Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ 2014

 ӨМҮР БАЯН

Атамды жоготуп, Атамды таптым

Атамды жоготуп, Атамды таптым

АТАМ 1899-жылы Австриядагы Грац шаарында төрөлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал өспүрүм курактагы бала болчу. 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш тутанганда, атам Германия аскерине чакырылып, 1943-жылы Орусиядагы кармашта курман болгон. Ошентип, эки эле жашымда атамдан айрылгам. Мен аны билбей да калдым. Айрыкча, мектепке бара баштаганымда көп балдардын атасы бар экенин көрүп, өзүмдүн атасыз чоңоюп жатканыма аябай жаман болчумун. Кийин өспүрүм куракка келгенде асмандагы эч качан өлбөй турган Атабыз жөнүндө билип, абдан кубангам (Хаб. 1:12).

БОЙСКАУТ БОЛУП ЖҮРГӨН КЕЗИМ

Бала кезимде

Жети жашка чыкканда бойскауттардын катарына кошулдум. Бойскауттар деген — бул жаштардан турган бүткүл дүйнөлүк уюм. Аны 1908-жылы Британиянын аскеринин генерал-лейтенанты Роберт Стивенсон Смит Баден-Поуэлл негиздеген. 1916-жылы ал мен курактуу кичинекей балдар үчүн да «Бөлтүрүктөр» («кабскауттар» деп да аталчу) бөлүгүн түзгөн.

Биз дем алыш күндөрү саякатка чыгып, чатырларда уктачубуз, формаларыбызды кийип, барабандын коштоосунда марш тепчүбүз. Мага ошонун баары, өзгөчө, башка скауттар менен бирге убакыт өткөргөнүбүз, анын ичинде кечкисин оттун тегерегинде ырдаганыбыз, токойдо ойногонубуз абдан жакчу. Биз жаратылыш жөнүндө да көп нерселерди окуп-үйрөнчүбүз. Анын аркасында Жараткандын колунан бүткөн нерселерди баалоого түрткү алгам.

Бойскауттар күн сайын жакшы иштерди кылууга үндөлө турган. Жакшы иштерди кылуу алардын негизги урааны болчу. Биз бири-бирибиз менен: «Дайым даярмын!» — деп учурашчубуз. Бул да мага абдан жагар эле. Биздин бөлүктөгү жүздөн ашык баланын жарымы католик, жарымы протестант, ал эми бирөө буддист болчу.

1920-жылдан тартып бир нече жылда бир жолу скауттардын эл аралык жолугушуулары өткөрүлө баштаган. Мен 1951-жылы августта Австриянын Бад-Ишль шаарында өткөн жетинчи жолугушууга жана 1957-жылы августта Англиянын Бирмингем шаарынын жанындагы Саттон паркында өткөн тогузунчу жолугушууга катышкам. Тогузунчу жолугушууга 85 өлкөдөн 33 000дей скаут келген. Андан тышкары, ага 75 0000дей киши, анын ичинде Англиянын королевасы Елизавета да катышкан. Бойскауттардын уюму мага бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктай сезилчү. Ошол кезде көп өтпөй Кудайды сүйгөн адамдардан турган андан да сонун бир туугандыкка кошуларымды элестеткен да эмесмин.

ЖАХАБАНЫН КҮБӨСҮН БИРИНЧИ ЖОЛУ ЖОЛУКТУРУШУМ

Биринчи жолу мага кондитер азыктарын жасаган ашпозчу Руди Чигерл кабар айткан

1958-жылы жазында Австриянын Грац шаарындагы «Гранд Отель Виеслер» мейманканасында официант болуп үйрөнүп жүргөн мөөнөтүм  аяктайын деп калган. Бир күнү кондитер азыктарын жасаган ашпозчу Рудольф Чигерл мени менен сүйлөшүп, кабар айтып калды. Ага чейин чындык тууралуу эч нерсе уккан эмесмин. Ал Үчилтик жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке каршы келерин айтканда, мен макул болбой, анын жаңылып жатканын далилдөөгө аракет кылдым. Кесиптешимди жакшы көргөндүктөн аны католик чиркөөсүнө кайтып келүүгө көндүргүм келди.

Рудольфту Руди деп койчубуз. Ал мага Ыйык Китеп алып келип берерин айтканда, католиктердин Ыйык Китебин алып келишин сурандым. Ыйык Китепти окуй баштаганда анын ичинен Руди салып койгон Күзөт мунарасы коому чыгарган баракчаны көрүп калдым. Бул мага жаккан жок, себеби андай адабияттарда жалган нерселер деле чындыктай жазыла берет деп ойлочумун. Бирок Руди менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүүгө каршы болгон жокмун. Ал акылдуулук көрсөтүп, андан кийин мага адабияттарды сунуш кылган жок. Экөөбүз үч айдай убакыт ичинде мезгил-мезгили менен Ыйык Китептин негизинде сүйлөшүп турдук, көбүнчө маегибиз түн бир оокумга чейин созулуп кетчү.

Грац шаарындагы мейманканада үйрөнчүк болуп жүргөн мөөнөтүм аяктагандан кийин, апам андан ары мейманкананы башкарууга байланыштуу билим алышыма жардам бермекчи болду. Ошондуктан окуумду улантыш үчүн Альп тоолорундагы өрөөндө жайгашкан Бад Хофгаштайн шаарчасына көчүп бардым. Жаңы окуу жайым ошол шаарчадагы «Гранд Отель» мейманканасы менен байланышта болгондуктан, көбүрөөк тажрыйба топтош үчүн кээде ал жакка барып, иштеп жүрдүм.

ЭКИ МИССИОНЕР ЭЖЕНИН КЕЛИШИ

Ильзе Унтердёрфер менен Эльфриде Лёр бир туугандар мени менен Ыйык Китепти 1958-жылы изилдей башташкан

Руди жаңы дарегимди Венадагы филиалга, филиал болсо Ильзе Унтердёрфер жана Эльфриде Лёр деген миссионер эжелерге жөнөтүптүр *. Бир күнү мейманкананын кабылдамасында отурган киши мага телефон чалып, мени эшикте машинеде эки айым күтүп турганын айтып калды. Алар ким болду экен деп таң калып, эшикке чыктым. Кийинчерээк Ильзе менен Эльфриде бир туугандардын Экинчи дүйнөлүк согушка чейин уюмдун ишине тыюу салынган маалда нацисттик Германияда ишенимдештерине адабият жеткирип кызмат кылышканын билдим. Германиянын мамлекеттик жашыруун полициясы (гестапо) аларды атүгүл согуш башталганга чейин эле кармап алып, Лихтенбург концлагерине жөнөтүп жибериптир. Анан согуш убагында алар Берлиндин жанындагы Равенсбрюк концлагерине которулган экен.

Ал бир туугандар апам курактуу болгондуктан, аларды терең урматтачумун. Ошондуктан алар менен талкуу жүргүзүп, кийин кайра кызыкпайм деп айтып, жөн эле убактысын текке кетиргим келген жок. Бирок алардан элчиликти мурастоо, тактап айтканда, эң алгачкы Рим папасы элчи Петир болгону жана калган папалардын баары андан бийлик алганы жөнүндөгү католик окуусуна байланышы бар аяттардын тизмесин алып келип беришин сурандым. Ошондой эле ал аяттарды жергиликтүү дин кызматчыга алып барып, аны менен талкуулай турганымды айттым. Анын аркасында чындыкты таба алам деп ойлодум.

 ЧЫНЫГЫ ЫЙЫК АТА ЖӨНҮНДӨГҮ ЧЫНДЫКТЫ БИЛИШИМ

Рим-католик чиркөөсү Иса Машаяктын Матай 16:18, 19-аяттарда жазылган сөздөрүн туура эмес түшүндүрүп, папалардын баары элчи Петирдин мураскорлору деп окутат. Андан тышкары, католиктер папа диний окууларды түшүндүрүп жатканда эч качан жаңылбайт деп эсептешет. Мен да буга ишенчүмүн. Ошондуктан католиктер ыйык ата деп эсептеген Рим папасы эч жаңылбаса жана Үчилтик окуусун туура деп айтса, анда ал окуу чындык болушу керек деп ойлочумун. Ал эми ал жаңылса, анда Үчилтик жөнүндөгү окуу жалган болушу мүмкүн болчу.

Дин кызматчыга барсам, суроолорума жооп бере албай, текчесинен элчиликти мурастоого байланыштуу католик окуусу жөнүндөгү бир китепти алып, үйдөн окуп көрүшүмдү сунуш кылды. Аны окуп көргөндөн кийин менде ого бетер көп суроолор пайда болду. Дин кызматчы аларга жооп таба албай, акыры мага: «Мен сени ынандыра албайм, сен да мени ынандыра албайсың... Жакшы бар!» — деп айтты. Андан кийин ал мени менен такыр сүйлөшкөн жок.

Ошол окуя мага Ильзе жана Эльфриде эжелер менен Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү берди. Алар мага асмандагы ыйык Атабыз Жахаба Кудай жөнүндө көп нерселерди айтып беришти (Жкн. 17:11). Ошол аймакта жыйналыш жок болгондуктан, ал бир туугандар жыйналыш жолугушууларын Ыйык Китепке кызыккан бир үй-бүлөнүкүндө өткөрүшчү. Жолугушууларга саналуу эле киши катышчу. Чөмүлгөн эркек бир туугандар жок болгонуна байланыштуу жолугушууларда өтүлө турган материалды Ильзе эже менен Эльфриде эже талкуулачу. Анда-санда башка жактардан келген эркек бир туугандар ижарага алынган жерде баяндама окуп кетишчү.

КЫЗМАТ КЫЛА БАШТАШЫМ

Мен Ильзе жана Эльфриде эжелер менен Ыйык Китепти 1958-жылы октябрда изилдей баштадым, ал эми үч айдан кийин 1959-жылы январда чөмүлдүм. Чөмүлгөнгө чейин кантип кабар айтыш керек экенин көрүш үчүн, алардан мени да үймө-үй кабар айтууга алып чыгышын сурандым (Элч. 20:20). Чогуу кабар айткан соң, өзүнчө аймак сурадым. Алар мага бир айылды беришти. Мен ал аймакка өзүм жалгыз барып, үймө-үй кабар айтып, кызыккандарга кайра жолукчумун. Кийин бизге райондук көзөмөлчү келди. Ошондо биринчи жолу эркек бир тууган менен үймө-үй кабар айттым.

1960-жылы мейманканадагы окуумду бүткөндөн кийин туугандарыма Ыйык Китептеги чындыкты айтыш үчүн чоңоюп-өскөн шаарыма бардым. Ушул күнгө чейин алардын эч кимиси чындыкка келген жок, бирок айрымдары бир аз кызыгышат.

ӨМҮРҮМДҮ ТОЛУК УБАКТАГЫ КЫЗМАТКА АРНАШЫМ

20 жаштарымда

1961-жылы филиал жыйналыштарга кат жөнөтүп, бир туугандарды пионердик кызмат жөнүндө ойлонуп көрүүгө үндөгөн. Ал кезде мен бойдок, ден соолугу чың жигит болчумун. Андыктан пионердик кызматты баштабай койгонго эч кандай себеп жок экенин түшүндүм. Райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Курт Кюн бир туугандан бир нече ай жакшылап иштеп, пионердик кызматта жардам болуш үчүн, машине сатып алсам кандай болоруна байланыштуу кеңеш сурадым. Ал: «Иса менен анын элчилерине толук убактагы кызматты аткарыш үчүн машине керек болду беле?» — деди. Ошондо пионердик кызматты мүмкүн болушунча эртерээк баштоого бел байладым. Бирок мейманканадагы ресторанда жумасына 72 саат иштегендиктен, алгач айрым өзгөрүүлөрдү жасашым керек болду.

Жетекчимен жумасына 60 саат иштөөгө уруксат беришин сурандым. Ал макул болуп,  айлыгымды мурунку бойдон эле калтырды. Кийинчерээк жумасына 48 саат иштөөгө уруксат сурадым. Ал дагы макул болуп, айлыгымды баштагыдай эле төлөп бере бермекчи болду. Андан кийин жумасына 36 эле саат иштөөгө, тактап айтканда, 6 күн 6 сааттан иштөөгө уруксат беришин өтүндүм. Жетекчим ал жолкусунда да өтүнүчүмдү орундатты. Баарынан кызыгы, эмгек акымды баштагыдай эле калтырды! Сыягы, ал мени жумуштан кетиргиси келген жок окшойт. Ошентип, пионердик кызматты баштадым. Ал кезде пионерлерден айына 100 саат кабар айтуу талап кылынчу.

Төрт айдан кийин атайын пионер жана Каринтия провинциясынын Шпитталь-ан-дер-Драу шаарчасындагы бир чакан жыйналышта жыйналыштын кызматчысы болуп дайындалдым. Ал учурда атайын пионерлерден айына 150 саат кабар айтуу талап кылынчу. Менин шеригим жок болчу, бирок мага жыйналыштын кызматчысынын жардамчысы катары кызмат кылган Гертруд Лобнер эже көп колдоо көрсөттү *.

ЖАШООМДОГУ ЧУКУЛ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

1963-жылы райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Кээде оор чемодандарды көтөрүп алып, поезд менен жыйналыштан жыйналышка барчумун. Бир туугандардын көбүндө машине жок болгондуктан, мени темир жол бекетинен эч ким тосуп алчу эмес. Конокко алган бир туугандардын сезимдерин эске алып, алардыкына такси жалдабай эле жөө барганга аракет кылчумун.

1965-жылы Гилат мектебинин 41-классына чакырылдым. Мени менен чогуу окугандардын көбү, мага окшоп, бойдок болушчу. Гилатты бүткөндөн кийин, таң калыштуусу, кайра эле өз мекеним Австрияга кыдыруучулук ишти улантууга дайындалдым. Бирок Кошмо Штаттардан кетерден мурун бир туугандар менден Энтони Конти деген райондук көзөмөлчү менен төрт жума чогуу кызматташууну суранышты. Ал боорукер бир тууган менен кызматташуу мага абдан жаккан. Ал кабар айтууну аябай жакшы көрчү жана жемиштүү кызмат кылчу. Экөөбүз Нью-Йорк штатынын түндүк жагындагы Корнуолл тарапта кызмат кылдык.

Баш кошкон күнүбүз

Австрияга барганда Тове Мерете деген сүйкүмдүү бир тууган кызмат кылган районго дайындалып калдым. Ал беш жашынан тартып чындык жолунда чоңоюптур. Башкалар кантип жолугуп калганыбызды сураганда: «Бизди филиал жолуктурган»,— деп тамашалап калабыз. Мерете экөөбүз бир жылдан кийин 1967-жылы апрелде баш кошуп, кыдыруучулук кызматты чогуу уланттык.

Кийинки жылы Жахабанын мага ырайым кылып, рухий уулу катары асырап алганын түшүндүм. Ошентип, асмандагы Атам менен жана Римдиктер 8:15ке ылайык, аны: «Абба, Ата!» — деп чакыргандардын баары менен өзгөчө мамиледе боло баштадым.

Мерете экөөбүз райондук жана облустук ишти 1976-жылга чейин аркаладык. Кыш мезгилинде кээде аябай суук үйлөрдө уктаган күндөрүбүз болду. Бир жолу эртең менен турсак, жуурканыбыздын үстүнкү бөлүгү демибизден улам бубак басып, тоңуп калыптыр. Түнкүсүн бир аз да болсо, жылуу болуш үчүн, кийинчерээк өзүбүз менен кошо чакан жылыткыч ала жүрүүнү чечтик. Кээ бир жерлерде түнкүсүн ар тарабынан аркырап шамал соккон дааратканага кар кечип барууга туура келчү. Андан тышкары, өзүбүздүн  үйүбүз жок болгондуктан, бизди конокко алган бир туугандардыкында дүйшөмбү күнү да калып, шейшемби күнү кийинки жыйналышка жөнөчүбүз.

Сүйүктүү жубайымдын ушунча убакыттан бери колдоо көрсөтүп келатканына аябай ыраазымын. Ал кабар айтканды жакшы көргөндүктөн, аны эч качан кызматка чыгууга түртмөлөгөн учурум болгон жок. Ал дайыма башкалардын камын ойлойт, досторубузду да жакшы көрөт. Ушунун баары мен үчүн чоң жардам.

1976-жылы биз Австриянын Вена шаарында жайгашкан Бейтелге чакырылдык. Мен филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалдым. Ал кезде Австриядагы филиал Чыгыш Европадагы бир нече өлкөдөгү ишке көзөмөлдүк кылып, аларга адабияттардын этияттык менен жеткирилип турушуна кам көрчү. Ал ишти Юрген Рундел деген бир тууган жетектечү. Мен аны менен кызматташуу сыймыгына ээ болуп, кийинчерээк адабияттардын Чыгыш Европадагы он тилге которулушуна көзөмөлдүк кылууга дайындалдым. Юрген жубайы Гертруд менен ушул күнгө чейин Германияда атайын пионер болуп кызмат кылып жатат. 1978-жылдан тартып Австриядагы филиал чакан басма машинени колдонуп, адабияттарды алты тилде басып чыгара баштаган. Биз ошондой эле журналдарга жазылган ар кайсы өлкөлөрдөгү окурмандарга адабият жөнөтүп турчубуз. Ал ишке учурда жубайы Ингрид менен Германиядагы филиалда кызмат кылып жаткан Отто Куглич бир тууган жооптуу болчу.

Австрияда ар кандай жолдор менен, анын ичинде көчөдө кабар айтчумун

Чыгыш Европадагы бир туугандар өздөрү да көчүрмө жасай турган машинкелерди же плёнкага тартылып алынган китеп-журналдарды колдонуп, өз өлкөлөрүндө адабият басып чыгарышчу. Бирок алар башка өлкөдөгү ишенимдештеринин жардамына муктаж болушчу. Жахаба алардын ишин ар дайыма колдоп турду. Тыюу салынганына жана оор жагдайларга карабай көп жылдар бою ишенимдүү кызмат кылып келаткан ал бир туугандарыбызды биз абдан жакшы көрүп калганбыз.

РУМЫНИЯГА ӨЗГӨЧӨ САПАР МЕНЕН БАРЫШЫБЫЗ

1989-жылы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Теодор Ярач бир тууганды Румынияга коштоп баруу мен үчүн сыймык болду. Ал сапарыбыздын максаты бир туугандардын чоң тобуна кайрадан уюмга кошулууга жардам берүү болчу. 1949-жылдын башталышында алар ар түрдүү себептерден улам уюмдан бөлүнүп, өздөрүнүн  жыйналыштарын негиздеп алышкан. Бирок алар кабар айтып, башкаларды чөмүлтө беришкен. Андан тышкары, башкы башкармалыктын жетекчилиги астындагы башка бир туугандардай эле аскердик кызматтан баш тартканы үчүн түрмөлөргө отурушкан. Румыниядагы ишке дагы деле тыюу салынгандыктан, биз ал жыйналыштардын төрт аксакалы жана Өлкөнүн комитетинин өкүлдөрү болуп, Памфил Альбу бир туугандын үйүндө жашыруун жолуктук. Биз менен Австриядан тилмеч катары Рольф Келне бир тууган да барган.

Талкуубуздун экинчи түнүндө Памфил бир тууган өзү менен кызматташып жүргөн тиги төрт аксакалга: «Эгер азыр кошулбасак, экинчи такыр мындай мүмкүнчүлүк болбойт» — деп, аларды уюмга кошулууга үндөгөн. Натыйжада 5 000дей бир тууган уюмга кошулган. Ошондо Жахаба чоң жеңишке жетип, Шайтанга катуу сокку урулган!

1989-жылдын аяк ченинде, Чыгыш Европада коммунизм кулаардын алдында, Жетектөөчү Кеңеш жубайым экөөбүздү Нью-Йорктогу башкы башкармалыкта кызмат кылууга чакырды. Ал биз үчүн күтүлбөгөн кубанычтуу окуя болду. Мерете экөөбүз Бруклиндеги Бейтелде 1990-жылы июлдан тартып кызмат кыла баштадык. 1992-жылы Жетектөөчү Кеңештин Кызмат комитетинин жардамчысы болуп дайындалдым. Ал эми 1994-жылдын июль айынан бери Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү катары кызмат кылып келем.

ӨТКӨН КЕЗ ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТҮП, КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ ЧАПТЫРУУ

Жубайым экөөбүз Бруклинде

Мейманканада официант болуп иштеген күндөрүм тээ артта калды. Азыр мен дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга рухий тамак даярдоого жана таратууга катышып жатам (Мт. 24:45—47). 50 жылдан ашуун убактан бери аркалап келаткан толук убакыттагы атайын кызматым тууралуу ой жүгүрткөндө, Жахабанын бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкка батасын мол төгүп жатканына ыраазы болуп, жүрөгүм кубанычка толот. Мага асмандагы Атабыз Жахаба жана Ыйык Китептеги чындык тууралуу терең билим алууга шарт түзгөн эл аралык жыйындарга катышуу аябай жагат.

Мен Жахабадан дагы миллиондогон адамдардын Ыйык Китепти изилдеп, чындыкты кабыл алышын жана ага бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз менен биримдикте кызмат кылышын тилейм (1 Пет. 2:17). Ошондой эле келечекте асмандан адамдардын жер бетиндеги жашоого тирилип жатканын карап, алардын арасынан өз атамды көрүүнү самап келем. Атам менен апамдын, башка туугандарымдын Бейиште Жахабага кызмат кылууну тандаарына болгон үмүтүм чоң.

Келечекте асмандан адамдардын жер бетиндеги жашоого тирилип жатканын карап, алардын арасынан өз атамды көрүүнү самап келем

^ абз. 15 Бул бир туугандардын өмүр баяны англис тилиндеги «Күзөт мунарасынын» 1979-жылдын 1-ноябрындагы санына чыккан.

^ абз. 27 Жыйналыштын кызматчысы бүгүнкү күндө аксакалдар кеңешинин координатору, ал эми жыйналыштын кызматчысынын жардамчысы катчы деп аталат.