Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ 2014

Араңардагы кары бир туугандарды сыйлагыла

Араңардагы кары бир туугандарды сыйлагыла

«Кары кишини сыйла» (ЛЕБ. 19:32).

1. Адамзаттын азыркы абалы жөнүндө эмне айтууга болот?

ЖАХАБА эч качан адамдардын карып, алдан-күчтөн тайып, азап чегишин каалаган эмес. Ал баарыбыздын оору деген эмне экенин билбей, бейиште жыргап-куунап жашашыбызды каалаган. Бирок азыр «жаратылгандын баары... онтоп, кыйналып жатат» (Рим. 8:22). Андыктан күнөөнүн кесепетин тартып жатканыбызды көргөндө Кудайдын кандай сезимде болорун элестетсеңер. Андан да жаманы, учурда көптөгөн улгайган кишилер жардамга зар болуп турганда кароосуз калууда (Заб. 39:5; 2 Тим. 3:3).

2. Жахабанын эли жыйналыштарда кары бир туугандардын бар экенине эмне үчүн кубанышат?

2 Жахабанын эли жыйналыштарда жашы өр тартып калган бир туугандардын бар экенине кубанышат. Анткени андай бир туугандар күчтүү ишеними, баалуу акыл-насааттары менен бизге зор жардам көрсөтүшөт. Көптөрүбүздүн ишеним жолунда жүргөн кары туугандарыбыз бар. Атүгүл алар тууганыбыз болбосо да, андай ардактуу ишенимдештерибизге тийиштүү түрдө кам көрүлүшүнө баарыбыз кызыкдарбыз (Гал. 6:10; 1 Пет. 1:22). Бул макалада Кудайдын карыларга кандай караары, ошондой эле алардын алдында жакындарынын жана жыйналыштагылардын кандай милдети бар экени каралат.

 «КАРЫГАНЫМДА, МЕНИ ТАШТАБА»

3, 4. а) 71-забурду жазган киши Жахабага кандай өзгөчө өтүнүч менен кайрылган? б) Жашы өр тарткан бир туугандар Кудайдан эмнени сурана алышат?

3 Забур 71:9да: «Карыганымда, мени таштаба; алдан-күчтөн тайганымда, мени калтырба»,— деген өтүнүч жазылган. Кыязы, 71-забур баш жагында: «Дөөтүнүн забуру»,— деп жазылган 70-забурдун уландысы. Андыктан Забур 71:9дагы сөздөрдү Дөөтү падышага таандык деп айтууга болот. Ал Жахабага жаштайынан тартып карыганча кызмат кылган. Жахаба ал аркылуу улуу иштерди жасаган (1 Шем. 17:33—37, 50; 1 Пад. 2:1—3, 10). Ошентсе да Дөөтү падыша улгайганда да кызматын токтотпош үчүн Жахабадан кам көрө беришин өтүнгөн. (Оку: Забур 71:17, 18.)

4 Бүгүнкү күндө да Дөөтү падышага окшогон бир туугандарыбыз арбын. Карылыкка жана «оор күндөргө» карабай, алар колунан келишинче Жахабаны даңктап жатышат (Нас. 12:1—7). Алардын көбү жашоосундагы айрым иштерди, анын ичинде кызматын мурдагыдай аткара албашы мүмкүн. Бирок алар да Жахабадан батасын берип, кам көрө беришин сурана алышат жана андай тиленүүлөрү Кудайга жетерине шектенбесе болот. Анткени алардын тиленүүсү Дөөтү падышанын ыйык рухтун жетеги менен айткан өтүнүчүнө окшош.

5. Жахаба жашы өтүп калган ишенимдүү кызматчыларына кандай карайт?

5 Ыйык Жазмадан Жахабанын жашы өтүп калган ишенимдүү кызматчыларын жогору баалаары жана аларды урматтап-сыйлашыбызды каалаары айкын көрүнүп турат (Заб. 22:24—26; Накыл 16:31; 20:29). Лебилер 19:32де: «Чачын ак баскан кишинин алдында ордуңдан тур, кары кишини сыйла. Кудайыңдан корк. Мен Жахабамын»,— деп айтылган. Ооба, бул сөздөр жазылган убакта Кудайдын элинин арасында улуу кишини сыйлоо талап болгон, бүгүн деле ошондой. Ал эми аларга кам көрүү жөнүндө эмне айтууга болот? Буга кимдер милдеттүү?

ЖАКЫНДАРЫНЫН МИЛДЕТИ

6. Ата-энеге кам көрүү жагынан Иса Машаяк кандай үлгү калтырган?

6 Кудайдын Сөзүндө: «Ата-энеңди сыйла»,— деп айтылган (Чыг. 20:12; Эф. 6:2). Иса Машаяк ошол осуяттын маанилүүлүгүн баса белгилеп, ата-энеге кам көрбөй койсо деле болот деп окуткан фарисейлер менен китепчилерди ашкерелеген (Мр. 7:5, 10—13). Ал өзү бул жагынан мыкты үлгү калтырган. Мисалы, устунга кадалып, өлүм алдында турганда ал, сыягы, ошол кезде жесир калган энесин сүйүктүү шакирти Жаканга табыштаган (Жкн. 19:26, 27).

7. а) Элчи Пабылдын катында ата-энеге кам көрүүгө байланыштуу кандай принцип камтылган? б) Пабылдын сөздөрүнүн контекстинде эмнелер жөнүндө айтылган?

7 Элчи Пабыл Тиметейге жолдогон катында Кудайдын кызматчылары үйүндөгүлөрүнө кам көрүүгө милдеттүү экенин жазган. (Оку: 1 Тиметей 5:4, 8, 16.) Анын сөздөрүнүн контекстин карап көрөлү. Ал жыйналыштан кимдер материалдык жардам ала аларын сөз кылган, ошондой эле улгайган жесир бир туугандарга кам көрүүгө биринчи кезекте жыйналыштагы балдары, неберелери жана башка туугандары жооптуу экенин айткан. Бир туугандар ошол көрсөтмөгө карманганда, жыйналышка оордук келмек эмес. Биз да жардамга муктаж туугандарыбыздын кем-карчына каралашсак, «Кудайга берилгендик көрсөткөн» болобуз.

8. Эмне үчүн Ыйык Китепте кары ата-энелерибизге кантип кам көрүүгө байланыштуу так-айкын көрсөтмөлөр берилген эмес?

8 Балдар эресеге жеткенден тартып ата-энесине кам көрүүгө милдеттүү. Элчи Пабыл «ишеним жолундагы» туугандарыбыз жөнүндө сөз кылса да, анын айткандары Жахабага кызмат кылбаган ата-энелерибизге да жардам берүүгө милдеттүү экенибизди көрсөтүп турат. Албетте, ар ким ата-энесине  кам көрүүгө байланыштуу ар кандай чечим чыгарышы мүмкүн. Анткени ар кимдин жагдай-шарты, муктаждыктары, кулк-мүнөзү, ден соолугу ар кандай. Кээ бир кары бир туугандар бир эле балалуу болсо, башкалары көп балалуу. Айрымдарына өкмөт тарабынан жардам берилсе, башкаларына берилбейт. Анын үстүнө, алардын жактырган нерселери да ар кандай болот. Ошондуктан улгайган ата-энесине колунан келишинче жакшы кам көрүүгө аракет кылып жаткандарды сындаганыбыз акылдуулукка, сүйүүгө жатпай калмак. Ыйык Жазманын негизинде чыгарылган кандай чечим болбосун, Жахаба ага батасын берип, натыйжасы жакшы болушуна кам көрө алат. Бул байыркы убактардан бери эле айкын болуп келет (Сан. 11:23).

9—11. а) Айрымдар кандай оор жагдайларга кабылышат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Ата-энебиз ооруп калганда, эмне үчүн толук убактагы кызматты токтотууга шашпашыбыз керек? Түшүндүргүлө.

9 Алыс жакта жашаган бир туугандарга ата-энесине кам көрүү кыйын болушу мүмкүн. Ата-энеси жыгылып кетип, бир жерин сындырып алса же дагы башка себептен улам кырсыктап, ден соолугу күтүүсүздөн начарлап кетсе, балдарына тезинен аларга барууга туура келет. Кырсыктан кийин кары кишилер балдарынын убактылуу же узак убакыт бою каралашып турушуна муктаж болушу ыктымал *.

10 Толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн аркалагандыктан үйүнөн ыраак жакта жүргөн ишенимдештерибизге кээде чечим чыгаруу оңой эмес. Бейтелдиктер, миссионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр өздөрүнүн кызматын жогору баалап, Жахабанын батасы деп эсептешет. Ошентсе да ата-энеси ооруп калганда, аларга дароо эле: «Кызматымды токтотуп, ата-энемдин жанына барышым керек»,— деген ой келиши мүмкүн. Бирок андайда алар ата-энесинин чындап эле ошого муктаж болуп же ошону каалап жатканын билиш үчүн тиленип, жакшылап ойлонуп көргөнү акылдуулукка жатат. Кызматты токтотуу дайыма эле зарыл боло бербегендиктен, шашылыш чечим чыгаруудан абайлашыбыз керек. Балким, ата-энебизге убактылуу эле жардам керектир жана аларга жыйналышындагы кимдир бирөө көмөк көрсөтө алаттыр (Накыл 21:5).

11 Үйүнөн алыс жакта кызмат кылган эки бир тууган менен болгон окуяга токтололу. Алардын кичүүсү Түштүк Америкада миссионер болчу, ал эми улуусу Бруклиндеги башкы башкармалыкта кызмат кылчу. Жапонияда жашаган ата-энеси ооруп калганда, ага-ини жубайлары менен алардыкына барышат. Бир туугандардын кичүүсү, ата-энесинин жанында болуш үчүн, аялы экөө миссионердик кызматын токтотууну ойлоно баштайт. Бирок көп өтпөй аларга ата-энесинин жыйналышындагы аксакалдар кеңешинин координатору чалып калат. Көрсө, аксакалдар ал үй-бүлөнүн жагдайы тууралуу сүйлөшүптүр. Алар жубайлардын миссионердик кызматын жогору баалагандыктан жана кызматын уланта беришин каалагандыктан, ата-энесине кам көрүүгө жардам берүүнү чечишиптир. Ошондо ал бир туугандардын бүт үй-бүлөсү аксакалдардын сүйүүсүнө абдан ыраазы болушкан.

12. Ата-энелерибизге кам көрүүгө байланыштуу чечим чыгарууда эмнени эске алышыбыз керек?

12 Бир туугандар ата-энесине кам көрүүгө байланыштуу кандай чечим чыгарбасын, Кудайдын ысмына сөз тийгизип алуудан сак болушу керек. Эч кимибиз Иса Машаяктын күндөрүндөгү диний жетекчилерге окшошуп калгыбыз келбейт (Мт. 15:3—6). Биз чыгарган чечимдерибиздин башкаларга жакшы таасир этип, Кудайыбыз жана жыйналышыбыз жөнүндө жакшы ойдо болушуна өбөлгө түзүшүн каалайбыз (2 Кор. 6:3).

 ЖЫЙНАЛЫШТЫН МИЛДЕТИ

13, 14. Жыйналыштардын кары бир туугандарга колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

13 Толук убакыт кызмат кылгандарга бардык эле жыйналыштар жогоруда айтылгандай жолдор менен жардам бере албашы мүмкүн. Анткен менен Ыйык Китептен жыйналыштардын кары бир туугандарга көмөк кылуу үчүн колунан келген аракетин жумшашы керектиги көрүнүп турат. Мисалы, 1-кылымда Иерусалимдеги жыйналыштагылардын «эч кимиси эч нерсеге муктаж болгон» эмес. Бул алардын баарынын бардар жашаганын билдирбейт. Айрымдары жакыр жашачу, болгону, «ар бирине муктаждыгына жараша» жардам көрсөтүлүп турчу (Элч. 4:34, 35). Бирок кийинчерээк жыйналышта бир көйгөй пайда болгон. Элчилер «күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүүдө» айрым жесирлердин «көңүлгө алынбай калып жатканын» угушкан. Ошондо жесирлерге үлүшү жетиштүү өлчөмдө, адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлүшү үчүн, элчилер ал ишке ылайыктуу эркек бир туугандарды дайындашкан (Элч. 6:1—5). Албетте, ал чара б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Машаяктын жолдоочусу болуп, андан ары ишенимин бекемдеш үчүн Иерусалимде бир аз убакытка калгандар үчүн көрүлгөндүктөн, убактылуу эле болчу. Бирок элчилердин ал иш-аракети жыйналыштагылардын муктаж болгондорго жардам бере аларын көрсөтүп турат.

14 Жогоруда айтылгандай, элчи Пабыл Тиметейге жесирлер кандай жагдайларда жыйналыштан жардам ала аларына байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген (1 Тим. 5:3—16). Шакирт Жакып да ыйык рухтун жетеги менен Кудайдын кызматчылары кыйынчылыктарга туш болгон жетим-жесирлерге жана башкаларга кам көрүүгө милдеттүү экенин жазган (Жкп. 1:27; 2:15—17). Элчи Жакан болсо: «Кимдир бирөөнүн колунда бар болсо, бирок бир тууганынын муктаж экенин көрүп туруп боорукердик көрсөтпөсө, анда ал кантип Кудайды сүйсүн?» — деп айткан (1 Жкн. 3:17). Андыктан муктаж болгон бир туугандарга колдоо көрсөтүүгө ар бирибиз милдеттүү болгондой эле, бүтүндөй жыйналыш да милдеттүү деп айтууга болот.

Кары бир тууган кырсыктаганда, жыйналыштагылар кантип жардам бере алат? (15, 16-абзацтарды карагыла)

15. Жашы өтүп калган ишенимдештерибизге кандай жардам көрсөтүлөрүнө эмнелер таасир этиши мүмкүн?

15 Кээ бир өлкөлөрдө өкмөт карыларга пенсия төлөнүшүнө, социалдык жана медициналык ар кандай жардамдардын көрсөтүлүшүнө кам көрөт (Рим. 13:6). Ал эми башка өлкөлөрдө андай мүмкүнчүлүктөр жок. Андыктан жашы өтүп калган ишенимдештерибизге туугандары жана жыйналыштагылар  канчалык жардам берери жагдайга жараша болот. Балдардын ата-энесине канчалык кам көрө аларына ортодогу аралык да таасир этет. Эгер балдар алыс жашаса, ата-энесинин жыйналышындагы аксакалдар менен ачык сүйлөшүп, баары жагдайды толук түшүнгөнүнө ынанганы жакшы. Балким, аксакалдар алардын ата-энесине өкмөт тарабынан карыларга кандай жардам көрсөтүлөрүн билүүгө жана андай мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга көмөк кыла алаттыр. Ошондой эле балдарына ата-энесинин кайсы бир алык-салыктары төлөнбөй калганын же зарыл дары-дармектерди ичпей жатканын билдириши мүмкүн. Ушундай ачык-айкын сүйлөшүү жагдайдын оорлоп кетишин алдын алууга, туура чечим чыгарууга шарт түзөт. Ырас, ата-эненин жанында кимдир бирөө болуп, кеп-кеңешин айтып турса, алыста жашаган балдары көп тынчсызданбай калышат.

16. Айрым ишенимдештерибиз кары бир туугандарга кантип жардам беришет?

16 Улгайган бир туугандарын жакшы көргөндүктөн кээ бир ишенимдештерибиз убактысын жана күчүн аябай, аларга колунан келишинче жардам берүүнү өздөрүнүн милдети катары эсептешет. Айрымдар аткара турган иштерин бөлүшүп алып, кезектешип кам көрүшөт. Өздөрү толук убакыт кызмат кыла алышпаса да, алар кары бир туугандардын балдарына кызматын уланта берүүгө көмөк көрсөтүп жатканына сүйүнүшөт. Андай ишенимдештерибиз, чындап эле, мактоого татыктуу! Бирок башкалар кандай жардам көрсөтпөсүн, балдар ата-энесинин алдында милдеттүү бойдон кала берет.

АЛАРДЫ СЫЙЛААРЫҢАРДЫ ЖЫЛУУ СӨЗҮҢӨР МЕНЕН КӨРСӨТКҮЛӨ

17, 18. Кары бир туугандар да, аларга кам көргөндөр да эмне кылууга аракет кылышы керек?

17 Кары бир туугандар да, аларга кам көргөндөр да дайыма жагымдуу маанай өкүм сүрүшүнө аракет кылышса, кыйынчылыктарды көтөрүү жеңилирээк болот. Айрым учурларда кары кишилердин көңүлү чөгүп, атүгүл депрессияга чалдыгышы мүмкүн. Ошондуктан аларга урмат-сый менен мамиле кылып, бекемдээрлик сөздөрдү айтыш үчүн кээде өзгөчө күч-аракет жумшашыбыз керек болот. Алар Жахабага берилгендик менен кызмат кылып келгени үчүн мактоого татыктуу. Жахаба алардын эмгегин эч качан унутпайт, биз да унутпайбыз. (Оку: Малаки 3:16; Еврейлер 6:10.)

18 Күнүмдүк турмуштагы түйшүктөрдү көтөрүү жеңилирээк болуш үчүн, орундуу учурларда тамашалашып туруу да пайдалуу (Нас. 3:1, 4). Көптөгөн жашы өр тартып калган бир туугандар талапты катуу койбогонго аракет кылышат. Алар боорукер, жумшак болушса, башкалардын жардам берүүгө көбүрөөк дилгир болорун түшүнүшөт. Ошондон улам андай бир туугандардын ал-жайын сурап баргандардын: «Мен аны бекемдебей эле, ал мени бекемдеп койду»,— дегенин көп угуп калабыз (Накыл 15:13; 17:22).

19. Жаштарга да, карыларга да оор учурларда бекем болууга эмне жардам берет?

19 Биз карылыктан, азап-кайгыдан, дегеле жеткилеңсиздиктин бардык кесепеттеринен арыла турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ал күн келгенге чейин, Кудайдын кызматчылары катары түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүздү бек сактагыбыз келет. Кудайдын убадаларына болгон күчтүү ишеним кеме казык сыяктуу бизге оор учурларда бекем болууга жардам берет. Андай ишенимдин аркасында «биз багынбайбыз», анткени «сырткы көрүнүшүбүз көөнөрүп баратса да, ички дүйнөбүз күндөн күнгө жаңыланууда» (2 Кор. 4:16—18; Евр. 6:18, 19). Кары бир туугандарга кам көргөндөргө милдетин аткарууга Кудайдын убадаларына болгон күчтүү ишенимден тышкары дагы эмнелер жардам берет? Кийинки макалада буга байланыштуу айрым пайдалуу кеңештер талкууланат.

^ абз. 9 Кийинки макалада улгайган ата-энелерге кам көрүүгө байланыштуу айрым сунуштар каралат.