Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ 2014

«Менин күбөлөрүм болосуңар»

«Менин күбөлөрүм болосуңар»

«[Иса]: „Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар“,— деди» (ЭЛЧ. 1:7, 8).

1, 2. а) Жахабанын эң мыкты күбөсү ким? б) Исанын ысмы эмнени билдирет жана ал кандайча ысмынын маанисине жараша жашаган?

«МЕН чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн төрөлүп, ошол үчүн дүйнөгө келгем». (Оку: Жакан 18:33—37.) Бул сөздөрдү Иса Машаяк, Жүйүт аймагына бийлик жүргүзгөн Рим башкаруучусу Понтий Пилат аны суракка алып жатканда, айткан. Ошонун алдында эле ал өзүнүн падыша экенин айткан болчу. Бир канча жылдан кийин элчи Пабыл Иса Машаяктын «Понтий Пилаттын алдында эң сонун күбөлөндүргөнүн» жазган (1 Тим. 6:13). Биз азыр Шайтан башкарган жана жек көрүүчүлүк күч алган дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан мындан ары да күбөлөндүрүү ишине катыша берүү үчүн, «ишенимдүү, чыныгы күбө» Иса Машаякка окшоп, кайраттуу болушубуз керек (Аян 3:14).

2 Жүйүт элинин мүчөсү катары Иса төрөлгөнүнөн тартып эле Жахабанын күбөсү болгон (Ыш. 43:10). Ал Кудайдын атынан сүйлөгөн эң улуу күбө болгон, ошондой эле Кудай койгон атына ылайык жашаган. Периште анын жердеги атасы Жусупка Мариямдын боюна ыйык рухтан бүткөнүн айткандан кийин: «Ал уул төрөйт, анын атын Иса деп коёсуң, анткени ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат»,— деп кошумчалаган (Мт. 1:20, 21, шилт.). Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулар Иса деген ысымдын еврей тилиндеги Жешуа деген ысымдан алынганын жана анын тутумунда  Кудайдын ысмынын кыскартылган түрү камтыларын айтышат. Исанын ысмы «Жахаба — куткаруу» дегенди билдирет. Атынын маанисине жараша ал «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна» күнөөлөрү үчүн өкүнүп, Жахабанын ырайымына ээ болууга жардам берген (Мт. 10:6; 15:24; Лк. 19:10). Ан үчүн Кудайдын Падышалыгы жөнүндө ынталуу күбөлөндүргөн. Инжилди жазууга катышкан Марк ал тууралуу: «Иса Галилеяга барды да, Кудайдын жакшы кабарын жарыялап, элге: „Белгиленген убакыт келди. Кудайдын Падышалыгы жакындап калды. Күнөөлөрүңөр үчүн өкүнүп, жакшы кабарга ишенгиле“,— деп айтып жүрдү»,— деп жазган (Мр. 1:14, 15). Андан сырткары, Иса диний жетекчилерди эр жүрөктүк менен ашкерелеген. Ошондуктан алар аны устунга кадап өлтүрүшкөн (Мр. 11:17, 18; 15:1—15).

«КУДАЙДЫН УЛУУ ИШТЕРИ»

3. Исанын өлгөнүнө үч күн болгондо, кандай окуя болгон?

3 Кызыктуусу, Исанын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө үч күн болгондо, Жахаба аны өлбөс рухий жаратуу катары тирилткен (1 Пет. 3:18). Муну далилдеш үчүн Иса шакирттерине адам болуп көрүнгөн. Алсак, ал тирилген күнү ар кайсы шакиртине, бери дегенде эле, беш жолу көрүнгөн (Мт. 28:8—10; Лк. 24:13—16, 30—36; Жкн. 20:11—18).

4. Машаяк шакирттерине көрүнгөндө эмне кылган жана анын айтканына ылайык, аларга кандай жоопкерчилик артылган?

4 Бешинчи жолкусунда Иса Машаяк элчилерине жана алардын жанына чогулгандарга көрүнгөн. Ошол маанилүү жолугушууда ал, мындайча айтканда, ыйык китептик изилдөө өткөрүп, «шакирттери Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачкан». Анын аркасында алар Мырзасынын душмандардын колунан өлөрү жана кереметтүү түрдө тирилери Ыйык Жазмада алдын ала айтылганын түшүнүшкөн. Ошол жолугушуунун аягында Машаяк шакирттерине кандай жоопкерчилик артыларын айкын кылган. Ал аларга Иерусалимден баштап «анын ысмынын негизинде бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүү керектиги жарыяланарын» айткан. Анан: «Cилер ушуларга күбө болосуңар»,— деп кошумчалаган (Лк. 24:44—48).

5, 6. а) Эмне үчүн Иса: «Менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп айткан? б) Машаяктын жолдоочулары Жахабанын ой-ниетине байланышкан кайсы жаңы нерсе жөнүндө жарыялашмак?

5 Андыктан ошол жолугушуудан 40 күн өткөндөн кийин, Иса акыркы жолу көрүнгөндө, элчилери анын: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген буйругун айкын түшүнүшкөнү шексиз (Элч. 1:8). Иса Машаяк эмне үчүн Жахабанын эмес, «менин күбөлөрүм болосуңар» деп айткан? Анткени аны угуп турган шакирттери ысрайыл элинен болгондуктан алар мурдатан эле Жахабанын күбөлөрү болчу.

Машаяктын жолдоочулары катары биз Жахабанын келечекке байланышкан ой-ниетин башкаларга айтабыз (5, 6-абзацтарды кара)

6 Эми алар Жахабанын ой-ниетине байланышкан жаңы нерсени, тактап айтканда, анын Иса Машаяк аркылуу адамзатты кандайча куткарары жөнүндө жарыялашмак. Ал куткарылуу ысрайылдыктардын Мисир кулчулугунан жана кийинчерээк Бабыл туткунунан куткарылганынан да маанилүү болмок. Себеби Машаяктын өлүп, кайра тирилгени адамзатка кулчулуктун оор түрүнөн, башкача айтканда, күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга жол ачкан. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Машаяктын жолдоочулары ыйык рух менен майланып, башкаларга «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» айтышкан. Көптөр алардын айткандарын кабыл алып, күнөөлөрү үчүн өкүнүп, Машаяктын куткаруу курмандыгына ишене башташкан. Ошентип, асманда Атасынын оң жагына отурган Иса Машаяк өзүнүн ысмы чоң мааниге ээ экенин жана Жахабанын аны миңдеген адамдарды куткаруу үчүн колдонуп жатканын көргөн (Элч. 2:5, 11, 37—41).

 «КӨПТӨР ҮЧҮН ЖАНЫН КУН КАТАРЫ БЕРГЕН»

7. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон окуялар эмнени ырастаган?

7 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон окуялар Жахабанын Иса Машаяктын курмандыкка чалынган жеткилең өмүрүнүн баасын күнөөлөрдү жууй турган кун катары кабыл алганын ырастаган (Евр. 9:11, 12, 24). Иса өзү түшүндүргөндөй, ал «өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Мт. 20:28). Анын курмандыгынан пайда ала турган «көптөргө» өкүнгөн жүйүттөр гана кирмек эмес. Себеби Кудай «ар кандай адамдардын куткарылышын» каалагандыктан, кун «дүйнөнү күнөөдөн арылтмак» (1 Тим. 2:4—6; Жкн. 1:29).

8. Машаяктын жолдоочулары канчалык кеңири күбөлөндүрүшкөн жана алар мындай ийгиликке кантип жетишкен?

8 Машаяктын алгачкы жолдоочулары ал жөнүндө кайраттуулук менен күбөлөндүрө беришкен. Муну алар өздөрүнүн күчү менен кылышканбы? Жок. Аларга Жахабанын кубаттуу ыйык руху дем-күч берип, эр жүрөктүк менен күбөлөндүрүүгө түрткү берген. (Оку: Элчилер 5:30—32.) Б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамынан 27 жылдай өткөндөн кийин «жакшы кабарда камтылган чындык сөздөрү» «асман астындагы бардык жаратылгандарга», тактап айтканда, жүйүттөр менен башка улуттагылардын баарына жеткен десек болот (Кол. 1:5, 23).

9. Алдын ала айтылгандай, Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы эмне болгон?

9 Өкүнүчтүүсү, Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы бара-бара ниети бузук адамдардын айынан бузула баштаган (Элч. 20:29, 30; 2 Пет. 2:2, 3; Жүй. 3, 4). Иса Машаяк айтып кеткендей, «кара өзгөй» Шайтан колдонгон андай чындыктан четтөөчүлүк кеңири кулач жайып, таза сыйынуу «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине» чейин көмүскөдө калмак (Мт. 13:37—43). Андан кийин Жахаба Уулун такка отургузуп, өзүнүн Падышалыгынын Падышасы кылып дайындамак. Бул окуя 1914-жылы октябрда болгон. Ошондо Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн «акыркы күндөрү» башталган (2 Тим. 3:1).

10. а) Майлангандар кайсы жылды өзгөчө жыл болот деп айтышкан? б) 1914-жылы октябрда эмне болгон жана аны каяктан билебиз?

10 Майланган бир туугандарыбыз 1914-жылдын октябры өзгөчө ай болорун андан 30 жылдан ашуун убакыт мурун эле айта башташкан. Алар муну Даниел китебинде жазылган чоң дарак жөнүндөгү  пайгамбарлыктын негизинде эсептеп чыгышкан. Пайгамбарлыкка ылайык, ал дарак кыйылып, «жети мезгил» өткөндөн кийин кайра өсүп чыкмак (Дан. 4:16). Иса Машаяк өзүнүн катышуусунун убагы жана «бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы» жөнүндө айткан пайгамбарлыгында ал мезгилди «башка элдерге белгиленген убакыт» катары сүрөттөгөн. 1914-жылдан тартып дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар Машаяктын катышуусунун убагы башталганын, тактап айтканда, анын Падыша катары бийлик жүргүзө баштаганын далилдеп турат (Мт. 24:3, 7, 14; Лк. 21:24). Ошол жылдан бери «Кудайдын улуу иштерине» анын Иса Машаякты өзүнүн Падышалыгынын Падышасы кылып дайындаганы да кирет.

11, 12. а) Такка отургандан кийин Машаяк эмне кыла баштаган жана көп өтпөй эмнеге жол ачылган? б) 1935-жылдан тартып эмне айкын болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 Падыша катары такка отурганынан көп өтпөй Иса Машаяк майланган жолдоочуларын «Улуу Бабылдын» кулчулугунан бошото баштаган (Аян 18:2, 4). Ошентип, Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, 1919-жылы, бүт дүйнө жүзүнө кабар айтууга жол ачылган. Майлангандар ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Кудайдын адамзатты куткаруу үчүн көргөн чарасы жана анын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялай башташкан. Натыйжада дагы миңдегендер чындык жолуна түшүп, ыйык рух менен майланып, Машаяктын мурасташтарынын катарына кошулушкан.

12 Ал эми 1935-жылдан тартып Машаяктын «башка койлорду» чогулта баштаганы айкын болгон. Ар кайсы элден чыккан ал «эбегейсиз көп адамдар» да, майланган ишенимдештериндей эле, Мырзасынан үлгү алып, өздөрүн Кудай менен Машаяк куткарарын кайраттуулук менен жарыялап келишет. Күбөлөндүрүү ишине туруктуулук менен катышып, Машаяктын кунуна болгон ишенимин бек сактоо менен алар, «улуу алааматта» Шайтандын дүйнөсү жок болгондо, аман калышат (Жкн. 10:16; Аян 7:9, 10, 14).

«КУДАЙДЫН ЖАКШЫ КАБАРЫН... ЖАРЫЯЛАШ ҮЧҮН» КАЙРАТТУУ БОЛОЛУ

13. Жахабанын Күбөсү катары эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек жана канткенде бул жагынан ийгиликке жете алабыз?

13 Жахаба Кудайдын «улуу иштери» жана келечекке байланышкан убадалары жөнүндө күбөлөндүрүү ишин мындан ары да сыймык катары көрүп, аны жогору баалай берели. Албетте, бул дайыма эле оңой боло бербейт. Көптөгөн бир туугандарыбыз адамдардын кош көңүлдүгүнө, шылдыңдаганына, катуу каршылык көрсөткөнүнө карабай кабар айтып жатышат. Биз да элчи Пабыл менен анын шериктеринен үлгү алсак болот. Ал: «Силерге Кудайдын жакшы кабарын катуу каршылыкка карабай жарыялаш үчүн Кудайыбыздын жардамы менен кайраттанганбыз»,— деп жазган (1 Тес. 2:2). Андыктан эч качан кыйынчылыкка багынбай, арналуубузга ылайык жашап, Шайтандын дүйнөсү кыйраганга  чейин күбөлөндүрө берүүгө чечкиндүү бололу (Ыш. 6:11). Биз муну өз күчүбүз менен кыла албайбыз. Ошол себептен 1-кылымдагы ишенимдештерибизге окшоп, Жахабадан ыйык руху аркылуу бизге «адаттан тышкаркы күч» беришин тилегенибиз маанилүү. (Оку: 2 Корунттуктар 4:1, 7; Лк. 11:13.)

14, 15. а) 1-кылымда Машаяктын чыныгы жолдоочуларына көптөр кандай мамиле кылышкан жана Петир ишенимдештерине эмне деген? б) Жахабанын Күбөлөрү катары жаман мамилеге дуушар болгонубузга кандай карашыбыз керек?

14 Бул дүйнөдө миллиондогондор өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептешет. Бирок алардын «кылган иштеринен Андан [Кудайдан] баш тартканы көрүнүп турат. Анткени алар — көңүл иренжиткен, баш ийбес, эч бир жакшы ишке жарабаган адамдар» (Тит 1:16). 1-кылымда Машаяктын чыныгы жолдоочуларын көптөр жек көргөн. Ошондуктан элчи Петир: «Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса, анда бактылуусуңар, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар»,— деп жазган (1 Пет. 4:14).

15 Анын ыйык рухтун жетеги менен жазган ушул сөздөрүн бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө карата да колдонсо болобу? Ооба, анткени биз Машаяктын Падышалыгы жөнүндө да күбөлөндүрүп жатабыз. Ошол себептен Жахабанын ысмы үчүн жек көрүндү болгонубуз «Машаяктын ысмы үчүн кордолгонубузду» билдирет. Себеби Иса каршылаштарына: «Мен Атамдын атынан келдим, бирок силер мени кабыл албай жатасыңар»,— деп айткан (Жкн. 5:43). Андыктан кабар айтып жүргөндө кимдир бирөө каршылык көрсөтсө, кайраттуу бол. Андай жаман мамилеге дуушар болгонуң сенин Кудайга жагарыңды жана сенде анын ыйык руху бар экенин айгинелеп турат.

16, 17. а) Көптөгөн өлкөлөрдө кандай өсүш болуп жатат? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

16 Көптөгөн өлкөлөрдө жарчылардын саны аябагандай өсүп жатканын да унутпаганыбыз зарыл. Атүгүл кайра-кайра иштетилген аймактардан да жакшы кабарды уккусу келген адамдар чыгып жатат. Ошондуктан кызыккандарга кайра барып, мүмкүн болсо, алар менен Ыйык Китепти изилдеп, өздөрүн Кудайга арноого жана чөмүлүүгө жардам бергенибиз маанилүү. Мунун аркасында сенин да Түштүк Африкада жашаган жана 60 жылдан ашуун убактан бери күбөлөндүрүү ишине жигердүү катышып келаткан Сари деген бир туугандыкындай сезимде болоруң шексиз. Ал: «Исанын куткаруу курмандыгынын аркасында Ааламдын Эгедери Жахаба менен ынак мамиледе экениме терең ыраазымын жана анын ысмын даңктап жатканыма абдан сүйүнөм»,— деп ой бөлүшөт. Ал эже күйөөсү Мартинес экөө көптөргө, анын ичинде өздөрүнүн үч баласына Жахабанын кызматчысы болууга жардам беришкен. Сари эже: «Башка бир да иш мынчалык зор канааттануу тартуулабайт. Жахаба ыйык руху аркылуу баарыбызга өмүр куткаруучу ишке катышууга күч берип жатат»,— деп кошумчалайт.

17 Ооба, чөмүлгөнбүзбү же ал максатка умтулуп жатабызбы, баарыбызда Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк жыйналышы менен кызматташып жатканыбыз үчүн миң мертебе ыраазы болууга көптөгөн себептер бар. Андыктан Шайтандын ыпылас дүйнөсүндө өзүбүздү таза сактоо менен бирге кылдат күбөлөндүрө беришибиз керек. Ошондо асмандагы мээримдүү Атабызды, бизге өзүнүн ысмы менен аталуу сыймыгын ыйгарган Кудайыбызды, даңктайбыз.