Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2014

Эч ким эки мырзага кызмат кыла албайт

Эч ким эки мырзага кызмат кыла албайт

«Эч ким эки мырзага кул боло албайт... Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар» (МТ. 6:24).

1—3. а) Көптөр материалдык жактан кандай көйгөйлөргө туш болууда жана айрымдар аларды кантип чечүүгө аракет кылышат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Башка өлкөгө кетүүнү ойлонуп жаткандар эмне себептен балдары үчүн тынчсызданышы мүмкүн?

МЭРИЛИН аттуу ишенимдешибиз мындай дейт: «Күйөөм Жеймс күн сайын жумуштан ушунчалык чарчап, бутун тарта албай келчү *. Бирок анын тапканы ичип-жегенибизден артчу эмес. Ошондуктан анын жүгүн жеңилдетким келген. Бир чети, уулубуз Жимми классташтары сатып алган нерселерди сатып алып, алардан кем болбой жүрсө деп ойлогом». Мэрилин башка туугандарына да жардам бергиси жана келечекке анча-мынча акча топтоп койгусу келген. Анын досторунун көбү акча табыш үчүн башка өлкөлөргө кетишкен эле. Мэрилин да башка өлкөгө кетүү жөнүндө ойлонуп, бирок эмне кыларын билбей башы маң болгон. Эмне үчүн?

2 Ал үй-бүлөсүнөн алыс болуп, алар менен Жахабага мурдагыдай дайыма чогуу сыйына албай каларын ойлоп тынчсызданган. Бир туруп, ага үй-жайын калтырып, башка өлкөгө кеткендердин үй-бүлөлөрү Жахабага жакшы эле кызмат кылып жаткандай көрүнгөн. Бирок ошол эле учурда ал алыста жүргөндө уулуна кантип тарбия бере аларын ойлоп түпөйүлдөнгөн. Ал ага Интернет аркылуу «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен тарбиялай» алат беле? (Эф. 6:4).

 3 Мэрилин башкаларга кеңеш сурап кайрылган. Күйөөсү анын кетишин такыр каалабасын, бирок барам десе, токтотпой турганын айткан. Жыйналыштагы аксакалдар жана айрым бир туугандар кетпей эле койгону жакшы болорун айтса, кээ бир эже-карындаштар: «Үй-бүлөңдү жакшы көрсөң, барышың керек. Жахабага ал жакта деле кызмат кыла бересиң да» — деп, аны барууга үндөшкөн. Ошентип, Мэрилин жүрөгүн өйүгөн ар түрдүү ойлорго карабай, күйөөсү менен уулун бетинен өөп, бат эле келерин убада кылып, алыска жөнөп кеткен.

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ МИЛДЕТТЕР ЖАНА ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР

4. Эмне үчүн көптөр алыс жакка иштегени кетишет жана алар балдарын көбүнчө кимге калтырышат?

4 Жахаба өз кызматчыларынын жокчулуктун азабын тартып, ачка отура беришин каалабайт. Байыркы убакта анын элинин арасында жакырчылыкка моюн сунуп отура бербей, жер которгондор болгон (Заб. 37:25; Накыл 30:8). Мисалы, үй-бүлөсү ачкадан өлүп калбашы үчүн, уруу башчысы Жакып уулдарын Мисир жерине тамак-аш сатып келүүгө жиберген * (Башт. 42:1, 2). Анткен менен бүгүнкү күндө көптөрдүн башка өлкөгө барып иштешине дайыма эле ачкачылык себеп боло бербейт. Айрымдар карызга батып калгандыктан, башкалары болсо тек гана үй-бүлөсүнүн жакшыраак жашашын каалагандыктан жакындарын калтырып, акча табуу оңоюраак болгон жерге — өз өлкөсүнүн башка аймагына же чет өлкөгө — кетишет. Алар көбүнчө жашы жете элек балдарын жубайына, өзүнүн эле чоңураак баласына, ата-энесине, туугандарынын бирине же досторуна таштап кетишет. Үй-бүлөсүн калтырып кетүү оор болсо да, андай кишилерге башка эч арга жоктой сезилет.

5, 6. а) Иса Машаяк чыныгы бакыт менен коопсуздук жөнүндө эмнени түшүндүргөн? б) Иса Машаяк бизди эмне жөнүндө тиленүүгө үндөгөн? в) Жахабанын батасына ээ болуу деген эмнени билдирет?

5 Иса Машаяктын күндөрүндө да көптөр жакыр турушкан. Мүмкүн, алар акчабыз көп болсо, бактылуураак жана коопсузураак болобуз деп ойлошкондур (Мр. 14:7). Бирок Иса алардын убактылуу нерселерге эмес, түбөлүккө созулчу бата бере турган Жахабага үмүт артышын каалаган. Тоодо айткан насаатында ал чыныгы бакыт менен коопсуздукка материалдык нерселердин же өзүбүздүн иш-аракетибиздин аркасында эмес, асмандагы Атабыз менен болгон достуктун аркасында гана жете аларыбызды түшүндүргөн.

6 Иса Машаяк бизди Кудайдан тиленгенде элден кем калбай, жакшы жашоону эмес, «бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды беришин», башкача айтканда, күнүмдүк муктаждыктарыбызга кам көрүшүн суроону үндөгөн. Ал: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула... Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула»,— деп айткан (Мт. 6:9, 11, 19, 20). Ал берген кеңешке ылайык иш кылсак, Жахаба, өзү убада кылгандай, батасын берерине шектенбесек болот. Анын батасына ээ болуу деген ырайымына ээ болорубузду эле эмес, анын бизди жашоого зарыл нерселер менен камсыз кыларын да билдирет. Ооба, өзүбүздү чындап бактылуу, коопсуз сезиш үчүн акчага эмес, камкор Атабызга таянганыбыз маанилүү. (Оку: Матай 6:24, 25, 31—34.)

7. а) Кудай бала тарбиялоо милдетин кимге тапшырган? б) Эмне үчүн бала тарбиялоого ата да, эне да катышышы керек?

7 «Биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издөө» деген үй-бүлөдөгү милдеттерге Жахабаныкындай көз карашта болууну да билдирет. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда ата-энелер балдарын Жахабага кызмат кылууга үйрөтүшү керектиги айтылган. Ал буйрук бүгүнкү күндөгү ата-энелерге да тиешелүү. (Оку: Мыйзам 6:6, 7.) Кудай бала тарбиялоо милдетин чоң ата, чоң энеге, таята, таенеге же дагы башка бирөөгө эмес, ата-энеге тапшырган. Сулайман  падыша: «Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа»,— деп айткан (Накыл 1:8). Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба үй-бүлөнүн чогуу жашап, бала тарбиялоого атанын да, эненин да катышышын каалайт (Накыл 31:10, 27, 28). Эгерде балдар ата-энесинин күнүгө Жахаба жөнүндө сүйлөшкөнүн укса жана ага кызмат кылганын өз көзү менен көрсө, алардан үлгү алышат.

КҮТҮЛБӨГӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

8, 9. а) Ата-эне менен баланын бири-биринен алыс жашаганы алардын мамилесине кандай таасир этет? б) Башка өлкөдө иштөө үй-бүлөгө кандай залакасын тийгизет?

8 Башка өлкөгө кетүүнү чечкендер, адатта, кандай кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал экенин эске алганга аракет кылышса да, алардын бардыгын алдын ала көрө билүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт (Накыл 22:3) *. Мэрилин башка өлкөгө баргандан көп өтпөй эле үй-бүлөсүн сагынып, куса боло баштаган. Күйөөсү менен уулу да аны абдан сагынышкан. Уулу ага дайыма: «Мени эмнеге таштап кеттиңиз?» — деп айта берчү. Өкүнүчтүүсү, Мэрилиндин бир нече айы бир нече жылга айланып кеткен. Ошол убакыт аралыгында ал үй-бүлөсүндөгү айрым өзгөрүүлөрдү байкап, убайым тарта баштаган. Уулу андан алыстап, ага баштагыдай ынак болбой калган эле. Мэрилин: «Уулумдун мага болгон сүйүүсү муздап калыптыр»,— деп кейиштүү эскерет.

9 Ата-эне менен бала бири-биринен алыс жашаса, экөөнүн тең жан дүйнөсү кыйналышы жана жакшы менен жаманга карата көз карашы бурмаланышы мүмкүн *. Бала канчалык кичинекей болсо жана ата-энесинен канчалык узак убакытка ажыраса, залакасы ошончолук чоң болот. Мэрилин уулуна анын жыргалчылыгын ойлогондуктан башка өлкөгө иштегени кеткенин түшүндүргөн. Бирок Жиммиге апасы аны таштап кеткендей сезилген. Башында ал апасынын жок болгонуна жаман болуп жүрсө, кийинчерээк апасы аны көргөнү келген учурларда, анын үйдө жүргөнүнө жаман боло баштаган. Ата-энесинен бөлөк жашаган көптөгөн балдардай эле, Жимми апасын жакшы көрүүгө, ага баш ийүүгө өзүн милдеттүү сезбей калган. (Оку: Накыл сөздөр 29:15.)

Балаңарды Интернеттен кучактай албайсыңар (10-абзацты карагыла)

10. а) Ата-эненин өзүнүн жок экенин сездирбеш үчүн акча, белек-бечкек жиберип турганы балага кандай таасир этет? б) Баланы алыста жүрүп тарбиялоонун кандай кемчиликтери бар?

10 Мэрилин өзүнүн жок экенин көп сездирбегенге аракет кылып, үйүнө акча, белек-бечкек жиберип турчу. Бирок ал баласын өзүнөн алыстатып алганын, өзү байкабай эле, ага материалдык нерселерди Жахаба менен үй-бүлөдөн да  жогору коюуга үйрөтүп жатканын аңдаган (Накыл 22:6). Жимми ага: «Келбей эле коюңуз, белек жөнөтүп турсаңыз эле болду»,— деп айтып калчу. Убакыттын өтүшү менен Мэрилин уулуна кат, телефон же Интернет аркылуу жакшы тарбия бере албай турганын түшүнө баштаган. «Балаңды Интернеттен кучактап же жатар алдында бетинен өөп эркелете албайт экенсиң»,— дейт ал.

Жарыңардан алыс жүргөндө, никеңерге кандай коркунуч туулушу мүмкүн? (11-абзацты карагыла)

11. а) Башка өлкөдө иштөө никеге кандай таасирин тийгизет? б) Мэрилин үй-бүлөсү менен чогуу болушу керектигин качан түшүнгөн?

11 Мэрилиндин Жахаба менен жана жолдошу менен болгон мамилеси да начарлап кеткен. Ал кабар айтуу ишине, жыйналышка жумасына бир эле жолу катышчу, кээде катыша да албай калчу. Андан тышкары, ага жетекчиси тийишип, жыныстык мамиледе болууга азгыра берчү. Кыйынчылык учурунда жанында жөлөп-таяй турган жары болбогондуктан, күйөөсү экөө тең сезимдерин башкалар менен бөлүшүп, аз жерден адеп-ахлаксыз иш кылып ала жаздашкан. Эч кандай жаман иш болуп кетпесе да, үйүнөн алыс жашагандыктан, Мэрилин жолдошу экөө бири-биринин эмоциялык жана жыныстык муктаждыктарын канааттандырууга байланыштуу Кудай берген көрсөтмөгө ылайык иш кыла алышпай турганын байкаган. Алсак, алар бири-бирине көңүл бөлүп, кучактап, эркелетип, «жубайлык милдетин аткара» алышкан эмес (Ыр 1:2; 1 Кор. 7:3, 5). Анын үстүнө, уулу үчөөнүн Жахабага чогуу кызмат кылышы да мүмкүн эмес эле. Мэрилин: «Жыйында Жахабанын улуу күнүндө аман калышыбыз үчүн дайыма үй-бүлө менен чогуу сыйынуу маанилүү экенин укканда үйгө кетишим керек экенин түшүндүм. Мен Кудай менен жана үй-бүлөм менен болгон мамилемди кайра калыбына келтиришим керек болду»,— деп эскерет.

БАШКАЛАРДЫН КЕҢЕШТЕРИ

12. Үй-бүлөсүнөн алыс жашагандарга Ыйык Китептеги кайсы кеңеш жардам болот?

12 Мэрилиндин үйүнө кайтууну чечкенине ар ким ар кандай караган. Мисалы, ошол жактагы жыйналыштын аксакалдары аны ишеними жана чечкиндүүлүгү үчүн мактаган. Бирок ага окшоп, үйүнөн алыс жакта иштеп жүргөн айрым бир туугандар андан үлгү алгандын ордуна: «Кеткенде эмне, кайра тез эле кайтып келесиң. Ал жакка барганда үй-бүлөңдү кантип багасың?» — деп айнытууга аракет кылышкан. Андайда ишенимдештердин ындынды өчүргөн ушундай сөздөрдү айткандан көрө, «Кудайдын сөзүнө тил тийбеши үчүн», «кыз-келиндерге акыл-насаат айтып, күйөөсүн, балдарын сүйүүгө,.. үйүнө кам көрүүгө» үндөгөнү туура болот. (Оку: Тит 2:3—5.)

13, 14. Кудайдын эркин үй-бүлөнүн каалоосунан жогору коюш үчүн эмне себептен күчтүү ишеним керек болот? Мисал келтиргиле.

13 Башка өлкөгө иштегени кеткендердин көбү каада-салттарга жана үй-бүлөнүн, айрыкча, ата-эненин алдындагы милдетке чоң маани берилген чөйрөдө чоңоюшкан. Ошондой чөйрөдө чоңойгон бир туугандарга Кудайдын эркин үй-бүлөсүнүн  каалоосунан жогору коюш үчүн күчтүү ишеним керек болот.

14 Карэн деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Уулум Дон төрөлгөндө, күйөөм экөөбүз чет өлкөдө иштеп жүргөнбүз. Ошол учурда Ыйык Китепти изилдей баштаганыма аз эле болгон болчу. Үйдөгүлөрдүн баары, бутубузга туруп алгыча, Донду ата-энеме бере турушумду каалашкан». Карэн баласын өзү эле чоңойтууну чечкенде, туугандары, анын ичинде ишенимдеш эмес күйөөсү да аны иштегиси келбей жатат деп ойлоп, «жалкоо» деп шылдыңдашкан. «Чынын айтсам, уулумду ата-энеме бир нече жылга бере туруунун эмнеси жаман экенин ошол учурда толук түшүнө элек болчумун. Бирок Жахаба балабызды тарбиялоону бизге — анын ата-энесине — тапшырганын билчүмүн»,— дейт Карэн. Кийинчерээк анын дагы боюна бүтүп калганда, жолдошу боюнан алдырышы керектигин айткан. Карэн мурун туура чечим чыгаргандыктан, ишеними бекемделип, ал жолкусунда да Жахабага жаккандай иш кылууга чечкиндүү болгон. Азыр ал күйөөсү, балдары менен чогуу бактылуу жашап жатат. Эгер Карэн балдарынын бирөөсүн же экөөнү тең башкалардын колуна берип койсо, жашоосу таптакыр башкача болмок.

15, 16. а) Вики деген ишенимдешибиздин бала чагы кандай болгон? б) Вики бир тууган эмне үчүн кызын апасына берген эмес?

15 Вики аттуу бир тууган өзү жөнүндө мындай деп айтып берет: «Ата-энем сиңдимди өздөрүнө алып калып, мени бир нече жылга таенемдин колуна берип койгон. Кийин кайра ата-энем менен жашай баштаганда алардан алыстап калган болчумун. Сиңдим алар менен кучакташып, оюн ээн-эркин айтып, ынак мамиледе болчу. Мен болсо чоңойгондо деле аларга сезимдеримди ачык айта албай, тартынып турчумун. Сиңдим экөөбүз ата-энебизди карыганда кор кылбай, кам көрөрүбүзгө ынандырганбыз. Бирок сиңдим аларга чындап жакшы көргөндүктөн кам көрсө, мен өзүмдү милдеттүү сезгендиктен эле кам көрөт болушум керек.

16 Апам өзү бир кезде мени таенеме берип койгондой эле, кызымды бир нече убакытка карап берейин деп сурады. Мен макул эмес экенимди сылыктык менен түшүндүрдүм. Күйөөм экөөбүз кызыбызды өзүбүз Жахабанын жолунда тарбиялоону чечтик. Анын үстүнө, кызымды өзүмөн алыстатып алгым келбейт». Вики Жахаба менен анын принциптерин материалдык нерселерден жана үй-бүлөнүн каалоолорунан жогору койгондо гана жакшы натыйжа болоруна ынанган. Иса Машаяк: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт... Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деп бекеринен айткан эмес (Мт. 6:24; Чыг. 23:2).

ЖАХАБА АРАКЕТИБИЗГЕ БАТАСЫН БЕРЕТ

17, 18. а) Кудайдын кызматчылары эмнени тандай алат? б) Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

17 Жахаба Атабыз бизге, эгерде биринчи кезекте анын «Падышалыгын жана адилдигин издесек», зарыл нерселер менен камсыз кыларын убада кылган (Мт. 6:33). Демек, анын ар бир кызматчысынын дайыма туура нерсени тандаганга мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, кандай гана кыйынчылыкка туш болбойлу, Жахаба «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөткөндүктөн», анын принциптерин бузбай, ага жаккандай иш кыла алабыз. (Оку: 1 Корунттуктар 10:13.) Эгер Жахабаны «чыдамсыздык менен күтсөк», ошондой эле «ага таянарыбызды» акылмандык, жетекчилик сурап тиленүү менен жана анын буйруктарына баш ийүү менен көрсөтсөк, «ал өзү иш-аракет кылат» (Заб. 37:5, 7). Ага гана Мырзабыз катары кызмат кылууга бүт күчүбүздү жумшап, аны жашообузда биринчи орунга койсок, ал бардык иштерибизге батасын берет. (Салыштыр: Башталыш 39:3.)

18 Алыс жакка барып иштеп келгендер канткенде үй-бүлөсү менен болгон мамилесин калыбына келтире алат? Башка өлкөгө кетпей эле, үй-бүлөнү кантип бакса болот? Башкаларга бул жагынан туура чечим чыгарууга кантип жардам бере алабыз? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

^ абз. 1 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 4 Жакыптын уулдарынын Мисирге тарткан ар бир сапары, ашып кетсе, үч жумага созулган көрүнөт. Ал эми кийинчерээк алар атасы менен Мисирге көчүшкөндө, аялдары менен балдарын кошо ала кетишкен (Башт. 46:6, 7).

^ абз. 8 «Ойгонгула» журналынын 2013-жылы февраль айында чыккан «Иммигранттардын жашоосу оңойбу?» деген санын карагыла.

^ абз. 9 Ар кайсы өлкөлөрдөгү билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, башка өлкөдө иштеш үчүн жубайынан же балдарынан алыс жашоо олуттуу көйгөйлөргө алып барат. Андай көйгөйлөргө жубайлардын биринин же экөөнүн тең ойноштук кылышы, өзүнүн жынысындагы адам менен же үй-бүлө мүчөсү менен жыныстык катнашта болушу, ошондой эле балдардын жүрүм-турумунун же сабактан алган бааларынын начарлашы, ачуулуу болуп кетиши, депрессияга чалдыгышы, өз өмүрүнө кол салышы кирет.