болчу. Демек, Кудай өзүнүн элине аларды эмне күтүп турганын көптөгөн жылдар бою алдын ала эскертип келген.  Ал бүгүн да өзүнүн кызматчыларын колдонуп, башкаларга алдыда боло турган окуялар жөнүндө эскертүүдө. Алсак, «Күзөт мунарасы» журналы биринчи санынан тартып 135 жылдан бери окурмандарына Шайтандын каардуу башкаруусу жакында жок болуп, анын ордуна Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталарын жарыялап келатат (Аян 20:1—3, 6).

10, 11. Бабыл кулчулугундагы ысрайылдыктар Ышаянын кайсы пайгамбарлыктарынын аткарылышына күбө болушкан?

10 Кудайдын буйругуна баш ийип, бабылдыктарга багынып берген көптөгөн жүйүттөр, Иерусалим талкалаганда, аман калып, Бабылга туткундалып кетишкен (Жер. 27:11, 12). Ошондон 70 жыл өткөндөн кийин, Кудайдын эли: «Силерди кун төлөп сатып алган Кудайыңар, Ысрайылдын Ыйыгы Жахаба мындай дейт: „Силер үчүн мен аларды Бабылга жиберем, түрмөлөрдүн кулпуларын алып таштайм“»,— деген пайгамбарлыктын аткарылышын өз көзү менен көргөн (Ыш. 43:14).

11 Ал пайгамбарлыкка ылайык, б.з.ч. 539-жылы октябрдын башында дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя болгон. Бабыл падышасы менен аттуу-баштуу кишилери тойлоп, Иерусалимдеги ибадатканадан алынып келген ыйык идиштерден шарап ичип, жалган кудайларын даңктап жатышканда, Мадай менен Персиянын аскери шаарды басып алган. Бабылды багындырган Кореш б.з.ч. 538 же 537-жылы жүйүттөргө мекенине кайтып барып, Кудайдын Иерусалимдеги ибадатканасын калыбына келтирүүнү буйрук кылган. Ышая пайгамбар ошол окуялардын баарын, анын ичинде Жахабанын туткундан кайткандарды коргоп, аларга кам көрөрүн алдын ала айткан болчу. Кудай Иерусалимге кайтып келгендер тууралуу: «Ал элди мен өзүм үчүн, даңкымды жар салсын деп жараткам»,— деген (Ыш. 43:21; 44:26—28). Кулчулуктан бошонуп, ибадаткананы кайра курган ысрайылдыктар Жахабанын ар дайым сөзүнө турган тирүү, жалгыз Кудай экенине күбө болушкан.

12, 13. а) Ибадаткананы калыбына келтирүүдө ысрайылдыктарга кимдер кошулган? б) «Кудайдын Ысрайылына» колдоо көрсөтүп жаткан «эбегейсиз көп адамдардан» эмне күтүлөт жана алар келечекте эмне кылышат?

12 Ысрайылдыктар ибадаткананы калыбына келтирүү үчүн кайтып келишкенде, миңдеген бөтөн жерликтер алар менен бирге Жахабага сыйына башташкан. Кийинчерээк аларга дагы көптөгөн башка улуттагы адамдар кошулган (Эзра 2:58, 64, 65; Эст. 8:17). Азыркы убакта Машаяктын «башка койлоруна» кирген «эбегейсиз көп адамдар» «Кудайдын Ысрайылын» түзгөн майланган бир туугандарын чын жүрөктөн колдоп жатышат (Аян 7:9, 10; Жкн. 10:16; Гал. 6:16). Алар да Жахабанын Күбөлөрү деп аталышат.

 13 Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун убагында «эбегейсиз көп адамдар» тирилгендерге бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө Жахабанын Күбөсү катары баштарынан эмнелерди өткөрүшкөнүн айтып берип, зор кубанычка бөлөнүшөт. Ошол күндү көрүш үчүн атыбызга ылайык жашап, ыйык бойдон калууга умтулушубуз керек. Бирок канчалык аракет кылбайлы, күнүгө ката кетиребиз. Ошондуктан Жахабадан күн сайын кечирим сураганыбыз жана анын ысмы менен аталуу теңдешсиз сыймык экенин унутпаганыбыз маанилүү. (Оку: 1 Жакан 1:8, 9.)

КУДАЙДЫН ЫСМЫНЫН МААНИСИ

14. Жахабанын ысмы кандай маанини туюнтат?

14 Кудайдын ысмы менен аталуу сыймыгын жогору баалоо үчүн ал ысымдын мааниси тууралуу ой жүгүрткөнүбүз зарыл. Жахаба деген ысым «болуу» деп которулган жана иш-аракетти билдирген еврей сөзүнөн келип чыккан. Андыктан Жахаба деген ысым «болтурат» деген маанини туюнтат. Бул анын жандуу-жансыздын баарын жараткан жана өзүнүн ой-ниетин ишке ашырган Кудай катары аткарган ролуна абдан ылайык келет. Душмандар, анын ичинде Шайтан да канчалык каршылык көрсөтпөсүн, Жахаба өзүнүн эркин жана ой-ниетин аткарып келатат.

15. Жахабанын Муса пайгамбарга айткан сөздөрүнөн ал жөнүндө эмнени биле алабыз? ( «Терең маанини камтыган ысым» деген кутучаны карагыла.)

15 Жахаба Муса пайгамбарды өзүнүн элин Мисирден алып чыгууга дайындап жатканда ысмына байланышы бар этишти колдонуп, өзү жөнүндө бир маанилүү чындыкты ачып берген. Ал Мусага: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деген. Анан: «Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге Ошол болом жиберди“,— деп айт»,— деп кошумчалаган (Чыг. 3:14). Муну менен ал, кандай жагдай болбосун, ой-ниетин аткарыш үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол боло аларын көрсөткөн. Ырас, ал ысрайылдыктар үчүн Куткаруучу да, Коргоочу да, Жетектөөчү да болгон жана аларды зарыл нерселердин баары менен камсыз кылган.

ЫРААЗЫ ЭКЕНИБИЗДИ КӨРСӨТӨЛҮ

16, 17. а) Кудайдын ысмы менен аталганыбызга ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

16 Жахаба бизди да зарыл нерсенин баары менен камсыз кылып, дагы деле өзүнүн ысмынын маанисине ылайык иш кылууда. Бирок Жахабанын ысмы анын ким болууну кааласа, ошол боло аларын эле билдирбейт. Анын ысмы, ой-ниети аткарылышы үчүн, жаратууларынын ким же эмне болушу зарыл болсо, аларды ошол кыла аларын да билдирет. Маселен, ал Күбөлөрүн өзүнүн ишин аткаруу үчүн колдонуп жатат. Ушулар тууралуу ой жүгүртсөк, мындан ары да анын ысмына ылайык жашоого түрткү алабыз. 70 жылдан бери ынталуу кызмат кылып келаткан 84 жаштагы Коре деген норвегиялык бир тууган мындай дейт: «Түбөлүктүктүн Падышасы Жахабага кызмат кылуу жана анын ыйык ысмы менен аталган элдин мүчөсү болуу мен үчүн чоң сыймык. Ошондой эле башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты түшүндүрүп берүүнү жана алардын түшүнгөнүнөн улам сүйүнүп, көздөрүнөн нур чачыраганын көрүүнү дайыма зор сыймык деп эсептейм. Аларга Машаяктын куткаруу курмандыгы кандай пайда алып келерин, анын аркасында тынчтык жана адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө түбөлүк жашай алышарын айтып бергенден ушунчалык канааттануу алам».

17 Ооба, кээ бир жерлерде Кудай жөнүндө билгиси келген адамдарды табуу барган сайын кыйын болуп баратат. Бирок жакшы кабарга кызыккан кишини жолуктуруп, ага Жахабанын ысмы жөнүндө билүүгө жардам бергенде, Коре бир туугандай болуп, аябай сүйүнөбүз. Ыйык Китепте айтылгандай, биз Жахабанын эле эмес, Иса Машаяктын да күбөсүбүз. Кандайча? Бул тууралуу кийинки макалада талкууланат.