Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2014

 Өмүр Баян

Толук убакыт кызматтын аркасында эмне деген баталарды алдым!

Толук убакыт кызматтын аркасында эмне деген баталарды алдым!

65 жылга созулган толук убакыттагы кызматым жөнүндө ой жүгүртүп, сонун күндөрдү өткөргөнүмө ынанам. Албетте, кайгылуу күндөр кыя өтүп, баары ойдогудай болуп калган жок (Заб. 34:12; 94:19). Бирок жалпы жонунан жашоом маңыздуу болуп, көптөгөн баталарды алдым.

1950-ЖЫЛЫ 7-сентябрда Бруклиндеги Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү болдум. Ал кезде Бейтелде жаш курагы 19дан 80ге чейинки ар улуттагы 355 бир тууган кызмат кылчу. Алардын көбү майлангандар эле.

ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛА БАШТАШЫМ

10 жашымда чөмүлгөм

«Бактылуу Кудайыбызга» кызмат кылышыма апам чоң салым кошкон (1 Тим. 1:11). Ал Жахабага кызмат кыла баштаганда, мен кичинекей бала болчумун. 1939-жылы 1-июлда 10 жашымда Небраска штатындагы Колумбус шаарында (АКШ) өткөн зоналык жыйында (азыр «райондук жыйын» деп аталат) чөмүлдүм. Ошол жыйында 100дөй киши ижарага алынган имаратта Жозеф Рутерфорд бир туугандын «Фашизм же эркиндик» деген баяндамасынын жаздыруусун угуп жатканбыз. Баяндама ортолоп калганда, сыртта сүрмө топ чогула калды. Алар кирип келип, жыйынды токтотуп, бизди шаардан кубалап чыгышты. Бирок биз шаардан анча алыс эмес жердеги бир ишенимдешибиздин фермасына чогулуп, жыйындын калган бөлүгүн уктук. Ошентип, чөмүлгөн күнүм эстен кеткис болуп калган.

Мени чындык жолунда тарбиялаш үчүн апам бүт күчүн жумшаган. Атам үй-бүлөсүнө кам көргөн жакшы киши болсо да, динге, менин Кудай менен болгон мамилеме анча деле маани берчү эмес. Ал эми апам менен «Омаха» жыйналышындагы бир туугандар мага дайыма колдоо көрсөтүп, бекемдеп турушчу.

МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫШЫМ

Мектепти аяктап баратканда өмүрүмдү эмнеге арнаарымды чечишим керек болду. Жыл сайын жайкы каникул учурунда өзүм теңдүү бир туугандар менен өргүү пионери (көмөкчү пионер) болуп кызмат кылчумун.

Ошол жылдары Гилат мектебинин 7-классын жаңы эле бүтүргөн Жон Чимиклис менен Тед Ярач деген бойдок бир туугандар биз жакка кыдыруучулук ишти аткарууга дайындалышты. Алардын 20лардагы эле жаш балдар экенин билгенде таң калдым. Мен анда 18де болчумун, мектепти мына-мына бүтөйүн деп тургам. Чимиклис бир туугандын менден өмүрүмдү эмнеге арнагым келерин сураганы азыркыга чейин эсимде. Оюмду уккандан кийин ал: «Туура кыласың. Эч буйдалбай, толук  убакыттагы кызматты баштай бер. Анын аркасында эмне деген баталарды аларыңды элестете да албайсың»,— деген. Анын ошол сөзү жана ал эки бир туугандын үлгүсү мага терең таасир эткендиктен, 1948-жылы мектепти бүтөрүм менен пионердик кызматты баштагам.

БЕЙТЕЛГЕ ЧАКЫРЫЛЫШЫМ

1950-жылы июлда ата-энем менен Нью-Йорктогу Янки стадионунда өткөн эл аралык жыйынга бардым. Жыйын учурунда Бейтелде кызмат кылууну каалагандар үчүн жолугушууга катыштым. Анан арыз жазып, Бейтелде кызмат кылгым келерин билдирдим.

Атам пионердик кызматты аткарып, үйдө жашай беришиме каршы эмес болчу. Бирок ал жашаган жерибизге жана тамак-ашка кеткен чыгымдарды жабууга жардам беришим керектигин айтты. Бир жолу август айынын баштарында жумуш издегени чыгып баратып үйдүн жанындагы почта жашигин карасам, Бруклинден кат келиптир. Ал катта Нейтан Норрдун: «Сенин арызыңды алдык. Бейтелде Мырзабыз алып кеткиче кызмат кылууну каалаарыңа шектенбейм. Андыктан сени 1950-жылы 7-сентябрда Бруклиндеги Бейтелде күтөм»,— деген сөздөрү жазылып, колу коюлуптур.

Ошол күнү кечинде атам иштен келгенде, ага жумуш тапканымды айттым. Ал: «Жакшы болгон турбайбы. Каякта иштегени жатасың?» — деп сурады. Мен: «Айына 10 доллар алып, Бруклиндеги Бейтелде иштегени жатам»,— деп жооп бергенде, атам адегенде бир аз таң калды. Анан ошондой чечим чыгарган соң, ийгиликке жетиш үчүн аракеттенишим керек экенин айтты. Атам ошондон көп өтпөй, 1953-жылы Янки стадионунда чөмүлдү.

Пионердик кызматтагы шеригим Альфред Нуссралла менен

Бактыга жараша, пионердик кызматтагы шеригим Альфред Нуссралла да Бейтелге чакырылып, экөөбүз чогуу сапарга аттандык. Кийинчерээк ал Жоан деген бир тууганга үйлөндү. Гилат мектебин бүтүшкөндөн кийин алар Ливанда миссионер болуп кызмат кылышты. Андан соң Кошмо Штаттарда кыдыруучулук ишти аткарууга дайындалышты.

БЕЙТЕЛДЕГИ КЫЗМАТЫМ

Бейтелге барганда алгач мукабалоо бөлүмүндө китептердин барактарын бириктирип кызмат кылдым. Мен бириктирген эң биринчи адабият «Дин адамзат үчүн эмнелерди кылды?» деген китеп болду. Болжол менен 8 айдан кийин Томас Салливан бир тууган көзөмөлчүлүк кылган кызмат бөлүмүнө дайындалдым. Аны менен кызматташуу аябай жагымдуу болду. Анын уюмда нечендеген жылдар бою топтогон акылмандыгынан, кыраакылыгынан көп нерсеге үйрөндүм.

Ал бөлүмдө дээрлик 3 жыл болгондон кийин, басмакананын көзөмөлчүсү Макс Ларсон мени Норр бир тууган чакырып жатканын айтып калды. Ошондо туура эмес бир нерсе кылып койдумбу деген ой кетти. Норр бир тууган жакынкы арада Бейтелдеги кызматымды токтотпой турганымды такташ үчүн чакырганын билгенде жүрөгүм ылдыйлай түштү. Көрсө, анын бөлүмүнө убактылуу киши керек болгондуктан, мага айтып көрөйүн деген экен. Мен Бейтелдеги кызматымды уланта бергим келерин айттым. Натыйжада анын бөлүмүндө 20 жыл кызмат кылдым.

Бейтелде кызмат кылган Томас Салливан, Нейтан Норр, Милтон Хеншел, Клаус Женсен, Макс Ларсон, Хьюго Ример, Грант Сьютер деген бир туугандар менен кызматташуунун аркасында топтогон билимим үчүн канча акча төлөсөм да, аздык кылмак деп көп айтып калам *.

 Бул бир туугандар уюмдун иштерин аябагандай уюшкандыкта аткарышчу. Норр бир тууган, Падышалыктын иши мүмкүн болушунча алга илгерилей бериши үчүн, жанын аябай эмгектене турган. Ал өзү менен кызматташкандарды уга билчү. Аны менен кайсы бир маселе боюнча пикирибиз төп келбей калса да, ага оюбузду ачык айта алчубуз жана ал бизге мурдагыдай эле ишеним арта берчү.

Бир жолу Норр бир тууган кичинекей деп эсептелген иштерге да маани берүү керектиги жөнүндө сөз кылып, башынан өткөн окуяны айтып берди. Ал басмакананын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылып жүргөндө, Рутерфорд бир тууган телефон чалып: «Норр бир тууган, басмаканадан түшкү тамакка келатканда өчүргүч ала келип, үстөлүмө коюп койчу»,— деп суранчу экен. Норр бир тууган унутуп калбаш үчүн дароо кампага барып, бир нече өчүргүчтү чөнтөгүнө салып коюп, түштө аларды Рутерфорд бир туугандын офисине алып барып берчү экен. Бул, бир караганда, кичинекей нерсе болсо да, Рутерфорд бир тууганга зарыл эле. Ал тууралуу айтып бергенден кийин Норр бир тууган: «Мага учталган калемдер керек. Ошон үчүн күндө эртең менен аларды учтап, үстөлүмө коюп турасыңбы»,— деди. Мен көптөгөн жылдар бою анын калемдерин учтап, үстөлүнө коюп жүрдүм.

Норр бир тууган кайсы бир иш тапшырылганда кунт коюп угуунун маанилүү экенин көп айтчу. Бир жолу ал мага бир ишти аткарууга байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөрдү берди. Бирок мен кунт коюп укпай калып, аны бир топ убара кылгам. Ошондон кийин өзүмдү аябай жаман сезип, Норр бир туугандан кечирим сурап кат жаздым. Катта мени башка бөлүмгө эле которуп жибергени оң болорун айттым. Бир аздан кийин Норр бир тууган жаныма келип: «Роберт, катыңды окудум. Сенин ката кетиргениң чын. Бирок мындан кийин кунт коюп угасың деп ишенем. Эми кел, жумушка киришели»,— деди. Ошондо анын түшүнүү менен мамиле кылганына терең ыраазы болгом.

ҮЙ-БҮЛӨ КУРУШУМ

Бейтелде 8 жыл кызмат кылгандан кийин андан ары да кызматымды уланта бергенге чечкиндүү болчумун. Бирок жашоомдо бир өзгөрүү болду. 1958-жылы Янки жана Поло Граундс стадиондорунда өтүп жаткан эл аралык жыйында Лорейн Бруксту көрүп калдым. Мен аны менен 1955-жылы ал Монреалда (Канада) пионер болуп кызмат кылып жүргөндө таанышкам. Мага анын толук убакыт кызматка болгон көз карашы, Жахабанын уюму каякка жибербесин, ошол жакка барууга даярдуулугу таасир эткен. Лорейн Гилат мектебине барууга максат койгон. Ал 1956-жылы 22 жашында мектептин 27-классына чакырылган. Гилатты бүтүргөндөн кийин Бразилияга миссионер болуп дайындалган. 1958-жылы Лорейн менен кайрадан көрүшкөндө ага сөз айттым, ал макул болду. Экөөбүз кийинки жылы баш кошууну чечип, чогуу миссионердик кызматты аркалоону ниет кылдык.

Үйлөнөйүн деп жатканымды Норр бир тууганга айтсам, ал Бруклиндеги Бейтелде жубайым менен кошо кызмат кыла алышым үчүн  3 жыл күтө турушубузду сунуш кылды. Ошол кезде үйлөнгөндөн кийин Бейтелде калыш үчүн, жубайлардын бири Бейтелде 10 жылдан, экинчиси 3 жылдан кем эмес кызмат кылышы талап болчу. Ошондуктан үйлөнгөнүбүзгө чейин, Лорейн Бразилиядагы Бейтелде 2 жыл, ал эми Бруклиндеги Бейтелде 1 жыл кызмат кылганга макул болду.

Экөөбүз алгачкы эки жылы кат аркылуу гана сүйлөшүп турдук. Себеби ал убакта телефон менен сүйлөшүү өтө кымбатка турчу, ал эми электрондук почта дегеле жок болчу. Биз 1961-жылы 16-сентябрда баш кошкондо, үйлөнүү үлпөтүбүзгө арналган баяндаманы Норр бир тууган өзү айтып берген; бул биз үчүн чоң сыймык болгон. Убагында бири-бирибизди күткөн ошол бир нече жыл кылымдай сезилген. Бирок азыр 50 жылдан ашуун убакыттан бери бирге өткөргөн күндөрүбүзгө кылчая карап, жүрөгүбүз кубаныч менен ыраазычылыкка толгондо, үйлөнүүгө шашпай, күтө турганыбыз туура эле болгон экен деген жыйынтыкка келебиз.

Үйлөнгөн күнүбүз. Солдон оңго: Нейтан Норр, Патриция Брукс (Лорейндин сиңдиси), Лорейн, мен, Куртис Жонсон, Фей жана Рой Уоллен (ата-энем)

СЫЙМЫКТУУ КЫЗМАТТЫ АРКАЛАШЫМ

1964-жылы зоналык көзөмөлчү катары башка өлкөлөрдү кыдыруу сыймыгына ээ болдум. Ал жылдары зоналык көзөмөлчү өлкөлөрдү өзү жалгыз кыдырчу. Бирок 1977-жылы өзгөрүү болуп, көзөмөлчүлөрдү жубайлары да коштоп калган. Ошол жылы Лорейн экөөбүз Грант жана Эдит Сьютерлер менен бирге Германиядагы, Австриядагы, Грециядагы, Кипрдеги, Түркиядагы жана Израилдеги филиалдарга барганбыз. Мен баш-аягы дүйнө жүзү боюнча 70тей өлкөнү кыдырдым.

1980-жылы Бразилияда жүргөндө экватордо жайгашкан Белен шаарына бардык. Бир кездерде Лорейн ал жакта миссионер болуп кызмат кылган болчу. Биз ал жолкусунда Манаустагы бир туугандар менен да кезиктик. Негизи, бразилиялыктардын эркектери кол алышып, ал эми аялдары өбүшүп учурашат. Бирок биз стадиондо баяндама учурунда башкалардан айырмаланган топ кишини байкап, таң калдык.

Алар Амазонка тропик токоюнун койнунда жайгашкан пес оорулуулардын колониясынан келген биздин эле ишенимдештерибиз болуп чыкты. Көрсө, башкаларга оору жугузуп албаш үчүн алар атайын обочо отурушуптур. Ал бир туугандар жүрөгүбүздү козгоду. Биз алардын жүзүндөгү кубанычты эч качан унутпайбыз! Жахабанын: «Менин кызматчыларым жүрөгүндөгү кубанычтан улам шаттанышат»,— деген сөздөрү калетсиз экен (Ыш. 65:14).

МАҢЫЗДУУ, БАТАГА БАЙ ЖАШООМ

Лорейн экөөбүз Жахабага 60 жылдан ашуун кылган кызматыбыз жөнүндө көп ойлонобуз. Жахабанын бизди уюму аркылуу жетектеп, батасын беришине жол бергенибизге абдан сүйүнөбүз. Мен мурункудай болуп дүйнөнү кыдыра албасам да, учурда Координаторлор комитети жана Кызмат комитети менен кызматташып, Жетектөөчү Кеңешке жардам берип жатам. Бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкты колдоо үчүн кичине болсо да салым кошуп жатканымды сыймык катары көрөм. Биз аябагандай көптөгөн жаштардын: «Мен барам, мени жибер»,— деп айткан Ышая пайгамбардыкындай маанай чагылдырып, толук убакыт кызматты аркалап жатканына сүйүнөбүз (Ыш. 6:8). Алар мындан көп жыл мурун бир кыдыруучу көзөмөлчүнүн мага: «Эч буйдалбай, толук убакыттагы кызматты баштай бер. Анын аркасында эмне деген баталарды аларыңды элестете да албайсың»,— деп айткан сөздөрүнүн чындык экенин далилдөөдө.

^ абз. 20 Бул бир туугандардын кээ бирлеринин өмүр баяндарын «Күзөт мунарасынын» англис тилинде чыккан төмөнкү сандарынан таба аласыңар: 1965-жыл, 15-август (Томас Салливан); 1969-жыл, 15-октябрь (Клаус Женсен); 1989-жыл, 1-сентябрь (Макс Ларсон); 1964-жыл, 15-сентябрь (Хьюго Ример) жана 1983-жыл, 1-сентябрь (Грант Сьютер).