Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮНЬ 2014

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кудайдын кызматчыларынын өлгөн кишинин сөөгүн өрттөгөнү туура болобу?

Ыйык Жазмада кремацияга, башкача айтканда, өлүктү өрттөөгө каршы эч нерсе деле айтылбайт.

Андан кээ бир кишилердин өлүгү же сөөктөрү өрттөлгөнү жөнүндөгү билдирүүлөрдү окууга болот (Жаш. 7:25; 2 Жылн. 34:4, 5). Балким, айрымдар аларды тийиштүү түрдө көмүлүүгө татыксыз болгон деп ойлошу мүмкүн. Бирок кимдир бирөөнүн өлүгүнүн өрттөлгөнү сөзсүз эле анын көргө коюлууга татыксыз болгонун билдирбейт.

Буга Шабул падыша менен анын үч уулунун өлүмү тууралуу билдирүү далил боло алат. Алардын төртөө тең пелиштиликтер менен болгон согушта каза табышкан. Шабул падышанын үч уулунун бири Жонатан Дөөтүнүн чын жүрөктөн колдоо көрсөткөн ынак досу болгон. Жабеш-Гилатта жашаган ысрайылдык эр жүрөк кишилер алардын набыт болгонун укканда өлүгүн алып келип, өрттөп, сөөктөрүн көөмп коюшкан. Кийинчерээк Дөөтү падыша аларды бул иши үчүн мактаган (1 Шем. 31:2, 8—13; 2 Шем. 2:4—6).

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери, тактап айтканда, Кудайдын аларга кайрадан өмүр берери айтылат. Өлгөн кишинин сөөгү кадимкидей эле көмүлгөнбү же өрттөлгөнбү, Жахаба ага кайрадан жаңы дене бере алат. Ошондуктан үч еврей жигит Небухаданасар падышанын буйругу боюнча алоолонуп күйүп жаткан мешке ыргытылышканда Кудайдын аларды тирилте аларына эч шектенбей, өлүмгө тике карашкан (Дан. 3:16—18). Жахабанын нацисттик режим убагында концлагерлерде өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлгөн кызматчылары да тирилишерине күмөн санашкан эмес. Андан тышкары, жардыруулардан же дагы башка кырсыктан улам айрым ишенимдүү бир туугандарыбыздын сөөгү такыр табылбай калган. Ошентсе да алардын тирилерине кымындай да шек жок (Аян 20:13).

Жахаба өлгөн кишиге кайрадан өмүр бериш үчүн анын мурунку денесин чогултпайт. Бул анын майланган кызматчыларын асмандагы жашоого тирилткенинен айкын көрүнүүдө. Майлангандар, «рух катары тирилген» Иса Машаякка окшоп, рухий денеде жана өздөрүнө таандык инсандык өзгөчөлүктөрү менен тирилишет. Алардын денесинин бир да бөлүгү асманга алынып кетпейт (1 Пет. 3:18; 1 Кор. 15:42—53; 1 Жкн. 3:2).

Биз өлгөн кишилердин тирилер-тирилбесине алардын сөөгүнүн кандай жол менен коюлганы таасир этпей турганын билебиз. Алардын тирилерине Кудайдын өзүнүн убадаларын аткара аларына жана аткарууну каалаарына ишенгендиктен үмүттөнөбүз (Элч. 24:15). Албетте, биз Кудайдын мурун адамдарды кантип тирилткенин жана келечекте кантип тирилтерин толук түшүнбөшүбүз мүмкүн. Ошентсе да Жахабага толугу менен таянабыз. Себеби ал Иса Машаякты тирилтүү менен бизге «кепилдик берген» (Элч. 17:31; Лк. 24:2, 3).

Кудайдын кызматчыларынын сөөк коюуда коомдо калыптанган нормаларды, жергиликтүү калктын сезимдерин жана өкмөттүн мыйзамдарын эске алганы жакшы (2 Кор. 6:3, 4). Жыйынтыктай турган болсок, өлгөн кишинин сөөгү өрттөлөбү же башка жол менен коюлабы, аны ар бир адам өзү же анын үй-бүлөсү чечет.