Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2014

Жахабанын байкоо салып турганын баалайсыңбы?

Жахабанын байкоо салып турганын баалайсыңбы?

«Жахабанын көзү бардык жерде: ал жамандарды да, жакшыларды да көрүп турат» (НАКЫЛ 15:3).

1, 2. Байкоо камераларынан айырмаланып, Жахаба бизге кандай максатта көз салат?

КӨПТӨГӨН өлкөлөрдө бийликтегилер машинелердин жүрүшүн көзөмөлдөп туруу үчүн жана жол кырсыктарын тартып алуу үчүн байкоо камераларын барган сайын көп колдонууда. Эгер кайсы бир айдоочу кимдир бирөөнү сүзүп алып, качып кетсе, байкоо камералары аны таап, тийиштүү жазасын берүүгө көмөк кылат. Андай «көздөр» ар кайсы жерлерге орнотулуп жаткандыктан, көптөргө кылмышын жашыруу кыйын болуп калды.

2 Ыйык Китепте мээримдүү Атабыз «Жахабанын көзү бардык жерде» экени айтылат (Накыл 15:3). Бул анын байкоо камераларына окшош экенин билдиреби? Кудай ар бир кадамыбызды көзүн албай карап турабы? Ал бизге кайсы бир мыйзамын бузар замат жазалаш үчүн эле байкоо салып турабы? (Жер. 16:17; Евр. 4:13). Албетте, жок! Жахаба бизге ар бирибизди жакшы көргөндүктөн жана бактылуу болушубузду каалагандыктан байкоо салып турат (1 Пет. 3:12).

3. Кудайдын бизге көз салып турарын көрсөткөн кайсы беш жолду карап чыгабыз?

3 Кудайдын бизге сүйүүсүнөн улам байкоо салып турарын тереңирээк түшүнүүгө эмне жардам берет? Ан үчүн  анын бизге эмне себептен көз салып турарын көрсөткөн төмөнкү беш жолду карап чыгалы: 1) ал бизге жүрөгүбүздө жаман каалоолор пайда болор замат эскертет; 2) туура эмес иш кылганыбызда оңдоп-түзөйт; 3) өзүнүн Сөзүндөгү принциптер аркылуу жетектейт; 4) кыйынчылыктарга туш болгонубузда колдойт; 5) жакшы иштерибиз үчүн сыйлык берет.

КАМКОР КУДАЙЫБЫЗ АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТЕТ

4. Жахаба эмне үчүн Кабылга жаман иш жасай элегинде эле эскерткен?

4 Адегенде Кудайдын жүрөгүбүздө жаман каалоолор өрчүп келатканда кантип эскертерине токтололу (1 Жылн. 28:9). Мисалга анын Кабылга жасаган мамилесин алалы. Кабыл өзүнүн Кудайга жакпаганын билгенде «аябай ачуусу келген». (Оку: Башталыш 4:3—7.) Ошондо Кудай аны «жакшы иш кылууга» үндөгөн жана андай кылбай турган болсо, босогодо «күнөө аңдып жатканын» эскерткен. Анан: «Сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деген. Ал Кабылдын эскертүүгө кулак кагып, ага жаккандай иш кылышын каалаган. Эгер Кабыл Кудайдын тилин алса, аны менен болгон мамилесин сактап калмак.

5. Жүрөгүбүздө туура эмес каалоолор пайда болгондо, Жахаба кантип эскертет?

5 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Жахаба жүрөгүбүздүн түпкүрүнө чейин көрүп тургандыктан, андан чыныгы ниетибиз менен каалоолорубузду жашыра албайбыз. Мээримдүү Атабыз адилдик жолунда жүрүшүбүздү кааласа да, бизди ал жолдо жүрүүгө мажбурлабайт. Туура эмес багытка бурулганыбызда, ал өзүнүн Сөзү аркылуу эскертет. Кантип? Ыйык Китепти күн сайын окуу, ага негизделген адабияттарды изилдөө бизге туура эмес каалоолорубузду көрүүгө жана аларды жеңүүгө жардам берет. Ошондой эле жыйналыш жолугушууларынан өз маалында айтылган кеп-кеңештерди угабыз.

6, 7. а) Кудайдын миллиондогон адамдарга берген эскертүүлөрү анын жеке сага кам көрөрүн кандайча айгинелеп турат? б) Канткенде Жахабанын эскертүүлөрүнөн пайда ала аласың?

6 Жахабанын ушундай жолдор менен эскертип турганы — анын ар бирибизге кам көргөн мээримдүү Кудай экенинин айкын далили. Албетте, Ыйык Китептеги сөздөр кылымдар мурун жазылган, биздин уюм чыгарып жаткан адабияттар болсо миллиондогон окурмандарга арналат, ал эми жыйналыштан берилген кеңештер келгендердин баарына айтылат. Ошентсе да жаман каалоолоруңду оңдошуң үчүн, Жахаба ошондой жолдор аркылуу сенин көңүлүңдү өзүнүн Сөзүндөгү эскертүүлөргө бурат. Бул анын жеке сага да мээримдүүлүк менен кам көрөрүн айгинелеп турат.

Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирибиз кооптуу иштерден алыс болууга жардам берет (6, 7-абзацтарды кара)

7 Белгилей кетчү нерсе, Кудайдын эскертүүлөрүнөн пайда алыш үчүн адегенде анын биз үчүн чындап эле тынчсызданарын түшүнүшүбүз керек. Анан аларга ылайык иш кылып, Кудайга жакпаган ойлорубуздун баарын жок кылууга умтулушубуз абзел. (Оку: Ышая 55:6, 7.) Эгер берилген эскертүүлөргө кулак каксак, көптөгөн көйгөйлөрдөн кача алабыз. Бирок кээде жаман каалоолорубузга алдырып, туура эмес иш кылып коюшубуз мүмкүн. Андайда мээримдүү Атабыз кантип жардам берет?

МЭЭРИМДҮҮ АТАБЫЗ ОҢДОП-ТҮЗӨЙТ

8, 9. Бир туугандарыбыздын берген кеңеши кандайча Жахабанын камкордугун көрсөтүп турат? Мисал келтир.

8 Жахабанын камкордугу, бизди оңдоп-түздөгөндө, айкын сезилет. (Оку: Еврейлер 12:5, 6.) Ырас, кимдир бирөө кеңеш бергенде же акыл-насаат айтканда, дайыма эле кубана бербейбиз (Евр. 12:11). Анткен менен ошол кишинин бизге эмне үчүн кеңеш бергени жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз оң. Балким, ал кайсы бир ишибиздин Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирерин байкагандыр. Анан канткенде туура эмес жолдон кайтып, Кудайга жаккандай  иш кыла аларыбызды Ыйык Китептен көрсөтүп, көңүлүбүздү оорутпай кеңеш бериш үчүн атайын убакыт жана күч жумшагандыр. Ал кеңешти чынында Жахаба берип жатканын да эске алганыбыз маанилүү.

9 Анда эмесе, Кудайдын бизге бир туугандар аркылуу кантип кеңеш берерин карап көрөлү. Бир ишенимдешибиз чындыкты тааныганга чейин дайыма порнография көрчү. Кийин ошол адатын жеңип, Кудайдын кызматчысы болгон. Бирок анын жаман каалоосу дагы деле толук өчө элек чок сымал жүрөгүнүн бир бурчунда жашап келген. Жаңы чөнтөк телефон сатып алганда, ошол каалоосу кайрадан тутана баштаган (Жкп. 1:14, 15). Ал телефону аркылуу Интернеттеги порнографиялык сайттарга кирген. Бир күнү аксакал экөө телефон менен кабар айтып жатып айрым даректерди табыш үчүн телефонун ага берет. Аксакал анын телефонун карап жатканда, порнографиялык сайттар чыгып калат. Ошондо ал кооптуу жолдо турган ишенимдешине дароо кеңеш берет. Ал бир тууган өз убагында берилген кеңешти кабыл алып, акыр-аягы жаман адатынан биротоло арылган. Жашыруун кылган күнөөлөрүбүздү да көрүп, кеч болуп кала электе түз жолго салган камкор Атабызга кандай гана ыраазыбыз!

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР АРКЫЛУУ ЖЕТЕКТЕЙТ

10, 11. а) Канткенде «Кудайды эстеп жүргөн» болобуз? б) Жахабанын жетекчилигине баш ийүү акылдуулукка жатарына бир үй-бүлө кантип ынанган?

10 Забурчу Жахабага: «Мени кеңешиң менен жетектейсиң»,— деген (Заб. 73:24). Жетекчиликке муктаж болгон сайын Жахабанын көз карашын билүү үчүн Ыйык Китепти изилдесек, аны «эстеп жүргөн» болобуз. Ыйык Китептеги принциптерди жашообузда колдонуу Кудай менен ынак мамиледе болууга эле эмес, өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө кам көрүүгө да жардам берет (Накыл 3:6).

11 Жахабанын өзүнүн кызматчыларын кантип жетектээрин Филиппиндеги Масбате аралынын тоолуу аймагында жашаган бир ишенимдешибиздин окуясынан көрүүгө болот. Жерди ижарага алып иштеткен ал ишенимдешибиз көп балалуу болсо да, жубайы экөө үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышчу. Күндөрдүн биринде жердин ээси аларга ал жактан көчүп кетиши керектигин айтат. Бир туугандарыбыз эмне болуп кеткенин түшүнбөй, таң калышат. Көрсө, кимдир бирөө аларга жалган жалаа жаап, жердин ээсине жамандаган экен. Бир тууганыбыз үй-бүлөсү менен андан ары каякта  жашаарын ойлоп, сарсанаа болсо да: «Жахаба калтырбайт. Кандай жагдай болбосун, ал бизге сөзсүз кам көрөт»,— деп ишенимин бек сактаган. Ал жаңылган эмес. Бир нече күндөн кийин жердин ээси аларга эч жакка кетпей эле, ошол жерде жашай берсе болорун айтат. Анткени ал биздин бир туугандардын ак жерден караланганына карабай, дайыма Ыйык Китептеги принциптерге жетектелип, эч ким менен чатакташпай, баарына сылык-сыпаа мамиле кылганын байкаптыр. Буга ушунчалык таасирленгендиктен ал киши аларга ошол жерде жашай бергенге уруксат бергенден тышкары, иштеткенге кошумча жер бөлүп берген. (Оку: 1 Петир 2:12.) Мындан көрүнүп тургандай, ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүп кетишибиз үчүн, Жахаба бизди Сөзү аркылуу жетектейт.

ЧЫНЫГЫ ДОСУБУЗ КАТАРЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КӨТӨРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

12, 13. Эмне үчүн кээде Кудай кыйналганыбызды көрбөй жаткандай сезилиши мүмкүн?

12 Айрым учурларда кыйынчылыктар узакка созулат. Алсак, көптөн бери өнөкөт оорудан же үйдөгүлөрүбүздүн катуу каршылыгынан жапа чегип келаткандырбыз. Же болбосо кайсы бир ишенимдешибиз менен чоң келишпестик болуп жаткандыр.

13 Маселен, кимдир бирөөнүн айткан сөзү сага катуу тийиши мүмкүн. Андайда: «Кудайдын уюмунда да ушундай болобу?!» — деп ачууланышың ыктымал. Анан калса, сени таарынткан бир тууган жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалашы жана көптөр аны кадырлап-сыйлашы мүмкүн. Ошондуктан: «Кантип ушундай болсун? Жахаба муну көргөн жокпу? Ал эч кандай чара көрбөйбү?» — деп бушайман болоттурсуң (Заб. 13:1, 2; Хаб. 1:2, 3).

14. Жахабанын жагдайыбызга кийлигишпей жатканынын бир себеби эмнеде болушу мүмкүн?

14 Жахабанын жагдайга кийлигишпей жатканына орчундуу себептер болушу мүмкүн. Мисалы, сен башка тарапты айыптуу деп жатсаң, Жахабанын ою боюнча, өзүң көбүрөөк күнөөлүү болушуң ыктымал. Балким, сага катуу тийген сөз чынында өз убагында айтылган баалуу кеңештир. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Карл Клейн, өзү өмүр баянында жазгандай, бир жолу Рутерфорд бир туугандан катуу кеңеш уккан. Рутерфорд бир тууган аны кийинки жолу көргөндө жайдары үн менен: «Кандайсың, Карл!» — деп учурашат. Бирок таарынычы жазыла элек Карл бир тууган эптеп эле ооз учунан учурашып коёт. Анын көкүрөгүн дагы деле терс сезимдер уялап жүргөнүн көрүп, Рутерфорд бир тууган ага Шайтанга жем болуп калуудан сак болууну эскертет. Кийинчерээк Карл бир тууган: «Эгер кайсы бир ишенимдешибиздин, айрыкча, аткарган милдетинен улам бизге кеңеш берүүгө укугу бар ишенимдешибиздин айткандарына ачуулансак, Шайтанга оңой олжо болуп калышыбыз мүмкүн»,— деп жазган *.

15. Кыйынчылыктарга туш болгондо эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

15 Башыбызга түшкөн кыйынчылыктар бүтпөчүдөй сезилгенде, чыдамыбыз кете башташы мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот? Мисалы, машине айдап баратып жол тыгынына учурап калдың дейли. Сен анын канча убакытка созуларын билбейсиң. Ошондо кыжырданып, башка жол менен кетүүгө аракет кылсаң, адашып, ого бетер көп убакыт уттурушуң ыктымал. Ал эми сабыр кылып, бараткан жолуң менен эле кете берсең, көздөгөн жериңе эртерээк жетесиң. Анын сыңарындай, кыйынчылыктарга кабылганда чыдамдуу болуп, Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылсаң, Жахаба баарын көтөрүп кетүүгө жардам берет.

16. Жахаба айрым кыйынчылыктарга дагы кайсы себептен улам жол бериши мүмкүн?

 16 Жахаба бизди маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн айрым кыйынчылыктарга жол бериши мүмкүн. (Оку: 1 Петир 5:6—10.) Бирок бул анын бизге кыйынчылыктарды жиберерин билдирбейт (Жкп. 1:13). Негизи, башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын көбүнө душманыбыз Шайтан себепкер. Ошентсе да Жахаба сыноолор аркылуу рухий жактан өсүшүбүзгө жардам бере алат. Ал азап тартып жатканыбызды көрүп турат жана бизге кам көргөндүктөн, өмүр бою эле кыйнала беришибизге жол бербейт. Андыктан сыноолор болгондо, Жахабанын сага байкоо салып, жардам берип турганын баалайсыңбы? (2 Кор. 4:7—9).

СЫЙЛЫКСЫЗ КАЛТЫРБАЙТ

17. Жахаба дагы кайсы себептен улам бизге кылдат байкоо салып турат?

17 Кудай бизге дагы бир маанилүү себептен улам кылдат байкоо салып турат. Ал Ханани көрөгөч аркылуу Аса падышага: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деп айткан (2 Жылн. 16:9). Ошондуктан туура иштерди кыла берсең, ал «өзүнүн күчүн... колдонуп», сени коргойт жана сыйлык берет.

18. Жакшы иштерибиз үчүн Жахабанын сыйлык берерине эмне себептен шектенбесек болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

18 Кудай бизге «ырайым кылууну», тактап айтканда, сыйлык берүүнү каалайт. Ан үчүн «жакшылыкты издешибиз», «жакшылыкты жакшы көрүшүбүз», «жакшылык кылышыбыз» керек (Амос 5:14, 15; 1 Пет. 3:11, 12). Жахаба адил адамдарды көрүп турат жана аларга батасын берет (Заб. 34:15). Буга байыркы убакта аялдарга төрөт учурунда жардам берген Шипра менен Пуя деген эки еврей аялдын үлгүсү мисал боло алат. Ысрайыл эли Мисир кулчулугунда жүргөндө, фараон аларга еврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарынын баарын өлтүрүүнү буйрук кылган. Бирок Шипра менен Пуя фараондон эмес, Кудайдан корккондуктан балдарды сактап калышкан. Ошондуктан Жахаба кийинчерээк ал экөөнө сыйлык берген: «аларды үй-бүлөлүү кылган» (Чыг. 1:15—17, 20, 21). Ооба, алардын жакшы иши Жахабанын көз жаздымында калган эмес. Кээде бизге жакшы иштерибизди эч ким байкабагандай сезилиши мүмкүн. Бирок Жахаба алардын ар бирин көрүп турат жана сөзсүз сыйлык берет (Мт. 6:4, 6; 1 Тим. 5:25; Евр. 6:10).

19. Бир ишенимдешибиз жакшы иштери Кудайдын көз жаздымында калбай турганына кандайча ынанган?

19 Австрияда жашаган бир ишенимдешибиз талыкпай жумшаган күч-аракети Кудайдын көз жаздымында калбаганына өз тажрыйбасынан ынанган. Ал венгр болгондуктан, ага венгр тилинде сүйлөгөн бир аялдын дарегин беришет. Ал дароо дарек боюнча барат, бирок үйдөн эч кимди жолуктура албайт. Андан кийин да көп жолу барат. Кээде ага үйдө бирөө жүргөндөй сезилчү, бирок эч ким чыкчу эмес. Ошентсе да ишенимдешибиз багынбай, бир жарым жыл бою ал үйгө адабияттарды, каттарды калтырып, өзүнүн телефон номурун таштап, болгон күч-аракетин жумшайт. Акыры, бир күнү эшикти бир аял ачат. Ал ишенимдешибизди жылуу тосуп алып: «Келиңиз, кириңиз. Мен сиз таштап кеткендердин баарын окуп, сизди күтүп жүрдүм»,— дейт. Көрсө, ал аял ооруп, химиотерапия жолу менен дарыланып жүргөндүктөн башкалар менен сүйлөшө алчу эмес экен. Ошентип, ал Ыйык Китепти изилдей баштайт. Жахаба ушундайча ишенимдешибиздин туруктуулугуна батасын берген.

20. Жахабанын сага байкоо салып турганына кандай карайсың?

20 Жахаба жакшы иштериңдин ар бирин көрүп турат жана акыр-аягы батасын берет. Анын, байкоо камераларынан айырмаланып, кетирген каталарыңды көрүш үчүн эмес, камкор Ата катары жардам бериш үчүн байкоо салып турарын унутпай, ага жакындай бер.

^ абз. 14 Карл Клейн бир туугандын өмүр баяны 1984-жылдын 1-октябрындагы «Күзөт мунарасына» (англ.) чыккан.